«Башкы мыйзам кыргыз тилине туура эмес которулган…»

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо, жарнама, терминалогия бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов менен маек.

Аалы агай, мамлекеттик терминдердин которулбай жаткандыгынын себеби эмнеде?
Туура, мисалы, орус тилиндеги «медсестра» деген сөз, «сестра» деген кыргызча эже биз муну «медайым», «эмчи айым» деп которгонбуз. Ага болбой эле кыргыз тилинде дагы медсестра деп жүрүшөт. Ушул сыяктуу эле «председатель» деген сөз. Бул сөздү төрага, төрайым деп жүрүшөт. Антип бир сөздү эки сөз кылып, аял-эркегин бөлүп-жарбай, экөөнү бирдей эле «төрбашы» деп айтсак жарашмак. Минтип, термин сөздөрдү жынысына карап бөлүп айта берсек, сөзүбүздүн кадыры кетип, мааниси жоголот. Буга чейин аял-эркекке ылайыктап, ага лейтенант деген сөздү улук лейтенант деп которгонбуз. Болбой эле ага лейтенант деп айтып келатышат. Ошондой эле, облусу дубан, губернаторду дубандын акими, шаар мэри дегенди шаар акими деп атообуз зарыл. Тарыхыбызда эл башкарган адамды Аким, Султан, Бек деп атап коюшкан. Жакында Улуттук тил комиссиянын алдындагы термин сөздөр менен иштөө боюнча түзүлгөн комиссия ушул сыяктуу орус тилинен алынган көптөгөн терминдерди карап чыгып, атайын токтом кабыл алдык. Кабыл алган токтомубузду жакынкы күндөрү депутаттардын кароосуна сунуштасакпы деп жатабыз. Эгер токтомубуз депутаттардын кароосунан өтүп, кабыл алынып кала турган болсо, өлкөбүз үчүн чоң жетишкендик болмок. Бирок мамлекетибиз Россия менен тыгыз кызматташтыкта болуп, орустардын чеңгээлинен чыга албай жаткандыгына байланыштуу токтомубуз депутаттардын кароосунан өтпөй калабы деп чоочулап турам.

«Котормо иштери мамлекеттин көзөмөлүндө болбой, токтоп калды» деген сөздөргө кандай карайсыз?
Союз убагында расмий документтердин бардыгы бир жерден, бирдей стандартта которулуп чыкчу. Азыр ар бир мамлекеттик мекеменин котормо иштери менен алектенген бөлүмдөрү бар. Керек болсо ал бөлүмдөрдүн өздөрү иштеп чыккан атайын орфографиялык терминдери бар. Котормо иштеринин баарын ошол терминдер аркылуу жүргүзүп, эне тилибиздин тамырына балта чаап жатышат. Булардан тышкары Бишкек шаарында эле 20дан ашык котормо борбору өз ишин алпарып жатат. Ал эми эптеп эле акча табуунун жолун ойлогон майда-барат котормо борборлорун айтпай эле коёюн. Айтор, эне тилибизди эсиретип мамлекеттин тагдырына кайдыгер караган котормочуларды теске салып, чара көргөн бирөө жок. Мамлекет бул ишти колго алып, котормочуларга шарт түзүп бергенде мындай болмок эмес беле деп ойлойм. Кыскасы, биз канчалык эне тил деп күйүп-бышканыбыз менен башкалар, эне тилине кайдыгер карап жатышат. Жер-суу аттары кыргызча аталыш керек деп демилге көтөрдүм эле ал демилгени бийлик башындагылар туура эмес көрүп, мурдагы жетекчи Азимжан Ибраимовду кызматтан алып коюшту. Биз качанкыга чейин эле орусташып жашай беребиз. Кыргыз болгондон кийин коркпой-үркпөй эле кыргызча иш алпарсак туура болмок.

Башкы мыйзамыбызды кыргыз тилине которууда дагы катачылыктар кетип калган деген сөздөр айтылып жүрөт. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?
Башкы мыйзам кыргыз тилине туура эмес которулган. Мааниси жок, тескери ойду түшүндүрө турган терминдер көп колдонулган. Туура эмес которулгандыгына байланыштуу өткөндө ЖоКе Башкы прокурор Аида Салянованы кызматка бекитээрде депутаттар Башкы мыйзамда жазылган жобону бири-бирине түшүндүрүп бере албай кандай убара болушту. Айлалары кеткенде Башкы мыйзамдын автору болгон депутат Ө. Текебаевди чакырышты эле, ал дагы жакшылап түшүндүрүп бере албай койду. Башында которуп жатканда, «Бизге бергиле, которуп берели» — деп, котормочу болуп жүргөн улуттук «Кабар» агенттигинин мурдагы жетекчиси Жыргалбек Турдукожоевге айткам. Азыр эми Башкы мыйзамдагы бир термин беш түргө бөлүнүп, убара болуп жатышат. Бул эле эмес, соттук мыйзамдын кодекстерин которууда дагы катачылыктарга жол берилген. Мисалы, кылмыш деген сөз «уголовно» эмес, «преступление» деп которулууга тийиш. Убагында К. Байболов соттук кодекстин терминдерин туура эмес которгондугу үчүн экөөбүз соттошконбуз. Ага болбой эле К. Байболов ЖКнын казынасынан 200 миң сом каражат алып, 100 миң нуска менен китебин чыгарып, юристтерге 200 сомдон сатып, 2 млн. сом каражат топтогон. Азыр юристтердин көбү ошол китептин негизинде иш алпарып жатышат. Ошонун айынан аймактардагы кыргыз тилдүү соттор менен борбордогу орус тилдүү соттордун жаза кодекстеринде каралган терминдер эки ача болуп, көптөгөн юристтердин баштары айланууда. Ошондой эле ЖКда отурган депутаттардын көбү мыйзамды кыргыз тилинде жазышпайт. Кыргыз тилинде саймедиреген Адахан Мадумаров, Ө. Текебаевдердин кыргыз тилинде мыйзам жазды дегенин эзели уга элекмин. Бир гана жолу Азимбек Бекназаров салам каттын деңгээлиндей кылып, кыргыз тилинде бир мыйзам жазганын уккам.

Көчөдөгү көрнөк-жарнактар туура жазылып жатабы?
Туура жазылганы да, туура эмес, жазылганы да бар. Туура эмес жазылгандарына тийиштүү чараларды көрүп жатабыз. «Beta Stores» деген сыяктуу чет тилинде жазылган дүкөндөрдү кыргызчалата албадык. Себеби булардын кожоюндары түрктөр. Убагында аларды сотко дагы берип көрдүк. «Кыргыздар, өзүңөр кыргызча сүйлөбөйт экенсиңер, анан биз кантип кыргызча жазабыз» — деп тескерисинче бизди уяткарып коюшту. Ошондуктан өлкөбүздө эне тилибиздин кадыры жогору болуп, ар бирибиз эне тилибизде сүйлөй билгенде эч ким биздин тилибизди минтип кор кыла алмак эмес. Учурда жетекчибиз Рыскелди Момбеков эне тилибиздин деңгээлин көтөрүүгө болгон аракетин көрүп жатат. Мурда «Тил кербени» деп эле ыксыз иш-чараларды уюштуруп жүрчү элек, учурда анын көбү жоюлуп, даректүү иштөөгө өттүк. Азыр тестиер балдар көргүдөй кылып, кыргыз тилинде мультфильмдерди тартканга аракет кылып жатабыз. Жакында кыргыз тилин өнүктүрүүгө зор салым кошкон Камбараалы Бобуловдун 75 жылдыгын белгилегени турабыз. Кыскасы, эне тилибизди өнүктүрүш үчүн болгон аракетибизди көрүп иштеп жатабыз.

— Учурда мамлекеттик символикаларды алмаштыруу маселеси коомчулукта кызуу талкуу жаратып жатат. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?
1993-жылы мамлекетибиздин башаты болгон символикаларыбыз кабыл алынып жатканда мен ЖКда иштечүмүн. Эмненин негизинде, кантип кабыл алынып калгандыгын жакшы билем… Бирок анын баарын айтып отурсам гезит бети чак келбейт. Ошондуктан кыскача эле мамлекеттик символикалар туурасында өз оюмду айтайын. Мамлекеттик символикалардын бири болгон Гимнден эч кандай кынтык таба албайм. Сөзү дагы, обону дагы сонун жазылган. Айрым А. Мадумаров сыяктуу түштүктүн саясатчылары «бейкуттук» деген сөздү туура эмес деп жүрүшөт. Бул сөздү биз изилдеп көрдүк. Элибизде «бейкуттук» деген сөз «тынч», «мемиреген ырахат» дегенди түшүндүрөт экен. Ал эми туубуз, менен гербибиз чындыгында туура эмес кабыл алынып калган, буларды алмаштырса болот. Мисалы, туубуздун өңү көк болуп, күн караманын сүрөтү болбоого тийиш. Ошондой эле, гербдеги ак шумкар элибиздин каада-салтына туура келбейт. Анын ордуна бугу-маралды койсо, туура болмок. Анткени бугу-марал эзелтен бери Кыргыз жерин байырлап жашап келаткан улуу жандык.

Маектешкен Мирлан Алымбаев, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий