Чыңгыз Айтматов жана Камбаралы Бобулов

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын, прозачы жана адабий сынчы, коомдук ишмер Камбаралы Бобулов көзү тирүү болгондо 75ке чыкмак.

ХХ кылымдын 50-жылдарында Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетинин студенттеринин ичинен “Улуу топ” жаралган. Ал топко мен эч бир кысынкырабай эле Камбаралы Бобуловду, Ашым Жакыпбековду, Жалил Садыковду, Сарман Асанбековду, шүгүрчүлүк азыр көздөрү тирүү Бексултан Жакиевди, Төлөгөн Касымбековду, Омор Султановду кошор элем. Алар менен тааныш болгонума мен өзгөчө сыймыктанам. Неге десеңиз, мен “Улуу топ” деп атап жаткан калемгерлер кыргыз адабиятынын, маданиятынын өнү­гүшүнө зор салым кошушкан. Бул улуу топтун руханий лидери Кыргыз айыл чарба институтунун бү­түрүүчүсү Чыңгыз Айтматов болгон десек чындыктан тайбайбыз. Бул топко, албетте, Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов, көздөрү тирүү Тургунбай Садыков, Мар Байжиев, Болот Шамшиев, Мырзабек Тойбаев, Сейит Жетимишовду кошсок эч бир жаңылышпайбыз.

Аталган “Улуу топтун” ичинен өзгөчө мекенчилдиги, тайманбас эрдиги, кара кылды как жарган акыйкаттыгы менен айырмаланган менин курбум Камбаралы Бобулов болгон.

Бексултан Жакиев айткандай, китеп жандуу киши болгондуктан мен бул топко жакындоону самаар элем. Бактыга жараша “Улуу топтун” айрымдары менен университетте “военкадан”  таанышкам. Алардын бири Камбаралы Бобулов эле.

Менин үйдөгү кичи китепстанымда ысымдары аталган “Улуу топтун” мүчөлөрүнүн кол тамгалары, каалоолору сакталып турат. Албетте, алардын ичинде Камбаралы Бобуловдун жакшы каалоосу бар. 1993-жылдын 10-нобярында мага тартуулаган “Жаңы тилке” аттуу китебинин сүрөтү тартылган жүз ачар биринчи бетине Какем мындай деген сөздөрдү жазган: “Университет мезгилинен бери курбум Ас-
карга ийгилик каалап,  К.Бобулов, 10-ноябрь 1993-ж. Бишкек ш.”.

Камбаралынын “Жа­ңы тилкесин” окуп жатканда адамдын денесин дүркүрөткөн, чындыкты чыркыраткан бийликтин камчысын чаап, адилеттиктен тайган калемдештеринин пикирлерине тайманбастан каяша айткан зор адамдын образы көз алдыңызга тартыла түшөт. Ал Камбаралынын кайталангыс образы. Көрсө 1959-жылы, айрым жазуучулар Ч.Айт­матовдун “Бетме-бетине”, “Жамыйласына” талкуу уюштуруп, Чы­кеме сокку берүүнү көздөш­көн экен. Камбаралы Бобуловдун эсеби боюнча 23 киши сүй­лөп­түр, алардын ичинен эки гана адам – “Камбаралы Бобулов менен Кеңешбек Асаналиев Чыкемдин новаторлук багытты баштаган калемгер экендигин ачыктан-ачык айтып, жактап, коргоп чыгышкан экен.

Камбаралы курбум ал мезгил жөнүндө мындай деп жазат:

“Ооба, эстей турган жана өкүнө турган нерселер бар. Ошондо Айтматовду төө бастыга алышкан экен… “…Менин үйүмдө Айтматовдун колтамгасы бар, жогу да болуп кийинки жылдардагы оголе көп китептер сакталып турат, бирок алардын ичинен мен эң эле кымбат көрүп, ыйык туткан таберигим ушул повесть. Жоокер үчүн канын төгүп коргогон бир укум жер өзгөчө кастарлуу болот дешет… Андай болсо айгышкан адабий айкаштарда таламын талашып, кыл чайнап кырчылдашкан китебин кадыр тутуп кастарлаганга сынчынын деле акысы бар го деп ойлойм” (Камбаралы Бобулов. “Жаңы тилке”. Адабий иликтөөлөр жана сын макалалар. Бишкек. “Адабият”, 1991, 79-бет).

Какемдин аталган китептеги дагы бир өзгөчө урунттуу окуяны – Чыкемдин Лениндик сыйлыкты алгандагы мезгили жөнүндөгү эскерүүсүн айта кетүү зарыл деп ойлойм. Какем мындай деп жазат: “1963-жылы мен Москвада аспирантурада окуп жүргөм. 16-апрелде СССР Жазуучулар союзунан совет маданиятынын башкы ишмерлеринин катарында Чыңгыз Айтматовго “Тоолор жана талаалар повесттери” үчүн адабият жагындагы Лениндик сыйлык ыйгарылгандыгы жөнүндө кубанычтуу кабарын угуп, өзүмдүн жердешимдин, улуу жолдошумдун ийгилигине чын пейилинен кубанып, аны “Москва” мейманканасына келип түштү деп угуп, ошол тарапка жөнөдүм. Аны бөлмөсүнөн таап, чын пейилимен куттуктадым. Чыңгыз сөз арасында аны биринчилерден болуп куттуктап жатканымды айтты… (астын сызган мен, 79-80-беттер).

Чыкем дагы Какемдин жаңылыктарын эч бир унуткан эмес экен. Анын айкын далили катарында “Жаңы тилкеден” дагы бир үзүндү: “…Менин китеп текчемдин эң бир ардактуу жеринде “Правда” басмасынан “Огонёктун” тиркемеси катары чыгарылган “Жамыйла” повести сакталып турат, анда жазуучунун төмөндөгүдөй сөздөрү жазылган колтамгасы бар: “Жамыйла деген “тентек” келиндин азабын кошо тарт­кан калемдеш иним Камбарга келечегинен чоң үмүт этип, автор” (16-апрель, 1959-ж., 79-б.).

Камбаралы курбум Чыкемдин үмүтүн, тилегин толук актаган адам. Мунун далили ал жазып кеткен “Чынгыз Айтматовдун феномени” аттуу илимий чоң эмгеги.

Курбум өз оюн мындайча жазат: “Айтматовдун феноменинин башаттарын кайдан издөө керек? Менин көз карашымда бул суроого биротоло, ал турсун бир маанидеги жооп болушу мүмкүн эмес. Азырынча бирөө талашсыз: Айтматов дүйнөлүк коомдук жазуучулук бааны өзүнүн сейрек көркөм таланты, терең акылы, өзүнүн маданиятынын жана интеллектинин жогорку даражасы менен жеңип алды”, – деп бүтүм чыгаруу менен оюн мындайча улайт: “Бирок ээн жерде эч нерсе өспөй тургандыгы жалпыга маалым”, – дейт да Чыңгыз Айтматовдун артында “Манас” сыяктуу бөтөнчө зор эпос тургандыгын өзгөчө белгилейт. Камбаралы Бобуловдун пикиринде Ч.Айтматовдун артында Ж.Баласагындын, М.Кашкаринин, Токтогулдун, Молдо Нияздын, Молдо Кылычтын, Тоголок Молдонун, Жеңижоктун, Барпынын кайталангыс чыгармалары,  Ниязалынын, Кара Молдонун, Ыбрай Тумановдун сыйкырдуу күүлө­рү, Сагынбайдын, Саякбайдын эпикалык дастандары, кыргыз жана орус совет адабиятынын салттары, дүй­нөлүк адабияттын классиктеринин тажрыйбасын өздөштүрүү турат.

Менимче Камбаралынын бул баа жеткис ойлору азыркы Айтматов таануу илиминин мындан аркы дүркүрөп өсүшүнө толук негиз боло алат. Дал ушул ойлор жогорку окуу жайларда дипломдук иштерди, диссертацияларды, дегеле жалпы эле адабиятка, маданиятка тиешеси бар илимий эмгектерди жазуу ишинде пайдаланууга татыктуу. Демек, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын адабиятка, маданиятка тиешеси бар кафедралардын өкүл­дөрү колго ала турган иш. Бул ишти бардыгыбыз көмөк көрсөтүп, колго алышыбыз зарыл деп ойлойм. Дагы бир сунуш. Мүмкүнчүлүк болсо “Кыргызстандын белгилүү адамдарынын өмүрү” аттуу сериянын алкагында атайын китеп чыгарсак Камбаралы Бобуловдун Чыкем айткандай руханий эстелигин тургузган болор элек.

Аскар Какеев, КРСУнун илимдин философиясы кафедрасынын башчысы, академик,
«Кыргыз туусу»,
13.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий