Сүйөркул ЧОКМОРОВ: «Ортобузда эч кандай талаш жок»

Жакында кыргыз жүзүн дүйнөгө тааныткан айтылуу мекендешибиз Сүймөнкул Чокморовдун мемориалдык комплексин куруу боюнча марафон болуп өттү. Марафон алдында Сүймөнкул Чокморовдун уулу Бактыгул «Жаңы Агымга» маек берген эле. Бул маекти окуган Сүймөнкул аганын бир тууганы Сүйөркул ага редакция менен байланышты. Сүйөркул ага жашаган Чоң-Таш айылына барып Сүймөнкул Чокморовдун мемориалдык комплекси курула турган жерди, анын өнөрканасын, мектебин көрүп кайттык. Сүйөркул ага төмөнкүлөрдү айтып берди.

— Сүймөнкул көз жумгандан бери өзүнүн деңгээлине жараша жумуштар аткарылбаптыр деп жазылыптыр. Негизи, агабыз Намырбек көзүнүн тирүүсүндө Сүймөнкулдун фондун ачып, акча чогултуп нечен жумуштарды жасаган. Маселен, 1995-жылы Сүймөнкул туулган айылга атын берүүгө салымын кошту. Ошондон бери Сүймөнкул Чокморов атындагы Чоң-Таш айылы болуп калды. Андан тышкары, биздин айылдагы мектепке Сүймөнкулдун ысымы ыйгарылып, алдына чоң монумент коюлган. Сүймөнкул туулуп өскөн үйдүн алдына да киндик каны тамган жер деп жазылган монумент таш бар. Айылдагы маданият үйүнүн жанына айкели орнотулду. Бишкектеги мурунку Энгельс көчөсү Сүймөнкул Чокморов атындагы көчө деп аталды. №92 сүрөт окуу жайына да Сүймөнкулдун аты коюлган. Ошол кезде Сүймөнкулдун өмүр баяны тууралуу эки китеби, анын кинолору тууралуу плакаттар чыкты. Мамлекет анын элеси түшкөн 5000 сомдук чыгарды, аларга да ыраазычылык билдиришибиз керек. Мына ушуларды жасаган Намырбек байкебиз көзү өтөрүндө Сүймөнкулдун айкелин орнотууга чуркагыла деп бизден өтүнгөн эле. Чындыгында эмдигиче айкели тургузулбаганына бир чети ыза болот экенсиң. Сүймөнкул Кыргызстанды бүт дүйнөгө таанытып, союз убагында өз салмагындай алтынды алтын фондго кошкон. Эми кудайга шүгүр, жакында кыргыз эли Сүймөнкулдун мемориалдык комплексин, айкелин куралы деп жакшы демилге көтөрүштү. Байтик айылынын Бөлтөк тоосунун түндүк этегинен жер бөлүнүп, жакында биринчи марафонду Аламүдүн районунун акимияты өткөрдү. Бул фондду биздин айылдык Сагынбек Абдрахманов деген жигит менен Болотбек Шаршеналиев экөө колго алышты.

Аламүдүн районунун маданият үйүнө Сүймөнкулдун ысымы ыйгарылып, ошонун ачылышы менен бирге марафон өткөрүлдү. Эл абдан көп болду. Кыргызстандын бардык аймагынан аксакалдар, Сүймөнкулду таанып-билгендер, талантын сыйлагандар келишти. Ушул марафонго катышып, салымын кошкон элге ыракмат. Депутат Карганбек Самаков депутаттар менен чогулткан акчадан тышкары ишканасынан жана өз атынан чоң өлчөмдөгү каражат бөлдү. Сүймөнкулдун аялы Салима келинибиздин ата-энеси Кант районунун Милянфан деген дунган айылынан болот. Дунган туугандар Сүймөнкул биздин күйөө балабыз деп фондго дунгандардын атынан дагы кошумча беребиз деп убада кылышты. Таластагы «Жетиген» коомунан келишти. Биздин ата-тегибиз Таластан экен. Атабыз Чокмор, анын атасы Ормокой, анын атасы Байсаба Таластан көчүп келиптир. Ошол жактагы туугандар да марафонго келишти. Марафонго канча каражат топтолду, биз ага кийлигишпейбиз. Негизгиси, баштаган демилге аягына чейин ийгиликтүү чыкса болду.

Бул марафон Кыргызстандын башка аймактарында да өтөбү?
Чүйдө өткөн марафондун эстафетасын Ысык-Көл губернаторунун жардамчысы алып кетти. Эми Ысык-Көлдө болот. Андан кийин таластыктар сурап атыптыр. Ошко, Алайга, Кыргызстандын бардык аймактарында марафон өткөрүү пландаштырылып жатат. Президенттик аппараттан, өкмөттөн өкүлдөр келип чоң салымдарын кошту. Ташкул Керексизов да «Аалам ордодон» Сүймөнкулга бир бурчун арнап чоң элесин тарттырам деди да, куру келбей салымын кошуп кетти. Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата Сүймөнкулдун элесин бүтүрүп, баарыңарды чакырам деп айтты. «Аалам ордонун» жанына бир бизнесмен бала мечит салам деп атыптыр, ошол мечитке да Сүймөнкулдун ысымын ыйгарам деп атканын уктук.

Жер алынып, каражат түшө баштаптыр, эми курулуш иштери качан башталчудай?
Жакында мемориалдык комплекс куруу боюнча жана Сүймөнкулдун айкелин жасоо боюнча сынак жарыяланды. Жоомарт Кыдыралиев баш болгон атактуу скульпторлор, сүрөтчүлөр мемориалдык комплекстин жана айкелдин эскиздерин сынакка даярдап атышат. Алардын айтымында, Сүймөнкулдун «Караш-караш» тасмасындагы Сүлүккараны минип мылтык менен турганы, андан тышкары, башка фильминдеги кадрларды жана эки жагына ата-энебиздин сүрөтү болот деп атышат. Ары жагында музейи, эс алуу зонасы болот деп пландаштырылууда.

Уулу Бактыгул жөнүндө эмне дейсиз?
Бактыгул менен биздин туугандар арасында эч кандай талаш-тартышыбыз жок. Ал 19-20 жашка чыкканда Сүймөнкул мен ооруп турам деп уулун эрте эле үйлөнткөн. Ошондон көп өтпөй Сүймөнкул небересин көрбөй каза болуп калды. Агезде Бактыгул жаш болчу, андан кийин келин балабыз Салима көз жумду. Гезитке Бактыгул менен туугандарынын мамилеси салкын дегендей жазыптырсыңар. Биз Бактыгулга Сүймөнкул курган өнөрканасы, жашаган үйү турат, үйдү кайра куруп ал, же карап койгунуң деп далай эле айттык. Жыйырма жылдан ашып кетти, бир да жолу басып келбеди. Атасынын үйүн көрсө болот эле… Айылдагылар деле Бактыгул каякта, атасынын үйүнө бир жолу келип куран окутуп кетсе болмок деп айтышат. Өзүм спорт тармагында иштейм. Жыйырма жылдан бери Сүймөнкулдун ысымындагы волейбол боюнча эл аралык турнир өткөрүп келатабыз. Бактыгулду ушул турнирдин ачылышына келип берчи деп чакырып, бир да жолу келтире алган жокмун.

Марафонго Бактыгул келген эмес турбайбы?
Марафон өткөрүү боюнча бир ай мурун эле теледен, радиодон, гезит-журналдардан жарнактар кете баштаган. Бир жолу Бактыгулдун кайнатасы Кеңеш куда уюштуруу комитетине иштин чоо-жайын сурап барыптыр. Ошондо фонддун төрагасы С.Абдрахманов марафон өткөргөнү жатканын айтып, Кеңеш куда менен Бактыгулду тууган-уругуңар менен куда катары сый болуп келип кетиңиз деп чакырган экен. Бирок Бактыгул да, кудабыз Кеңеш да келген жок. Гезитке Бактыгул мени марафонго чакырган жок деп таарыныптыр. Марафон өтөрүн жарнактардан угуп чакыртпай эле алыстан келгендер көп болду.

Сүймөнкул аганын 70 жылдыгы туулуп өскөн айылында өткөрүлдүбү?
2010-жылы ноябрь айында Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн, айылдагы Б.Шаршеналиев, А.Суталинов өңдүү аттуу-баштуу жигиттердин жардамы менен Сүймөнкулдун мааракесин өткөрдүк. Айылдагы маданият үйүнүн алдына он чакты боз үй тигилип, маданият, искусство чөйрөсүндөгүлөр, «Кыргызфильмден», Москвадан, Сүймөнкул Чокморов атындагы №92 кесиптик-техникалык окуу жайдын мүдүрү келишти. Анда деле Бактыгул келген жок. Ал эми Сүймөнкулдун марафону тууралуу өткөн пресс-конференцияга уюштуруу комитети бизди чакырды, бардык. Бирок анда да Бактыгул көрүнбөдү. Бишкекте «Россия» кинотеатрында Бактыгул да атасынын 70 жылдык мааракесин өткөргөн. Биз да келип катышып, конокторго чепкенибизди жаап, жоолугубузду салып, кайра айылга алып барып коноктоп, Москвага узатканбыз.

Бишкектеги Сүймөнкул аганын өнөрканасы кандай абалда?
Токтогул көчөсүндө жайгашкан Сүймөнкулдун өнөрканасы көптөн бери ремонттоло элек. Марафонго Иса Өмүркулов келгенде ошол өнөрканасын оңдотууга жардам сурасак, каражат бөлөрүн убада кылды. Эми ошол өнөрканасын оңдоткондон кийин Сүймөнкулдун сүрөттөрүн койсок жакшы болот эле. Музейлер коомунда Сүймөнкулдун он беш жылдан ашуун сакталып турган сүрөттөрүнүн баарын жакында Бактыгул алып кетти деп айтышты. Сүрөттөрдү алып кетүү Бактыгулдун өз эрки дечи, бирок аны андай кыл, мындай кыл деген бирөө бар го деп ойлойм.

Эми өзүңүздүн өнөрканаңыз тууралуу айтсаңыз? Эшигиңиздин алдында ар кимдин элеси түшүрүлгөн балбал таштар бар экен, бул өнөргө качантан бери кирише баштагансыз?
Пенсияга чыкканыма он беш жылдай болуп калды. Айылга көчүп келип жашаганыбызга эки жыл болду. Көчөдө жаткан кооз таштарды, эски жаргылчактардын кээсин тоодон, талаадан таап, ат араба, машине менен жүктөп үйгө алып келем. С.Каралаевдин, А.Осмоновдун, ата-энемдин, Сүймөнкулдун жана башкалардын элеси түшкөн балбал таштарды чегип атам. Азыр ташты техника менен араң чегебиз, а илгеркилер жаргылчакты кантип тешти деп таң калам. Ушул балбал таштарды сүрөтчүлөр С.Ишенов менен Ж.Кыдыралиев көрүп алып абдан таң беришип, кеп-кеңешин айтышты.

Сүйөркул аганын байбичеси Зарика ТОЯЛИЕВА эжени кепке тарттым.
Опера-балет театрында он жети жыл ырчы болуп эмгектендим. Давлесовдун «Бойдоктор», «Аста-секин колукту» сыяктуу спектаклдерде башкы ролдорду аткардым. Андан кийин телевидениеде камералык хордо эмгектенип жүрүп пенсияга чыктым. Убагында радиодон күнүгө төрт-беш жолу мен ырдаган «Кутмандуу болсун күнүңөр», «Сагынам» сыяктуу ырларым кетип турчу. Ошол ырларымдын көбү алтын фонддо сакталып калды. Кээде сахнаны сагынгандан түшүмө да кирет. Абышкам экөөбүздүн ортобузда алты бала бар. Балдарымдын баары өздөрүнчө оокат кылышат. Чокморовдордун үй-бүлөсү абдан жакшы адамдар. Жашоомдо Сүйөркулга жолукканыма ыраазымын.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий