Улуттук адабиятыбыздын өчпөс жылдызы

“Көркөм адабият – доордун күзгүсү”   деген аныктама өтө таамай да, таасын да берилген. Анткени ал коомдук бийик мааниге ээ болуп, жазма чыгармалар жана  адамдын коммунативдик ишмердигинин бир түрү болуп саналган жандуу сөз аркылуу анын ички дүйнөсүн, мүнөзүн, ой-мүдөөсүн, жүрүш-туруш өзгөчөлүктөрүн кенен-чонон сүрөттөп берүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. Ал эми көркөм адабияттын атактуу устаттарынын чыгармачылыгы болсо, улуттук гана эмес, дүйнөлүк маданияттын өсүү жолдору менен баскычтарын да түздөн-түз чагылдыра алат.

Мына, ушундай залкар ишмерлердин бири болуп, кыргыз адабияты менен журналистикасынын калыптанышына жана андан ары өнүгүшүнө зор салым кошкон атактуу акын-драматург, журналист жана котормочу Жоомарт Бөкөнбаев(1910-1944) эсептелет. Жоомарт өткөн кылымдын 20-30-жылдарында элибиздин заманбап жазма адабиятынын, маданиятынын, көркөм өнөрү менен илиминин кайра жаралуу пайдубалын түптөөгө жигердүү катышкан алгачкы ишмерлердин санында татыктуу орун ээлеп турат. Ал бала чагынан тарта эле элдик оозеки чыгармачылыкка абдан кызыгып, аны жакшы билген энеси Алтынайдан өрнөк-таалим алып, анын жомоктору менен кошокторун кунт коюп угуп, аларды жадына бекем түйүп келген.

Жер алган кедейлер

Окуп билим алсам дегенде ак эткенде, так эткен өспүрүм, 1924-1926- жылдары Көк-Арт жетимдер үйүндө тарбияланып, андан Ош педтехникумуна кирип, кийинчерээк Фрунзе педтехникумуна которулат. Ал  адабият, асыресе поэзия майданына 1927-жылы Ош гезитинде жарык көргөн өзүнүн “Жер алган кедейлерге”  деген эң алгачкы ыры аркылуу чыйыр салат. Он жетиге толуп-толо элек боз уландын бул “тырмак кири” революциянын шарданасы менен Түштүк аймагында жүргүзүлүп жаткан жер-суу реформасына арналып, ал поэтикалык жактан кыйла ынанымдуу жана далилдүү чыккандыгы менен окурмандардын көңүлүн дароо өзүнө бура алган:

Киренди кирип бир байга,
Бир эчки алып алты айга,
Күнү-түнү тыным жок,
Жүрдүңөр кыйла убайда.

Жетимдиктин каары менен заарын жон териси менен  сезген болочок акын бул саптарда байдын коюн кайтарып, малай жүргөндөгү өзүнүн ички кайгы-муңун да эскере кеткени бышык.

Муну: “Кантсе да, Ж.  Бөкөнбаев 20-жылдардын аяк ченинде жаңыдан көз жарып келаткан адабиятыбызда жарк этип көрүнүп, дароо келечектүү жаш акын катары адабий чөйрөгө  таанылып, атайын орто жайын бүт­көнчө эле, өзү теңдүү калемдештеринин арасынан алдыга суурулуп чыккан,” – деп абдан туура белгилеген атактуу сынчы Салижан Жигитов.

Чыгармачылык чыйралуу

Жоомарттын талантынын андан ары кеңири кулач жайышына анын 1927-жылы “Кызыл Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинин алдында уюшулган “Кызыл учкун” адабий ийрими чоң өбөлгө түзгөн. Ал өзү 1931-жылы аталган уюмдун уюткусу болгон “Кызыл Кыргызстан” гезитинде адабият жана маданият бөлүмүнүн башчысы болуп, алгачкы эмгек жолун баштайт. Акындын кийинки да ишмердиги республиканын мезгилдүү басма сөзү менен ажырагыс байланышта жүрүп отурду. Тактап айтканда, 1931-1941-жж.. ал “Ленинчил жаш”,  гезити менен “Советтик адабият жана искусство” журналынын башкы редактору болуп үзүрлүү эмгектенген.

Ж. Бөкөнбаев Москвадагы журналисттердин коммунисттик институтунда окуган жылдарын (1933-1935) өз турмушундагы бурулуш учур, унутулгус окуя катары кабыл алып, ага арнап “Мен өзгөрөм” деген ырын жазган. Чоң борбордогу турмушту эрксизден биздики менен салыштырып, ал оптимисттик маанайда: “ Сен Москвага теңелерсиң,

Сур турмушка күлөрсүң!” – деген изги ишенимин билдирет.

1930-жылдары анын акындык чеберчилиги улам артып, чыгармачылыгынын ички мазмуну, тематикасы менен багыттары барган сайын кеңейип, жаңы түс, жаңы боёкко ээ боло баштайт. Бул көрүнүш ошол мезгилде жазылган “Айлуу түндө көл бою”, “Өмүр”, “Кыргыздын Ала Тоосу”, “Жү­рөгүм менин добулбас”, “Т…га”, “Жай­дын кечи”, “Эгерде элим толкуса” деген ырлары менен, “Түлкү менен бөдөнө”, “Арстан менен түлкү”, “Кулаалы”, “Торгой менен жагалмай”, “Мышык менен май” деген тамсилдеринен жана “Кыздын канаты” поэ­масынан даана сезилип тураарын белгилүү адабий сынчы К. Артык-баев баса белгилеп кеткен.

“Санап, санап, эсептесем өмүрдү,
Өткөн өмүр балдан ширин көрүндү.
Жел жетпеген желмаяндай мал минип,
Жетип кууп, жеңер белем өлүмдү?!”
(“Өмүр”)

Акын бул ыры аркылуу адам өмү­рүнүн көзгө илээшпей өтө тездик менен өтөөрүн муңайынкы сүрөттөп, өзүнүн ой толгоосун Токтогулдун “Жаш карыбас болсочу” ырына салыштырмалуу, “Өмүр шагы бүрүн какпас болсочу”,  деген саптар менен аяктайт.

Ал эми “Кыздын канаты” поэмасындагы:

“Талпынып куштай садага,
Таалайлуу кылдың атаңды.
Өкүнүч болбос дүйнөдө,
Өмүрүм кайра жашарды”, – деген чакан куплетте өзүнүн сүйүктүү кызы Сырганын келечегине эргүү менен ой жүгүртүп, аны кыргыздан чыккан алгачкы учкуч-авиатор болчудай элестейт.

Ж. Бөкөнбаев биз белгилеп кеткендей, кыргыз адабиятындагы драматургия жанрына да негиз салуучулардын бири. Ал “Алтын кыз”, “Каргаша”, “Токтогул”, “Семетей” пьесаларын жазган, “Айчүрөк” операсынын либреттосуна авторлош болгон. 1939-жылы Москвада биринчи жолу өт­көрүлгөн кыргыз искусствосунун декадасында башынан аягына чейин анын ырларынан түзүлгөн ораториялар жаңырып, Чоң театрда коюлган үч пьесанын экөөнүн автору да өзү болгон.

Кош Ала-Тоо,  уулуң кетти майданга

Ж. Бөкөнбевдин чыгармачылыгынын дүркүрөп өнүккөн учуру Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарына туш келди. 1941-жылы өз ыктыяры менен майданга аттанып, ал бир жыл бою “Мекен үчүн алга!” деген дивизиондук гезиттин редактору болуп иштеди. Анын атуулдук сезимде жазылган обондуу кайрыктары астында кыргыз азаматтары жоого аттанып, окопто жаткан жоокерлерибиз жалындуу ырларынан дем күч — алып, баскынчыларга каршы күжүрмөндүк менен салгылашкан. Акындын “Кош Ала Тоо, уулуң кетти майданга”, “Жүрөгүм менин – Кызыл Туу”, “Салам кат”, “Антым”,  “Чептен эрдин күчү бек ” өңдүү мыкты ырлары, “Кулаалы”, “Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт” деген тамсилдери жана “Ажал менен ар-намыс ” поэмасы буга айкын-ачык күбө.

“Ажалдын башын тартпастан,
Ата Журт үчүн жан берем.
Калтырап коркуп тургандай,
Кайратсыз өскөн жан белем?
Абалтан ата салты ушул,
Адамдын көркү ар менен”.
(“Антым”)

Жоомарттын азан чакыргандагы аты эле айтып тургандай, адабияттын кайсы гана жанрын албайлы, ага карата анын алаканы ачык, берешен жана  март болгон. Ал романтикалуу, сезимтал акын, көркөм сөздүн устаты, жаратылышы көз тайыткан тоолуу аймактын ырчысы, поэзия, анын ичинде  балдар поэзиясынын, драматургиянын, тамсил жанрынын, журналистиканын негиздөөчүлөрүнүн бири, дүйнөлүк жана орус классикалык поэзиясынын котормочусу. Анын таланттуу котормосу астында Гётенин, Лермонтовдун, Некрасовдун, Крыловдун, Абайдын, Маяковскийдин бир нече чыгармалары биздин эне тилибизде сүйлөгөн.

Чынында эле, көзү тирүү кезинде анын поэтикалык 22 китеби жарык көрсө, өмүрү өткөндөн кийин 12 жыйнагы басылып чыккан. Жалпысынан алганда, анын курч калеминен 320 ыр, 18 поэма, 2 пьеса, 2 музыкалык драма, 3 либретто жана үч чоң прозалык чыгарма, 30дан ашык котормо жаралган. Бул – анын болгону отуз төрт жаш курагына жетип-жетпеген өзүнүн өлчөлүү өмүр жолундагы бизге калтырып кеткен адабий мурасы болуп саналат.

Ж.Бөкөнбаев 1944-жылы кыргыздын биринчи толук метраждуу “Манастын уулу Семетей ” деген  көркөм тасмасын тартканы бара жатып, Көл жээгиндеги күтүүсүз автокырсыктан курман болгон.

Жаркын элестер

Ж. Бөкөнбаев эч качан өзүнүн жазгандарына алдын-ала ыраазы болуп, алымсынган эмес, тескерисинче, ал ар дайым изденүү жолунда болгон. Анын жубайы, кыргыз эл акыны Тенти Жунушбаеванын бизге калтырып кеткен эскерүүсүнө таянсак, ал өмүрү өтөөр жылы: “ Мен мурун адабиятка көп түшүнбөй эле жазып жүргөн окшойм. Бир жагынан, жазгандай деле убакыт кеңири болбоптур. Эсептеп көрсөм, үч-төрт жылым техникумда окуу менен өтүптүр. Андан соң, төрт жылча Москвада окудум, дагы төрт жыл чамасында Токтогулдун ырларын жыйнап, басмага даярдап чыгарып, анын 75 жашка толушуна байланыштуу юбилейлик тоюна көрүлгөн камылгага жумшадым. Эми болсо, каары күчтүү согуш…. Армия  катарына алынып, Токмок, Фергана, Ташкенде жүрүп, төрт-беш жыл чамасы гана такай иштеген экенмин. (астын чийген мен)Чынында, кандай жазышты эми гана түшүнүп жүрөм”,– деп муңайган экен.

Айтмакчы, ал жеке өзүнүн да, адабият айдыңындагы көптөгөн кесиптештеринин да талант жагынан такшалып, бышып жетиле электигин эртелеп сезип, 1935-жылы жазган ырында эле эч жашырбастан:

Ырас, курбум, акын болдуң  жашыңдан,
Ырас, курбум, акындыгың  ашынган.
Бирок курбум, ал талантың  уялчаак,
Ала-Тоонун аркасына  жашынган – деп түз жана таамай билдирген болчу.

Ал эң эле жок дегенде 50 — 60 жыл жашаганда дагы канчалаган мыкты чыгармаларды жаза алмак экендигин жөн гана элестетип көрүү ан- чейин кыйын эмес го…

Таң калтчудай көп кырдуу таланттын ээси Жоомартка ачык жана ишенимдүү сүйлөө, өмүрдү чексиз сүйүү, жүрөк сырын катпай билдирүү, адамдарга чыныгы сыйлоо сезими менен мамиле кылуу, келечекке күмөнсүз ишенүү сыяктуу асыл сапаттар таандык болгон. Анын ырлары өзүнүн ички гармониясы, жагымдуу жөнө­көйлүгү, ыксыз кооздуктан оолактыгы, турмуштук коллизиялардын анын жекече көз караштары жана ички
туюмдары менен ажырагыс ширелишип турушу менен айырмаланат.

Ж. Бөкөнбаев – нукура элдик акын катары анын күнүмдүк жашоосу менен турмуш тиричилигинин, ой — санаасы менен эртеңки күнгө абай салышынын, каалоо-тилектери менен үмүттөрүнүн жалындуу жарчысы болгон. Акындын чыгармачылыгында эмгек, махабат, патриотизм, достук, маданият, адеп-ахлак, ыйман-ынсап, илим-билим ж.б. арналган тематика эң башкы орундарды ээлеп турат. Көпчүлүк ырларында өзүнүн тазалыгы, сулуулугу жана боёкторунун ачыктыгы, көп түрдүүлүгү боюнча адамды толкундатып, эрксизден өзүнө ийрип турган жаратылыш пейзаждары көз алдыбызга жандуу тартылат.

Жоомарт Бөкөнбаев өз калкынын терең урмат-сыйы, кадыр-баркы менен сүйүүсүнө арзып, көзү тирүү чагында эле “биздин кыргыздын Пушкини” деген бийик атка конгон. Өзү терең кадырлаган ийиндеш, калемдеш замандашынын капилеттен курман болгонун  угаар замат: “Ал биздин заманыбыздын чыныгы сүймөн­чүгү эле”, – деп Алыкул Осмоновдун каңырыгы түтөгөнү бекеринен эмес. Жоомарт – улуу акын, мекенчил атуул жана биринчи кезекте, эң мыкты инсан катары элибиздин эсинде тү­бөлүккө сакталып кала бермекчи.

Көл кылаасындагы Тоң районунун борбору, баш калаабыздын чоң көчөлөрүнүн бири, республикабыздагы көптөгөн мектептер, китепканалар, клубдар анын ысмын сыймыктануу менен алып келатат. Бишкектеги атактуу Эркиндик проспектинде, республикабыздын бир топ айыл-кыштактарында акындын айкелдери тургузулган.

Ал эми “БГУнун жарчысы” журналынын ушул атайын саны да  Ж.Бө­көнбаевдин 100 жылдык торколуу
тоюна арналып отурат.

Тилектеш Ишемкулов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, БГУнун профессору,
«Кыргыз туусу»,
13.05.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий