Америкада окулган кыргыз ырлары, Гейша керемети жана Элла Майяр

Адабиятта өз казанында кайнай берүү анын өнүгүүсүн токтотот. Өз казанында кайнаган акын, жазуучу же улуттук адабият бара-бара куурайт. Андыктан биз бул жолу учурдагы котормочулардан кабар алалы дедик.

Мукан АСАНАЛИЕВ, котормочу, Алыкул Осмонов сыйлыгынын лауреаты:
«Кыргыз ырлары Аризона штатында окулат»

Мукан мырза, сиз котормочулук менен канча жылдан бери алектенип келесиз?
Мен 1972-жылдан бери котормочулук кылып келем. Негизги кесибим англис тили мугалими. Университеттен чет тилдер факультетин аяктагам. Аскерде жүргөндө да котормочулук курсун бүткөм. Өзүм чыгармачылыкка аралашып жүргөндүктөн дүйнөлүк акын-жазуучулардын чыгармаларын түп нускада окуп, биринчи жолу түпкү теги армян бирок кийин америкалык жазуучу катары чыккан Уильям Сарояндын кыска аңгемелерин окуп, ушунчалык кызыгып аны которо баштагам. Андан кийин Байронду, Шекспирди окуп, көбүнчө Байрондун лирикалык ырларына арбалып, ошондон бери анын ырларын которуу менен алектенип келатам. Башында котормолорумдун көпчүлүгү гезит-журналдарга чыгып жүрдү. Биринчи котормом Байдылда Сарногоевдин баш сөзү менен жарыяланганына сыймыктанам. 2009-жылы XIX кылымда жашаган Байрон, Блек, Шелли, Китс баштаган 12 англис акынын кыргызчага которуп, «Британия кайрыктары» деген ыр китепти басмадан чыгардым. Ал эми 2010-жылы кыргыз акындарынын ичинен улуу, орто жана кичүү муундарынан турган 78 акындын бир-экиден, кээ бирөөсүнүн беш-алтыдан ырларын англис тилине которуп китеп кылып чыгардым.

Ал китептерге окурмандардын көз карашы кандай болду?
Арийне, англис тилине которулган кыргыз акындарынын ырларынан турган китепке кызыгуу жакшы болуп атат. Бул жерден аталган китеп болгону 2000 тираж менен жарык көргөн. Эми ал АКШнын Аризона штатында кайра басылмак болуп туру.

Алардын кыргыз акындарына кандай муктаждыгы бар экен?
Ар бир улуттун поэзиясы дүйнөлүк окуу жайлардын китепканасы үчүн керек экен. АКШнын Аризона штатындагы университет бул китепти кайра бастырып чыгууга менден уруксат сурап кат жазышты. Алар китепти окуу жайлардын суроосу боюнча кайра бастырып, таратышат экен.

Котормонун сапаты тууралуу эмне дейсиз? Дегеним, негизи котормодо башка тилден эне тилге которуу жеңил болсо керек эле, ал эми сиз эне тилден башка тилге которуп жатасыз…
Мен бул китепти которуп бүткөндөн кийин аны өз алдымча эле чыгарып ийгеним жок. Анын алгачкы көчүрмөсүн элчиликтер аркылуу Америкага, Англияга жөнөтүп, тийиштүү адистерге бир сыйра текшертип алгандан кийин гана басууга бердим. Мен деле эртеңки күнү уят болуп калгым келбейт. Сиз айткандай, чын эле поэзияны керек болсо өз тилиңе которгондо да ката кетип калат эмеспи. Андыктан бөлөк тилге которууда аябай сак болуп, тийиштүү адамдар менен иш алып барган жакшы.

Англисче «сүйлөгөн» кыргыз акындарынын китебин басууга кеткен каражатты ким көтөрдү?
Чындыгында өзүбүздөн чыккан китепке каражат оңой табылды. Бул жагынан мага патент кызматы жардам берди. Ошондой эле жөнөкөй эле жеке ишкер Чолпон Нуржанова деген кыргыздын кызы да демөөрчүлүк кылды. Алардын кыргыз акындарын англис тилиндеги окурмандар да окусун деген мекенчилдик сезимдерине таазим этем.

Сиз тууралуу жазуучулар арасында «Мукан жашында мыкты акын эле, бирок кийинчерээк ыр жазбай койгон» дешет. Анын себеби эмне? Же жалаң котормо менен алектенейин дедиңизби?
Дүйнөлүк адабият өкүлдөрүн окугандан кийин ыр жазгандан уялып калдым.

Алдыда кандай пландарыңыз бар?
Өзүмдүн мурун жазып жүргөн ырларымды орус, англис, кыргыз тилинде кылып чыгарсамбы деп жүрөм. Андан сырткары учурда кыргыздын мыкты делген 21 акындын ырларын орус, кыргыз, англис тилине чыгаруу боюнча иштеп жатам. Анын ичинде сен да барсың.

Жыпариза ЖӨКҮШЕВА, котормочу:
«Гейша деген сойку эмес»
Жакында Жанызак@басмадан батыш автору Артур Голдендин кыргызча которулган «Гейшанын эскермелери» аттуу романы жарык көрдү. Аны Жыпариза Жөкүшева которгон. Окурмандар арасында бул эмгекти Жаныбек Жанызак өзү эле которуп, китепке башка бирөөнүн атын коюп койгон го деп жүргөндөр бар. Андыктан биз Жыпариза ЖӨКҮШЕВАны таап, адабий чөйрөгө анчалык тааныш эмес котормочунун жөн-жайын уктук.

Жыпар айым, алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз, негизги кесибиңиз эмне?
Мен Ишеналы Арабаев атындагы университеттин чет тилдер факультетин бүткөм. Кесибим англис тили мугалими.

Буга чейин котормочулук менен алектенип жүрдүңүз беле?
Алгачкы жолу Адам Джексондун «Сүйүүнүн он сыры» деген чыгармасын которгом. Ошол эле автордун «Байлыктын сыры» деген эмгегин да котордум. Андан кийин Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романын орусчадан кыргызчага котордук, ал «Бийиктик» басмаканасы чыгарган Айтматовдун сегиз томдугуна кирди. Котордук дегеним, бул чыгарманы апам экөөбүз биргелешип которгонбуз. Чындыгында мага ушул «Тоолор кулаганда» романын которуу ишимди андан ары улантууга шык берди. Анткени улуу жазуучубуздун бул чыгармасын үч калемгер которуп, алардын ичинен биздин вариант «Бийиктик» басмасынын жетекчиси Жумадин Кадыровдун баасы боюнча сегиз томдукка кирип калды. Биз чындыгында мындай болушун күткөн эмеспиз. Тажрыйбабыз аз, андыктан эмгегибиз текке кетет го деп жүргөнбүз. Бирок бактыга жараша андай болгон жок. Албетте сын пикирлерди уктук. Экинчиден, мени билгендердин сенин котормочулук потенциалың бар, ушул ишти аркала дегенине көнүп, мугалимдик кесибимди таштап котормочулукка ык коюп кеттим.

«Гейшанын эскермелерин» которууга эмне түрткү болду?
Жаныбек Жанызак байке менен таанышып калып, ал менден ушул чыгарманы которуп көрбөйсүңбү деп суранып калды. Өзү бул романды которуп баштап, бир главасын бүткөндөн кийин таштап коюптур. Окусам роман мага жакты. Мени япондордун илимий-техникалык жактан өнүккөн өлкө болсо да өз маданиятын, байыртан келаткан салт-санааларын жоготпой жүрүшкөнү кызыктырды.

Чыгармада эмне жөнүндө сөз болот?
Ал жерде жакыр балыкчынын кызынын жаш чагында көргөн кордугу, жетим калышы, бирөөлөрдүн аракети менен чоң шаарга келиши, ошентип жүрүп япон мамлекетинин эң мыкты гейшаларынын бирине айланышы баяндалат.

Эми гейша деген сөз сойку деген сөз да, туурабы?
Чындыгында гейша десе эле элдин баары бузулган аялды элестетишет. Бирок мен чыгарманы которуп жатып алардын жөн сойкуларга окшобогон өзүнчө маданияты бар экенине күбө болдум. Себеби япондор бул катмарды атайын тарбиялайт экен. Эң башкысы алардын акыл чөйчөгү толук болору талап кылынат тура. Ошол эле учурда эркектин көңүлүн таба билүү өнөрүн үйрөнүшөт. Андыктан мен бул китепти эл кызыгып окушат го деп которууга бел байладым.

Негизинен сиз азыр окурмандар талап кылган чыгармаларды гана которот экенсиз да…
Адам Джексондун «Сүйүүнүн сыры» китебин жаштар кызыгат го деп которгом. Андан кийин окурмандардан, арийне жаштардан ошол эле Адам Джексондун «Байуунун он сыры» деген эмгегин которуп берсеңер деген сунуш түштү. Ушундан улам аны да котордум. Бирок ал китеп каражаттын аздыгына байланыштуу аз эле нуска менен чыгып калды. Буюрса аны жакында көбөйтөбүз.

Жогорудагы китептерди кайсы тилден кыргыз тилине котордуңуз?
Адам Джексондун китептерин интернеттен таап алып, англис тилинен кыргызчага которгом. Ал эми «Гейшанын эскермелерин» орус тилинен кыргызчаладым.

Кыргызстандын 1932-жылын көргүң келеби?
Кечээ жакында швейцариялык журналист жана саякатчы Элла Майярдын «Теңир-Тоодон Кызыл-Кумга» деп аталган китеби французчадан кыргызча которулуп жарык көрдү. Элла Майяр 1932-жылы Борбор Азияга келип, Кыргызстанды ат менен кыдырып Пишпек, Токмок, Каракол аркылуу өтүп, Теңир-Тоого чейин жетет. Кийин андагы жашоо-шартты сүрөттөгөн, көчмөн элдин отурукташа баштаган учуру тууралуу чогулткан маалыматын тизмектеп «Түркестан соло» деп аталган китеп жазып, ал 1943-жылы биринчи жолу Парижден француз тилинде жарык көрүп, элге тараары менен бүтүндөй Европанын кызыгуусун туудуруп, кийин да бир нече жолу басылып чыккан.

Бул китеп француз тилинен түз кыргызчага которулган. Французчадан кыргызчага которгон Нуралы Турганбаев, жардамчысы француз атуулу Жереми Канталуба, кыргызчасынын редактору Олжобай Шакир. Китептин кыргыз тилине которулушу жана басылып чыгарылышы кызматташтык боюнча швейцариялык бюро тарабынан ишке ашкан.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Жаңы Агым» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 06.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий