Вардан Айгекц

(12-13-кк.)

Улуу армян тамсилчиси, даватчы (проповедник) 12-13-кылымдарда жашаган. Туулган жана өлгөн жылы белгисиз. Сирияда жарык дүйнөгө келгени маалым. Бир канча убакыт Айгекте (Киликия) жашаган. Өз сөздөрүндө тамсил-жомокторду колдонгон. Кийин аларды бир китепке топтогон. Анын иши уланткандар 17-кылымга чейин бул китепти өзүлөрүнүн тамсил-жомоктору менен толуктап келишкен. Ушинтип 500дөн ашык тамсилдерди камтыган “Вардан жыйнагы” жаралган. Кол жазманын бир бөлүгү биздин заманга чейин “Түлкүнүн китеби” деген аталышта жетип, бул китеп биринчи жолу 1668-жылы Амстердамда китеп түрүндө басылган.

Вардан Айгекцтин «Бир тамчы бал» аттуу чыгармасын 19-кылымда жашап өткөн армян элинин белгилүү акыны Ованнес Туманян ыр менен иштеп чыгып баллада деп атаган. Орусчага аны В.Ходасевич которгон. Ошол котормодо кыргызчага акын-котормочу Кубанычбек Басылбеков которуп кыргыз окурмандарына жеткирүүгө аракет жасады.

 

СУУГА ЧӨГҮП БАРАТКАН ЭШЕК
Акактап, каны катып шордуу эшек
Алышка, суу ичүүгө барган дешет.

Кургурду бир оокумда  кырсык чалат.
Алышка тайгаланып түшүп калат.

Аракет жасаса да чөгө баштайт,
Корккондон – (кантсин анан) – заңдап таштайт.

Ошондо суу үстүнө заңы чыгат.
Эшектин аны көргөн жаны чыгат.

Тушуна келген кезде калкып заңы
Тилдептир байкуш эшек минтип аны:

— «Адепсиз, жеткен тентек, айтчы мага
Сүзгөндү ким үйрөттү суудан сага?

Ичимден чыга калып азыр эле
Мен чөксөм, калкып жаткан муну кара!»

ТӨӨ МЕНЕН ТҮЛКҮ
Төө менен түлкү дос болуп
Бирине бири катышты.
Бир күнү экөө сайрандап
Бир жакка бара жатышты.

Шар аккан сууга туш келип
Өтүүнү ойлоп турушту.
Биринчи сөзүн төө баштап
Кийирди мындай сунушту:

— «Сен туке, мында кое тур
Сууга мен а деп кирейин.
Агызып кетип жүрбөсүн
Тереңин анын билбейин!»

Эң эле суунун тереңи
Тизеге араң жетиптир.
Түлкүгө анда төө айтат:
«Артымдан ээрчип, сууга кир.

Терең деп сууну ойлосом
Тизеден эле турбайбы.
Менчилеп коркпой кире бер,
Жебестен бөөдө кур кайгы!»

Ушундай кыйын учурда
Сөз жокко төөнүн сөзүндөй.
Карабай туруп боюна
Баардыгын сезет өзүндөй.

КЕКИЛИК
Кекиликти, кылтагына илинген
Аңчы алып жатканында соём, — деп
Буюруп койгон олжосуна сүйүнүп,
Насип, даамга болушунча тоём, — деп
«Жанды соо кой! – Жалыныптыр кекилик, —
Колуңдамын, айтканыңдай болом! – деп
Коё берсең, кекиликти чогултуп
Каалашыңча айдап келип коём!» — деп.

А беркинин жаны жаман кашайып,
«Токто!» — дептир, түшүндүм мен сөзүңө.
Башкаларды айдап келип ажалга
Азаттыкты алгың келет өзүңө.
Сендей арам, нааданды мен жек көрөм,
Жанын сууруп, көрсөтөмүн көзүнө!»
Мууздап анан кекиликти жайлаптыр
Жини келип чыккынчынын сөзүнө.

ЭКИ КОРОЗ
Талашып эки короз чачкан жемди,
Мушташты, тырмактары тытты жерди.
Биринен бири өтүп, акырында
Бир короз атаандашын койбой жеңди.

Угам деп көргөндөрдөн мактоо кепти,
Таажысын жеңген короз селкилдетти.
Аңгыча көөдөнү жок мактанчаакты
Көктөгү бүркүт илип, алып кетти.

ЖӨРГӨМҮШ
Жөргөмүш өмүр бою желе тартып
Өзүнүн эптеп күнүн көрөт экен.
А бирок,  желени көп тарта берип
Кыйналып, ооруп жатып өлөт экен.
Тагдыры ошол болсо, кантет анан?
Айласыз анысына көнөт экен.

Шордуунун ишмерлигин өтө баалап,
Бир ойдон айта келсек сөздүн чынын
Ошончо талыкпастан иштеп жатып
Тапканы – торго түшкөн жалгыз чымын…
Эмгекчил кээ бир адам турмушунда
Көп иштеп, көргөнү аз, көбү – чыгым.

КЕДЕЙ МЕНЕН КАРЫШКЫР
Көңүлү суз, эшегинен айрылып,
Таппай жүдөп, жөө басканга кайгырып,
Кедей жүрсө, бир карышкыр алдынан
Чыга калып мындай дептир кайрылып:

«Жөө, темселеп кайда бара жатасың,
Эмнеликтен кайгы тузун татасың?»
«Эшегим жок!» — деди берки үшкүрүп,
Жашырбастан ичиндеги капасын.

Айтат бөрү: «Эшек эчак табылган,
Ойдо жокто өзү мага кабылган.
Сазга батып калган экен. Шордууну
Суурдум араң кайышкандан кабыргам.

Сууруп чыгып, ишти созуп, чойбодум,
Сенин кедей экениңди ойлодум.
Несин берет? — дедим дагы эшекти
Эмгегимдин акысы деп, — тойлодум!»

БАЛЫКПЫ ЖЕ МЫШЫКПЫ?
Бир кил балык алып келип базардан
Аялына эри айтты: — «Келгиче
Кууруп койгун, аткарайын бир ишти.
Уят болдум бүтүрө албай эмгиче».

Эри жокто келип калчуу тартынбай
Аялынын көңүлдөшү бар эле.
Бүгүн дагы ошол неме шып этип
Көнгөн Үйгө кирип келди шар эле.

Дасторконго болгон ашты жайнатып,
Чайын аял алып келди кайнатып.
Балык кууруп, алигини тойгузду
Сыйлап, ага эттүүсүнөн чайнатып.

Көп кармалбай, Үйгө эрте шашылып
Эри чарчап, келсе оокат ташынып.
«Балыгыңды жеп коюптур мышыгың» —
Деди аял болгон ишти жашырып

Берки болсо – билген неме көрүнөт,
Баарына же көзү жеткен бышыкпы?
Ченегендей, туура бир кил чыгыптыр
Таразага тартып көрсө мышыкты.

— «Айтчы, — дептир – колумдагы мышыкпы?
Мышык болсо, кайда кеткен балыгың?
Жо-ок, бул балык десең анда мышык жок,
Деги, айтчы мага иштин аныгын!»

Которгон Кубанычбек Басылбеков

Соц тармактар:

Добавить комментарий