Роза Аманова, КРнын эл артисти: «Салттуу музыка — улуттук искусствонун башаты…»

2011-жылдын 25-апрелинде Ала-Тоо аянтындагы тарых музейинин алдында Cалттуу музыка күнүндө өнөр майрамы болуп өттү. Ушул эле күнү кыргыз салттуу музыка чеберлеринин, Кыргызстандагы этностордун өнөр ээлеринин катышуусундагы чоң концерти, манасчы, дастанчылардын, төкмө акындардын, чоорчу, кыякчы, комузчулардын өнөрлөрү менен катар, улуттук аспаптар коштогон Кыргызстанда жашап жаткан этностордун музыкалык номерлери келген элдин маанайын көтөрүп, концерт менен катар уздардын колунан жасалган улуттук буюмдардын, кийимдердин көргөзмөсү, улуттук тамак-аш жана куш салып, тайган агыткан улуттук өнөрдүн бири болгон аңчылык өнөр да тартууланды. Аталган иш-чаранын негизги максаты — этностор аралык ынтымак, биримдик, достук, кыргыз элинин руханий гүлазыгы болгон улуттук руханий баалуулуктарды асыроо, өркүндөтүү жана даңазалоо болуп эсептелет. Кыргыз элинин байыртадан келе жаткан салттуу музыкасын көтөрүүгө, өстүрүүгө, өркүндөтүүгө өз салымын кошуп, аталган иш-чараны өткөрүүнүн демилгечиси КРнын Эл артисти Роза Аманова («Кыргыздын салттуу музыкасы»фондусунун негиздөөчүсү) менен болуп өткөн өнөр майрамы туурасында баарлаштык. Унутулуп бара жаткан улуттук өнөрдү жандандырып жаткан Роза айымдын аракетин коомчулук колдоого алып, жетекчилик көз кырын салаарына ишеничибиз зор. Ата-бабалардан келе жаткан Салттуу музыка — улуттук идеологиянын бирден-бир багыты экенин эске сала кетели…

«Музыкалык маданиятыбыздын өзөгүн салттуу музыкабыз түзөт»
— Мындан жети жыл мурун, 2004-жылы, тактап айтканда, 24-25-апрелде «Салттуу музыка: тарыхы, сактоо жана өнүктүрүү маселелери» аттуу эл аралык деңгээлдеги илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, ага коңшулаш өлкөлөрдөгү музыка изилдөөчүлөр, искусствонун белгилүү ишмерлери катышкан эле. Илимпоздордун,өнөр адамдарынын демилгеси менен жыл сайын 25-апрель — салттуу музыка күнү катары белгиленип, музыка майрамына айлансын деген сунуш айтылган. Ошондо «Кыргыз салттуу музыка» фондунун мүчөлөрүнүн атайын кайрылуусу эске алынып, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин буйругу менен (2008-жылы) 25-апрель — Салттуу музыка күнү болуп жарыяланган. Бул буйрук көп мыйзам сыяктуу кагаз бетинде калып калбасын деп, айтылган сөздү иш жүзүнө ашыруу максатында 2009-жылы кыргыз салттуу музыкасын сактоого, өркүндөтүүгө, келечек муундарды руханий байлыкка аяр мамиле жасоого, улуттун көрөңгөсү болгон салттуу музыканы баалоого тарбиялоо максатында биринчи жолу Кыргыз салттуу музыка жумалыгын түздөн-түз маданият министрлигинин колдоосу астында 25-29-апрель күндөрү борборубуз Бишкекте өткөргөнбүз. Иш-чаранын кандай деңгээлде өткөнү баарыңыздарга маалым. Ал туурасында кеп козгобой эле коеюн. Ал эми учурда өтүп жаткан өнөр майрамы туурасында айтсам, маданиятыбыздын өзөгүн түзгөн салттуу музыканын мааниси биздин улуттун тили менен дилинде сакталган көрөңгө катары, ынтымакка чакырып, өлкөбүздөгү улуттар арасында толеранттуулукка үндөгөн, руханий гүлазык катары кызмат кылаарын эске сала кетели.

Азыркы Батыштын маданияты өз тамырын терең жайып бара жаткан мезгилде кыргыздын салттуу музыкасынын дөөлөтү улуу экенине, анын баалуулугуна кайрылышыбыз учурдун талабы болуп турат. Салттуу музыка — улуттук музыкалык искусствонун башаты десек жаңылышпайбыз. Ооба, чындык ачуу, биз ар дайым чындыкты угуудан тайсалдап, коркуп келебиз. Бирок элибиздин рухий көрөңгөсү болгон башатыбыз коомдогу ар кандай саясий-социалдык өзгөрүүлөрдүн негизинде өзөгүбүздөн алыстап кеткенин моюнга алууга аргасыз болуп отурабыз. Албетте, салттуу музыканы өнүктүрүү бир күн, же бир жума менен чектелип калбайт. Муну чоң масштабда карап, системалык ишке айлантуу зарыл. Бул үчүн жалгыз эле «Кыргыз салттуу музыка» фонду, маданият министрлиги аракет кылбашы керек. Кыргыз элинин мурастарын сактоого баарыбыз жапа тырмак киришип, ар бирибиз өз салымыбызды кошуубуз абзел деген пикирдемин.

«Батыштын маданияты төрдөн орун алган чак…»
— ХХ кылымда баш баккан Батыштын жеңил-желпи маданияты бизге сүңгүп кирип, «төрдөн» орун алган чак. Не дейбиз? Заман ушундай дейбиз… Кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттарын карасаңыз, кимди туу тутушубуз керек экендигин, кимге карап (кайсы ырчыга), кандай кийим кийүүбүздү, жадагалса кандай азык-түлүк менен азыктанарыбызды айтып кеңеш берген акылгөйлөрдү көрүп, «майда», «олутсуз» күнүмдүк тиричиликтин салмагы жеңип, баягы ата салтын улаган «карынын сөзүн капка сал» деген улуу накыл сөздүн орду жок болуп бара жатканына, улуттук аң-сезимди ойготуунун жолун таба албай, издеп жатканыбызга таң каласың. Элде жок өнөрүбүз бар дейбиз, дүйнөдө теңдеши жок «Манасыбыз» бар дейбиз. Бирок кылымдар бою оозеки салттагы маданиятыбызды сактап келген ата-бабаларыбыздын бизге калтырган рух казынасы кандай абалда? Ошол биз мактанган өнөрүбүздү келечек ээлерине кандай акыбалда өткөрүп беребиз? Дүйнөлүк маданиятта кыргыз этносунун жүзү болгон кыргыз салттуу музыкасын рыноктун шартында кантип сактап калабыз? Биз мына ушул ары татаал, ары олуттуу суроолорго жооп табуунун үстүндө иштөөбүз зарыл. Жакшылап байкап, назар салган адамга салттуу өнөр жоголуу коркунучунда турат. Аны жоготпой сактап калуу биздин колубуздагы иш. Эгер азыр биз мойнубузга жүктөлгөн ишти татыктуу деңгээлде аткара албай, салттуу музыканын жоголушуна жол берсек, ал биздин келечек муун алдындагы кечирилгис чоң күнөөбүз болот. Ошондуктан бүгүнкү күндө биздин муун, жаңыдан өсүп келе жаткан жаштарды элдик мурастарды баалоого, аздектөөгө, сүйүүгө үндөөбүз абзел. Ал үчүн алгачкы ишти биз өзүбүздөн башташыбыз керек. Ооба, азыркы доор угармандарга каалаган музыкасын угууга шарт түзөт. Мейли европалык академиялык маданият болсун, мейли оозеки салттагы этностордун маданияты болсун, мейли агым музыкасынын түрлөрү: джаз, рок-н-ролл, рэп ж.б. дегендей угуучунун өз эрки. Демек, ааламдашуунун алкагында, эгер биз, кыргыздар, дүйнөдөгү этностордун катарында руханий дөөлөттөрүбүздү (тилибизди, дилибизди) сактап калабыз десек, биз да өз угуучуларыбыз үчүн шарт түзүшүбүз керек.

«Устаттарымдын ишеничин актасам деген ой келет…»
— Бу жарыкчылык дүйнөгө ар бир инсан өз вазийпасын өтөш үчүн келээри белгилүү эмеспи. Бири окумуштуу, бири врач, бири мугалим дегендей…Тагдыр бизге улуулардан калган, улуттун өзөгү болгон кыргыз салттуу музыкасын сактоо, өркүндөтүү жана изилдөө багыты боюнча иш алпаруубузду буюрса керек.

Тарыхты карасаңыз өзүңүз да күбө болосуз, өнөр адамдары өзү улуу устаттарга шакирт болуп, эгер тагдыр маңдайына жазса өзү да устат болгон. Токтогул Ниязаалыны устат күтсө, өзү Калыктай, Алымкулдай, Коргоолдой, Атайдай шакирттерди тарбиялаган. Ал эми Калык атабыз Каракунан, Сарыкунандай дастанчыларды тарбияласа, Алымкул атабыз Эстебестей залкарды тарбиялаган, Атай атабыз Мейилкандай комузчунун багын ачкан. Бул көзмө-көз тарбиялоо, өзгөчө мектеп экендигин эске салгым келет, же башкача айтканда, муундан-муунга өтүп келе жаткан улуу өнөрдүн бирден-бир сыры да устат-шакирт мектебинин таасири деп ойлойм.

«Совет доорунун пайдасы — кат таанып, европалык жазма маданиятты тааныдык, бирок устат-шакирт мектебин жоготтук….»
— Эгер жараткандан берилген өнөр адамынын таланты, табигаттын колдоосу, терметкен өнөр бешигинин ээси, мындайча айтканда, таптаган устатты тагдыр туура жолуктурса, ошол өнөр адамына кудай таалам эмгекчилдикти ыроолосо, тарыхта кала турган улуу өнөр инсан болорунан шек cанабайм. Ушул жерден пайдаланып айткым келет, совет доорунун залакасы менен кылымдардан келген устат-шакирт мектебин жоготтук. Баарыбыз диплом алууну максат кылып, музыкалык жактан европалык жазма маданияттын даяр окутуу системасына өтүү менен өзүбүздүн каныбызга сиңген айтуучулук (манасчы, акындар), аспапчылык (кыл кыякта, комузда, үйлөмө, урма аспаптарда ж.б.), аваздык-аспапчылык (ырчылар) өнөрканабыздын улантылышы солгундап, ал гана турсун кечээ жакында гана улуу устаттардын, Болуш Мадазимовдун, Асек Жумабаевдин, Эстебес Турсуналиевдин, Ашыраалы Айталиевдин дүйнөдөн өтүшү кыргыз салттуу музыкасынын тамырына доо кетеби деген коркунуч алып келет. Канча деген өнөр адамдарынын өнөр сандыгы ачылбай, өзү менен кошо кетип жатат. Бул да болсо, кайталангыс таланттардын, улуу устаттардын кыргыз өнөрүнө кошкон салымын жетиштүү деңгээлде баалай албаганыбыздын белгиси десек болот. Чынында, биздин муун көптөгөн өнөр ээлеринин кадырына толук жете албай калдык. Мына, ХХ кылымда эмне деген залкарлар кетти. Ошолордун окутуу өнөрканасынын сакталганы кана?… Көроокат, күнүмдүк тиричиликтин артынан кууп жүрүп не деген залкар таланттардын таланттарын баалай, сактай албай калдык. Кандай гана өкүнүчтүү…

Азыр деле уучубуз кур эмес. Кудайга шүгүр, арабызда таскагы катуу чыккан, атагы алыска, даңкы далайга кете турган өнөр ээлери бар. Биз ушундай таланттарыбызды жоготуп, аксатып алуунун алдын алышыбыз зарыл болуп турат. Ал үчүн биз бүгүнкү жаңы замандын реалдуулугуна байланыштуу өнөр ээлерин тарбиялап, социалдык маселелерин чечүү менен алардын талантынын өркүндөөсүнө шарт түзүп, асырашыбыз керек.

Даярдаган Жаркынай КАДЫРКУЛОВА,
«Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 26.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий