Молдобагыш Сарыбай уулу

Кезегинде Жеңижок, Токтогул, Барпы, Жамбыл өңдүү залкарлар менен айтышка түшкөн акын Молдобагыш Сарыбай уулу жөнүндө маалыматтар кыргыз адабият тарыхында өтө сейрек. Бирок, кагаз-калемдин касиети ушунда экен, анын айрым чыгармалары бизге жетип олтурат. Молдобагыштын бизге кечигип жеткен «Абак дептери» деген ат менен «Акындар сериясына» кирген ырларын окуганда, тагдырдын жазмышы менен тартпаган азабы калбаган бул инсандын чынында эле талант даарыган өнөр адамы болгондугун баамдоого болот.

Молдобагыш Сарыбай уулунун өмүр жолуна саресеп салсак, ал 1886-жылы Аксыдагы Авлетим айылында жарык дүйнөгө келип, эне-атадан жаш калып, жетимдиктин зарын аябай эле тартыптыр. Он эки жашында кадимки Молдо Асандын ( Молдо Асан Аксы аймагындагы өз учурунун билимдүү адамдарынан болгон) колунда жүрүп кат таанып калышы анын кийинки тагдырына жарыгын тийгизген. Ошондой эле, Жеңижок, Барпы баштаган акындардын замандашы,  үзөңгүлөш болгондугу, алар менен далай ирет айтышка түшүшү, Молдобагыштын акындык чабытынын арымдуу болушуна себепкер болгон. Анын Алымкул Үсөнбаев  менен болгон курч айтышы  жогорку аталган жыйнагына киргизилген.

Акындын «Абак дептери» ырлары Таш-Дөбө, Жаңы-Жол, Заркен, Наманген түрмөлөрүндө, Сибирде сүргүндө жүргөн кезинде жазылса керек. Бул чыгармаларын Абдымалик  деген таанышы аркылуу түрмөдөн сыртка чыгарып кетиши кийинки муундар үчүн чоң олжо болгон экен. 2215 ыр жолунан турган бул кол жазма Кыргыз илимдер Академиясынын атайын фондусуна 1958-жылы тапшырылса да, эч ким тарабынан көңүл бурулбай «чаң» басып келгендиги, анын адабий чөйрөдө белгисиз калышын шарттагандай. Кийин 1998- жылы гана Малабек Токтоболотов деген жээни киришип жатып жарыкка чыгарткан.   Жыйнактагы «Балалыктагы ыр», «Кандай болот бул заман?»,  «Жеңижокту жоктоо», «Молдобагыш санаты», «Молдобагыш каламы», «Кедейлерге насыят», «Калкыңдан кетти адаалат», «Токтогул», «Молдо абаңдын санаты», «Айдалып барып мен келсем», «Ала-Тоонун бүркүттөрү» жана башка  түрмөгө чейинки, түрмөдөн кийинки ырлары, айтыштары сөз баалаган  окурмандар үчүн көөнөргүс табылга экени талашсыз. Ал эми акындын махабат темасындагы «Сабиркан» ырын азыркы учурда Токтобек Асаналиев кемелине келтире ырдап жүрөт.

Нурзада Ташбаева, “Замандаш” журналы, 03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий