“Соңку кыргыз адабиятындагы проблемалар жана көз караштар”

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мына ушундай аталыштагы республикалык илимий-теориялык конференция өтүп, анда окумуштуулар, акын-жазуучулар1990-2010-жылдардагы кыргыз адабиятынын акыбалы тууралуу ойлорун ортого салышты.

Университеттин ректору, профессор А.Акунов адамзат  кайсыл жана кандай доордо жашабасын, ага адабияттын ролу канчалык деңгээлде жогору экендигине токтолду. Азыркы орто муундун өкүлдөрүнүн – интеллигенциянын каймактары, саясаттын лидерлеринин дээрлик баардыгы адабият окуп, ага таасирленүү менен ушул деңгээлге жетишкендиги тууралуу катышып отурган студенттердин “кулагына күмүш сырга”  кылып, адамдын адам болуусунда адабияттын ролу өтө бийик экендигин айтты.

Ошол кездеги чыгармалары менен окурмандарды руханий жана эстетикалык улуулукка жетелеген акын-жазуучулардын дөө-шааларынын айрымдары бүгүн ушул конференцияга келип, катышып отурушун ректор студенттер үчүн эле эмес, жалпы окуу жай, анын ичинде окумуштуулар – окутуучулар курамы үчүн да чоң сыймык экендигин баса белгиледи.

– Мисалы, биз акын Соооронбай Жусуев агайыбыздын  ырларын, жазуучу Казат Акматовдун прозаларын окуп, убагында бул адамдарды көрүү бактысына суусаган элек. Бүгүн силер студенттер ал агайларыңар менен бет маңдай отуруп, кездешип отурасыңар. Бул – силер үчүн өтө маанилүү, тарыхий жолугушуу болуп отурат, – деди ректор.

* * *

Акын, КРнын Баатыры Соорон-бай Жусуев мындай конференция канча бир жылдардан бери өтпөй, адабият маселелерине көңүл бурулбай, унуткарылып калгандыгын айтып, эми анын жандануусу абдан кубанычтуу, жакшы жөрөлгө экендигин белгиледи.

Эл акынынын айтымында, доор алмашкан учурдан тарта эле адабият мамлекет тарабынан кароосуз калгандыгына карабай, өз арбайын согуп, жашап келатат жана мындан ары да жашай берет.

Ошентсе да, адабиятты жандандыруу, сапатын жакшыртуу жаатында акын-жазуучулар менен катар эле окумуштуулар, айрыкча сынчылар активдүү иштөөлөрү зарыл. Анткени, сын аксаган жерде  адабиятка болгон баа жоголот, анын кесепетинен чар жайыт жана сапатсыз чыгармалар козу карындай каптай баштайт. Бул болсо жеке адабият үчүн эле эмес, коомчулук үчүн өтө коркунучтуу илдет.

* * *

Жазуучу Казат Акматов, чын-дыгында эле адабиятта бир топ орчундуу маселелер бар экендигине токтолду.

– Балдардын жан дүйнөсүн, табитин  жалаң гана жеңил-желпи эстрада, рок, рэп дегендер ээлеп алды. Жаштардын табитин саат, мүнөт  сайын ошолор менен азыктандырууга өттү. Жатып алып, жууркандын ичине жашынып алып да түнү менен уюлдук телефон аркылуу ар кандай кинолорду көрүп чыга турган болушту, – дейт К.Акматов.

Анын айтымында, доор алмашкан 90-жылдардан тарта адабият бир орунда токтоп турат. Анткени, ага чейин советтик идеологиянын таасиринде жазып келген акын-жазуучулар эмне жазарын билбей абдаарып калышкан болсо, ага салыштырмалуу журналистика тармагы ийкемдүү­лүгүнүн натыйжасында ыкчамдык менен өсүш жасап кеткен. Анткени журналистика – чыны менен эле ыкчамдыкты, ийкемдүүлүктү талап кылган жанр.

* * *

Конференцияда окумуштуу Осмонакун Ибраимов ушул университетке кырк беш жыл чамасында иштеп, бүт өмүрүн жалаң кыргыз адабиятына арнаган Качкынбай  Артыкбаев агайдын ысмын анын кафедрасына берүү демилгесинин алда качан эле көтөрүлгөнүнө карабай, алигиче орундалбай келе жатканын сындады.

– Кыргыздар жок дегенде адам өлгөндөн кийин ага ичи  тардык кылбай койсок жакшы болот эле, чейрек кылым кызмат кылган кафедрага анын ысмын берүүгө эмнеге болбосун? – деди О.Ибраимов.

Ал эми ректор А.Акунов бул маселени сөзсүз колго ала тургандыгын билдирди.

* * *

Адабий сынчы Кадыркул Даутов Гегелдин: “Капитализм кирген жерде адабият алсызданат” деген теориясы менен сөз баштап, чыны менен эле союздун кулашы менен адабияттын алсызданууга учураганын айтты. Бирок, анын айтымында бул үчүн бийликти же дагы бирөөнү күнөөлөөгөн  туура эмес, анткени коомдун башка тармактарындай эле адабият дагы өз алдынча телчигип, өз аракети менен гана бутуна туруп кетүүсү керек.

К.Даутов буга мисал катары  А.С.Пушкиндин өз акчасына гезит чыгаргандыгын, Достоевскийдин басмакана ачып, китептерин чыгаргандыгын белгиледи.

– Капитализм доорунда товарың өтүмдүү болсо, каалашыңча чыгарсаң болот, – деди сынчы. Бирок, анын айтымында сандырак санжырачылар менен тантырак тарыхчылар коомубузга толуп кеткен.

* * *

Ал эми окумуштуу Мырзабек Жумабаев санжырага таянуу менен тарых жазуу аракетттерин сындады. Анын баамында бул – “Бир кадам алдыга, бир кадам артка” деген гана түшүнүк. Башкача айтканда ар ким өз уруусунун коктулук  баатырларын даңазалоону адат кылып алышкан. Ал эми ага таянып тарых жазуу – акылга сыйбагандык.

* * *

Окумуштуу Сайра Исаева бардык окумуштуулардан айырмаланып, соңку адабияттын улам берки тарабына токтолду.

– Мурунку совет мезгилиндегидей беш миң, он миң нуска менен китеп чыкпай, элге чыныгы көркөм адабий китептер жетпей, анын ордуна коммерциялык мүнөздөгү «Бриллиант жылан», «Министрдин кызынын махабаты», «Өгөй кыз» ж.б.у.с. көптөгөн китептер популярдуу болуп, жаштарыбыздын көркөм чыгармага болгон табитин төмөндөтүп жатат. Ал эми радио менен телекөрсөтүү бирин-бири жамандаган саясатчылар менен «шоу бизнестин» жылдыздарынан адабият менен искусствого орун тийбей калды. (Жылдыздардын бир күндө ыры жазылып, бир түндө музыкасы жазылган). Өзгөчө ком-пьютердин заманында радио, телекөрсөтүү, интернет сыяктуу маалымат каражаттарынын тездик менен өнүгүшү сыяктуу факторлор да адабий   кризиске  алып   келиши мүм­күн экенинин көрсөттү. Ошондуктан, көркөм адабияттын адамдын адам болуп калыптанышындагы кызматы, таасири, аткарган миледти зор экенин келечек муунга кеч боло электе түшүндүрүү бүгүнкү күндүн кечиктирилгис чоң проблемаларынын бири, – деди С.Исаева.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 17.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий