Бакирдин Алиев, КРнын Эл артисти: «Кожомкул балбандын кубаттуу сөздөрү дале көңүлүмдө…»

Бүт өмүрүн, жакшы-жаман күндөрүн театрга арнаган таланттар бар. Өз адистигинин анык профессионалдары абдан жөнөкөй, интеллектуалдык деңгээли бийик келет. Балким, ошол себептүү, алар алдыга озунуп, өзүлөрүн көрсөткүлөрү келбесе керек. Алар туурасында кайра-кайра жазуу да аздык кылаар…

Бакирдин ага, жердигиңиз айтылуу Суусамырдан экенин угуп калабыз. Касиети бийик жердин абасынан жутуп, кымызынан ичип чоңойдуңуз да. Карапайым сары тоголок бала келечекте искусствого бакандай салым кошкон бараандуу өнөр адамы болоорун анда аңдабаса керек?..
Ырас, баалуу жылдар көзгө илээшпей, мезгилдин шары менен токтолбой өтө берет тура. Жайкалган жашыл төрлүү Суусамырда менин балалык баео издерим, коңгуроодой шаңгыр эткен таза күлкүлөрүм калды. Жаштыгым, жакшы күндөрүм күнү бүгүнкүдөй көз алдымда тартылып турат. Сагынам, кырчын курагымды. Көпчүлүктүн көөнүн бурдурган Суусамыр өрөөнүндөгү даңазалуу алп балбан — Кожомкулдун айылында туулуп-өстүм. Менимче, талантымдын көрөңгөсү да дал ушул касиети мол ажайып айылдан жаралып, уядан канат керген балапандай тээ алыстарга учуума өбөлгө болгондур.

Кичи Мекенимдин керемети укмуш эле. Айланада көзгө сүйкүм жашыл тулаң өзүнчө жайкалат. Абасы жарпың жазып, жөн эле жан сергитет. Мындай таза абаны эч бир жерден кезиктире алганым жок. А сууларычы… Көкө-Мерендин дал өзү. Аяр шаңгырап, жакшылыктын жарчысындай нечен кылым карытып, агып келет. Ал музыканын ыргагындай өзүнчө жагымдуу. Тарыхы да бай… «Тоолордо тоодой өмүр бар» демекчи, айылды скульптор кол менен жасап койгондой тегерете тоолор курчаган. Аскалары жайдын толуп турган күнүндө да ак мөңгүгө оролгон. Ал тоонун көркөмүн ого бетер арттырып, ага суктанаарлык боек кошуп тургансыйт. Тоо карагаты, ышкын, анан жайнаган кызыл гүлдөр көз жоосун алат. Берекелүү кең талаа. Бардарчылыктын, ырыскынын, башкысы, берешен кең пейилдиктин жышаанындай сезилет. Дегеле, Жараткан бул жерге табият кооздугун аянбай берген окшобойбу. Кай тарабына караба, ашыкча эч нерсени көрө албайсың. Баардыгы бири экинчисине төп келип, тимеле күн нурундай жаркырайт. Ушундай асыл дүйнө оюн-күлкүгө тойбой турган мезгилимде мени алга сүрөп, чыгармачылыктын алгачкы үрөнүн жан дүйнөмө сепсе керек. Баёо мезгилим дале көңүлдө жашайт. Ал менин азыркы кыялым, ой-туюмумдан кетпей турган баа жеткис кымбат күндөрүм боло турган…

Алп балбандын айылынан болсоңуз, Кожомкулду да көрүп, сөздөрүн угуп калсаңыз керек?
Көрбөй анан… Анда биз бала элек да. Ушул бүгүнкүдөй жаркырап турган май айы эле. Күрдөөлдүү эмгек күнүнө карата Суусамыр айылында концерт бере турган болдук. Мен комуз чертип, ырдап калчумун. Нагыз талант ээси Жумамүдүн Шералиевдин «Сулуу кыз» деген ырын Жаңыл аттуу кыз экөөбүз келиштире бир созолонттук. Кадимки Кожомкул балбан да алдыңкы катарда концерт көрүп олтурган эле. Биздин номер аяктаганда баары көпкө дуулдата кол чаап турушту. Жумакемдин обондоруна кайдыгер кароо мүмкүн эмес эле да. Ошондо Кожокем адаттагыдай салмактуу басыгы менен жаныма келди. Толкунданып, кубануудан улам кызара түшкөн жүзүмө аяр тигилип: «Сен кимдин уулу болосуң?» дейт. «Аалынын…» дедим уялыңкырап, ары сыймыктуу. Кожокемдин бүркүт кабагы, коюу каштары өзгөрүлүп, олуттуу көздөрү мени сүйкүм менен карады. «Оо-о-о! Аалыкемдин анык азаматы турбайсыңбы. Атага тең уул, керек болсо атадан артык уул бол, кагылайын. Өркөнүң өссүн!» деп жакшы тилегин билдирди. Анан чөнтөгүнөн көк кагазды сууруп чыкты. Элүү сомдук акча экен. Колума карматып жатып, Кожокем муну айтты: «Мегой, уулум! Арзыбаган белегим болсун. Өнөрүң менен көңүлүмдү кубанттың го!» Абдан сүйүндүм. Айылдын кадырлуу, даңазалуу адамынан жылуу пикир укканыма жетине албай турдум. Өнөр сапарында бул менин алгачкы ирет алган баалуу белегим боло турган.

Кай бирде Кожокем атам менен кобурашканы үйгө келип калчу. Алар көпкө аңгемелешип олтурушаар эле. Балбанга Жараткан бир гана кара күч бербестен, акыл көрөңгөсүнүн бийиктигин да ыроолоптур. Мен алардан нарк-нусканын көп түрдүүлүгүн уга алчумун. Ал кишинин адамгерчилиги жогору эле. Кээде колуна комуз алып, мен үчүн белгисиз болгон кайсы бир күүлөрдү өтө көлөмдүү, шадылуу колдору менен чертип олтурганын көрчүмүн. Сүрөтүн деле көргөн чыгаарсың. Ал киши калдайып, абдан чоң болчу. Ага жараша дүйнөсү да кең, кирсиз экендигин баамдоо кыйын эмес эле. Улуу инсан катары тарыхта калды. Балбандын баскан издери унутулгус. Мына, ушундай өрнөктүү өмүр кандай сыймыктуу!

Демек, Кожомкул балбандан алган «сыйлыгыңыз», кубаттоо сөздөр сизди күлүк аттай тапталтып, искусствого болгон кызыгууңузду арттырса керек?
Башкысы, дарамет, данек болушу кажет. Ансыз бутуна «жем» түшүп кеткен күлүктөй чуркай да албайсың. Экинчи жагы, ырас эле жакшы сөз адамды жөлөп-таяйт, алдыга карай ишенимдүү түрдө кадам таштоосуна түрткү берет.

Чыгармачылыкты түшүнүп, ага аяр мамиле жасап, ар тараптан аздектеген адамдар өнөрпоздорго стимул боло алышат.

Өспүрүм кезиңиздеги чогуу жүргөн жолдошторуңуз эсиңиздеби?
(Ойлонуп…) Ооба. Бакубат көз ирмемдерди тартуулаган ал учур эгерим эстен кетпес… Авазбек, Кеңешбек аттуу жолдош балдар боло турган. Биз Суусамырдын кең төрүн аралап, чогуу ойноп-күлүп жүрчү элек. Балалык таттуу тилек-кыялдарыбызды бири-бирибизге айтышып, нечен жолу сыр чечиштик. Өспүрүм ойноок мүнөздөр менен татына кыздарга арзуу ырларын арнап, кат да жаздык. Айтор, табият кооздугун жан дүйнөбүзгө сиңирип, керемет күндөрдүн тоомун өткөрдүк. Баардыгы көз алдымда калды. Кайра-кайра эстейм. Куса болом. Кадимкидей сагынам ал кезди…

1950-жылы сизге тагдыр жылмаюу менен карап, өнөр жолунун баштапкы эшигин ачып бергенин уктук эле?
Дал ошондой. Буйрук тура. Ошол жылы Ташкент шаарындагы Н. Островский атындагы театралдык институттан билим алууга мүмкүнчүлүк алдым. Жыйынтыгы, Театр жана кино бөлүмүнүн актердук адистигин аяктагам.

Эмгек жолумду Жалал-Абад облустук Т. Сатылганов атындагы драма театрынан баштадым. Кийинчерээк 1963-жылы Нарын музыкалуу драма театрына которулуп келгем. Мына ушул куттуу жерде кырк жылча иштеп калдым.

Ал кезде «Нарын жылдыздары» деген ат менен сиз өңдүү бир топ таланттар дүңгүрөп чыгып, Нарын театрын өзүнчө бир кооз гүлбакчага айландырып, көрктөндүргөнүн айтышат…
Калетсиз кеп. Нарын театрында эмне деген корифейлер эмгектенген жок. Алардын ар биринин бүтүндөй турган турпатынан эле таланттын жаркыраган учкундарын көрүүгө болоор эле. Биз көп ирет чыгармачылыктын көңүл сергиткен баалуу мүнөттөрүнө күбө болдук. Ошол эле учурда анын уюлгуган туманга чулганган бүркөлгөн күнүнө да, ызгаар аралашкан бороон-чапкынына да кабылдык. Моюбадык. Көз ачырбай нөшөрлөгөн жамгыр эртең эле басылаарын, топтолушкан булуттар таркап, күн да өз мезгилинде ачылаарын билчүбүз. Биз анда эртеңкибизге, келечегибизге ишеним менен караар элек. Ага негиз да бар болчу. «Өткөн мезгил» деп аны байкоос албай, кол шилтегенибиз менен Советтик система бизди мына ушул эгемен, эркин жашоо нугуна алып келди го…Түпкүлүгүбүздү унутуп, чийип салуу мүмкүн эмес. Ал доордун жакшы жактарын уратпай, сактап калсак, азыркыдай башаламан жашоо болмок эмес.

Бакирдин ага, актерлуктан тышкары сиз адам психологиясын иликтөөгө алган философиясы терең пьесаларды жазган экенсиз. Акыйкатта да, драма жазуу абдан татаал процесс го?
Дилимде пьеса жазууга кызыкдар элем. Ыйык сахнада чыгармаларым коюлуп, көрүүчүлөрдү ойго салып, тарбиялап турушун каалоочумун. Бул оюмду жөн гана кыял катары калтыргым келбеди. Тилегим аткарылды. «Батышка көчкөн булуттар», «Тешкен тоо баяны», Адамдын азыткысы — адам» деген драмаларым сахналаштырылып, театр сүйүүчүлөрүнө тартууланды. Алар жаман болгон жок. Эмгектеримдин идеялык, мазмундук түшүнүгү жогору баага арзыды. Бул мен үчүн абдан маанилүү эле…

Нурзада ОСМОНОВА, “Айкын саясат” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 04.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий