Ооганстандагы кыргыздар

Кыргыз эли тээ байыртадан эле Азиянын Сибир, Алтай, Жуңгария, Теңир-Тоо жана Памир аталган мейкин аймактарын мекендеп келген. Негизги бөлүгүнүн Теңир-Тоо менен Памирге жайгашуусу XIII-XVIII кылымдарга туура келет. Аталган аймактар андан кийинки мезгилде ар кайсы өлкөнүн чегине бөлүнүп, анда жашаган кыргыздар да ошол өлкөлөрдүн ичинде жашап калган. Мындай кырдаалдарга карабай XX кылымдынортосуна чейин кыргыздардын бири-бири менен болгон карым-катнашы улана берген. Бирок ХХ кылымдын ортосунан тартып Совет өлкөсүнүн ичиндеги кыргыздар менен аталган өлкөнүн сыртында жашаган кыргыздардын байланышы саясий себептерден улам чектелген. Кыргызстан эгемендүүлүктү алган мезгилден тартып кайрадан алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөгү этникалык кыргыздар менен болгон байланыш кандайдыр бир деңгээлде жакшырып калган.

Этникалык кыргыздардын бир бөлүгү асман тиреген Памир тоолорунун Ооганстанга караган чегинде жашашат. Алардын биринчи тобу Кичи-Памирде, ал эми экинчи тобу Чоң-Памир деген аймакта орун алган. Ал аймактар түндүгүнөн Тажикстан, түштүгүнөн Пакистан, чыгышынан Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном району, батышынан Ооганстандын башка оодандары менен чектешет. Кыргыздар жашаган айылдар Вакан өрөөнүнүн жогорку тарабында, башкача айтканда Аму дарыясынын башталышында жайгашкан. Ал жерде Чакмактин деген көл бар экендиги тууралуу Марко Поло өз эмгегинде жазып кеткен. Андан кийинки мезгилде Чоң-Памирдин Улуу Жибек Жолундагы Кытайга кирүүчү бир дарбаза катары болуп келгендигин Лорд Кёрзо айтып өткөн. Биринчиден, бул жерлер кыргыздар үчүн мал багууга, экинчиден, Индия, Кытай, Орусия жана башка өлкөлөрдүн соодагерлери менен соода кылууга ыңгайлууболгон.

Ооганстандагы кыргыздардын көпчүлүк бөлүгү XX кылымга чейин башкача айтканда Жуңгар баскынчылыгы, Кокон хандыгы, андан кийинки Орусия оторчулугунун мезгилинде эле Фергана өрөөнүнөн, Бадахшандан ОоганПамири аталган аймакка көчүп барышкан. Акыркы болуп көчүп баргандары ХХ кылымдын ортосунда Рахманкул хан баш болгон бир топ бөлүк болгон. Алар совет бийлигиндеги Сталиндик режимге каршы тургандыгы үчүн басмачылар катары куугунтукталып,биринчи Кытайга конуш которушат. Ал жакта да ошол көрүнүш кайталанып андан ары боордошторун издеп Ооганстанга барып кошулуп жашап калышат. Рахманкул ханды артынан ээрчиген эли хан кылып шайлашат. Муну Ооган эмири да таанып ал жерде жашаган кыргыздардын мамлекеттик межилистеги өкүлү кылып бекиткен. Андан сырткары кыргыздарды Ооганстандын Орусияга чектеш аймактарын көзөмөлдөөгө милдеттендирүү менен бирге алардан ар түрдүү мамлекеттик салыктарды төлөөдөн бошоткон. Кыргыздардынбашка ооганстандыктар менен тең укукта болуусунда, каалагандай көчүп-конуп жашоосуна Рахманкул хандын салымы зор болгон.

Ооганстандагы көңтөрүш, амирликтин кулашы, демоктариялык өлкөнүн түзүлүшү, советтик аскерлердин өлкөгө кирүүсү жана көп жылдык жарандык согуштун башталышы Рахманкул хандын жана анын элинин башына оор тагдырды алып келди. Ал 1978-жылы 280 түтүн эли (1300 адам) мененПакистанга көчүүгө аргасыз болгон. Француз этнографы Реми Дордун айтуусунда көчүп барган кыргыздар жаңы жердин аба-ырайынын аябай ысыктыгынан улам өлүм-житимге көп дуушар болгон. Кийинки жылы 100дөй түтүн үй-бүлө кайрадан Ооганстанда калып кеткен кыргыздардын арасына көчүп келген. Ал эми Пакистанда калган кыргыздар 1982-жылы Рахманкулхандын жетекчилигинде Түркия Республикасына көчүп кеткен (Ө. Ж. Осмонов, А. А.Асанканов “Кыргызстан тарыхы” Бишкек-2001).

Азыркы тапта Чоң-Памирдин башчысы Турду Акун ажы. Ал Сарымокур деген жерде туулган. Ал эми Кичи-Памирдин башчысы болсо Кара-Жыргалык Ардурашид хан. 2008-жылы Кыргызстанга турист катары келген ооганстандандык кыргыздардын өкүлдөрү Абдулхак Абдубакир уулу менен Махмудраим Абдужалил уулунун берген маалыматы боюнча Кичи-Памирде болжол менен 400 түтүн, ал эми Чоң-Памирде 300дөн ашуун түтүн айыл жашайт экен. Баардыгы болуп 4000ден ашуун адам саны бар. Бирок UNEPтин интернеттеги отчёту боюнча Чоң-Памирде 120 түтүн (700-800 адамдын айланасында) жана Кичи-Памирде 140 түтүн (500-600 адамдын айланасында) айыл, Башкача айтканда эки топ биригип 1300 же 1400 адамга жетет деп берген. Бул эки маалымат бири-биринен кыйла айырмаланып турат. Мунун себеби Ооганстанда көпчүлүк эркектер үй-бүлөсүндөгү экинчи аялы менен кыздарын эл каттоодо дайыма жашырып койгондугу болуп эсептелет.

Ооганстандагы кыргыздар азыркы мезгилге чейин жайдыр-кыштыр боз үйлөрдө көчмөн турмушта жашап келишет. Алар мал чарбачылыкты негизги кесип катары көрүшүп дыйканчылык менен көп алектенишпейт. Мал чарбачылыктагы негизги асыраган жаныбарлары кой, эчки, жылкы, эшек жана төөлөр болуп эсептелет. Бойго жеткен уул балдар үйлөнөөрдө да кыздын калыңын мал менен өлчөйт. Орточо калың баасы – 100 кой. Калың төлөөгө шарты болбогондор өмүр бою жалгыз бой өтүп кетишет. Кедейлеринин 40-50дөн кою, 50-60тан топозу болот. Алардын көбү байларынын малдарын багуу менен күн өткөрүшөт. Ал эми байлары менен ортозаар адамдарынын 200дүн айланасында топозу,1000дей кою болот. Негизги тамак-аштарына да ошол малдардын этинен, сүтүнөн жасалган ар түрдүү тамактар, бешбармак, кымыз, көбүнчө топоздун сүтүнөн жасалган азыктар кирет. Мындан сырткары соодагерлерден сатып алынган азык-түлүктөр жана башка күнүмдүк жашоого керек болгон нерселерди пайдаланышат. Негизинен Пакистанга мал айдап алып барып сатып, сооданы ошол жактан кылып келишет.

Чыныгы кыргыздын көчмөн жашоосунда күн кечирген ооганстандык кыргыздарда өлөң айтуу, ырдоо, комуз чертүү, ооз комуз чалуу, ат чабыш, улак тартыш, кыз узатуу салты бар. Ошону менен бирге динди да катуу кармашат. Негизинен ичкилик кыргыздарына кирген кыпчак, кесек, кыдыршаа жана найман уруулары жашайт. Жердигине карай анжыяндык жана сарыколдук болуп бөлүнүшөт. Нукура кыргыз тилинде (ичкилик говорунда) сүйлөшөт.

Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан баштап Ооганстандагы кыргыздардын башчылары Бишкекке келип кетип турушат. Ал эми 2008-жылы өлкөбүздөн бир топ илимий, мамлекеттик ишмерлер жана журналисттер барышкан. Алардын маалыматтары боюнча акыркы 3 жылда БУУнунжана Ага Хан фондунун жардамында боордошторубузга медициналык жардам көрсөтүлө баштаган. Ага чейин көбүнчө аялдар төрөт учурунда каза болуп, жаш балдар оорудан көп каза болуптур. Бирок мындай көрүнүш бүгүнкү күндө да ооганстандык кыргыздардын азайып кетүү коркунучун туудуруп келет. Себеби дүйнөнүн көпчүлүк жеринде аялдар эркектерге караганда көп пайызды ээлесе, аларда бул көрсөткүч тескерисинче. Бирок аял затынын аз экенине карабай ал жактагы кыргыз жигиттери башка улуттун кыздарына үйлөнүшпөйт. Мунун себебин алар улут катары жок болуп кетебиз деп түшүндүрүшөт.

Ооган өкмөтү акыркы 5 жылда өлкөнүн чекарасын кайтарган эки топ кыргыз айылына мурункудан дагы жакшы шарттарды түзүүгө бел байлап жатканы айтылат. Мисалы айылга жаңы мектеп салынып баштаган. Ага чейин балдар айылдагы молдодон тек гана Куран-и-Керимди окууну арап тилиндеүйрөнүп келишкен. Аксакалдары Кыргыз Өкмөтүнүн мугалимдерди жиберүүсүн өтүнгөн. Бул өтүнүч кийинки жолугушууда чечилери айтылып Кыргызстандан барган өкүлдөр тарабынан өкмөт жөнөткөн гуманитардык жардамдар менен бирге өлкөбүз тууралуу ар кандай маалымат каражаттары тапшырылган. Жолугушууда Абдурашид хан Кыргыз өкмөтүнө бүт ооганстандык кыргыздардын атынан ыраазычылыгын билдирген. Мындай иш чаралар алар менен менен болгон карым-катнашыбыздын кайрадан жанданышынын башталышы гана…

Тынчтыкбек Досмуратов,
tynchtykbek@mail.ru,
“Кыргызым” Интернет-журналынан алынды

 

Оогандык кыргыздардын сүрөттөрүн бул жерден көрсөңөр болот.

Соц тармактар:

Добавить комментарий