Аалы Туткучев, төкмө акын: «Жолборстун жаткан жерине батынып күчүк бара албайт…»

Ата-бабаларыбыз эзелтеден бери өчүрбөй сактап келе жаткан аманат өнөрдү аркалап, ата-баба жолун улаган жаш төкмө акын Аалы Туткучевди кепке тарттык.

Казак акындары акыркы кездердеги айтыштарында кыргыз элинин намысына шек келтирген сөздөрдү көп айтышууда. Казак туугандардын бул жоругун кандай түшүнсөк болот?
Кайсы эл эмне жаныбарды багып, көп аралашып, бааласа, ошол жаныбардын мүнөзүн өзүнө сиңирип алат экен. Казак да, кыргыз да жылкы мүнөз эл. Арык болсо жылкы сыяктуу таскагы катуу чыкпай, үн катпай, башты жерге салып иштеп жүрө берет да, «жаман атка жал бүтсө жанына торсук байлатпайт» дегендей, бир аз семирип, байып алсак эле айланабызды карабай эле ай чапчып калмай адатыбыз бар. Бүгүнкү күндө казактар кыргыздарга караганда байыраак жашап жаткандыгына байланыштуу бардык жерде казактар кыргыздарды басынтып, өздөрүн көкөлөтүп сүйлөйт. Жөнөкөй эле мисал, казактын катардагы жөнөкөй эле бир жигити сүйлөсө, «Ой-бай, темирди тээп үзө турган жигиттерденбиз го» — деп ооз көптүрүп, өздөрүн көтөрө сүйлөйт. Акыркы кездерде казак туугандарыбыз ашыкча өздөрүн көкөлөтүп, бизди басынтууда. Бир жолу Турцияда фестиваль болуп Кыргызстандан мен, Казакстандын бир акыны барыптыр. Экөөбүз сүйлөшүп отуруп боз үй десең деле, ой ал биздики, кымыз десең деле ал да биздики дейт. Ооба баары силерден чыккан казактар бизден чыккан деп тамашалап басып кеткем. А чындыгында казак эли кыргыздан бөлүнүп чыккан. Муну эч ким тана албайт.

Казактар: «Биз улуу элбиз. Кыргыздын акындарынан биздин төкмөлөр улуу, залкар болгон» деген сөздөрдү да айтышат экен. Сиз буга кошуласызбы?
Тарыхка кайрылсак, кыргыздан чыккан Жөжө деген улуу төкмө акын болгон. Ал Казакстанга барып, жашап калган экен. Эки көзү сокур, бирок көкүрөгү көрөгөч акын болгон дешет. Ошол кишинин «Казактын 17 акыны бир көзүмө түтпөй койду» — деп айтканы бар. Анткени казактар Жөжөнү сокур деп көзүнө эле асыла берчү экен да. Дагы бир жолу Чүйдө белгилүү бир адамдын ашы өтүп, ашка казактардын Тезек төрөсү менен бирге Сүйүнбай деген ырчысы келиптир. Ошол кезде Сүйүнбайдын таланты оргуштап толуп турган кези дейт. Сүйүнбай ашта төккөндө кыргыздан эч ким батынып, айтышууга чыкпай койгондо Катаган деген ырчы чыгып жеңилип калган имиш. Бул казактардын тарыхты бурмалап айтканы. А чындыгында тарыхта да, адабиятта да Катаган деген төкмө болгон эмес. Эгер болгон болсо, бизге жок дегенде анын аты, ырлары жетмек. Кечээги Катаган эмес, тээ Жаныбек хандын тушунда ырдаган Токтогулдун ырлары жетип отурбайбы. Ырасында, Сүйүнбай деген акыны келип, биздин Арстанбек менен айтышканы бар. Ошондо да Сүйүнбай Арстанбектен жеңилүү ызасын тартып кетет экен. Казактар жөн эле өздөрүнүн идеологиясын, улуттук ар-намысын көтөрүү үчүн ушундай нерселерди чыгарып алган. Бул биринчи жагы. Экинчиси, казактардын акыны Жамбылдын токсон жылдыгында Алымкул, Калык, Осмонкулдар куттуктап барып калышат. 90 жылдык кечесин Москва уюштуруп атканына чиренип, Жамбыл биздин акындарды теңине албай, текеберленгенде чыдабай кеткен Калык атабыз:
Ак топчусун бүчүлөп,
Ак эшегин чүчүлөп,
Ала-Тоодо жүрчү элең,
Ар кимден сурап кичилеп.
Асырап койсо өкүмөт
Акмак чал,
Асманды карайт титиреп.
Көк эшегин чүчүлөп,
Көк топчусун бүчүлөп,
Көл жээгинде жүрчү элең
Көрүнгөндөн кичилеп.
Көтөрүп койсо өкмөт
Көкмээ чал,
Көктү тиктейт титиреп.»- деп ырдаган экен. Мунун өзү казак-кыргыз акындарынын ортосундагы деңгээлди көрсөтүп атат. Мына кечээ эле болгон окуяны алалы, Ырысбек Айдаралиев (Искендер Айдаралиевдин атасы — А.Т.) мамлекеттин орденин алып, аны куттуктап барган Тууганбай аталарыбыз Таластан ашуу ашып, Суусамыр аркылуу келатса, «айтыш болуп атат» деп казактар дүрбөп жатышыптыр. Ал кезде казак менен кыргыз Суусамырда чогуу жайлоого чыгышчу. Айтыш өнөрүнө кызыккан Тууганбай ата жакын барса, эки казак ортого кагазды коюп, кагаз шамалга учуп кетпесин деп, таш менен бастырып алып шатырата окуп эле ырдап атышат дейт. Ошондо Тууганбай ата:
» Эй, кагаздан акын окуйбу,
Мен казактан көрдүм кокуйду.
Кагаздан акын окуса,
Келгиле үчөөлөп чогуу окуйлу» — деп, экөөнү эки жакка качырып, ал жерди мен ээлеп алып ырдагам» деп калчу. Бул жерде да казак-кыргыздын деңгээли көрүнүп турат. Бүгүнкү күндө казактар жыйырма жылдан бери айтышты көтөрмөлөп, өнүктүрүп, бийик деңгээлге жеткирип алышты. Бирок баары бир түпкүлүгүндө, генинде, канында кыргызда улуулук, күчтүүлүк бар.

Сиздин казак акындарына жазган жообуңуз биздин гезитте бир топ катачылыктар менен кетип калыптыр. Ал үчүн кечирим сурайбыз. Топ акындардын арасынан жалгыз гана сиз жооп айттыңыз. Башкалар эмнеге үн каткан жок?
«Казак акындарына жооп» деген ырдын аудио варианты гана чыгып, тексти жарыяланбай калгандыктан улам, көп адамдар интернеттен угуп жазып, гезит бетине жарыялаптыр. Ошол себептен улам катачылыктар кетип калды окшойт. Түп нускасы сиздердин гезитке жарыялангандан бир топ башкачараак эле. Башка каталарына да мейли, пайгамбарыбыздын айткан хадистеринен келтирилген мисалдар туура эмес кетип калганы жаман болуптур. Ал эми сиздин суроо боюнча айтсам, ар кимдин көз карашы, пикири бар. Башка акындар туурасында эч нерсе дей албайм. Ит үрө берет, кербен жүрө берет десе керек да. Балким, мен туура эмес кылгандырмын. Учурунда эмоция менен ырдап жатып, көп сөздөрүмдү катуу айтып катачылык кетирип алыптырмын. Муну мойнума алам.

Талантты да таптоо, асыроо керек дейт. Сиз талантыңызды кантип таптайсыз?
Биздин талантты биз эмес, эл таптайт да. «Акындын университети дасторкондун чети» — деп Ашыралы атабыздын айтканы бар. Анын сыңары биздин талант элдин сүрөөнү менен тапталып, өркүндөйт.

Акыркы кездерде дасторкондун четинде да чогулбай калбадыңыздарбы?
Мурда тойлор үйдө өтчү эле, азыр кафелерде өтүп калбадыбы. Кафеде ар ким ар кандай кабыл калышат. Бири укса, бири укпай дегендей. Мен акындарды күлүк атка салыштырам. Күлүктөр күчкө толуп турган маалында эч жерде аламан байге болбой, эч жерде байгеге чабылбай жөн гана акырда байланып туруп карып кетет. Ошону менен ал күлүктүн күнү бүтөт. Ошол сыяктуу эле бүгүнкү акындардын толуп турган учурунда аламан байге жок, акындарыбыз төгүлө албай кысылып, эркин төгө албагандан кийин эркин чуркай албаган күлүктөй кайран жаштыгын, күчүн убактысын уттуруп жатат.

Филармониядан чыгып кетүүңүздүн себебин билсек болобу?
Кыргызда: «Жолборстун жаткан жерине батынып күчүк бара албайт»- деген жакшы сөз бар эмеспи. Ал жакта чоң жолборстор, залкарлар иштеп жатышат. Ар ким өз ишинин майын чыгарсын дейт, мен дагы колумдан келбеген ишке тырмышпай, өз ишимди кылайын деп чыгып кеттим.

«Эл ырчысы Эстебес» тобун жетектөөчү эмес белеңиз. Учурда топту ким жетектөөдө?
Менимче, ал топ жоюлат болуш керек. Азырынча эч ким жетекчилик кылган жок.

Топту жетектөөнү сизге Тууганбай ата таштап кеткен экен. Ал кишинин керээзин аткара албай калдым деп ойлобойсузбу?
«Ааламдын эли каршы болсо болсун, бирок Кудай ыраазы болсо болду»- деген сөз бар. Кудайга шүгүр, Тууганбай атанын тапшырмасын жогорку деңгээлде аткара алдым. Мурда филармониянын концерттерине эл көп деле келчү эмес. Биринчи концертибизди такыр башка стилде бердик. Зал толду. Экинчи концертте 80дей киши батпай калды. Бул эң жогорку көрсөткүч. Эң негизгиси, менин жан үрөп иштегенимди Жараткан, мага ишенип таштап кеткен Тууганбай атанын, устатыбыз Эстебес атанын руху билсе болду. Калган нерселерге таарынгандар мага эмес, башкаларга таарына берсин.

Эстебес атабыздын көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок экен. 4-майда өткөн концертинен сизди көрө албадык го…
Филармония деген биз үчүн бийик, ыйык жай. Ал жерге Осмонкул, Алымкул сыяктуу не деген залкар аталарыбыздын таманы тийген жер. Чыгармачыл адамдардын эңсеп иштегиси келген жай. Филармонияны чанганымдан улам кетип калган жокмун. Баарыбыздын каалап иштегибиз келген жер. Эстебес атабыздын 80 жылдык элесине арналган концертте ырдабай калганым өкүнүчтүү. Бирок бул концерт Филармониянын планын толтуруу максатында өткөрүлүп жаткандыктан, биз ал жакта иштебегендиктен, концертке катыша алган жокпуз. Мени сахнадан эч ким көргөн жок. Бирок элдин арасынан көрдү го дейм. Башка концерттерге барбасак да, өзүбүздүн жамааттын концертине барып, Жеңишбек экөөбүз көрүп келдик.

Филармониянын интригасы сиздин кетүүңүзгө түрткү болгон жокпу?
Бул туурасында мен эч нерсе айтпай эле коеюн. «Ичкен кудугуңа түкүрбө» дейт. Филармония кандай болсо да мен үчүн ыйык. Мен ал жерди жакшы көрөм. Демек, жакшы жерде жакшы адамдар иштесе керек. Балким, мен жамандыгымдан улам ал жерден чыгып кетсем керек. Турмушта көп нерседен коркпойм. Жалгыз гана Кудайдан корком. Кээ бир адамдардын Кудайдан коркпой калпты чындай айтып, артыңдан сөз ээрчиткенин көрүп абдан кейидим.

Сизди кызуу кандуу, курч дешет…
Жок, сахнада ырымда курчмун, бирок жашоомдо мококмун. Бир үйдүн жалгыз эрке баласы болгондуктанбы, турмушта аябай эле мококмун. Жашоомдо өткүр болбой калганыма өкүнөм.

Маектешкен Жаркынай Кадыркулова, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 06.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Аалы Туткучев, төкмө акын: «Жолборстун жаткан жерине батынып күчүк бара албайт…»: 1 комментарий

  • 12.05.2011 в 10:47
    Permalink

    Аалы ага
    Сиздей кыргыздын намыска жаралган уулу бар экенине сыймыктанабыз! Аман болунуз. Эн негизгиси Аллахым ыраазы болсун сизге. Амин!

    Ответ

Добавить комментарий