Алтынай Темирова: «Аялдык бакыт — аялдын жандүйнөсү менен эсептеше билген эркекте»

— Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыгыңыз бар?
2010 — жылы үчүнчү пьесам кыргыз драма театрынын сахнасына коюлду. «Сынык асман» деген бул пьесамдын каражат маселесинен улам бактысы качантан бери ачылбай жүргөн. Өткөн жылдын эсебинен эки котормону кошкондо жалпысынан беш пьесам сахналаштырылды. Биринчи пьесам менен драматургдардын конкурсунда Гран — Приге татыктуу болдум, калгандары да биринчи орунду ээлешип, айтор 2010 — жыл чыгармачылыгымдын жемиштүү жылдарынан болду. «Сынык асманды» Замир Сооронбаев аябай аракеттенип, жакшы койду. Аткарган актерлор дагы өз кесиптеринин чеберлери болгондуктан, көргөндүн бардыгы жеткиликтүү ачылыптыр деп айтып атышат. Башкы каарманды Марат Козукеев ойногон. Бул актер азыр бар тарабынан бүрдөп, чыгармачылыктын жеңишинде турган жигит. Пьеса жаштарга, дегеле көргөн ар бир адамга тарбиялык мааниси бар чыгарма деп айтсам жаңылышпасам керек.

— Чыгарма жаратаарда автор каармандарды ички элестөөдөн курап, облигин жаратып алат эмеспи, бирок ошол ички элестөөңүздөгү каармандарга сахнадагы каармандары төп келбей калган учурда ооруксунуп каласызбы?
Албетте, андайда жүрөгүм ооруйт. Ар бир пьеса сахналаштырарда ал үчүн санааркап, колдоп, ушул жакшы чыкса экен деген түйшөлүү болот. «Сынык асманды» коердо репетиция жасашып атканда көп барып аттым, кеңешимди берчү жерде берип, сыртынан көрүүчүнүн көз карашы менен карап көрдүм. Менин байкаганым, автор көңүлүнөн мамиле жасаса, актерлор да шыктанып ойношот экен. Айтор, бири бирибизге болгон ички түшүнүүчүлүк, колдоо жогорку деңгээлде болду. Драма спектакли деген биргелешкен чыгарма да. Автор жазса, режиссер сахналаштырып, актерлор аны тереңден ачып беришет. Бул жерде гармония болсо, жыйынтык дагы жакшы болот.

— Москвадагы Адибият институтунун бүтүрүүчүсү эмессизби, окууну аяктагандан кийин ошол жакта калып кетүү мүмкүнчүлүгү бар беле?
Ал жакта калып да, таптакыр эле башка мамлекетке кетип калсам деле болмок. Антүүгө мүмкүнчүлүк жетиштүү болчу. Бирок патриоттук сезим күчтүү болгон экен. Бизди окуткан окутуучулар «чыгармачыл адам өз мекенинде гана түптөлөт» деп айтышчу. Өз элиңдин тамыры менен тарап, жүрөгү менен кагылып, тарыхына, маданиятына кан — жаныңды берип чыкканда гана чыныгы чыгарма жаралат дешчү. Ошондой духта тарбиялангандыктан башка өлкөнү элестете албай Кыргызстанда гана жашашым керек, кыргызга гана күйөөгө тийишим керек, Кыргызстанда гана чыгармамды кыргыз тилинде жаратып чоң жазуучу — акын болушум керек деген сезим жүрөгүмө уюп калды да. Жаңы келгенде кыйналдым, биз окууну бүтүп келген жыл кайра куруу мезгилине туш болуп, жаңы кадр келди деп баштагыдай квартира бөлүп бере салчу союздун камкордугу жок, өз киндигибизди өзүбүз кескен катаал шартта калдык. Кыргыз кыздарынан Адабият институтун толугу менен беш жыл окуган экөөбүз экенбиз: Сагын Акматбекова, андан кийин он беш жылдан соң мен окудум. Баштагыдай чыгармачыл адамдарды көтөрмөлөп турган партия жок, бизден мурдагы жазуучу — акындар союздун камкордугуна алынып, китептери чыгып түптөлүп калышкан эле да, а мен болсо квартирадан квартирага көчүп, айлык да аз, жер алгандар менен кошо жер алып, ылай чылагандар менен кошо ылай чылап, түнү ырымды, драмамды жазып, күндүзү жан багуунун аракетин көрүп, жакшы эле чарпылдым. Бирок, деңгээлимди түшүрбөдүм. Союз убагы болгондо балким, көтөрмөлөнүп, ордумду эчак табат белем. Өзүбүздү өзүбүз эптеп, жашоонун бороону менен алышып жүргөндө чыгармачылыкты башка эмес, өзүбүз дагы бапестей албай калат экенбиз да.

— Кап, келбей эле Москвада калып кетсем болмок экен деген өкүнүч болду беле кыйналган учурларыңызда?
Москвада калганда өз элимди жандүйнөсүнөн, руханий жагынан тааный албай эл менен кошо кыйналып, эл баскан жолду бирге баспай чоочун адамдай сырттан карап калмакмын. Өз элим менен оор — кыйыш учурда чогуу болгонум, өрттөн — суудан өткөнүм, чыгармаларымдын нукура жандуу болуп жаралышына таасирин берди. Кайтып мекениме келгениме өкүнбөйм. Эми акырындан заман оңолуп келатат, ким билет балким убакыттын өтүшү менен чыгармачыл адамдарга болгон камкордук кайрылып келээр…

— Китептериңиз жарык көрүп атабы?
Көп адамдар айтышат, жолугуп калсак сурашат, качан китебиңди чыгарасың, бир томдугуңду чыгарып эле отура бересиңби, дешип. Бир эмес, эки томдугум даяр турат, каражат жок болсо кайдан чыгармак элем, деп коем.

— Сиз айткан 90 — жылдардан айырмаланып, бүгүнкү күндө чыгармачыл адамдарыбыз бир топ эле бир нукка түшүп калышты окшойт. Мамлекет камкордукка алышпаса да, өздөрүн өздөрү көтөрүп кетишти го дейм?
Же социалисттик, же капиталисттик доордо эмеспиз. Капиталисттик мамлекеттерде деле акын — жазуучулар жакшы колдоого алынат. Жазуучу беш жылда мындай китептерди чыгарашым керек деп планын көтөрүп барса, карап көрүшүп, жактырышса грант беришет экен, мына акча, беш жыл эч нерсеге алаксыбай, балдарым ачка калды, эртең эмне жейм деген санаа — түйшүккө кабылбай, тынч отуруп чыгармаңды жаз дешип. Бизде андай шарт жок. Мен айтат элем, биздин чыгармачыл адамдарыбыздын күндүз жашоонун камылгасын көрүп, түнү чыгармасын жазып өзүн өзү каржылап да, китептерин жарыкка чыгарып да келатканы биздин сыймыктанчу чоң эрдигибиз.

— Чыгармачыл дүйнөгөдө жашаган аялзаты жеке бактысын курууда бир топ кыйналып калаарлыгын жашоо өзү далилдеп берип жүрөт…
Жаш кезде сыртынан көрөсүң, сыртын жактырасың, ички дүйнөгө маани бербейсиң. Жашоодогу эң чоң жаңылыштыкты көзгө бийлик берүү менен жаратып алат экенбиз. Эркек аялдан кайсы тараптан болбосун бир сөөм болсо да жогору турса, керек учурда коюнуна катып коргоп алалса, учуру келсе катуураак айтып жемелөөнү да билсе, ошондо аял өзүнүн аялдыгын, алсыз, назиктигин сезет.

Аял качан гана өзүн алсыз анан назик экендигин сезгенде аялдык бакытка эгедер болот. Эгерде коргоочусу, колдоочусу жок болсо аял өзүн өзү коргой баштайт, өзүнө өзү таянат, ишенет. Билинбеген менен аялдын трагедиясы ушунда. А биздин, чыгармачыл аялдардын жандүйнөсү өтө эле сезимтал, морт келет эмеспи. Мен дагы биринчи турмушумдан бакыт табалган жокмун…

— Кеткен тарабыңызга кайрадан кайрылып көрүүгө аракет жасадыңыз беле?
Аялзатынын ичинен чечим чыгарып, чекит коюшуна жеткирбеш керек. Биздин чечим менен чекит өтө көп убакыт аралыгында коюлат, бирок бир коюлуп калса кайра артка жол жок. Акылдуу эркектер ушуну түшүнөт, аялдын ички дүйнөсүнүн бүтүмүнө жеткиришпейт.

— Бакыттын эрте — кечи жок эмеспи, аялдык бакытты таптыңызбы?
Жакшы адамга жолуктум. Мени түшүнгөн, колдогон адамга туш келгеним аялдык бакытым эмеспи. Ар бир эле эркектин кудурети аялды бактылуу кылууга жете бербейт…

— Бирок жакшы адамга жолукканга чейинки жолуңуз оор болсо керек. Бакыттын шарты бар эмеспи, мага жетүү үчүн биринчи сыноодон өт, эгер сыноодон өткүң келбесе, кийинчерээк төлөп берээрсиң, деген?
Көп кыйынчылыкты көрдүм. Негизи чыгармачыл адамдар турмушка ыңгайлашып жашай албайт экенбиз. Турмушту биз башка көз караш менен карап, башка жүрөк менен кабыл алабыз да ошонубуздан көп учурда сынып калабыз. Турмуш кайсы жагына айдаса ошол тарапты көздөй агып, эмнени тартууласа аны ала салууга шыгыбыз жок. Мен 50гө чыгып калдым, эми гана араң турмушка көзүм жете баштады. Бирок ошондо да акыл көбүнчө руханий дүйнөмдүн ылдыйында калып кетет. Заңгыраган үйүм болсо, анда отуруп алып жаза берсем деп ойлоносуң. Бирок ошого жулуна албайсың, кыял бойдон кала берет, а турмушта аны иш жүзүнө ашыруу үчүн ачкөздөнүүгө, жулунууга руханий дүйнөң жол бербейт.

— Сизди курчап турган сезимдерди, эргүүнү түшүндүрүп бере аласызбы?
Кооздукка суктанам. Кичинекей короо — жайымды гүлгө толтуруп, андан эргүү, тазалык, бийиктик алганды жактырам. Атам багбан болгондуктан чоң багыбыз болоор эле, бала чагымда таң эрте көзүмдү ачаарым менен бакка чуркачумун. Шүүдүрүм түшкөн чөптөрдү аралап, чуркап баратып, бир башкача сезимдерге кептелчүмүн. Алдыдагы күндөр кудум ушул шүүдүрүмдөй таза, чөптөрдөй, бактардай кооз болоордой туюлчу. Чыгармачыл адамдарды канча жыл болсо да ошондой сезимдер таштабайт экен, азыр да ошондогу жандүйнө менен жашайм.

— Анткен менен чыгармачыл адамдардын да арасында интрига деген нерсе арбын эле кездешет эмеспи?
Балким, ошондой пенделикке алдыргандар чыгармачыл дүйнөгө жаңылыш келип алышкандыр. А балким алардын жолу таптакыр башка жактадыр. Чыныгы чыгармачыл адам, чыныгы таланттуу, руханий байлыкка ээ адам эч убакта ачкөздүк, көралбастык менен оорубайт. Көралбастыкты жандүйнөсүнө каткан адам өмүр бою ошол сезими менен жашайт, жашоонун жакшы жагына аралаша албайт, бийиктикке жетишпейт.

— Кызыңыз да чыгармачыл адам болуп калыптандыбы?
«Уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат» да, кичинесинен менин ырларымды, жазгандарымды талашып окуй берчү. Акын болгон жок, бирок чыгармачыл чөйрөгө башка жагынан аралашты, режиссура тармагында билим алып атат.

— Буулугуп, жандүйнөңүз өзүңүзгө батпай атканда эмне кыласыз?
Буулукмай жаш кезде болчу. Жашоодо ары — бери кагылып, урунуп калгангабы андай нерсе мени таштаган. Көп нерсени көңүлдүн сыртынан кетирип, буулукпай эле тынч иштөөгө көнгөм.

Гүлмайрам Турусбекова, «Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.05.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Алтынай Темирова: «Аялдык бакыт — аялдын жандүйнөсү менен эсептеше билген эркекте»: 3 комментария

  • 22.11.2012 в 21:57
    Permalink

    Модераторлор, Сагын Ниязалиева дегенди — Сагын Акматбекова деп ондоп койгулачы, отунуч. Ката жазылып калыптыр.

    Ответ

Добавить комментарий