Бозо

Бозону Кыргызстандын бардык аймактарында жасашат. Бул суусундукту биздин элибиздин эң сүйүктүү ичимдиги десем жаңылышпастырмын. Эң сонун, даамдуу жана ден соолукка пайдалуу бозону жасоо көп убакытты жана эмгекти талап кылат. Бозону мыкты сүзгөн келиндердин атагы алыска кетип, айыл тургундарынын алкышына арзыган.

Бозо салуу үчүн 1 килограмм шак,  2-3 килограмм таруу,  200 грамм  ун,  2-3 аш кашык то май, 200 грамм угут, ачыткы бозо жана суу керектелет. Ар башка аймактарда таруу, жүгөрү, буудай, арпанын шактарын колдонушат.

Угутту даярдап алыш үчүн алгач данды баштыкка салып, жылуу суудан куюп, жылуу, караңгы жерге бир күнгө коюп коет. Дан өнө баштагандан кийин айыл жергесинде азыркы күнгө чейин жаргылчакка тартышат. Ал эми шаар тургундарынын шартында  кадимки эт туурагычтан (же кофемолка) деле өткөрө берсе болот.  Андан соң тегиз жерге жайып, кургатып алуу зарыл.

Тарууну таза жууп, сууга шак кошуп, 10-12 саатка чыланат. Унду койдун майына кууруп андан кийин суу куюп, ага чыланган шак кошулат. Мыкты бозосу менен айырмаланган Ак-Талаа жергесинде бышыраардан мурун дагы бир күн ачытышат. Ал эми башка жерлерде дароо эле казандагы сууга  шак салынып, бир калыпта жагылган отко бир сааттан ашык убакыт кайнатылат. Аябай коюу болуп бышкандан кийин оттон түшүрүп, капкагын ачпай туруп муздатуу зарыл. Себеби, капкагы ачык калса бозонун үстүңкү катмары катып кетет.  Жылуу кезинде бир чыны кургак угутка жарым литр ачыткы бозо кошуп, бышкан таруу менен шак угут үчөөнү аралаштырып жууруш керек. Жууругандан кийин ал суюлуп, чечиле баштайт. Капкагын жаап жылуу жерге 6-8 саатка калтырылат. Аны улам аралаштырып туруу зарыл. Ачып чыккандан кийин капрон баштыкка (жоолукка) сүзүлөт. Баштыкта калган таруу бозого түшпөшү керек. Бул сүзүп жаткан келин үчүн өтө уят болот. Таруу кийинки бозо салганга угут менен ачыткы катары колдонула берет.

  • Бозо күчтүү болушу үчүн буудайдын, арпанын, жүгөрүнүн, сулунун унун кошуп жасоо керек.
  • Шак түбүнө тартып, күйүп кетпеши үчүн үзбөй аралаштырып туруу керек.
  • Мүмкүн болсо бозо бышырылган казанды өсүмдүк майы менен майлабоо керек, анткени, сүзүлгөн бозо көпкө сакталбай кычкылданып баш ооруну жаратышы ыктымал.
  • Бозону сүзө турган кездеме бышык жана жука болушу керек.
  • Казанды отко аскан соң ичин тоң май менен тегиз майлап койсоңуз, бозо көбүрө ачыйт.
  • Бозону даамына чыгышы үчүн айрым кожойкелер өнгөн дандын куйруктарын өзүнчө чогултуп алып, ачытып жаткан маалда бир кашык кошуп жиберишет экен.

Наргиза Апсаматова, «Замандаш» журналы

* * *

Бозо – ачкыл тамак, ичимдик. Бозо салуу үчүн таруу, буудай, жүгөрү, арпа, сулу шагы, угут, ун керектелет. Угут – өндүрүлгөн таруу, буудай, арпа жана башка дандан атайын ыкма менен даярдалуучу ачыткы. Белгилүү өлчөмдөгү дан баштыкка салынып ага жылуу суу себилип, думбаланып жылуу жерге коюлат. Дан көөп, ак найза болуп өнө баштаганда аны кургатып, жаргылчакка тартат.

Адегенде шакты сууга чылап, ачыткы куюп 1 күн ачытат, андан кийин кайнаган сууга ачыган шакты салып 1 сааттан ашык кайнатат. Сууган шакка бирдей өлчөмдө угут жана ун кошуп аралаштырып, ачыткысын бар идишке куюп, жылуу ороп, 6-8 саатча коёт. Андан кийин жылуу кайнак суу ко­шуп сүзөт.

Бозо сакталышына жана салынышына жараша жаш жана кордолгон бозого айырмаланат. Жаш бозонун угут кошулбай жасалган түрү сүзмө максым деп аталат.

1 килограмм шакка 9-10 литр суу, 150-200 грамм ун, 200 грамм угут керектелет.

«Эл таануу» китебинен алынды

* * *
Керектелүүчү азыктар: Шак – 1 килограмм, Суу – 10 литр, Ун – 150-200 грамм, Угут – 200 грамм.

Бозо – ачкыл ичимдик. Бозо салуу үчүн угут жана таруу, буудай, жүгөрү, арпа, сулу өңдүү дандардын шагы керектелет.

Угут – өндүрүлгөн таруу, буудай, арпа жана башка дандан атайын ыкма менен даярдалуучу ачыткы. Угутту даярдоо үчүн данды баштыкка салып, ага жылуу суудан сээп, ороп, жылуу жерге коёсуз. Дан ак найза болуп өнө баштаганда аны жаргылчакка тартып же сокуга жанчып, андан соң кургатып аласыз.

Жасалуу жолу:
Адегенде таруу, жүгөрү, арпа, буудай унун сууга чылап, ачыткыдан куюп бир күн ачытасыз. Андан кийин казандагы кайнаган сууга ачыган шакты салып, бир калыпта жагылган отто 1 сааттан ашык кайнатасыз. Сууган шакка бирдей өлчөмдө угут жана ун кошуп аралаштырып, ачыткысы бар идишке куюп, жылуу ороп, 6-8 саттай коюп коёсуз. Андан кийин кайнатылган жылуу суу кошуп сүзүп алган соң бозо даяр болот.

Бозо сакталышына жана салынышына жараша жаш жана кордолгон бозо болуп айырмаланат. Жаш бозонун угут кошулбай жасалган түрү сүзмө максым деп аталат.

Шарипа Бекташева, www.super.kg

Бозо тууралуу макалалар

Бозо — гемоглобинди көтөрөт

Соц тармактар:

Бозо: 1 комментарий

Добавить комментарий