Нурак Абдырахманов, КРнын Эл артисти: «Италиялык гитаристтер күүгө таң калышып…»

expertkg сайтынан алынды

КОМУЗЧУ ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү – Абдырахманов Нурак Абдырахманович
Туулган жылы – 1946-жыл, 19-октябрь
Сыйлыктары – Юнесконун эл аралык сыйлыгынын ээси, КРнын Эмгек сиңирген артисти, КРнын Эл артисти
Учурда жашаган жери – Чүй облусу, Байтик айылы
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 14 баланын атасы

КАРАГАЙЛУУ ТОКОЙДОГУ ЖАЛГЫЗ ТҮТҮН ҮЙ
– Мен касиеттүү Соң-Көлдүн жээгинде жарык дүйнөгө келген экем. Чоң атам эл бийлеген адам эле. Ошонун айынан чоң атам да, атам да кулакка тартылып, чет жерге айдалып кете турган болот. Атам туюктан жол таап, “өлсөм да мекенимден кетпейм” деп Соң-Көлдүн аска-зоолуу, жыш карагайлуу, эл барбаган тоолоруна сапар алат. Тоо бооруна жалгыз үй тургузуп, кийин энемди, бир туугандарымды алып кетет. Ал мени балбан, баатыр кылам деп илбирстин эти менен баккан экен. Жашым алтыга чыгып, мектепке барар учур болуп калгандыктан, Ак-Талаага көчүп келдик. Элдин топ-топ болуп жашаарын ошондо гана көрүп, таң калгам.

Атам комузду жакшы чертчү. Алты жашымдан баштап аны ээрчип, той-тамашада комуз чертип жүрдүм. Атам мага илбирстин терисинен тон, башыма тебетей тигип кийгизип, мектепке жөнөткөнү эсимден кетпейт. Биз тоодо жүрүп ошондой кийим кийип көнгөн элек да. Башка балдар чүпүрөктөн кийим кийип жүрүшсө, мен алардын кийимине суктанып, өзүмдүкү көзүмө өөн учурачу.

АЯН ТҮШ…
– Кичине кезимде Токтогул Сатылганов тууралуу түш көрдүм. Токтогул ата биздин үйгө кирип келип төргө өтүп, комузун черте баштады. Черткенин көрүп, «комузун бир кармасам» деп ойлоп жатам. Бир маалда шарт токтоп мени карап: «Кел, сен да чертесиңби? Кана, чертчи…»- деп мага комузун сунду. Сунулган комузду алып, черте баштадым, Токтогул ата угуп отурду. Ордумдан тура калып эшикти көздөй кадам шилтедим. Өрүк комузду алып чуркап качып кеткеним ушул азыркы күнүмдүн жышааны окшойт. Бала кезимде журналист, акыл-эс киргенде окутуучу болом деп эңсечүмүн. Жараткандын буйругу экен, комузчу болдум.

“БИЛИМСИЗ ДЕЛЕ “ЭЛ АРТИСТКЕ” ЖЕТТИМ”
– Мектеп курагында комуз менен гана чектелип калбастан, аккордеон, гитара, мандолинаны черткенди үйрөндүм. Мектепти аяктаганда “айылдагы клубга жетекчи керек” деп Токмоктогу Маданий агартуу техникумуна жиберишти. Ал жактан хордун дирижёру деген кесипке ээ болдум. Окуумду аяктап, айылга келгенде клубга жетекчи болуп дайындалдым. Тилекке каршы, ата-энемди багуу үчүн окууну уланта алган жокмун. Ошентип жүрүп комуздун аркасы менен чоң сахнага чыктым. Менин музыкалык билимим жок. Жалгыз гана талантымдын аркасынан ушул “Эл артисти” даражасына жеттим.

“КЫРГЫЗДАР НУРАКТЫН БААСЫН БИЛИШПЕЙТ”
– Чет өлкөлөргө көп бардым. Францияга он чакты жолу, Америкага үч жолу, Японияга үч жолу жана башка көптөгөн өлкөлөргө барып келдим. Чет жерде комуздун күүсүн баалагандар көп. Мындан алты жыл мурун Ташкентте өткөн саммитте оркестрдин коштоосундагы менин күүмө кыздар бийлешиптир. Концерт бүткөндөн кийин Казакстандын премьер-министри «Нурак кайда, эмнеге келген жок?» деп сурайт. Биздикилер «Нурак агайды бул жакка жиберишкен жок» деп жооп беришиптир. Ошондо: «Силер, кыргыздар, Нурактын баркын билбейсиңер»,- деп айткан экен. Бул жөнүндө ал жакка баргандар айтып келишти.
Эсте калган күйөрмандарым италиялык төрт жигит болду. Кайсы чет өлкөдө концерт бербейин, алдыңкы орундардан гүл кармаган төрт жигитти дайыма көрчүмүн. Башында көңүл деле бурчу эмесмин, бирок беш-алты жолу кайталангансыды. Мага аябай кызык болуп, эмне үчүн дайыма ээрчип жүрүшкөнүн сурадым. Алар: «Биз Италиянын белгилүү гитаристтери болобуз. Дүйнөдөгү мыкты гитаристтердин баарын билебиз, бирок сиздин өнөрүңүзгө салыштырганда, биздин өнөрүбүз эч нерсеге арзыбай калат экен. Сизден бир жаңы нерсе үйрөнүп алабызбы деген үмүт менен ээрчип жүрөбүз»,- деп жооп беришти.

“БАКТЫЛУУ АТАМЫН”
– Чынын айтсам, мени көп сөз ээрчип жүрөт. “Үй-бүлөсүн таштап кеткен” деп да жүрүштү. Бирок мен балдарымды таштаган эмесмин. Алгачкы жолу 20 жашымда үйлөндүм. Жарым ак-талаалык Күмүш аттуу кыз болчу. Экөөбүз 7 балалуу болдук. Жакшы-жаман айтышкан жокпуз.

34 жашымда кайрадан сезимдерге баш ийип, Нарындын сулуусу Аманбүгө баш коштум. Көпчүлүктүн оозуна алынып, эл арасынан көп сөз чыкты. Аманбү менен бүгүнкү күнгө чейин колум үзүлбөй келатат. Андан 7 балам бар. Мен балдарымды бөлүп-жарбайм. Мен үчүн баары бирдей кымбат. Улуу балдарым үйлөнүп-жайланып, өз түтүндөрүн булатууда. Күмүш менен деле тынымсыз катташып турабыз. Дем алыш күндөрү бала-чакам, неберелерим менен үйгө чогулабыз. Ал күндөр мен үчүн майрам.

“СЫЙМЫКТАНГАНЫМ…”
– Мен кыргызымдын рух дүйнөсүнүн орчундуу бөлүгүн аркалап, башка элге таанытып, дүйнөгө тартуулап келе жатканыма сыймыктанам. Күүлөрүм күйөрмандарымдын моокумун кандырганына кубанам. Кыргыз болуп жаралганыма сүйүнөм. Өкүнгөнүм – кыргызымдын салттуу музыкасын кемсинткендери. Кыргыздын дөөлөтү да, байлыгы да ошол улуттук баалуулуктарыбызда экенин билбей, башка элдин музыкасын уккандардын түркөйлүгүнө өкүнөм.

Мальвина Уметбекова, «Супер-инфо», №446 20-26-май, 2011-жыл

Соц тармактар:

Добавить комментарий