Жазуучу, котормочу Турусбек Малабай: «Жазуучуларды кыйын жолдон сууруп чыгуунун жакшы жолдору бар»

— Турусбек агай, Улуттук жазуучулар союзу акыркы учурларда иш алып барбай калышты деп көп айтышат, бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
Азыр жазуучулардын абалы оор болуп турат. Оор болгону — жалпы эле мамлекетте, коомдо бүт өзгөрүүлөр болуп атат, мурунку советтик доордон жаңы доорго өткөн маалда көп мекемелер, көп адамдар өз ордуларын таба албай калышты. Эскиден жаңыга тез өтүш үчүн психологиялык, көз караш, маданият жагынан, негизинен көп жагынан дароо өзгөрүп кетиш кыйын. Адамдын психологиясы өзү консервативдүү болот, эскини сактагысы келе берип, жаңыны оңой менен кабыл албайт. Бирок кээ бир адамдар бар, тез кабыл алгандар жаңыча жашоого, жаңыча ой жүгүртүүгө өтүп кетишти. Эскичесинен эле ЦКга, райкомго арызданып көнүп калгандар дагы эле президентке арызданып, Акүйдүн алдына ар нерселерди чоң кагазга жазып алып пикетке чыгып атышат. Илгери райкомго жазам деп коркутушчу, ал учурда чын эле райком эле чечип берип койчу, эми азыр райком жок, партия деген толтура, кайсынысы ал маселени чечип берет дейсиң. Маданият майданында да ошондой болуп калды. Маданият эч кароосуз калып калды. Маданият министрлигин ачып алдык, ал жакшы, акырындап жаңыча иштөө, заманбап жолдор табылып калаар.

Маданият десе бизде бир аз башка түшүнүк болуп жатат, көркөм чыгармачылык, маданият үйлөрү, театрлар, ушуларды маданият деп эсептеп башкалары эсепке кирбей калды. Бизди жазуучуларды,сүрөтчүлөрдү, архитекторлор, композиторлорду өзүнчө бөлүп койду. Маданият деген — акындар ырдын сөзүн жазып берет, композиторлор ал ырга обон чыгарат, андан кийин барып аткаруучулар аркылуу филармонияга, маданият үйлөрүнө, театрга чыгат. Биз ошол маданияттын тепкичтерибиз. Биринчи тепкичи мындай: жаратман деген бар, жаратмандарга акын-жазуучулар, композиторлор, сүрөтчү, архитекторлор кирет. Экинчи тепкич-жаратмандар жараткан нерсени аткаруучулары бар. Эң биринчи жаратмандарды маданият министрлиги карабай калыптыр. Композиторлор союзу да өз казанында өздөрү кайнап жатат ,алар да жыргалга бөлөнүп жаткан жери жок. Киномотогрофисттер да айлаларын таппай жүрүшөт. Ошентсе да эң оор абал жазуучулардыкы. Жазуучулар азыр бомждун кейпин кийип калышты, тилемчи болуп, кокту-колотто ар кимиси өз казанында кайнап, өзүнүн кирин өзү жууп айласын таппай жүрөт. Булардын баары мыйзам ченемдүү, эски коомдон жаңы коомго өткөндө дайыма ушундай кыйынчылык болот. Кытайлыктар каргайт экен «Ылайым эле өткөөл маалда жашап калсаң экен» деп, алардын эң катуу каргышы ушул экен. Анткени алар мындай өткөөл учурду далай ирет баштарынан кечирген. Табият да, коом да өзгөрүүдө, жер титиреп жатат, суу ташкындап, цунами өлкөнү шыпырып кетип жанар тоо атылып жатат дегендей. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, бирок ошондой болсо адам баласы психологиялык жактан мунун баарына даяр болушу керек. Мына, жапандар дүйнөгө кандай үлгү көрсөттү. Жарымысынан көбү талкаланып калганда ууручулук, марадерлук кылып , бирин бири өлтүрүп, сатып, паракорлук кылган жок, аң-сезими жогору, маданияттуу эл экенин көрсөтүп эң чоң трагедиядан чыгып кетишти. Биздики эмне болду, өз-өзүнчө бөлүнүп, жаат-жаат болуп, айыл-айылга, айыл ичинен уруу-урууга бөлүнүп, керек болсо шайлоо учурунда эрди-катын бөлүндү. Кээ бир үй-бүлө эки тарапка өтүп алып ажырашып кеткен учур да болду. Маданият деген аң-сезимдин көрсөткүчү. Маданият десе эле аккардеонду көтөрүп алып барып эки-үч ырды ырдап бергенди ойлобошубуз керек. Маданият деген ар кандай оор абалда өзүнүн аброюн сактап сабырдуулук кылган эл кайра эле бутунан туруп келет. Менин ушунчалык ичим күйүп намыстанып жатканым жазуучулар оор абалга келип калды. Мына жазуучулар эптеп бирөөгө барып таанышып , же бир байды таап алып эшигин кароолчудай кайтарып отуруп жүз нуска, ашып кетсе беш жүз нуска менен китеп чыгарып аны да араң жалдырап сатышып ошону менен бала-чакасын багып атышат. 350 жазуучулар союзунун мүчөсү бар экен. Жазуучулар союзу жок эмес, бар ошолор жазуучулардын ал-акыбалын оңдоону, аларга шарт түзүп берүүнү ошол жерде отургандар уюштуруш керек эле. Анын баарын кылса болот, бирок союзда уламдан улам биринен бири тартып алып, зомбулук менен күчкө салып кууп чыгып, кыскасы жалпы коомдо болуп жаткан көрүнүш жазуучулар союзунда да болуп жатат. Бирок жазуучу деген -коомдун түпкү катмары, кыргыздардын көрөңгөсү. Жазуучулар союзу көрөңгөлүү жай болушу керек, үлгүлүү болуп, жогорудагы маданиятты биз көрсөтүшүбүз керек. Сабырдуулукту, уюштуруучулук, акыл-эстүүлүктү биз көрсөтүшүбүз керек, а биз кайра эки-үчтөн болуп алып топтошуп алып бири-бирибизди жамандап, шыбап, бири-бирибизди сотко берип, керек болсо жакалашып мушташканга чейин барып жатабыз. Ушунун баарын кантип токтотобуз, токтотсо болот эле.

— Жакында курултай болот деген кеп жүрүп атты эле…
Курултай өткөрүп, иштей турган жетекчиликти шайлаш керек. Биздин союздун эки жетекчилигинин тең иштери сотто, 24-майда жаңы жетекчиликтин ишке келгенине туптуура эки жыл болот, иштей турган жетекчилик ушунча убакыттан бери көзгө көрүнөөрлүк иш аткармак да. Эгерде бир ошондой болгондо мен айтмакмын, айланайын жазуучулар, иштеп атат го, тийбегилечи деп . Эң кур дегенде эки иш аткарып койсо айтат элем. Мурун Омор Султановдун учурунда «Кыргыз адабияты» гезити менен «Жаңы Ала Тоо» журналы чыгып аткан, азыр ал журнал «Турар» басмаканасында чыгып атат.Азыркылар гезит чыгара албайбыз, акча жок дешет, акча таба албаса ал жерде эмнеге отурушат. Анда акча таап ишти жүргүзө ала турган адамдарды коюшубуз керек. Кандай жол менен акча табыш керек деп ошол жерде отуруш керек, таба албасаң ал жерге барбай эле кой. Жазуучулар союзун жетектеп, той үлпөттөрдө барып жазуучулар союзунун жетекчиси болобуз деп ал жерден устукан жеп кеткени болсо андай жазуучулар союзунун кереги эмне. Жазуучулар союзун жетектеген адам ар бир 350 жазуучуга татыктуу турмуш боло тургандай кылып уюштуруп бериши керек.

— Ошол татыктуу жашоону кантип түзүп берсе болот?
Уюштурса болот. Мисалы биринчи жазуучулардын үйү жок жүргөндөрдү үйлүү кылыш керек. Мен ал жөнүндө парламентке кирип сүйлөшүп чыктым, алар макул, колдойбуз, бирок өзүңөр бир жаңсыл болгулачы дешет. Сүйлөшүлдү, атайын жазуучулар үчүн үй салынат. Экинчиси басмакана ачабыз, аны колдоп жаткандар кимдер экенин азырынча айтпай турайын, бирок ал кишилер бизди айтпай тургула, алгач бир жаңсыл болуп алгыла, андан кийин жетекчилигиңер менен сүйлөшүп басмакана ачып берүүгө даярбыз дешүүдө. Жалаң кыргыз адабиятын дүйнөгө таанытып чет тилдерге которуп, чет тилдеги адабияттарды кыргыз тилине которуп, китеп-журналдары басып чыгаруу. Ал жерде канча адам иш менен камсыз болуп калмак.

Биринчиден ал жерде редактор, экинчиден корректорлор иштейт, үчүнчүдөн чыгармаларды которот, ал чыгармаларды чыгарганына гонорар алат. Үчүнчүсү- адабий агентчилик ачып берүүгө макул болушту. Муну ачык эле айта алам, Америка элчилиги аркылуу Америкадан мен Синсия Макфеллер деген бар экен, Борбордук Азия жана Түштүк Азия боюнча маданий координатор экен. Ал айым менен жолугуп, сүйлөшүлгөндө бизден кандай жардам керек дегенде мен адабий агентчилик ачсак деген оюмду айтсам биз жардам беребиз деди. Бирок кайра эле барып жазуучулар союзуна барып такалып, бир жаңсыл болуп, маселеңерди чечишип алсаңар биз жардам беребиз деди. Ошентип баардыгы айтылган шарттарга макул, болгону гана ынтымак керек дешет. Бир тобуңар келип жардам сурайсыңар, макул жардам берели деп жатсак экинчи тобуңар телеграмма жибересиңер , кат жазып, телефон чаласыңар, аларга бербегиле, булардыкы туура эмес деп. Анан үчүнчү тобуңар келип экөөнүкү тең туура эмес дейсиңер, анан биз кимиңерге берээрибизди бербейбиз. Алгач өзүңөр чечишкиле, андан кийин баарын билбейбиз дешүүдө.

— Адабий агентчилик кандай иш аткарат?
Жазуучулардан жакшынакай чыгармалар жаралып жатат, негизи эле кыргыз адабияты абдан күчтүү, эми ошону басып жатып албай сыртка, элге чыгарышыбыз керек да. Жазуучу өзү уяң, жандүйнөсү назик, тартынчаак болот, анан анча-мынча коркок келет. Коркок дегеним саясатчылардай улкунуп-жулкунуп чыгышпайт, акырын гана сонун чыгармаларды жазып коюшат. Барып өзүн-өзү көкүрөккө каккылап, мен жакшы жаздым, чыгаргыла деп айта албайт, ал милдетти адабий агентчилик аткарат. Такылдап сүйлөгөн, көп тилде сүйлөгөн, юриспруденцияны, менеджментти билген жаштарды ишке алабыз. Алар эртең дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө барып китептердин которулуп чыгышына ар бир өлкөнүн мыйзамына жараша келишимдерди түзүшүп, жазуучулардын кызыкчылыгын талашат. Адабий агент эмне кылат, ал бир жазуучуга келет дагы ал менен келишим түзөт, мен сиздин атыңыздан сүйлөй берейин, руксат бериңиз, мен сиздин китебиңизди чыгарайын, анан ошондон түшкөн гонорардын 10 же 20%ын мага бериңиз деп. Жазуучу кубанып эле бербейби, саргайып кагаз бойдон жазган столунун үстүндө чыгармасы жата бергиче китеби чыкса 20%ды кайсы жазуучу аямак эле. Жазуучу чыгармасын жаза берет, агент анын китептерин чыгарып, башка тилге котортуп ишти жүргүзө берет. Юридикалык, уюштуруу, басып чыгаруу жагын агент тууралап, жазуучуга акчасын гана котортуп берет. Ал ошол гонорардын негизинде гана айлык алат, ошондуктан ал көбүрөөк гонорар чыгарганга кызыгдар болуп калат, канча көп гонорар тапса, анын алган маянасы ошончолук көп болот да, эл аралык практика ушундай экен. Биринчиден жазуучуга акча түшөт, экинчиден китептер чыгып турат. Жазуучу эч убакта барып басмаканаларга менин жазганым укмуш, чыгаргыла деп айта албайт, ал эми башка адам каалашынча мактай алат. Ушуларды уюштуруп атабыз, андан тышкары наам берүү жагын колго алабыз. Биздин жазуучулардын эң көйгөйлүү жагы ушул болуп атат, эптеп карыганымча бир наам алып алсам, пенсияма анча-мынча тыйын кошулат эле дешет. Бизде болгону эки эле наам бар экен, бири маданият ишмери деп аталат, экинчиси эл жазуучусу. Буга чейин беш-алты жазуучу гана алыптыр, жакшылап иштесе ар бир майрам сайын үчтөн-төрттөн жазуучуга берип турсак жакшы болмок. Дагы бир жагы наамды да жакшынакай жол менен алышмак, көрүнгөнгө жалдырап, кошомат кылып, пара берип отурушмак эмес. Сыйлыктарды деле алып берсе болот. Мисалы мен деле бир топ эл аралык, маданияттык сыйлыктарды алдым, менин бул жактан өз көйгөйүм чечилген. Өзүмө маянам да, гонорарым да жетет, кудайга шүгүр. Евразия жазуучулар союзунун мүчөсүмүн. Ал аркылуу бүтүндөй Евразия өлкөлөрүнүн жазуучуларына сөзүм өтөт. Эми башка жазуучулар да мен алган сыйлыктарды алса болот эле деген ой болот экен. Эми ал үчүн бирөөнүн атынан сүйлөгөнгө укугуң болбойт. Эгер жазуучулар союзунда иштесең союздун атынан сүйлөгөнгө укук алат экенсиң. Биздин жазуучулар көп нерсени билбей турат, жакында мен Юнесконун атынан Америкага барып келдим, жылына эки маал дүйнөдөгү жазуучулар үйлөрүнө жөнөтүп турат экен. Ал жакка барсаң жата турган жери, тамак-ашы белен, каалашыңча жаза бересиң. Союз учурунда ушундай шарт бар болчу. Эч жакка чыкпай бир байдын тукумун жазып берип бир аз тыйын таап оокат кылып өзүнүн аброюн түшүрбөй, коомдун жүзү катары түз жүрүп, өзүн салабаттуу алып жүрүшү керек. Ал үчүн жанагыдай дүйнө жазуучулары менен пикирлеш болсо алар менен таанышып китептерин которуп беришет. Дүйнөгө таанылат, ошону менен биздин адабиятыбызды көтөрүп чыгышыбыз керек. Дагы бир жери эл аралык гранттар бар, адабиятка, поэзияга берилет. Абдулазиз деген арабдардын шейхинин 70 миң доллар сыйлыгы бар, поэзия боюнча. Ал адамдар менен кат алышып жүрөм, бирок өзүм поэзия жагына ык сала элекмин. Биздин күчтүү акындар да ал грантка катышса болот эле. Келишим түзгөндү, автордук укугубузду билбейбиз. Чыгарып атышат, акчасын беришпейт, бергенине сүйүнүп кала беришет. Кыргызстанда башка тилдүү да адабият да бар, бизде көп улуттуу элдер жашайт. Алар үчүн жазуучулар союзунда эл аралык бөлүм түзүш керек. Ал бөлүм котормолорду алып барып, башка тилди котормолорду байланыштырып турат. Юридикалык бөлүмдөгүлөр автордук укуктардын таламын талашат. Азыр биздин жазуучулардын китебин башка тилде которуп алышат, авторго эч кандай калем акы төлөнбөйт. Мисалы азыр Кашкарда Төлөгөн Касымбековдун китебин которуп басышып өзбек жазуучусу деп коюшуптур деп атышат, бул автордун моралдык укугуна шек келтирүү. Юристтер деле жанагы агенттегидей эле калем акынын негизинде пайыздык маяна алат. Эгер биз Төлөгөн агабыздын калем акысын доолап утуп берсек 10 пайызды бергенге Төлөгөн агабыз эмнеге бермек эмес, кубанып бермек да. Ал үчүн юристке пара берип отурбайт, баары өз жолу менен бүтөт.

— Биздин жазуучулардан сизден башка да сиз айткан багыт менен иш алып барып чоң гонорарга ээ болгондор барбы?
Ачык эле айта берейин, Талип Ибраимов мага келип өз ыраазычылын айтып, келишимге кантип кол коеюн деп кеңеш сурап келген. Ал киши «Русская премияны» алган, мен чоң проза-роман үчүн, ал киши чакан проза-повести үчүн алды. Ошол жерден таанышканбыз, ал киши да абдан тартынчаак. «Жаңы кыргыз адабияты» деген порталды жүргүзүп атам, кыргызчасынын редактору мен, орусчасыныкы Олег Бондеронко. Талип Ибраимовичтин чыгармасын порталга чыгарып коеюн десем макул болбогондой болду, м ен болбой эле 4-5 повестин киргизип койдум. Аны казакстандыктар окушуп толук китеп кылып чыгарышып, калем акысын төлөп беришти. Анын суммасы коммерциялык сыр, чоң эле калем акы, аны биздин жазуучулар элесететип да көрө албайт. Андан тышкары сценарий жазып бер дешип ал үчүн дагы төлөштү. Порталга чыкканы үчүн ушундай жетишкендиктер болду. Дагы айта кетчү нерсе-Кыргызстанда Горький атындагы адабий институтунун филиалын ачалы, сиздер атын бериңиздер, уюштуруу жагын алсаңыздар деген идея да бар, ал боюнча орустар менен сүйлөштүм.. Алар колдоп, имарат тапкыла дешти. Кыргыз адабият институту деп деле окуу жай ачып алсак болот, бирок Горький институнун аты дүйнөгө белгилүү, биздин чоң жазуучуларыбыздын көпчүлүгү, Чыңгыз Айтматов баш болуп ошол жерден окуп келишкен. Ал жерден которуу чеберчилиги, поэзия чеберчилиги боюнча сабак берип жазуучуларыбыз да айлык алышат. Жыйынтыгында иш менен да камсыз болушат. Ошондо жазуучуларыбыз көрүнгөндөн акча сурабай ордуларын таап көтөрүлүп калышмк. Ушул нерсеге жетүүнүн жолдору бар, болгону ынтымакка келип алышыбыз керек. 21-майда курултай болсо ушул маселе чечилет деген ишенимдебиз.

— Өзүңүздү төрагалыкка көрсөтөт белеңиз?
Аны сунушташса мен каршы эмесмин, себеби жогоруда айткандардын баарын аткаруу колуман келет. Ал жерге барып алып мен жетекчи болом деп мушташып жулуна бергенде менин мурункулардан айырмам эмне болот. Айткандардын баарын иштеп берем, көзүм жеткен үчүн айтып жатам. Эгер сунушташпаса анда айла жок өзүм үчүн жасай берем, анткени жалпы жазуучуларга сүйлөшкөнгө менде статус жок болуп калат. Мага укук керек экен, укук беришсе сүйлөшүүгө болот, союзга иштөөгө менде башка кызыкчылык жок.

— Жазуучулардын жүрөгүнөн, оюнан, калеминен мамлекеттин идеологиясы жаралат деп айтып калышат, акыркы 7-8 жыл ичинде жазуучулар союзунун өзүндө жыйынтыктуу иш болбогондуктан биздин өлкөдө да идеология жок болуп кетти дегенге кандай пикирдесиз?
Жазуучулар мамлекеттин идеологиясын түзөт дегениңиз да жакшы сөз болду. Жазуучулар союзу жок болуп кетүү алдында, дагы союздун калдыгы менен кармалып турат. Эми союзду колдон келишинче көтөрүш керек. Кийин жаштар алып кетеби, же жок болуп кетеби аны билбейм, негизи кетүүнүн көп жолу бар. Үйдөн чыккандын эле канча түрү бар, эшкити тарс жаап кетүү, жылуу коштошуу, же англичандарча жылып чыгып кетүү дегендей. Жок болуунун да ошондой түрү болот. Идеологиясы жок кандай кыйналып жатабыз, жаманды коногу бийлейт болуп атпайбызбы. Сырттагылар чабыштырып жатышат. Швецарияны, Малайзияны курабыз деп атышат, антпей биз кыргыздын гана идеологисы, кыргыздын гана маданияты менен өсүп-өнүгүгүшүбүз керек, албетте дүйнөлүк тажрыйбаны эске алып. Атам раматылык «балам башкалардын тилин үйрөн, дилин үйрөнбө» дечү, бул дагы идеология. Азыр мен 32 тилде сүйлөп калдым, бирок мен кыргызмын, Кетмен- Төбөнүн тоң моюн кыргызымын. Айылга барсам айылдык болуп калам, чөп чабам , ат минем, шаарга келсем костюм-шым кийип калам, чет өлкөгө барсам чет өлкөлүк болуп калам, артта калган эл экен деп айтпасын деп алардын тилинде сүйлөшөм. Тилин үйрөнөлү, дилин үйрөнбөшүбүз керек. Кыргыздын нукура идеологиясын үйрөтүшүбүз керек, кыргыздын идеолгиясын жазуучулар түзөт. Жазуучулар бутуна турат, ынтымакка келет деп ишенем, чапкан сайын эле көз чыга бербейт да.

Айзада Көчкөнбаева, «Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.05.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий