Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата кыргыз басма сөзү тууралуу учкай кеп

Кыргыз эли дүйнө элдеринен айырмаланып эң байыркы элдерден экенибиз бүгүнкү күндө каада-салттарыбыздан, тилибизден, накыл сөздөрүбүздөн, кармаган ырым-жырымдарыбыздан, элдик оозеки чыгармачылыгыбыздан, тарыхыбыздан, дүйнө таанымыбыздан, эркиндикти сүйгөн дилибизден, рухий ички дүйнөбүздөн жана жашоодо жаратылыш менен айкалышкан мамилебизден даана байкалып турат. Тилибизди алып көрө турган болсок, кыргыздын нукура сөзүндө унутта калган канча деген түрк тилдин башын кошкон уңгу сөздөр кездешет. Ар бир сөздүн түпкү маанисинде окуяны же бир кубулушту камтыган негиз жатат.

Ал эми дүйнөдөгү канча жыл айтылбай катылып келген таш жазуулары, ырымдар кыргызга гана тиешелүү экенин эч ким тана албайт. Кечээ жакында эле айтып чыгышкан шумер жазууларынын кыргыз тилиндеги сөздөр менен окшоштугу кыргыздын байыркы түпкү эл экендигин дагы бир жолу бекемдейт. Кыргыз тилинин мамлекеттик статус алганына жыйырмадан ашык жыл өткөнүнө карабай, канча бир доорлорду башынан кечирген, сөз касиети күчтүү эне тил мамлекеттик деңгээлге чыга албагандай көрүнөт. Мамлекеттик тил — бул бийлик органдары үчүн мамлекеттик иш, ал эми карапайым эл, кыргыздар үчүн эне тил, өзүбүздүн эле сүйлөп, ырдап, окуп жана жазып жаткан тил. Демек, эне тилибизде ар дайым сүйлөө жана иш кагаздарын алып баруу — тилди мамлекеттик деңгээлге көтөрүү дегендик. Кыргыз тили Кыргыз Республикасында гана сүйлөнүүчү мамлекеттик тил. Бөтөн эл, бөтөн жерде кыргыз тилинде бизди эч ким сүйлөтпөйт.

Мамлекеттик тил — улуттун рухун, жалпы маданиятын түзүүчү материалдык негиз. Улуттук маданиятты, улуттук рух дөөлөттөрдү өнүктүргөн жана тарыхыбызды сактаган мамлекеттик тил — кыргыз тилин чын дили менен сүйүү, аны таза колдонуу ар бир кыргыз жарандын милдети деп ойлойм. Рухий байлык дегенибиз — бул адамдын асыл наркы, анын өзүнө гана тиешеси бар ички дүйнөсү. Рух адамга анын руханий ырыскысы катары берилет, анткени ал өзү менен кошо туулат. Адам рухун байытуу жана жакырлантуу эң биринчиден адамдын өзүнөн, экинчиден, аны курчап турган айлана-чөйрөгө байланыштуу болот. Советтик мезгилде кыргыз тили эч кандай эркиндик бетин көргөн эмес, эми эгемендүү болгондон бери адилетсиз башкаруучулардын кесепетинен кыргыз мамлекети өтө опурталдуу абалды башынан кечирди. Мындай учурда мамлекет тил маселелерин чечүү жагдайлары дагы да болсо, тушалгандай сезилет. Кандай гана оор абал болбосун, мамлекеттин, улуттун негизин түзгөн мамлекеттик тилди таза колдонууну унутпайлы. Эне тилибиз — улуттук жүзүбүз, өз алдынча эл экенибизди билгизген ыйык белгибиз. Кайдыгер мамилебизди чечкиндүү артка таштап эне тилибиз үчүн баарыбыз жапырт баш кошуп, жигердүү иштей турган мезгил эчак эле келип жеткен. Ошол мамлекеттин жүзүн көрсөткөн тилибиздин бүгүнкү күндө массалык маалымат каражаттарындагы абалы жөнүндө сөз баштасак.

Кыргыз элинде маалымат каражаттардын кызматын элдик оозеки чыгармачылык аткарып келгендиги баарыбызга маалым. Ар бир элдик оозеки чыгармачылыктын өкүлдөрү тилибизге астейдил сыпаа, кадырлап, таза колдонуп, бүт дити менен берилип сүйүү менен бирге аны аздектеп өнүктүрүп келген. Бүгүнкү маалымат каражаттары элибиздин бардык катмарын камтыйт, өлкөбүздүн учу кыйырына жетет. Мектеп окуучуларынан тартып жаш-кары дебей Кыргызстандын жашоочуларына кеңири маалымат жеткирилет. Ошол массалык маалымат каражаттарында берилип жаткан эне тил болобу, мамлекеттик тил болобу, кыргыз тил болобу акыры аягы барып өзүбүздүн тилибизге келип такалып жатабыз. Өз тилибиздин баркын, сапатын көтөрүү өзүбүздүн колубузда турат. Ошондуктан массалык маалымат каражаттары, өзгөчө гезиттерди айткым келип турат, эч кандай катасыз, туура, бардык орфографиялык эрежелерди камтыган, нукура кыргыз сөздөрүн сабаттуу колдонуу керек. Гезиттерибизде кыргыз тилинин орфографиялык жөнөкөй эрежелери сакталбаганы абдан өкүндүрөт. Мындай көрүнүш бардык массалык каражаттарында тилекке каршы арбын кездешет. Кийинки мезгилде басылып чыккан китептер дагы ушул көрүнүштөн алыс кете албайт. Маалымат каражаттарында кеткен каталар жумурай жалпы журтубузду адаштырууда. Китеп, журнал, гезит бетиндеги каталардын негизинде көптөгөн кызматчыларды, мектеп окуучуларын, жалпы окурмандарды сабатсыздык жолуна түрткөндөй сезилет. Далилдер менен көрсөтөлү;

«Кыргыз Руху» гезити 8-апрель 2011-ж. № 13 санын карап көрөлү. Биринчи эле бетинде Республикалык коомдук-саясый жана маданий гезит — деп берилет. Орфографиялык сөздүк боюнча саясий деп жазылат. Гезиттин бетинен көрүп алып көптөгөн жарандар саясий деген сөздү саясый деп колдонуп жүрүшсө керек. «Баалардын өсүшүнүн себептери» деген макалада болор деген сөз болоор деп туура эмес жазылган (5-бет). Кыргыз тилинде бардык этиш сөздөрүнө арсар өткөн чактын -ар мүчөсү уланып арсар өткөн чакты жасайт. Эгерде, аягы үндүү менен бүткөн сөздөргө -ар мүчөсү жалганса, эки үндүү катар айтылат жана жазылат. Эгерде сөздүн аягы үнсүз менен аяктаса, созулуп айтылат, бирок эрежеге ылайык жазылат. Мисалы: бол+ар=болор, кел+ар=келер, өт+ар=өтөр, айт+ар=айтар. Ал эми үндүү тыбыш менен аяктагандар: сүйлө+ар= сүйлөөр, сайра+ар+сайраар, ырда+ар=ырдаар ж.б. Ошол эле гезиттен кезиккен каталар: «Сотко алып барган сотка» макаласында (11-бет) калаар, чалынаар сөздөрүнүн ката жазылганын мисал кылса болот.

«Кыргыз туусу» гезити 8-апрель 2011-ж. № 26 (23514) санын карап көрөлү. Эң алгачкы эле бетинде «Ак үйдүн алдында тургузулучу эстеликтин макети», » Ата-Бейитке тургузулучу эстеликтин макети» деген темаларда орфографиялык эрежелердин сакталбаганы көрүнүп турат. Кыргыз тилинде этиш сөздөн зат атооч жасоочу — оочу, — уучу мүчөлөрү менен адат өткөн чактын -чу мүчөсү менен алмаштырбоо керек. Мисалы: жаз + оочу = жазуучу, айт + оочу = айтуучу, айда + оочу = айдоочу, ошондой эле тургузул+уучу= тургузулуучу болуш керек. «Ак үйдүн алдында тургузулуучу эстеликтин макети» , «Ата-Бейитке тургузулуучу эстеликтин макети» деп эрежеге ылайык жазылат. Ал эми адат өткөн чактын мүчөсү этиш сөздөрдөн этиш сөздөрдү жасайт. Мисалы: иштечү, басчу, кыймылдачу ж.б. Асан түнү менен иштечү. Биздин агай арыштап тез басчу д.у.с. Ошондой эле жогоруда айтылган каталар кездешет: көрсөтөөр эмес көрсөтөр («Сан ариптик баш катырмалар» макаласы 11-бет), угаарыбыз, билишээр эмес угарыбыз, билишер («Кыргызстан — Япония жаштарынын ортосундагы алтын көпүрө» макаласы 12-бет), баарыга эмес-баарына («Чубактын кунундай чубалган жер талаш» макаласы15-бет), алпарарына эмес алып барарына, тураар эмес турар («Дартка даба Ысык-Ата» макаласы 24-бет).

Саясатташпаган, таза «Кутбилим» гезити 25-апрель 2011-ж. №15 (10425) санын карадык. Коомдук гезитибизде дагы айрым орфографиялык каталар бар. Келишээр эмес келишер («Балдар оюну — коомдун күзгүсү», 2-бет), болоор элек эмес болор элек («Ак тилектин мектеби», 2-бет), копировкалоочу деген сөз которулуш керек эле. Көрөөр, алаар эмес көрөр, алар («Үй-бүлө куруунун жети осуяты», 12-бет), ошондой эле баардык деген сөздү ар жерде ар кандай жазып жүрүшөт, орфографиялык сөздүктө бардык деп жазылат.

«Фабула» гезити 15-апрель 2011-ж. №22 санына көз жүгүрттүк. Бардык гезиттерде кеткен каталар мында да мүнөздүү көрүнүш. Саясый эмес саясий, билалбай эмес биле албай, болоор эмес болор ( «Парламенттин тараганы жакшыдыр ыя?» макаласы, 2-бет), деңгеелине эмес деңгээлине деп туура жазылат. Жамынышаар эмес жамынышар («Таарыныч ызасына баткандар клубу» макаласы, 4-бет), айтышаар эмес айтышар («Оюмду билдиргим келет» макаласы, 14-бет), ошондой эле 15- беттеги » Улуу Эмир Тимур империясы» аттуу тарых барактарынан алынган чыгармада өздүк ат атоочу сөздөр менен бирге кошулуп жазылган. Мисалы: Валиөз, келгендеөз, даөзүнүн деген сыяктуу сөздөр арбын кездешет. Эрежеге ылайык өздүк ат атоочу (өз) өз алдынча бөлөк жазылат, мындай одоно каталарга жол берилбейт.

«Эркин Тоо» гезити 15-апрель, №28 (2066) санына көз салалы. Орфографиялык каталар жок эмес. Алгачкы бетинде түзүлөөрү эмес түзүлөрү («Бажы биримдиги биринчи кезекте Кыргызстанга керек» макаланын кыска мазмунунан), чек ара жана чегара деп эки башка жазылып жүрөт («Борбордук Азиядагы коңшулаш мамлекеттердин ысык мамилесине кедергисин тийгизип жаткан эмне?» темасына жазылган ой-илик, 2-бет), алпарууга эмес алып барууга («Бажы биримдигинен башка жол жок», 2-бет), суранаарыбыз эмес суранарыбыз («Нааразы болсоң Нарынга бар», 2-бет), эсте калаарлык эмес эсте каларлык («Жаштыктын жалындаган жылдарында», 7-бет). Белгилей кетүүчү нерсе мында техникадан жана кокусунан кеткен каталар каралган жок, мында негизинен тилдин орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелеринин туура сакталышынын негизинде иликтөө жүрдү. Мында мамлекеттик жана өлкөбүздө кеңири таралган гезиттер каралды, ал эми башка жеке менчик гезиттер иликтөөгө кирген жок. Жеке менчик гезиттердеги каталардын деңгээли канчалык экенин жогорку мамлекеттик гезиттерден кеткен каталар менен салыштырып билсе болот.

Албетте, гезитке чыккан бул каталар бир гана макаланы жазган журналистке тиешелүү болбостон, бүтүндөй жамааттын чала сабаттуулугунан, жасаган ишине чын дили менен берилбеген, мамлекеттик тилге кайдыгер караган мамилесинен келип чыгууда. Жогоруда көрсөтүлгөн көңүл кош мамиле мындан ары улана берсе, эне тилибиздин мамлекеттик тил катары келечегине чоң коркунуч туулат. Мен гезиттердин ишин талдап, аларга сын пикир айтып беделин түшүрүү максатында эмес, болгону жалпы эл маалымат алган маалымат каражаттары сабаттуу иш алып барышса деген ойду айткым келет. Кыргыз тилиндеги сөздөрдүн айтылышы жана жазылышы орфографиялык, орфоэпиялык эрежелерге баш ийет. Бар болгону ошол эрежелерди сактап, тилди таза жана туура колдонуу ар бир кыргыздын моюнунда турган милдет деп ойлойм. Ал эми тил боюнча улуттук комиссия өзүнүн жардамын берүүгө даяр. Журналисттерге, кабарчыларга, гезит жамаатына атайын семинар уюштуруп, тилге тиешелүү маселелерди чечип, көмөктөшүү биздин жумуш. Андыктан, маалымат каражаттарында эмгектенген кесиптештерибиздин ишине чыгармачылык ийгилик каалап, мамлекеттик тил — эне тилибизге сабаттуу көз караш менен мамиле жасайт деген ишенич ой менен сөзүмдү аяктагым келет. Ал эми кийинки иликтөө кезегин кыргыз тилиндеги сөздөрдүн ар түрдүү аталыштарына, терминдерге (атоолорго) беребиз.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын адиси Р.Солтобаева,
“Фабула”
(“Кыргыз гезиттер айылы”), 06.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий