Эгемберди Эрматов

(1951 — 2017)

Эгемберди ЭРМАТОВ 1951-жылы 10-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунун Пум айылында туулган. 1966-жылы Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп-интернатында 8-классты аяктап, Ош шаарындагы педагогикалык окуу жайына тапшырып, аны 1970-жылы аяктаган. Армиядан келип райондук «Ильич нуру» газетасында кабарчы болуп иштеген. 1974-79-жылдары Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунда окуган. Ал жерден «адабий кызматкер» деген кесипке ээ болуп келип «Кыргызстан маданияты» жумалыгында көп жыл эмгектенген. Андан кийин «Мурас» журналында редактордун орунбасары, «Тулпар» журналында баш редактор, «Кыргыз руху» гезитинде баш редактордун орунбасары болуп эмгектенген. 2002-жылдан тартып БатМУнун алдындагы КГПИде 2008 жылдын майына чейин окутуучулук кылды.

Адабият майданында 1979-жылы «Ак дил» аттуу ыр жыйнагы чыккандан бери эмгектенип жатат. Эгемберди Эрматовдун «Ак дил» (1979) «Шаар жана тоолук» (1982), «Махабат» (1995), «Алтерэго» (2006), «Исфайрам авазы» (2007), «Мухаммед пайгамбар» (2001), «Заман кайрык» (2010) аттуу ыр жыйнактары, Низаминин «Жети  сулуу», Яссавинин «Хикметтер», «Чыгыш эл адабияты» сыяктуу котормолору жарык көргөн. Мындан сырткары «Жаңыл мырза», «Отурар баяны», «Аксаткын менен Кулмурза», «Кедейкан» деген драмалары республикалык театрлардын сахнасында коюлган. Төрөбай Кулатовдун 100 жылдыгына арналган «Легендага айланган инсан» деген китеби чыккан.

2003- жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам алган.

2010-жылдын ноябрь айынан бери КР ЖКнин депутаты.

 

Эгемберди Эрматов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Эгемберди Эрматов: «Айылга өз башатымды издеп баргам»

Эгемберди Эрматов, ЖК депутаты: «Жаш туруп чалдай сүйлөгөн балдардан корком»

Эгемберди Эрматов, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы: «Бир мезгил келет, адам көркөм адабиятсыз жашай албай калат. Себеби байлык менен бийлик тажатат»

 

Ырлар

Махабат саптары (ыр түрмөк)

 

* * *
Жалбыз жыты… Жылдыз курт күйөт бизге.
Кучагымда сен дир-дир. Жигит кезим.
Эриниңе эриним тийгизерде
Ээрип кетти жумулуп кара көзүң…

Көйнөгүңдүн этегин шамал жулат.
Чачың кара толкундай тарам-тарам…
Шыбырайсың: «Койчу эми, уят…уят!
Бетим-ий! Айылга мен кантим барам.»

Ошол замат унутуп айтканыңды
чачымды улам уйпалайт алаканың.
«…тез келем деп жеңеме айтпадымбы,
кетебиз…» — деп чүрөгүм кайталадың.

Талдар күбө болду эле ошол түнгө,
тагдыр бирок кошподу экөөбүздү.
Тааныш мага от күйөт көздөрүңдө, —
ошол кезди сагынып өтөбүзбү?

 

* * *
Кыз жатат күн кактап денесин, ов!
Эшилет кум жээкте. Деңиз туйлайт.
Чачтары тарам-тарам
Чачылып калган кумда.
Тирсейген көкүрөгү-
жанаша пирамида!
Колдорун сунуп салган
Ак чардак канатындай…
Аягын өбөт толкун
Кумары такыр канбай.
…Деңизге учуп кетеби деп
кокустан чочуп кетсе,
отурам коркуп жылбай
сопойгон таш үстүндө.

 

КАР ЛАПЫЛДАЙТ

Кар лапылдайт. Биз экөөбүз жолугуп
Олтурабыз тааныш кемпир үйүндө.
Тар, караңгы бөлмө. Бир аз корунуп
Колдоруңду апкелесиң мүрүмө.

Биздин турмуш башкаларга белгисиз,
Түшүнүксүз бул сыйкырдуу мамиле.
Жүрөк күсөп жүргөн күүнү чертебиз —
Кантип сыйды бул жапан күч денеге?..

Бир кезекте канат күүлөп учалбай
Калып калган арманыбыз төп келип
Шуктурабыз, пайдаланып учурдан
арабыздан далай жылды өткөрүп…

Сен баягы шыңгыраган күлкүңдү,
Ким бирөөнүн кучагында калтырып,
Токтоо тартып, ого бетер сүйкүмдүү
Көрүнөсүң. Таарын, наздан, алтыным!

Кар лапылдайт. Тааныш кемпир үйүндө
Ээн-эркин аалам менен иш болбой
Буркан-шаркан жуурулушуп сүйүүгө —
Жаңырабыз шаңдуу, бийик обондой.

 

ЧЫҢГЫЗ КАЙРЫК
(ыр түрмөк)

1.
Кыргыздар кыйын элбиз,мактанабыз.
Чындыкты ачык айтпай сактанабыз.
Удулу өтүп кетсе
Ал эле,бул эле деп актанабыз.
Адамдык парзыбызды
Биз качан көрсөтмөсүз аткарабыз?
Чыңгыздын сегиз тому — бүт дүйнөсү,
Мөмөсү өмүр сайган,
Кудирет-күчүн алган,
Түгөнгүс дүйүм аалам —
Мынаке, жарык көрдү!
Адам жок таңыркаган, жан үрөгөн,
Руху ачка калган, өзөөргөн.
Кайдыгер карап турат
Бир илдет чырмагандай,
Курт кирип жеп жаткандай өзөгүнөн.
Аларга мата керек,
Май керек,килем керек.
Оокатын өткөралбай,
Үйүнү эмирекке толтуралбай
араң жүрөт.
Айтматовдун жөнү бөлөк,
Акча жок алчу төлөп…
Кокустан сатып алса билбей турат:
Ал кандай пайда көрөт?

2.
«Чыңгызга күйөм», —
дейсиң кайран досум.
Чыңгыздын чыгармасын окубастан,
Билбестен жан дүйнөсүн,
Үстүрттөн айткан сөздү
Кайталап тоту куштай
Күйгөнүң — арзыбаган сокур тыйын.
Жадатма тезис менен,
Жаттама дарис менен
Өткөрүп жугуму жок эптеп жыйын
Чыңгызды билүү кыйын.
Күйгөн көп илим жактап шагыраган,
Кээ бири атын гана кабыл алган
Айгайлап жүргөн шардын агымынан.
Анан сен кантип ага күйөм дейсиң?
Күйбөсө президентиң,
Күйбөсө тайке-жээниң,
Кыздарың, инилериң, келиндериң,
Күйөм деп ооз учунан
Куйкамды куруштурба,
Жинимди келтирбегин!

3.
Ыраа көрбөй бир бүдүр жамандыкты,
Тирүүсүндө кадырлап алалдыкпы?
Улуулугун тана албай пенде болуп
Көрсөттүкпү ич күйдү чабалдыкты?
Ушак кетти артынан уюлгуган,
Чыкты дешти адептен,чыйырынан.
Ката издешти чалкыган туюмунан,
Жок болоорун билишпей куюнунан…
Дөөнүн жашап жүргөнүн көралбадык,
Дөөгө дөөдөй көңүлдү бөлалбадык,
Кыялына дөөнүн түк көналбадык,
Дөөдөн калды мураска түмөн байлык.
Өлбөстүккө жол алып кете берди,
Ичтен аяп көралбас бечелдерди,
Таңдайынан чаң чыккан чечендерди,
Көзү ачыктык кылышкан
«көсөмдөрдү».

4.
Өкүмөт сегиз томдун каржысына
Бербеди сегиз тыйын.
Капчыктан пул чыгаруу —
Жан бергенден жаман кыйын.
Кокустан берген болсо
Ысык-Көл соолуп калмак,
Токтогул ГЭСи жүрбөй тоңуп калмак,
Сансыган быкы-чыкы жыйын өтпөй
Өкүмөт кетмек тарап.
Анан биз ай-ааламга салабыз кеп:
«Айтматов бактыбызга жаралган», — деп.
«Миллиондоп китептери таралган», — деп.
Сексен жаш курагына
Сегиз том кылсак белек
Таптакыр итке минип калат белек?
Улууну сыйлабаган улут дөдөй,
Кыргызга Чыңгыз качан болгон өгөй?
Руху уюткусуз эл акыры
Жок болот өсүп-өнбөй.
Орустар Толстойду барктабаса,
Испандар Сервантес деп какшабаса,
Кытайлар Ду Фу, Ли Бо деп турбаса
Ааламды чарк айланып кетет беле?
Чыңгызга көрсөткөн сый —
Сый болмок кыргыз элге.

5.
Улутту улут кылган байлык эмес,
Улутту көкөлөткөн рух дүйнө.
Ал дүйнө көркөм сөздүн өмүрүндө.
Ким эгер багыт алса бул өнөргө
Башыны салат көйгө.
Көк мелжип бийик тоолор
Көрүнөт көзгө даана.
Пастыкты бийик менен алмаштырба
Атакты көтөралбайт пас адамдар,
Жарашат атак дагы жарашканга.
Бийикке өжөрлөнүп чыгуу үчүн,
Бийиктин күү, авазын угуу үчүн,
Бийиктин бийиктигин туюу үчүн,
Бийикте баш айланбай туруу үчүн
Айтматов болуу керек.
Улутту улут кылбайт элдин саны,
Улутту улут кылган инсандары,
Кудайдан даарып келген илхамдары,
Айтматов сыяктанган тулпарлары,
Ааламга учуп чыккан шумкарлары…

6.
Олтуруп бир үстөлдө шарап ичип,
Бир бастым көчөлөрдө,
Бир болдум кечелерде,
Түбөлүк өлбөс болуп көрүндү эле,
эсил пенде!
Көңүлү назик эле жаш баладай,
Жүрөгү кенен эле астанадай,
Калыс сөз айтаар эле устарадай,
Жан эле чулу бүткөн аскалардай.
Дүйнөгө назар салып Еверестен,
Ал жалаң алптар менен эрегишкен.
Доордо жашап өттү
Маселе биротоло чиелешкен.
Дос болуп Федерико Майор менен,
Аргондун,Ауэзовдун чайын ичкен.
Саясат капканынан амал менен
Билинбей чыгып кеткен.
Сабагы Айтматовдун башталды
эми гана.
Пирдин бул пир экенин тааныгыла,
Салынбас кайдагы бир былжыраган,
Бармактан шимип араң соруп алган
Жасалма эреженин калыбына.
Бергиле Айтматовду сепке кошуп
Кыздардын калыңына.
Туулган жаш балдардын
Чуркасын канга айланып тамырында.
Бир басып көчөлөрдө.
Бир болуп кечелерде
Бир аба жутуп жүрдүм.
«Ал сенин кимиң», — деди айрымдары.
«Пирим!» — дедим.
Мен аны пир катары тутуп жүрдүм.

7.
Фикре деген досум
Шашылып кирип келди бөлмө ичине:
— Капкара колум менин
Агарып кетти, — деди көзү жайнап.
Сурадым: «Не болду?» — деп.
— Чыңгызга колум берип учураштым.
Асманга тийип турду шондо башым.
Менчелик Эфиопияда бактылуу жок,
Билемин мындан кийин туулбасын.
…Өзүнө батпай турду.
Сөздөрүн таппай турду.
Чыңгыздын колу тийген
Колдорун катпай турду.
Капкара ошол колдор
Ырларды жазды далай аппак нурдуу.

8.
Устаттын өмүр жолу татаал болду,
Өзүнө өчөшкөндөй катаал болду.
Мелжеди куш өталбас дабандарды,
Болочок болумушту кабарлады.
Дилинде болгон мүлкүн чачып кетти,
Этегин кагып туруп басып кетти.
Жетти да пайгамбарлык сыпатына,
Ааламды калкалады канатына.
Төгүлдү нөшөр сымак ыйык жерге,
Күч берип,азык берип ийилгенге.
Кыргызды кыргыз кылып кылымдарга,
Айланып кетти устат чырагданга.
Чыгыштан руханий бир улуу көчтү
Баштады…Жан дүйнөгө кетти көчкү.

9.
«Айтматов сараң», — дешти.
Сараң эле.
Канеке ,болсо ошондой
Чулу ойду жык толтурган
Сараңдык көркөм сөзгө,
Көңүлгө кыт куйгандай орноп калган.
Кыргыздын Ысык-Көлүн,
«Манасын», кызыл тилин сактап калган.

«Дүйнөлүк адам», — дешти.
Адам эле.
Адам эле мезгилден озуп кеткен,
Мейкиндиктин уч-кыйрын созуп кеткен.
Бейишти бейиш атап,
Коркпогон тозогуңду тозок дештен.
«Айтматов пенде», — дешти.
Пенде болчу.
Ааламды чарк айланып жүрсө дагы
Көңүлү жерде болчу.
Оозунда басса-турса келме болчу,
Сыр болчу көтөрүлгөн зоболосу.
Шекспир генийликке жеткен кезде
«Жөнөкөй артист», — дешчү курбалдары.
Каяктан билсин алар
Канатты дулдулдагы,
Көмөкөйдү булбулдагы?
Ошондой көкүрөгү сокур болгон
Адам көп бүгүн дагы.

10.
Ай тийбес тоону айланган
Ак шумкар учту, көрдүңбү?
Күн тийбес тоону айланган
Көк шумкар учту, көрдүңбү?
Жаабарс сымал күрүлдөп
Үн чыкты тоодон, уктуңбу?
«Миң кыял» сымал күүлдөп
Күү чыкты тоодон, уктуңбу?
Манастын чоролорундай
Чороңдон, кыргыз, айрылдың.
Манасың өлүп жаткандай
Кайгыргын, кыргыз, кайгыргын.

11.
«Руханий кулдуктан эл качан чыгат?» —
Деген ой аны дайым кылчу кунап.
Мыжыгып көкүрөгүн турчу бурап,
Жүрөгүн канга чылап…
Ушул ой миң жылдардын катмарына,
Жетелеп алып кетти
Саргарган барактарга,
Таштагы жазмаларга,
Сайма таш сүрөтүнө,
Болумуш, аңыздардын тарыхына.
Ушундай көйгөй менен алышты
өмүр бою,
Жеталбай ой түбүнө ызаланды.
Эстеди Чыңгызханды, Адилханды,
Кырк жылдай элин чөлдө алып жүргөн
Мусадай пайгамбарды.
«Руханий кулдуктан эл качан чыгат», —
Деп ыйлап китеп жазды.
Кулдукка неге моюн сунду экен деп
Аңтарып рух казды.
…Өзүнө өзү кишен салып алган,
Өмүрүн шорго терең малып алган,
Өзүнүн ким экенин тааныбаган
Бул күндө адам азбы?

12.
«Шекерим — кичи мекеним,
Секетиң болуп кетейин.
Өзүңө жетпей кылымда
Кыдырдым кыйыр неченин.
Күркүрөө суусун кечемин,
Күмүшүн сузуп ичемин.
Күйүтүң алып мойнума
Күкүгүң болуп кетейин», —
Деп ырдап Чыңгыз өттү дейт.
Көкүрөк дартын төктү дейт.
Шекердин бүгүн турпагы
Чыңгызды эстеп өпкөлөйт.

13.
Бүт дүйнө Айтматовду жазуучу дейт.
Мен аны акын деймин.
Мен андан көрүп турам акын кейпин.
Сүйүүнү Петрарка ырдагандай
Жан сабап махабатты ырдап өттү.
Махабат анын дөөдөй жүрөгүндө
Ааламды чарк көтөрүп дүңгүрөттү.
Акындык зор шыбага тийбегенде
Каяктан жалын, өрттү жазмак эле?
Көлкүлдөп көл-шал болуп, элеп-желеп,
Дирилдеп сезимдери оттой бийлеп,
Ай-аалам эс оодарган арзуу күүлөп
Жатканын акын гана туят, сезет…
Эгер ал мажнун акын болбогондо
Армандуу ашык сымал өтпөс эле,
Көз жашын көкүрөктөн төкпөс эле,
Каранар сыяктанып чөкпөс эле,
Көздөрү сулуулукка өрт көз эле.
Эгер ал мажнун акын болбогондо
Жамила, Зарипалар жаралмакпы?
Бүбүсара, Таттыбүбү периштелер
Тартуулай алат беле кумар-бакты?
Мен аны акын деймин,
Ал акын ээлеп алган сүйүү-такты.

14.
Жымылдап көпкөк болгон,
Акканы билинбеген улуу бир
дайралар бар.
Иримдеп ээ-жаа бербейт түпкү
агымдар…
Ал агымда туйлаган аалам аккан,
Үстүндө эч кабар жок алааматтан.
Созулуп уч-кыйры жок мейкиндерге
Агызып дүр-дүйнөнү
Келатат алмуздактан.
Айтматов ошол дайра,
Башаты болумушта,
Аягы кеткен кайда?
Бир учу Кемалайда,
Бир учу толгон айда,
Бир учу Амазонка.

15.
«Жазуучу боломун деп жүрөт көбү,
Жалыны түк сезилбейт жүрөктөгү.
Эрдиги жок коркпогон, жалтанбаган.
Кыялы жок чек билбей шайтандаган.
Чабыты тиги кырдан ары кетпейт,
Анан ал не кыйратат, нени көксөйт?» —
Деп оюн айткан эле
Бир жолу Союздагы кеңсесинде
От күйүп карегинде…
Азирети, кайран пенде!

16.
«Манас» деп көкүрөгүн окко тоскон
Көкжалдын бири болчу.
Саякбай сыяктанган улуу тоону,
Сагынбай сыяктанган аскар-зоону
Туу кылып алаканга салып өттү,
Аткарды озуйпасын азбы, көппү.
«Манастын» миң жылдыгы өткөн кезде
Төгүлдү нөшөр болуп,
Ыр болуп, дастан болуп,
Калдайып туруп берди асман болуп.
…Борбордун чок ортосунан,
Эскирген китептерди сата турган
Дүкөндүн бир бурчунан,
Эң арзан бааланган
«Манасты» бая күнү көрүп алып
Чыдабай жашып кеттим.
Анан да «Манас» деген түрдүү шарап
Жарнагы не керемет көз уялтат,
Миң түркүн дүкөндөрдө жайнап турат.
Оо, кыргыз, дүйнө кууп неге жеттиң?
«Манасты» арзандатып неге тептиң?
Уяты калбады го эки беттин!
Айтматов аздектеген казынаны
Кар кылып түкүрүпсүң,
Кадырын түшүрүпсүң,
Улуттук намысыңды
Жоготуп бүтүрүпсүң.
А Чыкем «Манас» десе
Бүт жанын сууруп берчү,
Жалбарып жаратканга туруп берчү.

17.
Бир кезде айткан экен Поль Валери:
«Арыстан койлорду жеп
Арыстан болуп жүрөт».
Сөз жок го мындан өткөн,
Мааниси мындан дагы тереңирээк.
Мына ошол арыстандык касиетти
Байкасак Айтматовдон
Аябай шайкеш келет.
Канчалар калды чаңда көрүнбөстөн,
Аламан топтон озуп бөлүнбөстөн,
Тагдыры чыгармага өрүлбөстөн,
Шарактап кайнабастан,төгүлбөстөн.
Канчалар ың-жыңы жок унутулду,
Чыгарса да сүрөөнчү ызы-чууну.
Канчалар жерди муштап улутунду,
Артынан чаң учурду,кум учурду…
Айтматов арыстандай болуп алып,
Чексиз бир күч-кубатка толуп алып,
Ааламдын акыл-оюн соруп алып
Адамга чачты жарык…
Ушунун өзү бакыт,улуу тарых.

18.
Роза Отунбаева деген эже
Жазыптыр гезиттерге:
«Өкүмөт Айтматовго бир эстелик
Курабыз деп убада берген эле.
Арадан бир жыл өттү,эстелик жок,
Капырай,уят эле.»
Аралжы,Роза эже,сөзүңүзгө.
Дүйнөдө мармар таштын
Чекеси оюлбаган биздин өлкө.
Ак мармар,кызыл мармар эсеби жок.
А бирок Айтматовго таш коюунун
Эч кандай кереги жок.
Ал эбак сыбызгыган күүгө айланып,
Шаңшыган ырга айланып, нурга айланып,
Ыпысык демге айланып,
Көөнөрбөс кенге айланып
Дүйнөгө тарап кеткен.
Өзүнө өлбөс-өчпөс эстеликти
Руху менен күн-түн
Адамдын жүрөгүнө оюп-чеккен.
Андыктан үстөк-босток
Кайрылып өкүмөткө кажети жок.
Билсеңиз керек, эже,
Коюлат таш эстелик өлгөндөргө,
Өлгөндөн кийин сыйды көргөндөргө,
Пенделиктен чыгалбай өмүр бою
Кур далбаса атакка көнгөндөргө.
Айтматов сыйбайт таштын көлөмүнө,
Таш деген өлүү дүйнө,
Калган ал тирүү бойдон
ар бир үйдө…

19.
Арзыбас отуз теңге
Исаны сатып кеткен Иудага
Апкелди кандай дөөлөт, кандай пайда?
Рухий жардылыктан баш көтөрбөй,
Өтүмүш,тарыхтарга көңүл бөлбөй,
Чыркырап ыйлап жаткан жанды көрбөй
Алпарып койгондойбуз
Чыңгызды Голгофага.
«Бириңди бириң кыйнап өлтүрбө!»- деп.
«Руханий алааматты келтирбе!» — деп.
«Ыйык жерди булгаба, көңтөрбө!» — деп.
«Адам болуп жашагын көр пенде!»- деп
Асылып калгансыды
Куду Иса пайгамбардай
Чыр толгон кылымдагы аштамага.
Биз болсо илкий басып,
Иуда сыяктанып
Чыңгыздын жанын сатып,
Кудуңдап чөнтөктөгү теңгелерге
Байкабай өлүмгө бет баратабыз.
Өзүнү жазган окшойт
Авдийди жазган кезде кайран Чыке.

ЫЙМАН КАЙРЫК

1.

Балалыгым, орто жаш, карылыгым
Бар болгону үч күндүк өмүр экен.
Аны ойлосом түтөрүп каңырыгым,
Кантип жашап келдим деп күдүктөнөм.

Ушунчалык өмүрүм тез өттүбү,
Көзгө толчу бүтүрдүм кандай ишти?
Эктим канча тандалма көчөттөрдү,
Кайсыл жакка короттум кайран күчтү?

Неге мурда билбедим, шорум каткыр?
Өмүрдү бул чексиз деп адашыпмын.
Байкап көрсөм аз гана корум каптыр, –
Конок үйгө кирдим да кайра чыктым…

Эмне жедим, татымы эсимде жок,
Алаксыдым арзыбас көйгөй менен.
Жаш кезимде ушул ой келсе болмок, —
Башка жакка бурмакмын өмүрдү мен.

Азыркыдай арасат жолдо калбай
Кетмек элем батыраак жаратканга.
Өмүрүмдү үч күндүк талдай албай
Олтурамын баш катып намашамда.

2.
Мынча ширин, азгырыктуу бул өмүр
Улам жаңы үмүт берип жылт эткен?
Амалын айт, алаксытып түгөнгүр,
Кол жетпеген нерселерге дегдеткен…

Кыялыңды тызылдатып камчылап
Айдап турат токтотпостон бир жерге.
Түбөлүктүү жашоо бизде бар сымак
Жанталашып күрөшөбүз тим эле.

Өлүм күтүп тургандыгын унутуп,
Дүйнө-мүлк деп чарк айланып күйөбүз.
Жалган айтып, ыйманды жеп, урушуп
Өзүбүзгө тоодой күнөө үйөбүз.

Эсибизден чыгып кетип жараткан,
Сыйынабыз жалган-жашык пирлерге.
Алыс жүрбөй арам оокат, тамактан
Эчен ирет болдук уят, шерменде.

Убактылуу алган ушул өмүрдү
Ак өтөбөй алда неге короттук?
Азгырыкка берип салып көңүлдү
Бир улуу, чоң пурсатыбыз жоготтук…

3.
Керемет бир айдай сулуу, айжамал,
Периштедей болсоң дагы бир күнү
Жүрөгүңө колун салат шум ажал…
Алла Таала кайтарат өз мүлкүңү.

Аманат жан түнөк кылып нечен жыл
Түтүп келип азабыңа, шоруңа,
Кыңк этпестен баш көтөрбөй жүргөн кул
Кетет чыгып азаттыктын жолуна.

А сен аны чыркыраттың миң ирет,
Таза дилин арам кылдың, булгадың.
Зордуктадың жерге тепсеп жемелеп,
Ар убакта болду сенин курманың.

Анын айткан кеп-кеңешин укпадың,
Тулкусуна сиңип кетти кусалык.
Эңсегенин издеп айкын таппадың,
Жүрдү сенде туткун сымал тушалып.

Бералбадың сүйгөн рух азыгын,
Кандырбадың каалаган дил кумарын.
Кетти жаның… Эми сенин жазыгың –
Куураган бир затка айланып турганың.

4.
Көз ирмемде миллион эсе кеңейип
Чексиздикке зымыраган ааламдар.
Кайда бара жаткандыгын ким билет?
Жалгыз гана жараткан зат кабардар.

Санагы жок ай-ааламдар айланып,
Биз билбеген сыйкырдуу бир сапарда
Өз огунан тайып кетпей кылчалык
Бара жатат ыраат менен катарда.

Бир-бирине тартылышып, ыкташып,
Сырдуу күчтүн кубатынан от алып,
Бирин-бири кубатташып, жупташып,
Бир чекиттен пайда болгон тутанып.

Карап туруп бул керемет дүйнөгө
Эс-акылың жетпей сарсан болосуң.
Олтургандай жылчыгы жок түрмөдө
Шайың кетип шалдырайсың, тоңосуң.

Учуп жүргөн чаңдан майда заттайсың
Уч-кыйры жок чексиз аалам бурчунда.
Анан неге өзүңө өзүң батпайсың,
Бүт өмүрүң толгон көйгөй ыр-чырга?

5.
Ар бир башта өлүм барын билебиз,
Кутулбайбыз анын жайган торунан.
Эрте, кечпи көргө барып киребиз,
Айрылабыз тирүүлөрдүн тобунан.

Бизге чейин санагы жок адамдар
Жашап өтүп топуракка айланды.
Алардагы арзуу тилек, кумарлар
Жоголбостон абада учуп калганбы?

Азыр дагы кайталанып кайрадан
Миң жыл мурда көзүн ачкан тилектер
Бизди кыйнап арбаганы арбаган,
Жан кыйнаган күрөштөргө себепкер.

Чектелүү бир ырыскыбыз, күнүбүз
Бар экенин билип туруп жан сабап.
Өлбөй турган пендеге окшоп жүрүбүз,
Энчибизге бир топ кылым бар сымак.

Жараткандын аткарбастан буйругун,
Адам болуп күн көрүүдөн не пайда?
Өлбөй туруп өлбөс ишти кылгының, —
Көз ирмемдей убакыт аз бу жайда…

6.
Менменсинип кайда барар экенсиң
Байкуш пенде, билбей чама-чаркыңды?
Өзүңө өзүң ооматтуусуң, көсөмсүң,
Көкөлөтүп көтөрөсүң баркыңды.

Жууса чыкпас кирге айланып калсаң да
Өпкөң көөп жерге, сууга батпайсың.
Уюлгуган чаң жүрсө да артыңда
Мен дебесең эс албайсың, жатпайсың…

Жүрөгүңө чап жабышып бул илдет
Биротоло бийлик кылып алгандай.
Турган менен дымак берип күлүңдөп,
Өзөгүңдү жей берет ал байкалбай.

Жараткандан алыстайсың дуулдап,
Кур каласың назарына илинбей.
Кетет анан сени айыкпас жин арбап,
Адамдык ар, касиетиң билинбей.

Мен дегениң мүлжүп сени жеп тынат,
Кесепеттин алып келет бүт баарын.
Урпагыңа кара тумоо жуктурат,
Кудай Таала бербейт эч бир куткарым.

7.
Карап турсам аягы жок, башы жок
Топурактын катмарында сөөлжан
Тиричилик өткөрүүдө соймоңдоп,
Караңгыда жолун таап соо-аман.

Таң каласың кыймылына, ишине
Жерди көзөп кирип кетип баратса,
Кайдан кубат келип турат күчүнө,
Көрүү, туюу сезимдери каякта?

Жерден азык алып, кайра шо жердин
Асылдыгын ого бетер көтөрүп
Жашап жүрөт билбей чексиз дүйнөнүн
Кай тарапка баратканын көшөрүп…

Жылдан жылга ырыскысы, олжо тартыштуу
Жарык дүйнө берилсе да бизге нак,
Сөөлжандай асылдантып кыртышты
Жакшы болмок жерди турсак тазалап.

Санаты жок макулуктун бирибиз
Алла Таала амиринен жаралган.
Сөөлжандай сүйсө жүрөк, дилибиз
Жер ыраазы болоор беле адамдан?

8.
Күйүп өчкөн жылдыздардын ордуна
Кара тешик пайда болду кайдагы
Айланасын көк иримдей сорууда…
Эңшерилип барат аалам бир жагы.

Уч-кыйрына көз жетпеген куюндай,
Ап эттирип жутуп чексиз дүйнөнү,
Бары-жогу көрүнбөй да туюлбай
Ааламдардын кыйрап жатат түрмөгү.

Сыртта калбай эпкинине келген зат
Ошол замат ың-жыңы жок бедайын.
Кай тарапка багыт алды зымырап?
Аны билип башкаруучу кудайым.

Кара тешик, балким, накта кыямат,
Качандыр бир жерге жетип бир учу,
Башыбызга салып көйгөй алаамат
Ай-ааламды түгөл жексен кылуучу.

Кудуреттүү жараткандын колунда
Кыпындай чаң, кара тешик, өмүрүң.
Эч ким билбейт эмнелер бар жолуңда,
Кудай менен аруулансын көңүлүң…

9.
Жандүйнөмдө үңүлгөнүм үңүлгөн,
Жетпей келем анын эч бир чегине.
А дегенде түшүнүктүү көрүнгөн,
Көнгөн болчу менин ыңгай, кебиме.

Оо, капырай! Учугу жок илешкен,
Башаты жок кандай сырдуу кубулуш?
Өзү менен өзү тынбай күрөшкөн,
Багытында сан санаксыз бурулуш.

Жеттим десем андан ары чеги жок
Аалам жатат ачылбаган туңгуюк.
Алар качан дайын болот, ойгонот
Жашоо сырын тереңирээк туйдуруп?

Ай-ааламдын көчүрмөсү сыяктуу
Барган сайын чексиздикке кабылам.
Ким жараткан мындай сырдуу кубатты?
Ээ-жаа бербей агылганы агылган…

Жараткандын бул бир улуу күчүбү
Жандүйнөмөн чексиз аалам чөгөргөн?
Эми качан бышат анын түшүмү
Каным менен, жаным менен көгөргөн?

10.
Бул жарыкта жупталбаган нерсе ок.
Тирүүлүктүн улуулугу жубунда.
Күйүп турат кумар деген ыйык от,
Жубу менен жашайт курт да, чымын да.

Адам эмес, ааламдар да жупташкан,
Жупташууда өлбөстүктүн ыргагы.
Бир-биринин кучагынан чыкпастан,
Бирге болуп жыргалы да кууралы.

Жараткандын акылына таң калам,
Ар бир жупка берген аруу касиет:
Кудуретин кошуп койгон жаратман,
Даргөйүнүн кеңдигинен бейэсеп.

Ар бирине тагдыр берип, жол берип,
Өмүр берип чектелүү да чеги жок,
Чоң ааламга алып чыгып дүйнөлүк
Ар бир жупту өзү турат корголоп.

11.
Кудайдын нур мээримине арзыган
Бизден өткөн бактылуу жок, жан элем.
Жупталышып асман, жерим, айланам,
Бирдей нукта, бир ыргакта термелген.

Ар бир алган дем-илепке шүгүр деп
Миң ыраазы болом жаратканыма.
Туш жагыман нечен шайтан жүнүн жеп
Чабуул коет орун-очок, тагыма.

Ошолордон сактап, коргоп астейдил,
Периштелер кызматымда күнү-түн.
Бири мага тартуу кылып аруу дил,
Бири нурун берип турат үмүттүн.

Бири жолум балакеттен тазалайт,
Көкүрөгүн тосуп чыгат тим эле.
Бири айтчу сөзүм оңдоп узанат,
Бийлик кылат менин кызыл тилиме.

Ырыскымды даярдап бир периште,
Ден соолугум карап турат да бири.
Жан дилимди буруп коюп бир ишке,
Бири жууп турат көңүл киримди.

Эгер алар кетсе менден алыстап
Эмне болот? Жаратканым, жан биргем,
Сан жетпеген периштеңе ырахмат,
Кыяматтык кызмат кыл деп жиберген…

12.
Бешенеге жазган кудай тагдырды,
Алып чыгып өмүр деген майданга.
Берип койду кубанычты, жабырды,
Айтты: “Мейли өксүп ыйла, майрамда”.

Ошентти да кесепеттин мыйзамын
Жууруп салды өзүбүзгө жараткан.
Ким тыйбаса напси менен ынсабын
Жаза келет билинбей бир тараптан.

Ким бирөөгө кыянаттык кылдыңбы,
Кайтып турат өз башыңа көрүнүп.
Өлтүрсөң да бейажал бир чымынды,
Бактың жерге түшө берет төгүлүп.

Кайтарымы бар жакшылык, жамандык,
Анын баары жалгыз сенин колуңда.
Өлүм болуп келет жаман амалың,
Шамшар уруп кетет баскан жолуңда.

Кесепетке кабылбайын десең сен
Кудай Таала жолу менен түз жүргүн.
Кусур урат көөп кетсең, эсирсең,
Ай-ааламдын шагынан чорт үзүлдүң.

13.
“Жалган айтпа, жактырбаймын жалганды”, –
Деген улуу осуятын унуттук.
Жалган менен өмүрүбүз чырмалды,
Саясатка кетти айланып улуттук.

Мунун түбү кайда барып такалат,
Кайсы жерден чыгат шишик без болуп?
Кайсыл күнү тизгин тартып, такалап,
Коер экен тамыр жайган терс жорук?

Жалган кирип алды коюн, колтукка,
Жойпуланып өңү-түсү өзгөрдү.
Кээ бир жерде өттү чабуул, зордукка
Курал кылып алып адил сөздөрдү.

Корком абдан жараткандын каарынан,
Азап алып келбесе экен элиме.
Жалган сөздүн эпкинине кабылган
Кут-бейиштей кутман кыргыз жериме.

Сабыр күтүп, тазаланаар деп турам
Жалган менен жашаган бул заманым.
Улутумду, Алаа Таала, сакта аман,
Ыйман жолдо апкир түркөй, жаманын.

Соц тармактар:

Добавить комментарий