Улуттук оюндардын уңгусу-Кулатуу

Кулатуу деген эмне?
Аталган спорт түрү аскер өнөрүнө кирет. Кулатууда куралсыз аскер Кулатуунун согуш образдарынын анатомиялык куралдары менен куралданган. Кулатуу кыргыздын кол менен салгылашуу боюнча «Мушташ» эрежесинин багыттарынын бири болуп саналат.

Кыргыздын кол менен салгылашуу мектептерине «Эр сайыш», «Оодарыш», «Күрөш», «Кулатуу», «Камбартеп», «Тай тебиш» «Коен тебиш» жана башкалар кирет.

Келип чыгышы жана ыкмалар
Кулатуу «Ажыдаардын» мектеби болуп саналат. «Ажыдаар кулатуу» найзалар, союлдар жана канжарлар менен куралданган Канаттуу Жыланды элестетет. «Ажыдаардын» түзүлүшү Канжар кол, Найзакер, Союлчу, Куш, Жаачы жана Жылан стилдерин үйрөнүүдөн жыйынтык катары келип чыгат. Анын бардык эрежелери Турусбеков Темир тарабынан 1984-жылы иштелип чыккан.

Кулатууда эки-экиден аткарылчу көнүгүүлөрдүн төрт калыбы иштелип чыккан. Атап айтсак, «Жекеме-жеке», «Жалгыз экиге каршы», «Жалгыз үчкө каршы» жана «Жалгыз төрткө каршы». Ар бир аталган көнүгүүлөрдүн калыбында көнүгүүлөрдүн төрт түрү пайдаланылат, алар — «Чабуул», «Коргонуу», «Каршы чабуул» жана «Каршы коргонуу». Иштелип чыккан калыптар жана түрлөр көнүгүүлөрдүн мазмундарына туура келет.

Спортто коргоо жана чабуул стратегиялары үйрөтүлөт. Коргоо стратегиясына коргонуу жана каршы чабуул ыкмалары, чабуул стратегиясына чабуул жана каршы коргонуу ыкмалары кирет.

Кулатуу негизи төрт версияга бөлүнөт.
Түртүшүү — калың элдин катмарына таандык жана ыңгайлуу. Себеп дегенде адамдын ден соолугуна зыян тийгизбейт, болгону түртүп кулатып упай топтолот.
Таймаш — Мында жалаң гана бут менен тээп, күрөш ыкмаларын колдонот.
Мушташуу — Бут менен да кол менен да иштеп, күрөшүп, оорутуу, муунтуу ыкмалары колдонулат.
Эр таймаш — Панкратиондун бир түрү. Кемано кийилбейт, эркин таймаш болот. Бирок, бул түрү көбүрөөк чеберлерге мүнөздүү.

— Адамаалы ага, бул спорттун кечээкиси жана бүгүнкүсү жөнүндө айтып өтсөңүз?
— 1984-жылы Темир Турусбеков тарабынан кулатуунун эрежелери иштелип чыккан. 1990-жылы Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Кулатуу боюнча федерациясы түзүлүп, анын президенттигине Темир агай шайланган. Көп кырдуу спорт ыкмаларын камтыган бул спортко европалык спортчулар катуу кызыгып эрежелерин жиберүүбүздү суранышты. Анан панкратион боюнча дүйнө чемпиону Майк Мартеллге да жагып калган экен, ал 2008-жылы Токиодо өткөн дүйнө биринчилигине кулатуунун атынан чыгып чемпион болду. Анан бизге кат жолдоду, кандай наам бересиңер деп, биз 7-наамды ыйгардык. Ошентип кичинеден таанылып келе жатат. Азыр жайылтуунун аракетин көрүп жатабыз.

— Наам демекчи канча баскычтан турат?
— 10 наам бар. Эң жогорку наам эларалык мелдеш өткөргөндөр үчүн ыйгарылат. Чемпион болгон жигит да сурады, эң жогорку наам үчүн эмне кылышым керек деп. Шартын айттык. Алгач Канаданын Кулатуу Федерациясын түптөп, эмблемасын бизге жөнөттү. Жарым жылдан кийин эларалык борбор ачуу аракеттерин көрө баштады. Башка өлкөлөрдөгү досторуна айтса аларга да жагыптыр. Анан бизди да мүчөлүккө кирүүгө жана 4-5 ай жүрүп үйрөтүп кетүүгө чакырды. Биз 5-6 бала даярданып жүрүп бара албай калдык. Виза ачпай коюшту. Бирок, бул маселе гарантиянын жоктугу менен түшүндүрүлдү. Жогорку Кеңешке кайрылсак Мамспорт комитетине жиберди. Воиновго барганыбызда жазып берген справка менен элчиликке барсак жараткан жок. Ошентип барбай калдык. Майк азыр жайылтууга салым кошуп жатат.

— Башка спорт искусстволору менен айкалышабы?
— Таймаш болгондон кийин спорт ыкмалары окшошуп кетет. Бул спортто дзю-до, айкидо, самбо, каратенин ыкмалары менен катар эле өзүбүздүн күрөш да колдонулат. Бирок, спорттун өзгөчөлүгү жана айырмасы, кыргызга гана таандык оюндардан келип чыккандыгында. Жоокер искусствосуна таандык эрежелерден иштелип чыккан. Тыйын эңмей, эр оодарыш, ат оюндарынын бардыгы эле ошол кездеги жоокерлердин ыкчамдыгы үчүн, кыйын кырдаалда өзүн куткара билүүсү үчүн ойлонуп табылгандай эле, учурда бардык адамдар кулатуунун ыкмаларын билип алса, өзүн ар убак коргой алат. Кечээги оштогу кырдаалдан улам айтат элем, бул спорт түрүн жайылтыш керек. Улуттар кагылышуусу болобу, башка кырдаал болобу жардам берет.

— Дагы кандай жетишкендиктерге жетиштиңиздер?
— Жакында бир окуучубузду кытайдын «Шаулин» мектебине тажрыйба алмашууга жибердик. Андан тышкары Европа өлкөлөрүнөн тажрыйба алмашууга келип жатышат, өлкөнүн дээрлик баардык аймактарында жайылды.

— Бул оюнду Эларалык түрк оюндарынын катарына кошуп койсок болобу?
— Бул түрк элдеринен эмес, кыргыз оюндарынан келип чыккан спорт. Түрк оюндары болуп жаткан кезде биз жөн гана конок катары барып, оюн көргөзүп келдик. Кызыккандар көп болду.

— Чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүңүздөр барбы?
— Чынын айтканда азыркыга чейин машыгуу залыбыз жок. Машыгуу үчүн атайын жайларды арендага алабыз. Мамлекет болгону жылына бир уюштурулуучу өлкө биринчилигине каражат бөлөт. Анда да мелдеш өткөрүлгөн жайдын арендасын төлөйт.

Акыркы кездерде «Замандаш» партиясы бизди колдоп келе жатат. өткөн жылы Ысык-Көлдө өтө жогорку деңгээлдеги мелдеш өткөрүп берди. Оңтойлуу учурдан пайдаланып ыраазычылык билдиребиз.

Максат Кудайбердиев, “Асман пресс” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 21.04.2011-ж.

Кулатуу тууралуу макалалар

Урбагын, түрткүн!

Соц тармактар:

Добавить комментарий