“Камбаралы кыраакы болчу”

Кыргыз тили үчүн күйүп-жанып, кайсы ишти болбосун жанын берип иштеген, кыргыздын патриот уулдарынын бири Камбаралы Бобулов быйыл 75 жашка толмок. Камбаралы Бобуловду эскерүү максатында анын замандашы, бирге окуган курбусу, белгилүү акын-жазуучу Эрнис Турсуновду кепке тарттык.

СТУДЕНТТИК ЖЫЛДАРЫ
“Камбаралы менен мен 5 жыл университеттин филология факультетинде бирге окудум”, — деп сөзүн баштады Э.Турсунов. Ал учурда алты облус Ала-Тоо деп койчубуз, бардык облустан келген жаштар окучубуз, бирок  түштүк Кыргызстандан билим алууга келгендер жокко эсе болчу. Биз, Ашым Жакыпбеков — Таластын Шекер айылынан, Жалил Садыков — Кеминден, Бексултан Жакиев – Тоңдон, Сарман Асанбеков – Тянь-Шандан болуп 60 бала “а”, “б” топторунда окудук. Мен бир жыл мурдараак Москвага бараардын алдында университеттен окуп кеткем, кайра келсем Камбаралыны түштүктүк деп жектеп турушкан экен. Мен келгенден кийин ал мага жакындап, ымаласы жакын болуп кетти. Мен адамдарды жерине карап мамиле кылчу эмесмин. “Сен гана калыстык кылдың, мени түштүктөн деп бөлгөн жоксуң” деди. Ушул эсимде калыптыр. Анын бир куржуну бар болчу, анысына кулпу салып керебетине байлап алчу. Анын ичинде май кошулган талканы бар экен. Андан аздан алып тамак жасачу. Ошондон мага берчү, башкаларга берчү эмес. Бизди —  К.Юдахин, Юнусалиев өңдүү академиктер, К.Карасаев, Батманов, Бейшегүл Үмөталиева, Жамгырчинов, Калык Сартбаев сыяктуу мыкты окутуучулар окутушту. Окутуучулардын эң жашы – Шаршенбек Үмөталиев жана Кеңешбек Асаналиев болду. Биз окуган 60 баладан 10 чактысы жакшы окугандыктан шаарга алып калышты. Түштүктө билим анча жакшы өнүкпөгөндүктөн 1948-жылы И.Раззаковдун партконференцияда сүйлөгөн сөзүнөн кийин чечим чыккан: “жогорку билим алгандар милдеттүү түрдө түштүк Кыргызстанга барып иштесин” деген. Ошондон кийин Чүй менен Ысык-Көлдүн институт, университеттерин бүткөн жаштары мугалим болуп Ош, Жалал-Абад, Баткенде, Тажикстандын Мургаб райондоруна чейин барып иштешкен. Биз 1958-жылы окууну бүткөндө ошол буйруктун күчөп турган маалы экен. Ал чечимдин күчү 70-жылдарга чейин тыйылган жок. Кийин гана түштүктөн өздөрүнүн кадрлары чыкканда, бул чечим күчүн жоготту. Кийин алардан С.Кайыпов, А.Эркебаев, С.Жигитов, О.Ибраимов сыяктуу мыкты уулдары, окумуштуулары чыкты. Эл башкаруучулардан И.Раззаков, С.Ибраимов эмне деген гана адамдар эле.

ИЛИМ ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮГҮ
Камбаралы Бобулов булардын ичинен биринчилерден болуп билим алып, кандидаттыгын жактаган. Түгөлбай Сыдыкбеков 1948-жылы лауреат болуп, 1949-жылы “Биздин замандын кишилери” романы үчүн “Сталин” сыйлыгын алат. Ага удаа “Тоо балдарын” жазат. Кийин “Кең суу” романын “Тоо арасында” кылып оңдоп чыгып, кийин ал “Зайыптар” да болуп калды. Ошол “Тоо  балдары” романы боюнча Камбаралы Бобулов “Оморчулук деген эмне?” деген чоң макала жазат. Ошонунун негизинде ал кандидаттык диссертациясын жактады. Ошол учурда ЦК ЛКСМдын биринчи катчысы Жаманкулова: “Балдар үчүн жазылган китептердин ичинен түзүгү сиздики, сиз “Тоо балдары” жана “Тоо арасында” деп жазганыңыз үчүн эки жолу лауреат болосуз” деди. Бирок Т.Сыдыкбековдун бир кемчилиги – ал чоң масштабды кармап, тоо балдарын албай, өзүнүн балдарын жазып коюп эки жолку сыйлыкты ала албай калды. Ушуну сындап чыккан Камбаралы болгон. Ал анын чыгармаларын эмне, ким жөнүндө жазганын анализдеп чыккан. Ал изилдөөчүлүк иште жүргөндө Коомдук илимдер академиясы деген ачылган. Ошондо окумуштуулардан, илимдин кандидаттарынан тандап Москвага окууга жөнөтүшкөн. Камбаралы ага кабыл алынып, анда 2 жыл окуп келген. Ал жактан аларды мыкты академиктер окутушкан. Ошондон кийин ал филология илимдеринин кандидаты болду. Кийин ал Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгын изилдеди. Ал боюнча “Большая серия поэта” деген китепти Ленинграддан орусча чыгарды. Камбаралы Токтогулдун жана А.Токомбаевдин чыгармачылыгын да изилдеди, монографиясын чыгарды. Андан кийин  Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын изилдеди. Ал учурда Айтматовду Кеңешбек Асаналиев да изилдеди. Камбаралы ушундай ыргак менен кете берсе илимдин доктору да болмок, бирок аны Өкмөт менен партия талап кылгандыктан коомдук иштерге аралашып кетти.

ЖЕТЕКЧИЛИГИ, КООМДУК  ИШМЕРДИГИ
Ал автордук укукту коргоочу “Кыргызпатенттин” директору, андан кийин “Правда” гезитинин өз кабарчысы болду. Чыңгыз Айтматовдон кийин “Правда” гезитинин кабарчылыгына  Кыргызстандан экинчи адам Камбаралы Бобулов болгон. Журналисттин иши чачтан көп болгондуктан, анын убактысы тар болгон. Кийин аны “Учкун” концернинин директорлугуна көрсөткөндө “чарба жагы көбүрөөк экен” деп барбай койгон. Андан соң өмүрү өткөнчө “Эне тил” коомунун президенти болду. Ортодо легендарлуу деп өздөрү атап алган парламентке депутат болуп шайланып келди. Мени менен мамилеси абдан жакшы болгондуктан шайлоонун алдында ишенимдүү адамы катары Ноокатта 10-15 күндөй жанында жүрдүм.  Эли-жерине кадыры абдан жакшы экен, аны колдошуп, депутат болду. Экинчи чакырылышка өтпөй калды окшойт, андан соң “Эне тил” коомуна миллиондогон акчаларды котортуп, кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн бир топ иштерди аткарды. Бир акимчиликтен 5 бөлмө бөлдүрүп алып, “Эне тил” коомунун кеңсеси кылды. Камбаралы кыраакы, уюштургуч, иши бүтмөйүн тура берген, айтканынан жанбаган, иштин кызыкчылыгы үчүн жакалаша кеткенден да кайра тартпаган жери бар болчу. Өзүнүн кызыкчылыгынан коомдун кызыкчылыгын жогору койчу. Мисалы, Силаев Бишкектин мэри болуп турганда зыяны абдан көп болду. Менчиктештирүү деп имараттардын көбүн орус, еврейлерге сатып жиберди. Ж.Турусбеков атындагы китепкана Ош базарынын жанында болгондуктан аны алабыз дегендер абдан көп болуп, Камбаралы А.Акаевге кире берип ошол китепкананы эч кимге бердиртпей алып калды. Ал китепкана азыр да иштеп жатат. Камбаралы кыргыз тилинин өнүгүшүн грамматикалык, синтаксистик, морфологиялык, фонетикалык жагын эмес, анын жалпы коомдук маанисин, ордун, массалык жайылышын, таралышын колго алган. Мисалы, Москвада Сусловдун тушунда орусташтыруу саясаты башталган. Ал “союздук республикаларда эне тилинин эмне кереги бар, орус тилине өтүш керек” деген маанидеги туюнтмаларды жылдырып турган. “Советский народ новая историческая общества” деген сөз ошонуку болгон. Совет эли улут эмес, совет эли тарыхый жаңы коомдук түзүлүш деген маанини берген. Азыр айрымдары паспортко улут дегендин ордуна Кыргызстандын жараны дегенди жазып коелу деп жатышпайбы, бул туура эмес, адамдын улуту сөзсүз айтылышы керек. Ааламдаштыруу дегени жүрө берсин, бирок тилдердин, улуттардын жоюлушу тезирээк адамзатынын жоголушуна алып келет. Ансыз да 6 миң тилден 2 миңи жоголуп кетти. Ааламдаштырууда чоң-чоң 10 тил калсын деген маани жаткансыйт, бирок калгандарын кантип жоё алышмак?!

Камбаралы Бобулов орусташтыруу саясаты абдан күчөп турган союз учурунда жана андан кийин кыргыз тилин жайылтуу үчүн абдан катуу күрөштү. Коомдук иштерге абдан аралашып, чыгармачылыгы экинчи планда кала берген. Андан мурдараак бир топ жыл “Кыргызстан пионери”, кийин “Ленинчил жаш” гезитинин да редактору болду.

СҮЙҮҮСҮ, ТАГДЫРЫ
Камбаралынын акын, жазуучу катары да китептери бар. “Лалахан казалдары” деп өзүнүн мурдагы аялы жөнүндө ырларды жараткан. Аны абдан сүйгөн экен, бирок ал азыр И.Абдразаковдун аялы. Камбаралы Москвада окууда жүргөндө аялы Майрам Юсупова Ишенбайга тийип кеткен. Ошондон баштап, Ишенбай менен Камбаралынын достугу ажырап, душманга айланышкан. Кийин Камбаралы андан катуу өч алмакчы болгондо Ишенбай Японияга элчи болуп аялын кошо ала кетип, ал жерде 20 жылдай иштеп аман калды. Камбаралы кийин Акация Жапаровага үйлөндү. Камбаралынын Майрамдан үч, Акациядан үч баласы бар.

Анын “Лалахан казалдары” жакшы китеп болгон, бирок өнүкпөй калды. Кийин “Түштүк кызы” деген повесть жазган. Ушул повесттин негизинде “Момун кыз” деген кинофильм тартылган. Клара Юсупжанова башкы ролду аткарган. Анын поэтикалык 3 китеби бар – бирөө орусча, экөө кыргызча чыккан.

Камбаралы менен чогуу окуган Ашым Жакыпбеков, Жапар Чабалдаев, Качкынбай Осмоналиев, Жалил Садыковдордун көзү өтүп кетти. Анын жолдошторунан эки-үчөөбүз эле калдык, мен, Мырзабек Тойбаев, Бексултан Жакиев.

Даярдаган Сымбат МАКСУТОВА, “Эркин Тоо”, 29.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий