Зуура Акынова, КРнын эмгек сиңирген артисти: «Менин чыгармачылыгым альбомдорумда эле калды окшойт…»

Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон, күчүн, жаштыгын, өмүрүнүн теңинен көбүн театрга арнаган КРнын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Зуура Акынова эже менен чыгармачылыгы туурасында баарлаштык. Баарлашуу учурунда Зуура эженин адамгерчилигине, жөнөкөйлүгүнө баа бердим. «Чыныгы таланттар, билимдүүлөр, акылмандар гана жөнөкөй болушат, ал эми жан дүйнөсү жарды калп таланттар менен өзүн билимдүү санагандар атак-даңкка жеткенде текебер болуп кетет» — деген сөздүн таамай айтылганына дагы бир жолу ынандым. Чынында эле ушундай… муну күнүмдүк турмушубузда деле көп кезиктирбедикпи…

— Мектепте окуп жүргөндө эле чыгармачылыкка жакын болчумун. Өзгөчө ырга шыктуу элем. Көкүрөктөгү эңсөөмдү ишке ашырайын деп, мектепти бүткөндөн кийин 1963-жылы Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык училищага тапшырып, 1967-жылы музыкалык вокал бөлүмүн аяктадым. Училищада сабак берген мугалимим аябай мыкты эле. Билимдүү, маданияттуу, жөнөкөй жана иш тажрыйбасы мол мугалим болчу. Ал кишиден көп нерсени үйрөндүм. Мендеги эми гана өнүп келе жаткан үрөөнгө суу сээп, анын бүрдөшүнө мугалимдин кошкон эмгеги зор болду десем жаңылышпайм.

Училищаны бүтүп жатканда 1967-жылы Искусство институту ачылып, училищаны бүтөрүм менен институтка тапшырып, өтүп кеттим. Ошол кезде Маяков атындагы азыркы И. Арабаев атындагы КМУкыз-келиндер институту бар болчу. Искусство институтунда окуп жатканда эле Маяков атындагы институттагы кыздарга музыка сабагынан сабак берип, 1967-жылдан 1972- жылга чейин мугалим болуп иштеп жүрдүм.

Ырчылыктан актрисалык өнөргө…
— Биз М. Күреңкеев атындагы музыкалык училищада окуп жүргөндө актерлор үйүндө жаш актер-актрисаларды даярдай турган студия бар болчу. Актерлук өнөрдү жактырган жаштар ошол студияга барып, дасыккан мугалимдерден сабак алчубуз. Өзүм ырчылык жагында окуганым менен, актрисалык өнөргө аябай жакын элем. Актриса болсом, театрда ойносом деп ак эткенден так этип эле жүрчүмүн. Анан мен дагы көкүрөгүндөгү эңсөөсү күч болгон жаштар менен бирге студияга барып, актрисалык чеберчилик боюнча сабак ала баштадым. Ал жерде талап аябай күчтүү эле. Баргандын баары эле окуп, актриса-актер болуп чыга алчу эмес. Тандалып отуруп, акырында саналуу улан-кыздар калчубуз.

Алгачкы роль…
Алгачкы ролум белгилүү драматург Мырза Гапаровдун «Бечара эненин ак чачы» спектаклиндеги кемпирдин ролу болду. Өзүм жаш болчумун. Жыйырмага чыга элек жатып, токтолуп калган аялдын ролун ойноо жеңилге турган эмес. Ал кемпирдин ролун мурда Бакен эже ойночу экен. Искусствонун дөө-шаасы болгон Бакен эже ойногон ролду ойногонду элестете бер… Ролду сунуштаганда аябай толкунданып, өзүмчө эле сүрдөп алгам. Эми кантем, жогорку деңгээлде аткара аламбы деген санаркоо жаныма тынчтык бербеген. Бирок кийин ойлосом, ошондо жаш туруп улгайган аялдын ролун жогорку деңгээлде аткарып, элдин баасын алган экем. Албетте, Бакен эжедей деңгээлге жете алган жокмун. Ал кишиге жетиш кайда… Бирок өз дараметиме жараша мыкты эле ойноптурмун.

Ийгилик коштогон учур…
Ар бир чыгармачыл адамдын жылдызы жанган учуру болот деп коет эмеспи. Менин да жылдызым ошол маалда жанса керек. Ошол спектаклден кийин Түгөлбөй Казаковдун агасы Аман Токтогулов биринчи жолу мени «Ленинчил жаш» гезитине чыгарган эле. Гезиттен өзүмдү көргөндө аябай кубанып, бакытка бөлөнгөм. Андан кийин Токтогулдун 100 жылдыгына карата атайын спектакль коюлуп калды. Токтогулдун энеси Бурманын ролун Бакен эже ойномок эле. Болгондо да ал спектакль биринчи жолу Орто Азия боюнча түз эфирден кетмек. Ошол маалда Бакен эже киного кетип калып, Бурманын ролун ойной турган эч ким жок, телекөрсөтүүнүн режиссеру Балташ Кайыпов деген киши «Бечара эненин ак чачы» спектаклиндеги кемпирдин ролун ойногон мени көрүп калган экен, 80ге чыгып калган сокур кемпирдин ролун ойнойсуң деп мага берип жатпайбы. Өзүм жаш кыз болсом, 80 жаштагы кемпирди кантип ойнойм деп кооптонуп алгам. Ал чыгарманын автору да «ушул чычкандай кыз 80деги кемпирдин ролун кантип ойносун»- деп сарсанаа болуп атты. Намыстанып алган Балташ агай ага карайбы: «Кызым, сенин колуңдан келет. Ошол үчүн бул ишти сага тапшырып жатам»- деп кайрат берип койду. Роль начар чыккан жок. Элдин да, өзүбүздүн да купулубузга толгон. Эң өкүнүчтүүсү ошол маалда пленканын тартыштыгынан улам, биздин ролдорубуз архивде сакталып калбады.

Театрга болгон кадам…
— Биз окууну бүтүп жатканда Жалал-Абад, Ош театрларына жаңы бүтүрүүчүлөрдү мугалим кылып жөнөтүп жаткан. Кыргыз драмтеатрда иштеген агайлар мени түштүккө жибербей, театрда алып калышкан. Кыргыз драмтеатрында беш жыл иштедим. Ошол беш жыл аралыгында искусствонун не деген дөө-шаалары менен иштешкен жокмун. Ошондой адамдар менен аралышып иштеп калган мен бактылуу экенмин. Өзүм актрисалык билим албасам да, Бакен эжелерден сабак алып, такшалып, тажрыйба топтоп театралдык окуу жайды бүткөндөй эле болуп калдым. Жаңы театрга барган жылы Токтоболот Абдумомуновдун «Ашырбай» спектакли коюлуп Бообек агай Ашырбайдын аялынын ролун мага берип калды. Театрдын залкары болгон С. Жумадыловго партнер кылып мага роль бергенине азыркыга чейин таң калам. Кийин бизди Нарын театрына которуп жиберишти. Нарын театрына барганда 6 ай гастролдо жүрдүк. Музыкалуу бир топ спектаклдер коюлду. «Аксаткын менен Кулмурза», «үкөй» спектаклдеринде ойноп калдым. Кыскасы, 40 жыл театрда үзүрлүү эле эмгектениптирмин.

Таарыныч…
Мен азыркы турмушума нааразы эмесмин. 1994- жылы жолдошум «Эл артисти» наамын алса, мен «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамын алдым. Биз ал наамдарды карандай күчүбүз, ак эмгегибиздин арты менен алдык. Кээ бирөөлөр сыяктуу бирөөнү ортого салып же сатып алган жокпуз. Бул да болсо биздин эмгектин үзүрүнүн четидир…. Кээде 40 жыл суукка тоңуп, ысыкка күйүп иштегениме өкүнүп кетем. Биздин мээнетти баалаган киши жок. «Сиздер кыргыз маданиятынын гүлдөшүнө салым кошкон адамсыздар. Ден соолугуңуздар жакшыбы?»- деп сурап койгон бир да жан жок. Кыргыз искусствосунун түптөлүшүнө салым кошкон не деген залкар таланттардын таланты бааланбай көмүскөдө калып жатат. Алардын эмгегин көзөмөлгө алып, жок дегенде жылына бир жолу театр күнүндө чакырып сый көрсөтүп коюу азыркы чоңдордун колунан келбейби?.. Майда-чүйдө иштерге деле жылкы союп, акча чачып той берип жатышпайбы… наамына деле ыраазы элем. Акыбалыбызды сурап, көңүл буруп койсо, биз да кубанып калат элек. Эми биз 40 жыл бою өзүбүз үчүн иштеген жокпуз да. Мамлекеттин планын толтурабыз, өлкөнүн казынасын кампайтабыз деп жүрүп, ден соолуктан да ажырдык. Жок дегенде ушул жагын баалап койсо… эмгегиң бааланбай, талаага кеткенде күйгөндөн айтат экенсиң.

Аргасыздан айтылган ачуу сөздөр…
Азыр бизди эч ким тааныбайт. Ошол министрликте отургандар да билбесе керек. Журналист болуп туруп сен эми мени көрүп, билип жатасың, туурабы? Бизди эстеп, телекөрсөтүүлөрдөн чыгарып коомчулук менен тааныштырып коюу кыйынга турабы, түшүнбөйм. Же биздей адамдарга телекөрсөтүүдөн орун жокпу, билбейм. Ээ, кайсы бирин айтасың. Азыркы чоңдордун маданияты төмөндөп кеткенби… Мени дагы бир өкүнткөн нерсе, биздин көптөгөн эмгектер сакталбай, жок болуп кетти. Учурунда аларды сактап калуу оюбузга да келбептир. Чоңдор көрбөсө мейли, жок дегенде балдар көрүп, билип калсын деп, азыр гана анча-мынча калгандарын таап, чогултуп жатабыз. Эми эсиме келип, альбом ачып, театр учурунда түшкөн сүрөттөр жоголбосун деп бардыгын чогултуп клей менен чаптап салдым. Менин чыгармачылыгым ушул альбомумда эле калды көрүнөт.

Баа…
— Азыркы жылдыздардын эл үчүн иштеп жатабыз дегендерин угуп таң калам. Кайсы ырчы эл үчүн ысыкка күйүп, суука тоңуп иштеди? Силер эле көрбөсөңөр мен мамлекет үчүн деген бир дагы ырчыны кезиктире элекмин. Анан да «мен наам алышым керек. 10-20 жыл сахнада жүрөм»- деп «Эл артистин» алып, сурап жаткандарын көрүп четте туруп мен уялчу болдум. Ой, атаң көрү, наам берүүнүн таразасы, калыстыгы калбай калганбы. Биздин учурда тыкыр көзөмөлгө алынып, андан кийин гана берилчү эмес беле? Көрсө, кийин уктум, таанышың, акчаң болсо наамдын түрүн алат экенсиң. Таң калам. Маданиятыбыз кайда баратат? Кээде актриса болуп, 40 жыл иштегенче, чабан болсом «Социалдык эмгектин баатыры»- болуп, сүрөтүм тактада илинип турмак экен деп тамашалап калам.

Даярдаган Жаркынай Кадыркулова,
“Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 22.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий