Садык ШЕР-НИЯЗ,»Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүсү: «Негизги максатым — байыркы кыргыз жазуусун өзүбүзгө кайтаруу»

Садык мырза, жакында «Манас» кинотеатрын оңдоп-түздөп элдин пайдалануусуна тапшырдыңар. Анын алгачкы абалы кандай эле?
Негизинен жеке эле «Манас» кинотеатры эмес бүтүндөй өкмөткө караган имараттардын ал-акыбалы начар. Биз жыйырма жылдан бери мамлекет куруудагы эң биринчи этапты басып өтө албай койдук. Тактап айтканда, кайсы жол менен келечекке барабыз деген маселени тактай албай шорубуз шорподой кайнап келет. Бир президенттик башкаруу, бир парламенттик башкаруу, бир аралаш башкаруу, бир Швейцария болобуз деп айлабыз кетип жаткан чакта мамлекетке караган имараттардын баары абдан кейиштүү абалга учурап калды. Ошонун бири «Манас» кинотеатры эле. Биз бул имаратты оңдоп бизнес кылып пайда табалы деген ойдон мурун Манас деген ыйык атты алып жүргөн кинотеатрдын мындай адам кейитерлик абалга келгенине макул боло албадык. Бул имарат ушул акыбалда дагы үч-төрт жыл турганда шаарыбыздагы «Ысык-Көл», «Чатыр-Көл» кинотеатрлары сыяктуу таптакыр жок болуп кетмек. Биздин эл Манас менен сыймыктанып жүрсө, анын атын алып жүргөн имараттын кейпи кетип турса, аны көргөн жаш муун, башка улуттун өкүлдөрү, чет элден келген коноктор бизди карап мыйыгынан жылмайып, мекенибизге, мамлекетибизге, улутубузга болгон сый-урматын жоготот эмеспи. Андыктан бул имаратты элдин керегине жараган, Манас деген аты менен сыймыктанган деңгээлге жеткириш үчүн алыбыздын жетишинче аракет кылып, керек болсо мурдакы акыбалынан да жакшырттык.

Бул идеяңызды ишке ашыруу үчүн канча каражат жумшалды? Ал кимдин чөнтөгүнөн алынды? Эми түшкөн каражат каякка кетет?
Биз керектеле турган каражатты сырттан алып келебиз деп ойлогонбуз. Бирок ал үмүтүбүз таш капты. Себеби революциядан кийин бизге чет өлкөлүк акчалуулардын келиши кыйындады. Анан өзүбүздүн өлкөдөн ички инвесторлорду издей баштадык. «Айтыш» коомдук фонду коммерциялык уюм эмес. Андыктан биз ага кете турган бир миллион долларга жакын каражаттын баарын өзүбүз көтөрө алмак эмеспиз. Мисалы, үч кинозалды заманбап техникалар менен жабдуу үчүн эле 400 миң долларга жакын каражат керектелди. Ал эми оңдоп-түзөөдө имараттын сөөгү эле калтырылып, пайдубалынан баштап чатырына чейин жаңыланды. «Айтыш» коомдук фонду өзүнүн аты, кадыр-баркы менен акчалууларга чыгып, имарат биздики, аны оңдоп-түздөп иштетип, түшкөн пайданын 10 пайызын бересиңер, калганын өзүңөр пайдалансаңар болот деген шарт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Натыйжада бул ишке өзүбүздүн жигиттердин арасынан каражат салчулар чыкты. Мисалы, Улан Эсенкожоев деген жигит бар, мыкты чарбакер, ал жардамга келди. Иштин жүрүшүндө андан башка да каражат булактары табылып, ага кошумча өзүмдүн каражатымды салып, айтор имарат жаңыртылып ишке киргенден баштап түшкөн пайданын 50 пайызын «Айтыш» коомдук фондунун бюджетин толуктай турган абалга жеткирдик.

— Көп жерлерде «Манас» — суперкинотеатр» деген жарнактар илинип турат. «Ала-Тоо», «Октябрь» кинотеатрлары деле кайра жасалды эле, «Манас» алардан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
Бул эми бир жагынан жарнакчылар бөлүмүнүн элди тартыш үчүн тапкан сөзү. Бир жагынан «Манас» борбордогу жана жалпы Кыргызстандагы эң чоң кинозалдуу, эң чоң экрандуу жана эң чоң проектору бар кинотеатр. Андыктан бул сөз өз маанисине туура келет.

— Имаратты оңдоо качан башталып, кимдин жетекчилиги менен ишке ашты?
Биз жумушубузду январь айында баштаганбыз. Май айында бүтөбүз деп баталаштык эле. Иш чынында оор болду. Кудай буюруп 28-апрелде анын ачылыш аземин өткөрүүгө жетиштик. Негизи мен азыр бекерчимин, мындай кезде бир иш кылбасам депрессияга түшүп кетем. Министрликтен түшкөндөн кийин бош калып, үч-төрт ай ушул ишке башымды байлап, аны жетектеп турдум. Менин биринчи кесибим машина куруучу, техникалык билимим бар. Андыктан кино коюучу техникаларды орнотууда башка бирөөнүн жардамына муктаж болгон жокпуз. Анүстүнө Москвада кино тармагы боюнча окуп жүргөндө да ушул багытта билим алгам.

Эми коюлуп жаткан кинолордун тематикалык жагына токтолуп кетсеңиз.
Инвесторлор биринчи кезекте ушунча каражатты жумшагандан кийин анын пайдасына карайт экен. Ошондуктан көпчүлүк басым акча апкеле турган Голливуд кинолоруна түшүүдө. Бирок ошол эле учурда былтыр жаш кинематографисттер «Кыргызстан — кыска метраждуу кинолордун өлкөсү» деген долбоор башташкан. Биз кечээ күнкү чогулушта ушул маселени көтөрүп, аларды колдоо максатында кинотеатрдын кичи залында жаңы чыккан кыргыз тасмаларын көрсөтөлү деген чечимге келдик. Буюрса, 14-майда Эрнест Абдыжапаров өзүнүн жана өзү тарбиялап чыгарган жаш режиссерлордун кыска метраждуу кинолорун көрсөткөнү турат.

Кинотеатрдын сыйымдуулугу кандай?
Кыргызстандын эң чоң залы болуп эсептелген бөлүгүбүздө 500 кишилик орун бар. Эки кичинекей залыбызда 57ден орундук бар. Мындан сырткары, бул имарат шаарыбыздагы кафе, бар сыяктуу эс алуучу жайы кенен кинотеатрдын бири.

Башка менчик кинотеатрларда ойноочу автоматтар бар. Имарат кирешелүү болушу үчүн ушундай нерселердин да кошулушу мүмкүнбү?
«Айтыш» коомдук фондунун бирден-бир максаты — коомду руханий жактан өстүрүү. Андыктан бул жерде спирт ичимдиктери сатылбайт, ошол эле учурда кумар оюнунун эч кандай түрү ойнолбойт. Анын тегереги да ушул нерселерден алыс болот. Бул боюнча биз катуу көзөмөл кылабыз. Ал биздин илгертен бери келаткан саясатыбыз.

Мындан беш-алты жыл мурун интернеттин «Googleнан» Кыргызстан кандай өлкө деген суроо салсаңыз, Кыргызстан — жакырлыктын, башаламандыктын, революциянын, мародерлордун өлкөсү деген маалымат чыкчу. Албетте мындай маалымат бүт дүйнөнүн пикирин тескери жакка буруп келген. Азыр аталган сайтка ушул суроону берсеңиз, Кыргызстан — кыска метраждуу кинолордун өлкөсү деген жооп чыгып атат. Көрдүңүзбү, саясатчылар жыйырма жыл ичинде талкалап койгон өлкөбүздүн имиджин жаш режиссерлордун кичинекей тобу аз эле убакта буруп койгонго жетишти. Бул дагы бир жолу Кыргызстан бүт дүйнө жүзүнө руханий дүйнөсү менен гана чыга ала турганын далилдеди. Бирок тилекке каршы, канча какшасак да мамлекет тарабынан руханий байлыктарга көңүл бурулбай келет. Мен муну мамлекеттин шору деп эсептейм. Мына азыр саясатчыларга барып акыркы жолу качан спектаклге бардыңыз, кайсы жаш жазуучунун чыгармасын окудуңуз же кайсы жаңы режиссердун жаңы киносун көрдүңүз деген суроо берсеңиз, оозун ачып отуруп берет. Учурда мамлекет башында турган саясатчылардын токсон пайызы өз улутунун өнөр адамдарын тааныбайт. Албетте бул алардын руханий жактан жардылыгы. Ошондуктан алардын иши менен айткан сөзү дал келбей элди кооз сөз менен алдап келатышат.

Мына «Айтыш» коомдук фондун түзүү максаты да бабаларыбыздан калган өнөрдү сактап калуу менен өз улутубуздун жок болуп кетпешине салым кошуу эле. Кудай буюруп ошол өнөр ЮНЕСКО тарабынан бүткүл дүйнө адамзатынын шедеври болуп таанылып катталып отурат. Мисалы, элүү жылдан кийин дүйнөнү калчап отургандар Кыргызстан мамлекетин жоюп эле башка мамлекеттерге киргизип коелу деп калышса бизди эмне сактап калат? Тиги куучирен саясатчылар сактап калмак беле? Албетте руханий байлыктарыбыз, тилибиз гана биздин өзүнчө мамлекет боло турган улут экенибизди тастыктай алат.

Алдыда президенттик шайлоо болот. Талапкерлигиңизди коесузбу?
(күлүп) Менин андай оюм жок. Президенттикке талапкер болуш үчүн биринчиден, чоң тажрыйба, экинчиден, өтө чоң материалдык байлык керек. Азыркы кезде андай материалдык байлык биздин саясатчылардын көбүнүн колунда жок. Экинчи жолу бар, каражатты башка бир мамлекеттин дөө-шааларынан алып, ал аркылуу президент болуп, анан келечекте алардын камчысын чабуу деген. Ага менин абийирим чыдабайт.

Азыр сиздин негизги кызматыңыз эмне, «Манас» кинотеатрынын директору деп жазалыбы?
Мен негизинен бошмун. «Айтыш» коомдук фондун Азамат Болгонбаев, «Айтышфильм» киностудиясын Фархат Бекмамбетов, «Калемгер» адабий клубун Мирлан Самыйкожо, ал эми «Манас» кинотеатрын Нурлан Абдышев жетектөөдө.

— Кыйраган «Манас» кинотеатрын үч айдын тегерегинде гүлдөгөн имаратка айландырдыңыз. Эмки максатыңыз кандай?
— Жакында өкмөттөн Курманжан датка тууралуу тасма тартууга акча бөлүнсө ишти баштайбыз. Андан сырткары, мен жогоруда айтылган кыска метраждуу кинолор боюнча долбоорго киришем. Биз байкабаганыбыз менен учурда кино тармагында жарылайын деп турган чоң күч бар. Аны туура багыттап, Оскар сыйлыктарын алып өлкөбүздүн имиджин көтөрсөк болот. Анткен менен булар деле өз орду менен. Менин негизги максатым — Орхон-Енисей жазуулары деп аталып жүргөн кыргыздын жазууларын өзүбүзгө кайтаруу. Мунун астында кинотеатрды оңдоп-түзөө чемичке чаккандай эле кеп. Бернштам өзүнүн китебинде «Эне-Сайдагы кыргыз урууларынын өнүгүү процесси аларда коомдук классты калыптандырууга, кыргыздардын мамлекетин түзүүгө алып келди. Жана да бул өнүгүү маданиятынын спецификалык белгилеринин бири болгон байыркы кыргыз жазуулары. Ал жазуулар адабиятта Орхон-Енисей жазуулары деп аталып жүрөт» деп айткан. Мындан сырткары, ушундай пикирин Гумилев, Америка окумуштуулары да белгилеген. Анан эле кашайып ушул маселеге биздин жетекчилер, тарыхчылар, интеллектуалдык чөйрө кайдыгер карашууда. Орхон-Енисей жазууларын дүйнөгө кыргыз жазуулары катары таанытышыбыз зарыл.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий