Улуттук кийимдердин баркы түшүп жатат

Кыргызстанда 1-9-май күндөрү улуттук кийимдер жумалыгы өтөт жана ал ар жылы өтүп туруучу салттуу жумалыкка айланат. Мындай демилгени «Ак Шумкар КУТ» жаштар коомдук бирикмеси, «Кебел» жаштар кыймылы жана «Ыйык Ата журт» коомдук фонду көтөрүп чыгышты. Алардын айтымында, иш-чаранын максаты – эл арасында, өзгөчө жаштар чөйрөсүндө кыргыздын улуттук кийимдерин даңазалоо жана аны кийип жүрүүгө үндөө. Аны менен катар улуттук кийимдердин экологиялык жактан тазалыгын, ыңгайлуулугун жана адамга жагымдуулугун түшүндүрүү.

«Учурда кыргыздын улуттук кийимдеринин сапатына, кадыр-баркына шек келтирген көрүнүш­төр орун алууда. Мисалы, чепкен жана башка кийимдер синтетика материалы менен тигилип, анын көрктүүлүгүнө, маанисине кайдыгер мамиле жасалууда. Орнаменттер дагы өтө көп салынып, анын түпкү маанисине терс таасирин тийгизүүдө. Мындай жагдайдан улам өлкөдө жана чет мамлекеттерде кыргыздын улуттук кийимдеринин кадыр-баркы түшүп жатат», – дейт дизайнер Айдай Асангулова.

Анын айтымында, жумалыкты Бишкек шаарындагы окутуу мекемелери дагы колдоп, атайын сынактарды өткөрүп, жаштардын улуттук кийимдерди кийип чыгуусуна шарт түзүп берсе жакшы болмок. “Анткени, улуттук кийимдерди даңазалоо 4-5 эле адамдын колуна келбейт. Ар бир жаранды улуттук кийимдерди сатып алууга чакырабыз. Ошондой эле, улуттук кийимдерди өндүрүүчүлөрдү, мода агент­тиктерин кийимдин сапаттуулугуна көңүл бөлүүсүнө үндөп, биздин демилгени колдоого чакырып кетет элек», – деп белгилейт А.Асангулова.

Демилгечи топтуп мүчөсү, Кубанычбек уулу Максат: “Америка бизге үлгү эмес”

Максат, айтсаңыз, улуттук кийимдердин жумалыгын өткөрүү идеясын эмнеден улам көтөрүп жатасыздар? Жакында эле калпак күнүн белгиледик эле…
– Жумалыкты өткөрүү демилгеси, дал ошол калпак күнүн белгилөөдөн улам жаралып калды десем болот. Себеп дегенде, сиздер деле байкаган чыгарсыздар, 5-март күнү көчөгө калпак кийип чыккандар аябай көп болду. Алар бири-бирин тааныбаса деле, кол алышып учурашып, майрамдары менен куттукташып жатышты. Мен ушундан улам, биздин улуттук баш кийимибиздин ынтымакка, биримдикке чакырган фактор экенине ынанып калдым. Анан бизде, жаштарда, эмне үчүн ушундай күндөр бир эле күн болуш керек деген ой пайда болуп, кыргыздын улуттук кийимдер жумалыгын өткөрүү демилгесин көтөрүп чыктык.

Эмне үчүн май айын тандап алдыңыздар?
– Биринчиден, 1-майдан 9-майга чейин 4 майрам бар. Бул күндөр аянтка келгендердин улуттук кийимдерди кийип чыгышына шылтоо болуп бериши мүмкүн. Экинчиден, май айы жеңил, көрктүү кийимдерди кийип чыгууга ыңгайлуу мезгил.

Бул демилгенин коомчулук арасынан колдоо табарына ишенесизби?
– Бир уламыш уктум эле. Токойдо бир кишини адилеттик эмес иш кылгандыгы үчүн отко кактап, кыйнап жатышса, бир чымчык оозуна тамчы суу ууртап келип, баягы кишинин үстүнө тамчылатыптыр. Аны көргөн башка чымчыктар: “Тамчы сууң менен ушунча отту өчүрө алам деп жатасыңбы”, – деп шылдыңдаган экен. Анда суу ташыган чымчык: “Жок, мен болгону кайсы тарапта экенимди билдирип коёюн деп жатам”,-деген тура. Анын сыңары, ар бирибиз эмнени колдоорубузду билдирип, ага тырмактай болгон салымыбызды кошсок, менимче кемибейбиз дагы, кетилбейбиз дагы. Мен ушул учурдан пайдаланып, элди өзүбүздүн кийимдерибизди кийип, өзүбүздү таанып жүрүүгө чакырат элем. Анткени, өзөгү күчтүүнүн өсөөрү күчтүү. Биз башка элдерге жармашпайлы. Америка, Кытай же башка өлкөлөр бизге үлгү болуп бере албайт. Алардын маданияты, салт-санаасы такыр башка. Андыктан, келгиле, Кытайдын синтетика кийимдерин кийгенден көрө, өзүбүздүн таза жүндөн, пахтадан жасалган кийимдерибизди киели.

Азыр улуттук кийимдерибиз деле синтетикадан тигилип калды деп жатышпайбы?
– Ооба, анысы да болуп жатат. Ырас, азыр баарыбыз эле синтетика аралаш кийимдерди кийип жүрөбүз. Келгиле, жөнөкөй эле синтетика кийимдерди кийип жүргөндөн көрө, кыргыздын оймо-чиймеси, саймасы түшүрүлгөн синтетика кийимдерди киели. Эгер биз биринчи жанданып алсак, акырындан кийимдердин сапатына өтүп алсак болот.

“Кыял” кол-өнөрчүлөр өндүрүштүк бирикмесинин кызматкери Ишенбүбү АЛАМАНОВА: “Чепкен, кементай тигүүдөн бошобойбуз”
1980-жылдары биз жалаң эле калпактарды тикчүбүз. Союз урап, эгемендүүлүктү алгандан кийин улуттук кийимдерди кийүү бир аз жанданып тебетей, кементай, чепкендерди тиге баштаганбыз. Ал эми азыр ошол улуттук кийимдерди тигүүдөн бошобойбуз. Мен бардык кыргыз туугандарымды улуттук кийимдерди кийип жүрүүгө чакырат элем. Себеп дегенде, биз аны кийүү аркылуу өзүбүзгө сулуулук, жарашыктуулук тартуулай алсак, экинчи жагынан ден- соолугубузга пайда алып келе алабыз. Анын үстүнө биздин кийимдер ыңгайлуу дагы. Бүгүн биз кийип жүрсөк, эртең жаштар кийет. Жаштарга ылайыкталып тигилген көйнөктөрүбүз бар. Алар батыштыкына окшоп “ачык-чачык” эмес. Дегеле, кыргыздын кийиминде терең философия жатат. Биз ушул кийимдерибиз аркылуу жаштарыбызды ыйманга чакырсак болот.

Ал эми улуттук кийимдердин сапатына доо кетип жатышынын себеби, азыр өз алдынча цехтерди ачып, түрдүү материалдардан арзан товарларды өндүрүп сатып жаткандар толтура.

Ырчы, аткаруучу,  Сайра МОМУНБАЕВА: “Улуттук кийимдер унутта калбайт”
– Мурдагы жылдарга салыштырмалуу, акыркы кездерде улуттук кийимдерге болгон суроо-талаптар аябай жогору болууда. Айрыкча, биздин жаш эстрада жылдыздарыбыз сахнага улуттук форма менен чыгууга басым жасашууда. Алардын көбү мага кайрылышат. Мен алардын табитине жана капчыгына жараша жакшы костюмдарды тигип берүүгө аракеттенем. Мисалы, ырчылар бир кийимин бери дегенде эле 250-300 АКШ долларына тиктиришет. Жыл өткөн сайын материалдар, шурулар, кооз таштар кымбаттап жатат. Бирок, ошентсе дагы, кардарларыбыз көп.

Дагы бир жакшы жөрөлгө, акыркы мезгилдерде үйлөнүп жаткан жаш жубайларга (кызга да, балага да) тойдо кийүү үчүн костюмдарды көп тиктирип жатышат. Анын баасы, орус көйнөктөрүнө караганда алда канча кымбат. Мисалы, эң арзан дегени 10-15 миң сом. Бирок, көпчүлүк кыздар турмушка чыгарда кыргыздын көйнөгүн, шөкүлөсүн кийүүнү тандашууда. Андан сырткары, кыздын келин болуп баргандагы үйдөн кие турган көйнөгүн дагы илгеркидей чыптамасы менен тиктирип башташты. Менин оюмча, бул абдан жакшы көрүнүш. Эгерде биз ушул калыпта көч улай берсек, эч качан улуттук кийимдерибиз унутта калбайт жана баа-баркы кетпейт!

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”, Сүрөттөр автордуку, 09.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий