Жалындаган өмүрүн элге арнаган

1-макала

Кыргыз элинин 2200 жылдан ашуун мамлекеттүүлүгүнө эгедер тарыхында Совет доору (1917-1991) өзгөчө баскыч экени шексиз. Бул мезгилди кыргыздар өзүнүн өчүп бараткан мамлекеттүүлүгүнүн отун кайра тутантып, байыркыдан келе жаткан кыргыз мамлекетин өз калыбына келтирүүгө жасалган алгачкы кадам катары карасак болот. Кыргыздардын тагдырындагы бул чоң бурулуш, элибиздин башында турган инсандардан эбегейсиз эркти, ар тараптуу билимдүүлүктү, терең акылмандыкты жана көсөмдүк зор мамлекеттик ишмердикти талап кылган. Ошол кыргыз совет мамлекетинин келечегине чын ыкластан ишенишип, өз колдору менен анын негиздерин курушкан бир далай чыгаан инсандарыбызга кыргыз эли ар дайым сыймыктанат жана алардын бай тажрыйбасын бийик баалайт. Алардын бири, жаш кезинен жетилип, Атамекенине опол тоодой кызмат өтөп, бирок өмүрүнүн аягында өзүлөрү түзгөн мамлекеттик системанын курмандыгына чалынган, көрүнүктүү ишмерлеринин бири Жусуп  Абдрахманов экендиги шексиз.  Ушул жаркын инсаныбыздын туулганына быйыл туура 110 жыл толмокчу.

Бала чактан – эр жигиттикке

Жусуп 1901-жылы 23-декабрда Күнгөй Ак-Суу болушунун (азыркы Ысык-Көл облусу) Чиркей айылында болуш Абдрахман Балпановдун үй-бүлөсүндө туулган. Чоң атасы Балпан Утегенов 1900-жылы 2-июлда 55 жаш курагында Ысык-Көл уездинин Күнгөй Ак-Суу волостунун № 7 айылынын бийи болуп шайлангандыгы жөнүндө документалдык архив дареги сакталып калыптыр.

Абдрахман алгач уулун жерги-ликтүү 3 класстык орус мектепке берип, аны эң жакшы баалар менен аяктаган соң, 1914-жылдан Караколдогу шаардык башталгыч жогорку окуу жайында окуткан. Бирок кыргыз элинин Россиянын оторчулук эзүү саясатына каршы 1916-жылдагы көтөрүлүшүнө байланыштуу, бул окуу жайын таштоого туура келген. Эркиндик максатына жете албай, Кытай тарапка чегинип качкан, тууган эли менен бара жатып каардуу «Тузашуу» белинде өзүнүн атасы, энеси, агасы жана башкалар болуп 7 эң жакын адамынан айрылып, кабыргасы кайышып, жакырчылыктын азабын өз башынан өткөзүп, эрте чыйралган.

Россияда 1917-жылы февралда орус падышасы Николай II тактан кетип, князь Львов баш болгон буржуазия өкүлдөрү бийликке келери менен Кытайдагы кыргыз качкындарына өз жерлерине келүүгө шарт түзүлгөн. Жусуп иниси менен алгачкылардан болуп Караколго, Кыргызстанга кайтып келген. Бул жерде орус-аскер гарнизонунда кара жумуш аткарып жанын баккан. Орус офицерлеринин бири аны Верный (азыркы Алматы) шаарына ала барган.

Жусуптун жаңы турмушка алгачкы кадамы большевиктердин Верныйда уюшулуп жаткан Морозов жетектеген Кызыл Гвардиясына кирүү менен башталган. Өзүнө тың жана билимдүү, 17 жашар кызыл гвардиячы тез эле эскадрондун командиринин жардамчысы болуп дайындалган. Жети-Суу фронтунда Мамонтов-Кихтенконун отрядында ак гвар-диячыларга каршы салгылашкан. Бир аз өтпөй, ал 1919-жылы командалык курстарда, адегенде Верныйда, анан Ташкентте окуп келген. Ошол эле жылы Россиялык Коммунисттик (большевиктер) партиясынын  (РКП б) катарына кабыл алынат. Тилекке каршы, Жусуп ооруга чалдыкканына байланыштуу  тез эле аскердик кызматтан баш  тартууга мажбур болгон.

Анткени менен жаш коммунист Түркстандын саясий турмушуна ого бетер баш-оту менен чөмүлгөн. Ошол эле 1919-жылы ал жаңыдан уюшулган Россиялык Коммунисттик Жаштар Союзунун (комсомол) Түркстан бюросунун Президиум мүчөлүгүнө шайланган. Кийин жаштар союзунун ар кайсы жыйындарына катышып, Түркстан крайынын, анын ичинде Кыргызстан комсомол кыймылын уюштурууда жигердүү эмгектенген. Өзгөчө белгилөөчү нерсе, 1920-жылы Москва шаарында Лениндин жаштарга айткан маңыздуу «Окуу, окуу жана окуу» деген насааты астында болуп өткөн жана Россия комсомолунун программасын кабылдаган даңазалуу Россиялык Коммунисттик Жаштар Союзунун III съездине Жусуп да катышып, Владимир Ильич менен көзмө-көз маектешкен.

Кыргыз мамлекетин кайрадан түптөө жолунда

1920-жылдардын башталышында Ж. Абдрахманов партиялык ишке өтүп, Түркстан Компартиясынын Алматы, Копал, Талды-Коргон, Пишпек, Каракол уезддик-шаардык комитеттеринин жооптуу кызматтарында эмгектенип такшалган.

Жусуп Абдрахмановдун Каракол уезддик-шаардык коммунисттик партия комитетинде иштеген мезгили жер-суу реформасынын (орус колонизаторлору ашыкча ээлеп алган кыргыз жерлерин кыргыздарга кайрып берүү иш- чаралары) жана жаңы экономикалык саясатты жайылтуу мезгилине туура келген. Жети-Суу облусунун бардык уезддеринин ичинен жалгыз гана Каракол уездинде жер-суу реформасы нааразычылыксыз пландуу өткөрүлгөн экен. Бул жерде азык-түлүк салыгынын маңызынын жана принциптеринин одоно бузулуп жаткандыгын изилдеп чыгып, салык түтүнгө бөлүнүп, мурунтан бери дыйканчылык кылган келгин орус-украин  чарбаларга караганда жерге жаңы гана ээ болгон кыргыздарга оорчулук тартып жаткандыгын көрүп, Жети-Суу обкомунун алдына маселе коюп, азык-түлүк салыгын түшүмдүүлүккө жараша белгилөөгө жетишкен.

1924-жылы март айында Түркстан Компартиясынын Борбордук аткаруу Комитетинин жооптуу катчылыгына дайындалган.

Ушул мезгилде Түркстан Автономдуу Советтик Социалисттик Республикасын (ТАССР) улуттук мамлекеттерге жиктүү жөнүндө ССР Союзунун жогорку органдары чыгарган чечим актыларынын негизинде кыргыз эли өзүнүн улуттук (социалисттик) мамлекетин кайра жаратууга мүмкүнчүлүк алды. Бул ишти аткарыш үчүн атайын Россия Социалисттик Федеративдүү Республикалар Союзунун (РСФСР) Кара-Кыргыз автоном облусунун Ревкому түзүлүп, анын төрагасы болуп Иманалы Айдарбеков дайындалган. Михаил Каменский, Рахманкул Кудайкулов, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев жана башкалар мүчөлүгүнө бекитилишкен. Орто Азия калктарынын улуттук мамлекеттерин кайра жаратып түптөө боюнча зор уюштуруу иштери жүргүзүлгөн мезгилде Кара-Кыргыз автоном облусунун борбор шаарын тандоодо көп сунуштар айтылып, кээ бирөөлөрү Кочкор, Жалал-Абад дешсе, Жусуп Ташкент шаары болсун деген ойду айткан экен. Ошол учурда, жаңы уюшулуп жаткан өзбек мамлекетинин борбор шаары Самарканд болот, ал эми  казактар болсо өз өлкөсүнүн борбору кылып Оренбургду белгилейбиз деп турушкандыктан, Жусуптун бул ою кандайдыр бир деңгээлде жүйөлүү эле. Анткени тарых күбө болгондой, өткөн кылымдарда Ташкентте жана анын тегерегинде кыргыздар жашаган, ал эми кыргыздан чыккан ишмерлер анын башкаруучулары болгон. Алсак, XVII кылымдын биринчи жарымында жашаган казак ханы Эшимдин (биздин санжырачылар аны кыргыздардын саруу уруусунан деп айтышат) досу кыргыздын багыш уруусунан чыккан Көкүм бий Ташкентте башкаруучу болуп туруп көз жумган. Анын сөөгү чоң урмат менен бул шаарда көмүлүп, мүрзөсүнө кооз күмбөз курулган. Аны жергиликтүү калк кастарлап «Көкүмдүн көк күмбөзү» деп атаган. XX кылымдын башында да ал өз келишимдүү турпатын жоготкон эмес. Андан кийин, XIX кылымдын биринчи жарымында кыргыздын кара багыш уруусунан чыккан Алимбек ысымдуу адам Кокон ханы Мухаммедалинин (1822-1841-жж. бийликте болгон) ишеничи менен Ташкенди башкарып турганын тарыхый булактар тастыктайт.

Кыргыз мамлекетин кайра жаратуу боюнча уюштуруу иштеринин жүрүш мезгилинде ушул Ревкомдун мүчөлөрүнүн бири-бири менен жакшы тил табышпагандыгы ачык-айкын байкалган. Өзгөчө ушул учурда жетекчилик бийликке умтулууданбы, айтор, эки жааттык күрөш пайда болуп, бир тарабы (Р. Кудайкулов, Д. Бабаханов) Кара-Кыргыз автоном облусунун Кыргыз (Казак) АССРнин составында биргелешүүнү жактаса, экинчи тобу (Ж. Абдрахманов, И. Айдарбеков, И. Арабаев) РСФСРдин курамында болууну колдоп чыгышкан.

Мындай жагдайды кээ бир окумуштуулар көбүнчө уруулук принципте жиктелүү багытын алып, эскиликтин калдыгы катары баамдашат. Ал эми Ж. Абдрахманов муну жаатташуу күрөшү деп белгилейт. Биздин оюбуз боюнча бул тек кыргыз совет мамлекеттүүлүктүн кайра жаралып өнүгүшү тууралуу көз караштардын тактикалык гана айырмалануусу болсо керек, анын залакасы акыр-аягында, чыныгы карама-каршылыкка алып барган. Антсе да, ошол мезгилде элибиздин өзгөчө улуттук совет мамлекети болуп түптөлүшү — мамлекеттүүлүгүбүздүн жаралыш процесси түпкүлүгү туура багыт алгандыгы азыр гана даана баамдалып жатат.

Ушул тирешүүнүн негизиндеби же Каракыробкомунун биринчи катчылыгына дайындалган М. Каменскийдин саясатынанбы, айтор, анын экинчи катчылыгынын милдетин аткарып жаткан Жусуп 1925-жылдын март айында болгон Кара-Кыргыз облустук партиялык уюштуруу курултайында өзүнө ылайыктуу кызматка да, облустук комитеттин составына да шайланбай калат. Ушундай эле тагдыр билимдүү, чоң тажрыйбалуу жана бийик абройлуу жергиликтүү кадрлардын бири И. Айдарбековго тийиштүү болду. Буга караганда Каменский борбордон жиберилген адам катары өзүнүн жанында жергиликтүү чыныгы тың иш билген адамдарды жетектөөгө дарманы жетпегендигине ынанып, булардан кутулуунун айласын ойлосо керек.

Мындай жагдайдан кийин Жусупту Ташкентке ВКП (б) Борбордук Комитетинин Орто Азия бюросуна уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басарлыгына, кийин Москвада РКП (б)нын Борбордук Комитетинин инструкторлук кызматтарына колдонушкан. Айтмакчы, Жусуп кыргыз жигиттеринен эң биринчи болуп компартиянын негизги штабында иштөөгө татыган экен. Бирок элим, жерим дегенде жанын бергенге даяр Жусуп Кыргыз мамлекетинин жаңы жетекчилеринин алгачкы кадамдарында кетирилген калпыстыктарга абдан тынчсызданган. Ал ушундай кетирилген кемчиликтер жөнүндө, өзгөчө кадрларды тандоо боюнча түз эле И. Сталинге 1925-жылы 5-майда жазган катында билдирген, «Менин сизге кайрылуумду кайра Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна кызматка баруу аракетинен баалабооңорду суранам, негизги каалоом: бул Кара-Кыргыз облусу иш билги борбордук жана жергиликтүү кадрлар менен камсыздалып, ошондой эле РКП (б)нын Кара-Кыргыз уюму чыныгы большевиктик жетекчиликке жетишип, анда биримдиктин өкүм сүрүшүн каалайм!», – деп ба­са белгилеген.

Ушул саптардын чын ыкластан чыккандыгы жана Жусуптун жогорку бийлик үчүн жан талашпагандыгы анын кийинки басып өткөн өмүр жолунан, өзгөчө күндөлүк беттеринде калтырган маалыматтардан ишенимдүү жана даана ырасталат. Жусуптун кырдаалды түшүнө билген уюштургуч мамлекеттик ишмер экендигин өз убагында анын муундаштары белгилешкен. Кыргыз кызматкерлеринин биримдигин  көздөп, ал ошол эле Ташкенттен өзүнүн мурунку, кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүү боюнча тактикалык жактан карама-каршы топтогу Рахманкул Кудайкуловго 1925-жылы 5-майда жазган катында аларды тынчтанып, биримдикке келишке чакырат. Бул кийин өзүнүн жакшы жыйынтыктарын берген.

Жусуптун зор мамлекеттик ишмердиги аны 1927-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Эл Комиссарлар Советинин төрагалыгына болгону 26 жаш курагында дайындалганда ого бетер өркүндөгөнүн байкайбыз. Анын жан уруп Атамекеним — Кыргызстан дегенде эч тартынбастыгы, кээ бир Орто Азиядагы жана борбордогу — Москвадагы Бүткүл россиялык компартиянын жетекчилерине көп жага бербегени байкалат. Аны партиялык кызматка сүйрөп кетүү аракеттери бир нече жолу жасалган, ага Жусуп ачык эле каршы болуп, эл комиссариаттын советинде накта курулуштун практикалык иши топтолгон, андыктан бөлөктөр бул күрөштү уттуруп жиберишет деп ойлогон.

Ушул жогорку кызматта Жусуп болгону алты жарым  жыл (1933-жылдын сентябырына чейин)  гана эмгектенсе да, анын Кыргыз Автономиялык республикасынын экономикасын, маданиятын өнүктүрүүдө чоң салым кошкону талашсыз. Анын өзгөчө ишмер — адистерди тандап даярдоо маселесинде өтө тыкан болгону байкалат. Белгилей турган нерсе,  Жусуп өзүнүн бир тууган иниси Токо билим деңгээли жагынан өсүп,  жооптуу кызматка жигердүү келгенине (26 жаш курагында 1937-жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасы болуп дайындалган) өтө ыраазы болуп шыктанган. Тилекке каршы, ал да бир жыл өтпөй, 27 жашында жалган айыпталып, агасы менен бир күнү –1938-жылы 5-декабрда атылган.

Дөөлөтбек Сапаралиев, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору
Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты

жана Ж.Баласагын атындагы сыйлыктын ээси
,
“Кыргыз туусу”, 20.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий