Күмөндөр Абылов, КРнын эмгек сиңирген артисти: «Наам берүүнү такыр жоюп салса деле каршы эмесмин»

Күмөндөр мырза, маегибизди сиздин куудулдук өнөрүңүз туурасында эмес, актерлук өнөрүңүз туурасында баштасак, театрда эмгектенип жатканыңызга канча жылдын жүзү болду?
Бала кезимден тартып театрда эмгектенип жатам десем туура эмес болор. Бирок бала чагымда маданият үйлөрүндө, мурда Сокулук районунда «Мээрим» деген ансамбль бар эле, ошол ансамблде армияга кеткенге чейин аздыр-көптүр иштеп кеткем. Армиядан келгенден кийин 1979-жылдан тартып Нарын театрында иштеп баштадым. Менин биринчи кесибим — актерлук болсо, экинчи кесибим катары алып жүргөн куудулдук өнөрүм аркылуу коомчулукка көбүрөөк таанылып кеттим. Мунун да өзүнчө себеби бар. Анткени бир канча убакыттан бери элдин баары эстрадага көңүл буруп, ошонун агымы менен жашап калды. Өз кезегинде массалык маалымат каражаттары да театрга жетиштүү деңгээлде көңүл бурбагандыгынын кесепетинен, кыргыз искусствосуна салым кошкон не деген залкар актер- актрисаларыбыздын чыгармачылыгы, баскан жолдору мамлекеттик архивдерде сакталбай, кийинки жаш муундар тааныбай-билбей калды. Ушундан улам, биздин мамлекет башынан эле театр ишмерлеринин чыгармачылыгына кайдыгер карап келгенби деген да ой кетет.

Азыркы убакта эстрада жанрына деле өкмөт тарабынан көңүл бурулган жок. Себеби эстрадада театр деген жок. Эстрада жанрында жүргөндөр өз жанын баккандар, өздөрүнчө театр деп атап алышып, топ түзүп жаманбы-жакшыбы элди маданият жактан тейлеп жатат. Эстрада агымына кийинчерээк Батышты туурап, продюсер дегендер чыкты. Бул да өнүгүүнүн бир жолу деңизчи. Бирок бизди өкүнткөнү — эстрадалык билимдин көп кишиге жетпегени. Өзүбүздү-өзүбүз мазактап, терс сапаттардын баарын кыргызча болуп жатат деп коебуз го. Азыркы эстрадабыздын абалы да кыргызча болуп турат да.

Учурда театр жаатында кандай алгылыктуу иштер жасалууда?
Театрда иш токтоп калды деп айткандан алысмын. Замандын оош-кыйыш абалына карабай театрда спектаклдер коюлуп, чет мамлекеттерде өткөн фестивалдарга катышып, байгелүү орундарды багындырып келгендери да бар. Арабызда театр сүйүүчүлөр да жок эмес. Кээде карап отурсаң залдагы кишилердин көпчүлүгүнүн өңдөрү тааныштай сезилет. Аларды карап туруп, баягы эле келип жаткан кишилер го деп коесуң.

Сиз театрдын гүлдөп турган учурунда келген экенсиз. Театрдын дөө-шаалары менен иштешип калсаңыз керек. Кимди устатым деп эсептейсиз?
Нарын театры гүлдөп турган учурда келип иштеп калдым. Облустук театрлардын арасынан СССРдин эл артисти наамын алган бир гана ошол Нарын театрында Капар Медетбеков, КРнын эл артисттери: Бакирдин Алиев, Дүйшөн Сариев, Акмат Меңдибаев агайлардын, Тамара Жумакаева эженин көп таалим-тарбиясын алдым. Менин актер болушума ушул адамдар абдан зор салым кошушту. Мен театралдык билимди кийин гана Ташкенттеги театралдык окуу жайдан окудум. Бирок окууга барганга чейин эле театрдын менмин деген дөө-шааларынын мектебинен өткөм. Ушундай залкарлар менен иштешип калганыма сыймыктанам.

Куудулдук өнөргө басым жасап кетүүңүзгө замандын агымы таасир эттиби?
Биздин учурда «Мыскыл жана тамаша» деген жакшы берүү бар эле. Өзгөчө жаңы жыл алдында элдин баары уктабай ушул телеберүүнү көрүшчү. Негизи эле совет учурунда өзүн-өзү билген жеке театрлар жок эле. Ошол себептен, «Мыскыл жана тамашага» профессионал театрлардын актер-актрисалары тартылчу. Кыргыздын менталитети ушундай экен, гастролго чыкканда спектаклден кийин эл концерт көрмөйүн алымсынчу эмес. Ошондон улам, бизде музыкалуу драмтеатрлар ачылган. Менин дагы музыка жазып калганыма, андан кийин актер болуп кеткениме Нарын музыкалуу драмтеатры чоң таасирин тийгизди. Башында театрга музыкант катары киргем.

Бир эмес, үч өнөрдүн ээси экенсиз. Кайсы өнөрүңүздү өзгөчө баалайсыз?
Актер болуу оюмда жок эле. Мен башында музыка жагына аябай кызыгып, азыркыдай мүмкүнчүлүктүн жоктугунан улам, музыкалык билим албай калганыма өкүнчүмүн. Бирок ошого карабай музыкант болгум келчү. Кийин актерлук жакка өтө жакын болуп кеттим. Театрга келип, актерлук чоң өнөр экендигин билип, азыр-көптүр бир-эки ролдорду ойноп жүрүп, 2-3-жылдын ичинде актерлук кесипти өздөштүрүп кеттим. Азыр да өзүм актерлук өнөрүмө көбүрөөк баа берип, чоң өнөр катары баалайм. Актердук билим алганым да ушундан. Эл мени куудул катары тааныганы менен, өзүмдү актермун деп эсептейм.

Акыркы кездерде куудулдарын наамына «Куудулдар элди күлдүрө албай калды» деген сындар көп айтылууда…
Куудулдарды өстүрүү, билим берүү керек. Куудулдарды сындай бергенден эч майнап чыкпайт. Сындалып отуруп чүнчүп да бүтүштү. Алардын аракети бар. Бирок алар чоң сахнаны көрбөсө, режиссерлордун сынынан өтпөсө, театралдык билим албаса, дүйнөлүк, улуттук классикалар менен тааныштыгы жок болсо, улуттук менталитетти башка өлкөлөрдүн менталитети менен салыштырып анализ жүргүзө албаса, анан кантип алардан жакшы чыгарма чыгат. Мына, Рахман жакшы сатираларды жазып берет, аны жанагы өзү түзгөн «Бешилигиби» же «Беш тапанбы» аткарып жатат. Андан кийин эч нерсе жок. Өздөрүнчө комедия жазып, режиссердун, сахнанын тили менен элге жеткире албай чайналып жатышпайбы. Булар азыр элдин алдына чыгууга гана көнүп жатышат. Бул жакшы жагы, жаман жагы кичине акча таап алгандан кийин билим алгылары келбей, бир нерсени үйрөнүүгө моюндары жар бербей жатпайбы. Эми буларды сахнадан кубаласаң да кетпейт. Акыркы кездерде мени ушулардын тагдыры ойлонтчу болду.

Азыркы куудулдарыбыздын көпчүлүгү кыргыз элинин кемчилигин айтуу менен элди күлдүрүп калды. Эмне, кыргыздын кемчилигин айтпаса эл күлбөйбү?
Күлдүрөбү, кино тартабы, айтор, эмнеси болсо да кыргыздын маданиятынын өсүшүнө салым кошо турган чыгарма болсо жакшы болот эле. Азыркы эл чаржайыт болуп турган учурда, актерлор болобу, ырчы-чоорчу, куудул, режиссер, жазуучулар болобу улуттук баалуулуктарды баса көрсөткөн чыгармаларга басым жасасак болмок. Тилекке каршы, кыргыз элинин түркөйлүгүн көрсөткөн тасмаларды тартып катардагы Эл аралык сыйлыгын алган режиссерлорубуз да болуп жатат. Москвадан билим алган Нурбек Эгендин тарткан тасмасын көрүп абдан кейидим. Ушунчалык түркөй болгон башка эл бардыр, бирок кыргыздын жигити башка улуттан аял алса, кыргыз эч качан мылтыгын көтөрө чуркап аткан эмес. Андай жапайычылыкка кыргыз эли барган эмес. Биздин интеллигенциянын дөө-шааларынын баары башка улуттун кыздарына үйлөнгөн. Эч ким трагедия жасаган эмес. Биз башка элдердей болуп атайын генетика илимин окубасак да, бул билим бизде өтө өнүккөн. Ошол себептен, кыргыздар жети атага чейин кыз алып куда болгон эмес. Генди эң таза кармаган биз болгонбуз. Анан да жанагы «Свет аке» деген кинодо «Төө чечмей» деген жаман оюнду кыргыздын оюну катары көрсөтүп жатат дейт. Ой, айланайын Кубат, «Төө чечмей» кыргыздын салтындагы оюн эмес. Кыргыз аялзаты качан элдин алдында байлык үчүн энеден туума чечинип ойночу эле? Бул кээ бир деңгээли төмөн, байлыкты көргөндө көзү күйгөн, кошоматчы көпкөн байлардын кылган абийирсиздиги болсо керек. Балким, тээ илгери акылынан айныган кээ бир аялдар абийирин акчага саткандыр… Кыргыз аялдары төө көтөргүс кыйын заманда да намыс менен абийирден тайган эмес. Мындай эмес деп ким айта алат? Бир ууч акылсыз, ар-намыссыз адамдардын кылыгын жалпы журтка жабыштыра берүүгө кантип болсун. Ой, билбейм, мен ушундай тасмаларды тартып атакка жетпей да, сыйлык албай эле коет элем.

Бирок алар «Биз кыргыз элинин жаман жагын көрсөтүү менен өз кемчиликтерибизди көрсөтүп жатабыз. Кемчиликтерди моюнга албасак өспөйбүз»- деп айтып жатышпайбы?
Ар бир үй-бүлө биздин кемчиликти кошуна укпасын деп эшикти жаап алып, үйдүн ичинде талкуулайт. Кемчиликти дүйнө элине көрсөтүү менен жое албайбыз да. Башка элге биз мыктылыгыбызды, жетишкендиктерибизди көрсөтүшүбүз керек. Кемчилдигибизден башка сюжет табылбай калыптырбы. Мактана турган нерсебиз жокпу? Эгер ушундай эле кемчилик көрсөткүсү келип жатса, дүйнө элинин проблемасын көтөрүп чыксын. Башка элдин кемчилиги жок бекен? Казактар, өзбектер эмнеге кемчиликтерин жар салышпайт, же алардын телегейи тегизби? Тартат десе эле, абийирди кетире бербеш керек да. Намыс, ар да болушу керек го.

Сыйлыкка жетиш үчүн эле кыргыз элинин терс жактарын көрсөткөн тасмаларды тартышууда деген сөздөргө кошулат турбайсызбы?
Кошулам. Нурбек Эген ошондой жол менен эле сыйлык алды деп айта алам. Кана, кыйын болушса, кыргыздын мыктылыгын даңазалаган тасма тартып, «Малый Оскарды» алып келишсинчи. Болбосо, бизде не деген улуу чыгармалар бар. Тартышса тартат эле го.

Кыргыз тилинин бүгүнкү абалы сиздин купулга толобу?
Кыргыз тилин чаңгандарга капа болом да. Кыргыз тилинде көп көйгөйлөр бар. Мамлекеттик тил комиссиясы түзүлүп, көп адамдар иштеп кетти. Бирок алгылыктуу иш кылгандары деле болгон жок. Болгону алардын иштерин эмес, медаль, орден алгандарын гана көрүп-билип калдым. «Балык башынан сасыйт» дегендей тилди өнүктүрүүнү жогору жактан баштоо зарыл. Болбосо, жалгыз Рыскелди Момбековдун колунан эмне келет? Кыргыз мамлекетинде мамлекеттик тил кыргыз тили гана болушу керек. Кош тилдүүбүз деген туура эмес. Бул уят, шылдың.

Наам бөлүштүрүү комиссиясына көптөр нааразы болушуп, наам берүүнү жоюп салуу керек деген пикирлерди да айтышууда…
Бул старт анан мара дегендей жарыш эмес экен. Спорттун бир түрү болгондо да кимдин-ким экендиги оркоюп көрүнө түшмөк. Биздин эмгектин чен бирдиги башкача экен да. Элдин пикири, баасы менен бааланат экен. Ошол себептен, талаш-тартыш көп болуп келет.

Азыркы учурда сатып алуу, тааныш аркылуу алуу өөн деле учурабай калды. Кадимки көрүнүштөрдүн бири катары көрүнүп калды. Мен мындайга барбайт элем. Наам алгандар менен чогуу жүргөндө эл мени тааныса мага ошол эле жетет. Эл артисти наамын алып жүрүп «сиз кимсиз?»- десе, «мен эл артистимин»- деп документти көрсөткөнчө, жөнөкөй эле артист болгонум оң. Наам берүүнү такыр жоюп салса деле каршы эмес элем. Ар ким өз алына жараша артист болмок… Болбосо, кадырлуу наамдардын мынчалык ашмалтайын чыгарбаш керек эле.

Маектешкен Жаркынай Кадыркулова, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий