Талантка берген ак бата

Бул сапар сөз учугу таланттуу акын жана прозаик Медетбек Сейталиев агабыз жөнүндө болмокчу. Өмүрү кыска экен, ал адам бул жашоодон эрте, күлгүн курагында өтүп кетти. Жакшы адамдардын өмүрү негедир кыска келет окшойт.

Меке агабыздын ырлары, аңгемелери, повесттери орус жана башка СССР элдеринин тилдерине которулуп, бир тобу Москвадан чыгуучу гезит, журналдарга басыла баштаган.

Ал байке мен иштеген мекемеге жакын жашагандыктан, экөөбүз жакшы мамиледе болуучубуз. Бирин-экин жарык көргөн китептеримди окуп көрүп мактап калуучу. Ошол таланттуу агабыздын өнөкөтүнө айланып кеткен сол бутунун сөөк кулгуна оорусу жанын бир топ кыйнады. Жаз, күздө кармап, сезгенүү тешип чыкканда булчуң, тери катмарларындагы жараларын ириң тээп, сыртка агып, айласын кетирип дарылануу үчүн ооруканага келүүчү.

— Ушул оорумдун азабын көп тарттым иним, дечү кейип-кепчий кабагын чытып.

— Көп бассам, суука урунсам болду, сыздап ооруп, этим ысып, бутум көнөктөй шишип, баса албай жатып калам. Сага ырахмат, дарылап, дармек куйуп, жууп тазалап бергени жакшы болуп калдым. Физиодарылооң да дурус экен. Бир топ жылы ошентип оорусу козголгондо мага келип, толук курсун ала дарыланып жүрдү.

Кайсы жыл экени эсимде жок, Москвадан Медетбек байкенин «Молодая гвардия» басмаканасынан «Дочь мельника» аттуу повесттер жана аңгемелер жыйнагы Чыңгыз агайыбыздын баш сөзү менен жарык көрүп калды. Ага удаа орус тилине которулган аңгемелери «Юность», «Дружба народов» журналдарына басылып чыкты. Ошондон тарта Медетбек байке ошол мезгилдеги мыкты деген жазуучулардын катарына кошулуп, мактаган сын макалалар «Алатоо», «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил жаш», «Коммунист» ж.б газета, журналдарга басылып, эне тилиндеги китептери «Кыргызстан», «Мектеп» басмаканаларынан чыга баштады. Белгилей кетчи өзгөчөлүгү, ал адамдын бийик маданияттуулугунда болуучу. Дайыма дене бойун таптаза алып жүрүп, бирде ак, бирде көк, дегеле ар кандай кемсел шымды кийип, чачтарын артына бийик тарап, кызыл галстук тагынып, ээк сакалы болбосо да, жаак сакалын кулагынан ылдый түшүрө койуп, саркеч түрдө жүрүүчү. Бактысына жараша китепканада иштеген жубайы жакшы жар чыгып, Меке байкени терең урматтап, кареги менен тең айлана багып, кийим кечесин дайыма тойго, чоң жыйынга баруучудай бапестеп, татынакай түрдө кийинтип туруучу.
Ичиндеги көйнөгү дайыма ак түрдө болуп, жарашыктуу кызыл түс галстук ага жарашып, бут кийиминин тазалыгына өзгөчө көңүл бөлөөр эле. Өзү курдуу теңтуштары, жакшы тааныштары менен учурашып сүйлөшө калганда кийинген кийимине бир сыйра көз салып туруп батинкеси таза эмес болсо: «Тазалап албайсыңбы, убакытты деле талап кылбайт ко»,- деп тамашага чалып күлө сүйлөп калаар эле. Мекемдин мээри, өзгөчө жылмайуусу, каткырып күлгөнү, бөтөнчө жагымдуу болуучу. Бир курдай тиши ооруп, жардам бер, деп келип калды. Тиш дарылоочу бизге жакын жердеги бетапканага алып барып, өзүм менен чогуу окуган досума көрсөтсөм, ал астыңкы азуусунун бузулуудан дүмүрү эле калганын айты: «сууруш керек, кийин калгандарын дарылап туруп тиш салып берейин», деп жылуу маанайда кеңешин айтты. Мекем бир азга ойлонуп туруп, досум кайталаса: «Сууруш керекти» укканда капилеттен дароо өңү бозоруп, андан соң шашкалактай колун жаңсай берип ордунан ыргып турду.

— Сууруп кыйнабай эле, үстүнө кийгизип темир тиш каптоого болбойбу иним? Карасам колдору калтырап, чочуу сезими өңүнөн билинип турат.

— Антпесе болбойт, калган тиштериңизди бузат. Андан соң 4-5 тишиңизди дарылаш керек. Тиги дүмүрү калганды алып баштабаса болбойт, айттым го. соо тиштериңизге доо келтирет. Андан кийин жакшынакай кылып алтын тиш салып берейин байке.

— Ырахмат, тилегиң жакшы экен. Эмесе чыдайын. Анан мага кайрылды.- Иним, чуркап барып тиги дүкөндөн бирдеме алып келе кал? Таң калдым.

— Ал болбойт байке. Кооптонбоңуз. Сакем жакшы дантист. Оорутпас дармек сайып туруп, бир паста эле билгизбей сууруп салат.

— Кой, жооткотпо кагылыйын. Билем аны. Мени колдон алды.

— Таш оорунун азабын бутум дукундай жакшы билем. Жанагы от алдырып көзөй баштаганда чучук мээңе жеткен тиш тешкич машинеңердин үнүн угуп, бурай баштаганын сезгенде, жаным чыгаарга аз эле калат. Салижан досум күлдү.

— Мейли, Куке, байке суранып калды, барып бир шише коньяк алып келе кал. Оозумду ача маңыроо карап калсам, ал эрдин кымтый көзүн кыса, баш бармагын көрсөтүп койду.

— Эч нерсе болбойт. Оору сезимин азайтат. Чочулабай эле барып кел. -Аңгыча оору сезимин мокотуучу дармек сайа турайын.

— Ырахмат иним,- деп жиберди Медетбек байке шашкалактай. Тиги досумдун колун ийнин таптап. анан мага кайрылды.

— Жанымды кейитпей дарылагыла. Ошентип, айттым го тишти дарылагандан да, жулдургандан да бөтөнчө корком деп. Бир курдай Таласта бир жаш жигит оң азуумду жулам, деп, түп жагын сындырып алып, өзөгүн чыгаргыча улам тешкилеп, кескилегенде көзүмөн чаар чымын учуп, үнүм кудайга жеткен. Эсим ооп калган. Ошондон кийин жүрөгүм түшүп калыптыр, анымды айтпай быяка Кукемди ээрчитип келгеним да ошондон. Айла жок экен, чыдайын. Өзү демейде эр азамат, хандан, бектен кайра тартпай, чындыкты бетке айта, чычалата сүйлөгөн Мекем, тиш догдурдан жылаан кармагандай коркоорун ошондо көрүп таң калгам. Бул окуяны эстебейт элем, кызыгы тиш салдырып бүткөндөн кийин билинди.

— Мына карап көр, кандай сонун салынды. Досуң азамат экен. Ырахмат. -Бери кел, карап көрчү? Медеке байке тиштерин салдырып бүткөндө ошентип шайдоот кирип келди. — Эми «тишиң барда таш чайна» дегендей, жыргап эле калбадымбы. Оорусуна, курт жегенине чыдап жүргөн мен да бир чети кеңкелес, экинчи жагы, эр экемин. Борсулдап күлүп калды. Өзү орто бойлуу, сымбаттуу, дайыма күлүмсүрөй сүйлөгөн мээримдүү, мыкты адам эле. Жыргап күлгөнү мага да жагып; өмүрүңүз узун болсун, алтын тиштин убайын көрүңүз байке, жууп билейин, — деп колун кыстым.

Кийинки жолугуубузда Медетбек байке сөз ортосунда Чыңгыз агайга барып жолукканын: «-Алтын тиштериң жарашыктуу, жакшы салыныптыр». дей жактырганын айтып өттү. Ойума дароо бир суроо «кылт» этти. Ошол салдырган алтын тиштери себеп болуп, залкар агабыздан Москвадан жарык көргөн китебине кандайча ак батасын алганын сурап калдым.

— Чыкем «Алатоо» журналына басылган повестимди окуп чыгыптыр. Бир курдай жазуучулар кошунунан жолуга калып учурашсам, колумду кысып, повестин жакканын айтып, өзү сүйлөшүп калды. Андан соң: «-Э, Меке, чыгармаларың орусча чыгып жүрөбү»,- деп суроо берди.

— Анча эмес Чыке, бирин-экин эле. Ага аракет да кыла элекмин. Бүтүрө турган иштерим көп болуп, чыгына албай жүрөм десем, мени колтуктай илгери басты.

— Анда мен Синельников, Иванов, Колесников анан Москвадагы котормочулар менен сүйлөшүп көрөйүн. Аркы жумада кол жазмаларыңды мага алып келип таштап кетчи, дей колун берип астыга түшүп кетти.

«Айтса, айтпаса төгүнбү» деген кыязда, повесть-ангемелеримди чогултуп, айткан убагында Чыкеме алып бардым. Анда ал киши «Литературный Киргизстан» журналынын башкы редактору, «Правда» газетасынын өз кабарчысы болуучу.

Олтурган бөлмөсүнө кирээрим менен эмнелеримди жазганым, алардын кыскача мааниси кандай экенин сурап, чыгармачылыгым менен учкай таанышып, адабияттын тигил, же бул көйгөй маселелери жөнүндө ой пикирим кандайча экенин байкап, угуп олтуруп бир оокумда ордунан тура калып дагы бир суроо узатып калды.

— Э-э, Меке. Бу орус тили менен кандайсың, жакшы эле билсең керек? Шашма жаным ал суроонун тереңин анча түшүнө бербей урдуруп салыптырмын.

— Катырам Чыке. Кээде бош ооруп турганда пивоканага барып калсам, кезекте канча адам турса да, орус, кыргызы болбой жарыла беришип: «-О, большой поэт пришел, ему без очереди», дешип, кезекти дароо бошотуп беришет. Ачуум келгенде биздин Чалдовардан тарта Балыкчыга чейин орусча ашата жамактатып сөгүнмөйүм да бар. Уккандар жыргап эле калышат.

Чыкем каткырып күлүп жиберди.

Аныңды билем, уккам… Бир топко токтоно албай ыкшып күлдү. Анан өзүн кармана берип күлкүсүн тыйып, буларды кошумчалады.

— Орусча билесиңби дегеним-повест, аңгемелериңди сапма-сап кыла кыргыз тилинен орусчага которо аласыңбы дегеним. Эгер которо алсаң котрмочуларга редакциалоо, көркөмдөө жагы бир топ жеңил болот. Ойлонуп калдым.

— Чынымды айтсам бирин-экин ырларымды сап-сап бойунча муунуп сактай маанисин которумуш болгонум менен, сөздүктү алып алып белсенип иштеп көрө элекмин.

— Бизде Болотбек Кузьменко, Жаналиев, Муса Муралталиевдер бар го. Аларга кайрыл. Тездетсең «Молодая гвардия» басмаканасы менен сүйлөшүп койдум. макул десең келерки жылдын темпланына киргизип Москвадан чыгаралы. Шашпай, жакшы иштеп кел, деп бул жолу да жылуу узатты. Бир нерсени баштасам аягына чыкмайын жаным жай албас адатым бар. Ошол көктүгүмө салып, келинчегим, өзүм, Университетте орус тилинен сабак берген окумуштуу жээним болуп, күн-түн олтуруп аңгеме, повесттерди которуп, машинкага дароо бастырып Чыкеме аз өтпөй эле кайра жетип бардым. Өз колу менен орус котормочуларына ошондо көзүмчө бөлүп таратып берип, киийн китеп даяр болгондо кол жазманы алгачы өзү, кийин Москвадагы редактор адам окуп чыгып, жактырып, мыкты экен,- дей жылуу баш сөздү Чыкем ошондо жазып берген. Ошентип ал китебимдин Москвадан чыгуусуна, бирин-экин чыгармаларымдын журналдарга басылуусуна да Чыкем демөөрчү, пир боло, ак батасын берген. Өмүрү узун болсун деп алкышын айткан.

— Ал кишиге терең ыраазымын деп жүрдү кийин да көп ирет жолуга калганыбызда.- Жакшы бир роман жазсам деген ойум бар. Бөлүмдөрүн кагазаг чийгилеп, турпатын түзүп, кейипкерлерди тактап бүттүм. Аягына чейин жакшы бышыра албай жүрөм. Жараткан буйруп, баш-аягы тасмадай тартылса, үйдөн жылбай, бутума кишен салып алып олтурам го, деген тилегим бар.

Медетбек байке менен ар бир жолуккан сайын сөзүбүздүн негизи кыргыз адабияты, өзүбүздүн чыгармачылык жөнүндө болоор эле. Ырларымдын арбынын ошол киши укту, тыяка, быяка бер, деп сунуштады. Бир курдай кыш жаңы башталып, жаңы кар кайрадан жерге түшкөндө Мекем ишиме келип калды. Өңү, башы, кийимдери көнүмүш адаты бойунча таптаза экен. Олтуруп, олтурбай эле ал акыбалды сурай берип шаштырып калды.
— Баягүнү гонорар алдым эле. Жазуучулардын, басмаканадагы калемгер достордун баарын ресторанга алып барып сыйладым. Телефон чалып сени таба албай койдум. Ишиңден бошоп, мени менен азыр үйгө барып чай ич?

Кыйылып туруп, бир сааттай иштеримди бүткүчө күттүрүп, андан соң терең уматтаганымдан улам ээрчип бардым. Үйүнүн жакындыгын эскертип өткөм.

— Жеңең тамак жасап койуп ишине кетти. Акчанын калганын колуна ошол күнү эле карматкам. Сыртка чыгып кетеби, деп сокур тыйын да таштабаптыр. Бирок, ал жеңеңде жазык жок. Өзүмдү сыйлайт, лам дебейт.

— Билем байке, дедим чечинип ичкери өтө берип. -Абдан жакшы адам. Чыгармаларыңызды жаратууда бел, ошол эжем.

— Бир гана өтүнүчүм сенден уялып айта албай жатам. Меке байке кыжаалат боло желкесин кашыды. Түшүнө койдум.

— Бирдеме керек болсо барып алып келе калайын. Тез эле келем.

— Жок! Кесе сүйлөдү. -Береги китептердин арасына эки жүз сом катып койдум эле. Эсиме жара чыгып каяка кымырып койгонумду унутуп калыптырмын. Атайын сага арнап жеңеңе көрсөтпөй каткамын. Ойуңа эч нерсе албай, кыжаалат болбой мага кошулуп издеш?

— Койуңузчу байке Чуркап барып эле алып келе калайын. Таң калдым. Болбой койду.- Менде намыс бар, деди бойун түзөтүп. — Жашоо пендеге өйдө-ылдыйы менен кызык. Турмушту өзүң жакшы билесиң. Жазуучулар кошунуна, «Алатоо» журналына иштеп бер деп кайрылып жатышат. Бүтүрүүчү материалдарым көп болуп, чыгына албай жатам. Ошолорумду бир жаңсыл кылсам, иштей баштайм. Анан маңдайдагы бийик текчеде катар-катар жыйналып, кынала койулган китептерге кол жаңсады.

-Кел эми, намыстанбай табыш. Экөөбүз узун текчелердин эки учунан баштап, баягы катылып турган акчаны издей баштадык. Унчукпай, ынтаабызды койуп барактап атабыз. Таппай, көшөрүп бир топко издедик.

— Орус калкында «закон подлости» деген сөз бар. Кыргызда «колу менен жасаганды, керт башың менен тарт» дейт. Ничего табабыз. Анан сазайын беребиз.

Өзү айткандай акча, эң үстүнкү катардын четиндеги М. Шолоховдун «Тихий Дон» романынын экинчи китебинин ичинен табылды. Терден чыккан Медекем сүйүнүп: -Ырас болбодубу, мен чуркай албайм, сен чуркап барып дүкөндөн каалаган ичкилигиңди алып кел, мен пивону жакшы көрөм, аны алганды унутпа. Маңдайда жакшы орус кошунам бар. Ошону чакырып, тамакты ырастап турайын. Бул жерде айта кетүүчү сөз, ошол жылдары жазуучулар Союзу өзүнүн ар бир мүчөлөрүнө бүткүл дүйнөлүк жазуучулардын 350 томдон турган тандалма каймактарын талон менен бере баштаган. Ал классикалык жыйнака Кыргызстандан жалгыз Чыңгыз агай кирген болуучу. Ал кезде андай дүйнөлүк чыгаандардын китептерин алуу өтө кыйын болуп, алдын ала жазылып, болбосо 40 кг макулатура кагазын тапшырып, дүкөнчүлөрдөн тааныш издеп, ошолор аркылуу алуучубуз. Медетбек байкеде аталган классиктердин чыгармалары толугу менен бар болуучу. Көп окуунун натыйжасында устат боло такшалып, калеми курчуп, кээ бир аңгемелерин бир кечте эле жазып, редакциялап бүткөнүн көп эле көрдүм. Чыккан китептерин калтырбай окудум.

Кийин оорукчан болуп, эки жака көп чыкпай, кээде телефон аркылуу чакырганда барып, ахвалын көрүп, бутунун жарасын таңып, турмуш , чыгармачылык жөнүндө сүйлөшө калып жүрдүм. Роман жаза баштаган. Андан аз өтпөй угулган суук кабар денебизди муздатып, оор кайгыга салды. Таланттуу Мекебиз жүрөк, кан-тамыр оорусунан «инсультка» чалдыгып, өмүрүнүн гүлдөп турган курагында чукулунан көз жумуп кете берди. Маркумга топурак салганы Чыңгыз агай да келип, аза күтүү жыйынында көзүнө жаш ала, талантын терең белгилеп, өкүнө топурак таштаган.

Андан бери зымырап арадан далай жылдар өтсө да, кээде китептерин колго алып окуп, күлүмсүрөп түшкөн сүрөтүн тиктеп, капалуу ойго батам. Тирүү болгондо элибиздин залкар жазуучуларынын катарына эчак кошулмак, Улуу кыргыздын көөнөрбөс маданиятына баалуу өз салмагын таланттуу чыгармалары аркылуу кошуп, жаштардын руханий байлыгын бир топ арттырмак.

Ушуга чейин Медетбек Сейталиев агабыздын чыгармачылыгы толугу менен изилденип, жарык көрбөй калган кол жазмалары, басмадан басылып кайрадан чыга элек.

Кубанычбек Адамалиев, «Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.05.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий