Раимбек АБДИЕВ: “Маңкурттан жүзүкаралар туулат экен”

– “Алай закымдары” романыңыз  Кокон хандыгы, Абдылдабек менен Полот хандын соң­ку күндөрү тууралуу экен. Аны жазууда  материалдарды  кайдан алдыңыз?
– Негизи тарыхый романды тарыхтан алыш керек да. Студент кезде Касымбековдун “Сынган кылычын” окугам. Полот хан жөнүндө тарыхый документтерди, Скобелевдин каттарын  казып окудум. Анан ошолордун негизинде  жазылды.

Андан соң өз көзүм менен көргөн окуялардын   негизинде “Абийир” деген биринчи романымды жазып, ал 1982-жылы жарыкка чыкты. Бул ошо кездеги партократтардын  кошоматчылыгы, коррупциясы жөнүндө жазылган чыгарма болчу.

Анда, жазуучу болуп калууңузга  журналистика чоң  жардам берген турбайбы?
– Албетте. Турмушту көрөсүң, карапайым адамдар менен сүйлө­шөсүң. Малчы – чабандар менен чогуу отуруп, чай ичип… Журналист бардык катмарлардын арасында жүрөт да. Романым чыгаар замат кээ бирөөлөр гезиттин стилинде жазылыптыр, чү дегенде эле  роман жазып кирди деп сындап чыгышты.  “Советтик Кыргызстандын“  башкы редактору  Ж.Турсунов кечирим сурасын деген талап койду. Мен кечирим сурабай койсом гезитке макаламды да чыгарбай коюшту.

– Сексенинчи  жылдары өзү ошондой өнөктүк болсо керек эле. Билесизби, Таласта Элүүбай Отунчиевди  да ур-токмокко алышкан?
– Түгөлбай Сыдыкбековдон баштап, Казат Акматовду, Бексултан Жакиевди сындап жазышты. Эң аягында мени кошуп, бир толкун менен кетти да. Эгер совет мезгили болсо  кийинки беш романымдын бири да чыкмак эмес.

Алайга барып иштедим деп жатпайсызбы.1960-жылдары Курманжан датканын, Абдылдабектин  өзүн болбосо   деле анын балдарын, замандаштарын көргөн, тарыхты бизге караганда кичине жакыныраак  билген кишилер менен да сүйлөшүп,  кеп-сөздөрүн уккан чыгарсыз?
– Ал кезде жаштык кылып, кызыккан эмесмин. Кийин-кийин, жаш өткөн сайын эгемендүүлүктүн баркын билет экенбиз, улуттун баркын билет экенбиз. Полот хан да, Абдылдабек да орустарга кол куушуруп барып, мойнун тосуп берген эмес. Экөөнүн ушул сапатын абдан жактырам. Элдин күнкорсуздугун алар канчалык ойлоду билбейм, бирок өз алдыбызча болобуз деген ниет такай  булардын алдында турган да.

Ошондон улам өткөн тарыхка кызыга баштадым. Бирок, билген кишилер деле эч нерсе айта алышкан жок. Себеби, канча заман өтүп кетти. Анын үстүнө бул кишилер совет доорунда кысмакка алынып, мен кызыгып сураганда деле эчтеке айтмак эмес. Бул жагынан КГБнын кысымынан сабаттуу болуп бүтүшкөн. Кийин роман жазылган соң Абдылдабектин чөбөрөсү Чыныбек Абдыкапаровго  жолуктум.  Тарыхты жакшы билет, белгилүү адабиятчы эмеспи, Абдыганы Эрке-баевге бир окутуп коюңуз деди. Эркебаевден кийин Бегиш Ааматов да окуп берди.

Калган романдарыңыз да тарых темасындабы?
– Чыгармаларымдын  баары эгемендүүлүктүн  баасы канчалык  деген темада келатат. “Төпө аке”, тарыхый инсан эмес, бирок болгон окуялар баяндалган. ХIХ кылымда орустар келгенден баштап биздин чоң аталарыбыз оокат кыла албай калып,  Текеске чейин кеткен. ”Үмүт” болсо 40-50-жылдардагы кыргыз интеллигенциясынын репрессияланышы тууралуу жазылган роман. “Жүзүкарада” элибиз эгемендүүлүккө жеткенден кийинки алдым-жуттумдук, кошоматчылык чагылдырылды. Эгемендүүлүк алгандан кийин сүйүнүп жүрсөк репрессия дале токтогон жок. Кечээ Көлдө иштеп атканда эле президентик шайлоодо мен губернатор Сааданбековго азыр демократиянын заманы, эл кимди кааласа ошону шайласын деп койгонум үчүн кызматтан бошотуп жиберишти.  Чыңгыз агабыз маңкурттарды жазып кетти эле. Көрсө, маңкурттун ордун жүзүкара басып, маңкурттан жүзүкаралар туулат экен. Ошол жүзүкаралардан тазалангандан  кийин гана нагыз демократия орнойт.

Кандай дейсиз,  парламенттик башкаруу системасы киргизилгени туура эле болдубу?
– Бизге парламенттик башкаруудан башка система такыр жарашпайт. Кыргыздын уламыш, жомокторун, кийинки тарыхын карасак кыргыздар бир ханды падыша көтөрүп, ага баш ийген эмес. Бийдин баласы бий болгон эмес эч качан. ”Оозу кыйшык болсо да байдын баласы сүйлөсүн “ деген шылдыңдап айтылган сөз. Кокон хандарын канча жолу сүрүп түшүштү. Биздин жетекчилер, эл башына келгендер ошол тарыхыбыздан үлгү албай жатпайбы. Тарыхтан сабакты биринчи ошолор алышы керек. 2006-жылы “Алай закымдарынын “ тушоо кесүүсү болгондо мен Кудаяр хан 36 аял алган экен. Ошолорду бага албай, улам элдин салыгын көбөйтөм деп бийликтен  кетти. Акаев болсо бир катынды бага албай качып кетпедиби дегем. Акаев биринчи президент болгондо академик келди деп аябай сүйүнүп, барып добуш бергенче шашкам. Кийин жек көрүндү болуп чыкты. Куловду камаганда боорубуз ооруган. Мен, мисалы, азыр аны көрөйүн деген көзүм жок. Мадумаров элим үчүн каруум казык дегенде ой ушул жигит жарайт го деп ушунчалык үмүттөнгөм. Кийин Каркыраны казактарга бергенге биринчи болуп кол коюп атпайбы. Азыр кимге ишенээримди да билбей калдым.

Бир кезде сиз Алайга барып иштеген сыяктуу бүгүн да түндүктүк кадрларды түштүккө, түштүктүктөрдү Нарын, Талас, Көлгө жиберүү кеңири практикаланса эки региондун ортосунда азыркыдай ажырым болбойт беле?
– Элде ажырым жок. Эл эч качан ажыраган эмес. Анжияндык, аркалык деген – бул географиялык, аркы өйүз, берки өйүз деген сыяктуу эле   түшүнүк болчу. Бөлүнгөндү сасык, чолок саясатчылар чыгарды. Айрыкча кызматка жетпей, элди эмес, өзүнүн керт башын ойлогон кишилер чыгарат экен муну. Анан карапайым, ак көңүл кишилер ага ишенип алып атпайбызбы. Абийири бар саясатчы эч качан элди бөлбөшү керек. Ошондуктан, мен азыркы курултайга каршымын.  Аларды көрүп кызарам, уялам. Улут болуп калыптана албай жатсак  уруулардын курултайын өткөрөбүз дешет. Курултай өткөн доордо болгон, ошол доор менен кетиши керек. Анын ордун азыр парламент басып атат. Ошол парламентке кирбей калгандар ич күптүсүн кайдан чыгараарын билбей ушундай нерселерди ойлоп чыгарышууда. Оң канат, сол канат, ичкилик деген балким тарыхты билүү үчүн керектир. Бирок аны саясатка алып чыкпаш керек да.

Дагы бирдеме жазып жатасызбы?
– Ыраматылык Салижан Жигитов мен мындай чыгарма жазып жатам деп ар кимге айта берчү эле. Мен болсо унчукпай, ичимен бышырып-бышырып жүрүп, бир күн отурам. “Менин ойлонуп атканым да иштеп атканым” деп илгери жазуучулардын бири айткандай,  азырынча план түзүп, ой бышырмай.

Мамат САБЫРОВ, “Кыргыз Туусу”, 20.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий