Эстен кеткис эңсеген обонум

Көп жылдар Нарын театрында артист, директордун орун басары, директор болуп иштеген жана кийин чейрек кылымга жакын Кыргыз ССРинин театрлар коомунун төрагасынын орун басары болгон, таланттуу артист жана уюштуруучу Турарбек Рыскулбеков замандашыма узаткан алгачкы суроом төмөнкүдөй болду.

-Туке, Ташкент шаарынан беш жыл окуп артисттик кесипке ээ болуптурсуз. Мына ушул кесипти кандайча тандап калдыңыз? Кепти ушундай баштайлычы, — деген ойдо турам.
— Ар нерсенин негизделген, түптөлгөн башаты болот экен. Көптөгөн замандаштарым сыяктуу эле орто мектепте окуп жүргөн кезимде оюмда далай кесиптин ээси болгум келээр эле. Ал кезде элдик көркөм чыгармачылыкка өзгөчө көңүл бурулчу да. Ошол мектеп жылдарда биз драмаларды коюну жүзөгө ашыраар элек. Жеке эле драмаларда ролдорду аткарбастан ар кандай кружокторго да көбүрөөк катышчумун. Менин андай шыгымдын аздыр-көптүр ойгоно баштаганын көрүшкөн мугалимдерим, тели-теңтуштарым: — Ой, сенде бир нерсе бар экен, сен актёр болууга шыгың көрүнүп калды, — деген сыяктуу жакшы сөздөр, чын дилден мага багышталган каалоолор башкы түрткү болду го? Ошол жылдары айылыбызга да кыдырып көп артисттер барышчу. Аларды көргөндө делебем ого бетер козголуп: — Ий, ушулардай болсом, — деген жаштык үмүт толуктаар эле. өзгөчө колхозубуздун башкармасы Сыйдалы аксакал оюн — зоокту жанындай көргөн, искусствону, өнөрдү баалаган абдан мыкты адам болчу. Ал киши айылга келишкен өнөр адамдарын өтө ынтызаарлык менен тозуп жана сыйлап узатаар эле. Мына ушундай шарт менин болочокто артистикке карай жолума аздап — аздап отуруп ыңгай түздү. Ошентип 1957 — жылы онунчу классты бүттүм. Менин досторум борборго ар түрдүү институттарга окууга кетишти. А мени болсо колхоздун башкармасы: — Сен бир жылга коё тур, бир жыл колхоздо жакшылап иштесең, мен өзүм окууга жиберем, — деген ак сөзүн айтты. Мен бул сунушка жок дей албадым. Бирок оюмду ээлеген театр эле болду. Мунун да жөндүү себеби, мен 1956 — жылы шаарга биринчи келгенде кандайдыр театрга туш келип калдым. Азыркы орус драма театры турган жерде кыргыз драма театры иштөөчү экен. Ошерден бир драма көрүүм мага өзгөчө таасир калтырган болчу. Ошентип башкарманын өтүнүчү боюнча колхоздо иштеп жүрөм. Күндөрдүн биринде Сталбек деген курдашым: -Ой сенде талант бар, артисттик окуу жайынан эле оку. Бул жакшы, элдин баарына тааныласың, деген кеңешине да толкуп жүрсөм, айылдаш агалардан да болгон Адылбек Дыйканбаевге кезигип, мен ага: Мен ушундай ойдомун, — деп жогоруда Сталбек берген ойду кайталадым. Бул сөзгө Адылбек: — Сенин бул максатың жакшы экен. Быйыл Ташкенде театралдык институт кабыл алганы жатат. Эгер аны беш жыл окуп аяктасаң артист да, режиссёр да жана башка маданий мекемелерде иштеген адис болосуң. Андан көрө эртерээк ушуга камын, — деди. Ошону менен баягы окуу жайга кабыл алчу жерге документтеримди тапшырып, кайра айылга кеттим. Баягы документтеримди тапшырган жерден кабар күтүп, жайында жайлоодо чөп чаап жүргөн күндөрүмдүн биринде телеграмма барып калды. Айткан күнү белгиленген жерге келсем, театрга өтсөк дешкен балдар анча аз эмес экен.

— Эми мунун баары түшүнүктүү, ошону менен институтка өтүп эле эмес, анда беш жыл окуп ийгиликтуу бүтүп да келиптирсиң. Алгач бул борбордогу драма театрлардын биринде иштөө максатында жиберген областтык театрларга баргың келбей жүргөн учур да болуптур. Бирок тагдырга айла жок экен, ошол эле алыскы деп аталган Нарын музыкалуу драма театрына барып алгач эле Чынгыз Айтматовдун «Жамийла» повестинин негизинде жазылган драмадагы айтылуу Сейиттин ролун аткаруу шыбагасы туш келиптир. Ал кандай болуп, кандайча тандалып калды? Спектаклдын режиссёру ыраматылык Бообек Ибраев экен.
Ооба, өзүн жогоруда эскергендей мени менен бүтүп келишкендердин үчөө, төртөө областтык театрга жөнөп кетишти. Ушинтип, борбордо жүрсөм Бообек көчөдөн жолугуп: — Ой баатыр, сен институтту бүтүп бул жерде эмне иштеп жүрөсүң, — деди. Мен да анын суроосуна карата жообумду айтсам: — Бул оюң туура эмес, андан көрө Нарынга жүрү? Сен мыкты болсоң ошол жерден мыкты болосуң. Бул жерде чоң артисттердин көлөкөсүнө калып, атың чыккыча далай өмүрүң өтүп кетет, — деди. Мен чынында Бообекти адам катары, режиссёр катары да сыйлачумун. Ошентип Бокемдин жүйөлүү сунушу менен Нарынга сапар тарттым. Ошол убада боюнча Нарын театрынын куттуу босогосун аттадым. Ал күндөрү Ч. Айтматовдун «Жамийла» боюнча жазылган «Эңсеген менин обонум» аталыштагы спектаклды коюнун үстүндө иштеп жатышыптыр. Сейиттин ролунан башкасынын баарына ролдор бөлүнүп ага ылайыктуу киши таба албай турушкан учур экен. Сейиттин ролу берилген адамдын жашы бир топ өтүп, он үч- он төрт чамасындагы балага ылайык артист табылбай эмне кылыштын айласын караштырып жатканда мен туш келип жатпайымбы? Мен каалганы ачып баш баксам эле бөлмөдө отурушкандан бирөө: — Сейит келди, Сейит келди, — деп эки -үч ирээт кыйкырып жибергенде мен бир жагынан чоочуп: — Ой, Сейит ким? Мен жалгыз элемин го? Каяктагы Сейитти айтып жатышат, — деген ой келди. Ал эми «Жамийладагы» Сейиттен деги эле ой жок. Көрсө Сейиттин ролу табылбай жаткандан улам, мени көрө коюп чыккандагы сүйүнүч экен. Ошентип ролдо иштөө башталды. өзгөчө эсимде Алиман Жангорозова деген эженин чыныгы артисттик, энелик мамилеси болду. Ал чынында эле ар тараптан өнүккөн таланттуу эле. Ошол киши чындап кубанганын жашыра албай: — Мына менин уулум, Сейитим келди, — деген жагымдуу сөзү ушул күнгө чейин кулагымда угулуп турат. Иш ушунтип эле өзүнөн — өзү улантылып жүрө баштады. Бокем ыраматылык мыкты режиссёр эле да, ал дагы бар күчүн менден аяган жок. Мага ошондо биринчи эле Сейиттин ролу тийгени аябай толкутту. Мунун себеби белгилүү. Анткени, ошол 1963- жылы Чынгыз Айтматовго Лениндик сыйлык тапшырылып дүйнөгө дүңгүрөй баштаган учуру болчу. Сейиттин ролун ойнош мен учун чыныгы бакыттын өзүндөй сезилди. Чынында эле талантка таланттай мамиле кылыш зарыл да! Ал образды иштей баштаган алгачкы күнүмдөн баштап, кантип жүзөгө ашырсам болот, — деп бассам да, турсам да ойлорумдун баардыгы ушунун тегерегине топтолду. Сейит ким? Ал 12, 13 жаштардагы кыялкеч өспүрүм, сүрөтчү. Демек, мен ошол жаш баланын жан дүйнөсүн болгонун болгондой ачышым, көрүүчүлөргө жеткизишим, оңой- олтон эместиги чоң суроо болуп турду. Деги койчу, анын апасынан баштап жеңеси Жамийлага көз карашы, ошондой эле Данияр деген чоочун жигитке карата мамилеси бары, баарына жеткирүүм керек экендигин сездим.

— Туке, жогортодон айтып келаткандарга дагы бир ой кошо кетейин. Биз көпчүлүгүбүз Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын тегерегинде адабиятка, маданиятка, чоң дүйнөгө аралашып келбедикпи. Ушундан улам «Жамийла» повестинин бир жеринде Сейиттин Даниярга кайрылып: — Сиз согуш жөнүндө кеп салып бербейсизби, деген өтүнүчүнө Данияр: — Сен аны билбей эле кой, анын бети курусун, — деп кыска жооп кайтарганы бар. Айтматовдун көркөм сөз касиети ушунда турат, ал кээ бир калемгерчилеп жобурап, бир нерсе жөнүндө узун сөз кылып отурбайт. Мына ушул сыяктуу Айтматовдун кең дүйнөсүн ошол деңгээлде ачышын керек эмеспи?
Туура айтасың, ушул сыяктуу көркөм дөөлөттүү ачуу оңой эмес экен. Ошол эле сыңар Сейиттин жеңеси Жамийланын өзү эле не деген жаралыш. Ал өтө шайыр, ак көңүл, ыр десе ырдаганды, сөз десе сөздү билген жаш келин эмеспи. Ушундан улам Сейит менен жеңесинин мамилесинде эле канчалаган айтылбаган сыр, ачылбаган ой жатат! Жамийланын ролун аткарган Зейнегүлдө чынында кудай берген талант бар, ал өтө жөндөмдүү адам эле. Мына ушундай таланттардын арасында болуу, ойноо мага ого бетер дем- куч берди. Ошол эле Жангорозованын артисттик чеберчилиги да туубаса бойго бүткөн нерсе эле да. Алиман эженин өзү ойноп жаткан каарманга болгон мамилеси, ой жүгүртүүсү да теңдешсиз болчу. Күндөрдүн биринде өз башым кечирген бир кызыктуу окуяны кыскартып айта кетейин. Күндө болчу көнүгүү, машыгууну жүргүзүп жатканбыз. Бая мен машыма жетпей жатканымды баамдап турган Алиман эже колундагы камчысы менен жон талаштыра тартып жиберсе болобу? Андайды күтпөгөм да, баягы жерден эле жаным ачыган абалда образга кирип кеттим. Ага чейин чыкпай кыйналып жаткан абалдан көз ачып жумгуча өзгөрүп кетиптирмин. Ушундан соң Сейит, Сейит болуп чыга келип жатпайбы. Аны өзүм да анча сезбей, камчынын оорутканын деле билгеним жок. Көрсө уктап жаткан сезимимди, ойгонбой жаткан ойду, ичтеги туюмумду чыгара албай жатыптырмын. Ушундан улам иш өз ыргагы менен улана баштады. Аны көргөн Бообек — Ой Туке, сага ырахмат, ушундай иштешиң керек, — деп жакшы оюн улам- улам билдире баштады. Ушул өндүү жакшы каалоолор шердентип, Алиман эже да ого бетер коштосо анан канатын калкып учуп эле кагат экенсиң. Даниярдын ролун болсо Сариев аксакал да таланттуу аткарган. Ушунтип үчөөбүз камыр — жумур болуп ишибизди улантуунун үстүндө болдук. Анан кийин спектакль жакшы чыкты.

— Жогортодон сөз кылып келе жаткан чыгармадагы башкы каарман Жамийла эмеспи. Ал учурда сага өтө жакын киши деп жатабыз. Ошонун ролун ойногон Зейнегүл өтө жөндөмдүү, мыкты эле деген сөзүңдү өтө учкай угуп калдым. Ушул ойду, демек Зейнегүл аткаруучу, адам катары эскерүүңдү да тереңдете кетсен?
Чын- чынына келгенде жазуучу да, артист да жаратылыштын жаратуусу экен. Мына ошондо Жамийланын ролун аткарган Эсеналиева Зейнегүлгө да талантты жаратылыш чындап тартуулаган деп айтаар элем. Ага өңдү да, үндү да, тулку бой, турпатты да аябай берген. Театр өндүрүшүндө пластика деген сөз бар. Ал ар бир артист кандай кыймылдайт, ал үнү, өңү менен бири бирине канча айкалышат, канча бирин — бири толуктап, байыта турган артисттик искусство илими. Мисалы, театралдык институтка беш жыл ичинде деги эле окутпаган эч нерсеси калбайт. Кайсы убакта кандай басыш керек, кантип күлүш керек? Ошол окуунун деле жардамы тийген жок деп айта албайм. Экинчи жагынан ошол эле мен биринчи ойногон Сейиттин мыкты чыгышына да чоң өбөлгө болду.

— Туке, ошол Сейиттен соң жараткан образына токтолсоң, ал кайсы драматургдуку жана эмне деп аталат?
Анадан соң эле «Портрет» деп аталган казак драматургунун чыгармасында Кайрат деген башкы каармандын ролу болду. Ал да ойдогудай чыкты десем болот. Мен бул жерде өзүмдү өзүм өзүм мактап жатканым жок. Бул ошондо комиссиянын берген баасы. Мен кыйраттым деген деле мактаныч эмес. Андан Акыйнек деген башкы каармандагы ролум да кыйла жакшы чыгып, көптөгөн көрүүчүлөрдүн алкоосуна татыды.

-Туке, жогоруда Сейит жөнүндө сүйлөшпөдүкпү. Андан соң жана казак драмасындагы ролду да кыйла жакшы ойногонуңду айтпадыкпы. Эми ушул эки ролдун окшоштугу менен айырмасына да токтоло сөз кылсаң? Бул экөөнүн ортосунда айырмачылык болсо аны кантип жүзөгө ашыра алдың?
Сөзсүз айырмачылыгы болбой коймок беле. «Жамийладагы» Сейит болсо он үч, он төрт жаштагы өспүрүм. Ал ойноок, таза бала. Ушундан улам өзүн эскерген «Портреттеги» Кайратка келсем, сөзсүз таптакыр башкача ой менен башкача жол менен иштешим керектигин образ тапшырылган алгачкы күнү эле туйдум. Бул жагынан окшошуп калбасын деп жатасың да. Антпегенде баары эле Сейит болгондо кандай болот? Ал экөө жаш жагынан да, каармандын ички сезим кылдарынын чертилиши жагынан айырмалуу экенин танууга болбос. Тиги Кайраттын жашоо чөйрөсү көп башкараагын да эске алуу керек. Ошондуктан ар бир каарманга өзүнчө жана өзгөчө мамиле кылууда турат. Чын чынында таланттуу актёрлор ар бир каарманды айырмалай билип, айырмалай жүзөгө ашыргандан кийин чыныгы жаратмандык келип чыгат тура!

— Туке, жанатан бери артисттик чыгармачылыгың жөнүндө, анын «Эңсеген менин обонумдагы» Сейиттин образы кандай жана кайсы шартта жараткандыгын жөнүндө сөз болду. Эмне дейт элек, өткөн өттү, кеткендер кетип жакшы элестер менен жандуу жаратуулар гана ойдон чыкпай кала берет экен. Жакшы маегиң үчүн чоң ырахмат, узун өмүр тилейм.

Тенти Орокчиев, «Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.05.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий