Сагын Акматбекова

1949-жылы Калинин районундагы Орто-Арык айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин, адегенде Фрунзедеги политехникалык институтунда окуп, анан 1968-жылы СССР жазуучулар Союзунун М. Горький атындагы адабият, институтуна кирип, аны 1973-жылы ийгиликтүү бүтүрүп чыгат. Ошол жылдан баштап ал “Кыргызстан аялдары” журналынын коомдук-саясий бөлүмүнүн башчысы болуп иштей баштаган.

Анын ырлары 1968-жылы “Кыргызстан маданияты” газетасы менен “Ала-Тоо” журналынан жарык көргөн. Биринчи ырлар жыйнагы 1970-жылы “Жамгыр” деген ат менен чыккан.
С.Акматбекова 1975-жылдан бери СССР жазуучулар Союзуна мүчө.

 

Ырлар

КААЛОО

Эч жүгүм жок, эч ким да жок жанымда,
Жөө-жалаңдап чыгып кетсем жер кезип.
Кээде карда, кээде калып жамгырда,
Келсем түркүн мезгилдерге кездешип.

Жон шыбакка, гүлгө толуп ойдуңдар,
Жолдош болуп ай коштосо асмандан.
Жолдон алган бир үзүм нан койнумда,
Суу болсо шар суусап келе жатканда.

Арыбасам, сезим менен эсимди
Ала келсем эч бир чаңга бастырбай.
Кайраты мол, кайгысы жок кезиндей
Какса жүрөк кабыргамдын астында.

Каңтарылып деңиз чыкса жолдо шол,
Калтаарбастан мен кайыгын айдасам.
Түк өлбөсөм! Өлсөм бейит болбосом,
Өксөп ыйлап балам жалгыз калбаса.

Өлсөм, акса сан түрлүү доор, сан кылым…
Өзгөрбөгөн бир дем калса ырымда.
Чаңдууну жууп, чанкаганды кандырып,
Жалгызга жар, жарык болсо муңдууга.

 

КЫШКЫ КЕЧ

Из, жыты жок тегеректе эч кимдин,
Ит да, куш да жай-жайына тарады.
Кар боройлоп, каш карайып, кеч кирди,
Калмурат, бас! Бас, үйгө кир, карагым.
Жазган элем жаркын, куттуу жылдарда,
Жашоо кызык, күн жайкы бир ысыкта.
Мен карайын кагаздарга, ырларга,
Сен кечээки сабагыңды бышыкта.
Жарыштырып уйкаштуусун, агын да,
Шул шам асты, шул үстөлдүн четинде,
Жазган элем жалындуураак чагымда,
Жарыгым, сен бешиктеги кезиңде.
Алаксыба, улам тышты караба,
Ана, турат коюндашып түн менен
Кардан ийлеп өзүн курган калаа да,
Кар кишиң да, кар экенин билбеген.
2000-жыл

 

КЕРЕК ЭЛЕҢ

Кыйырсыздын демин уруп, кыбыладан согот жел,
Кыры шаардын, бою суунун, кызгалдактуу көк шибер.
Оюн, күлкү, аңгемеси өзүңдөй от бербеген,
Олтурамын көк шиберде көңүл ачкан эл менен.
Ак чыныда кызыл шарап бир толтура, бир бөксө,
Алып учуп эт жүрөгүм сени издедим күн кечке.
Телефондон сураштырдым, сүрүштүрдүм өз, жаттан,
Сууга аккандай угулбайсың, туюлбайсың эч жактан.
Жоксуң жерде, жоксуң көктө, же үйүңдө, же жумушта.
Жолукканың ырас беле, бул ызы-чуу турмушта.
Чындык беле каттаганың, о кайсы бир чактарда,
Чыгып бардык тоскоолдордон мен жашаган жактарга.
Эмнегеби, эмнегеби? Эмнегесин ким билди,
Эмнегедир өткүм келди, өзүң менен бул күндү.
Каалашыңдай болсун баары, мейли сүйлө, сүйлөбө.
Катарлашып олтурушуң керек эле тим эле.
Ирээти жок шамал жүрүп, киймиң тийип киймиме,
Илептериң илебиме, ийниң тийип ийниме.
Телмиртип көз бир багытка, көө, чаңынан иргелип,
Тегиз алган төгөрөктү, оюң ойго нур бөлүп.
Керек эле, керек эле, жылдыз, мээриң төгүлүп,
Керек эле жок дегенде коюшуң бир көрүнүп.
Кара жолдон түр машине өйдө-төмөн зуулдайт,
Кайсыл кулптуу каалгадасың, түк кабарың угулбайт.
2003-жыл

 

КӨЧӨ

Өттүм өйдө, төмөн өттүм көп ирет,
Өткөн сайын көзгө жылуу көрүнөт.
Бишкек шаары, Биринчи май көчөсү,
Үй номуру 63. Бул жерде,
Иштегем бир күндөрдө.
Күтүп туруп иш соңунда, кеч күздө.
Күүгүм ченде, тышка чыкчу тепкичте,
Жаныбыздан аркы-терки чубаган,
Жат, өз көздөн жашырынбай, колуму,
Жаш кесиптеш сураган.
«Болбойт! — дегем, — болбойт, болбойт, жок, болбойт!
Айырма чоң жашыбызда. Топтолбойт
Күлүбүз да, дилибиз да бир жерге,
Бүлүк салба бейпил, бүтүн дүйнөмө.
Теңиңди тап, зарыгууңун, күтүүңүн,
Болсун соңу ушул күүгүм, ушу түн.»
Ызгаардуу бир шамал согуп, жулмалап,
Ыраңы өчкөн бариктерин, бак толкуп,
Ар бир улут өз желегин булгалап,
А чоң Союз жаңы ураган чак болчу.
Азыр ойлойм, ошол күздүн кечинде,
Мен да алдырып ал курчалган сезимге,
Басып кетсем кол кармашып, нетмекпиз,
Кандай болмок? Балким, жашап кетмекпиз.
2008-жыл

 

КАЗБА ТҮБҮН, ӨЧКӨН ЧОГУН ҮЙЛӨБӨ…

Казба түбүн, өчкөн чогун үйлөбө,
Калчум калып, бөлүнчү учум бөлүндү,
Жазып-тайып дагы келсем дүйнөгө
Жашамакмын дал эле шул өмүрдү.
Бүткөн буйрук, жазууларын бүт чачып,
Бүт уратып, өзүмө төп тагдырды,
Өзүм куруп, гүлдүү бекет узатып,
Күтүп порттор бурганактуу, жамгырлуу,
Ар кыл сыйкыр, сыйларына орошуп
Ак ордо да, алачык да кездешип,
Болбосту издеп, болгондорду жоготуп
Болжогон жак, жээктериме кеч жетип,
Удургуган доорлор басып дооруму,
Унутулуп, бир учунда эскирип,
Отко салып, суудан алган колуму,
Оокат кылып, балдарымды өстүрүп,
Жазганымдай жазып жазган ырымды,
Бирок жайып өрүштөрүн кеңирээк,
Дарыясын нукка салып сыйымдуу,
Дарактарын жерге сайып бегирээк,
Жуурулушуп караңгыңа караңгым,
Суурулушуп чачыраса чачырап,
Ар бир күнүн ушул жашыл ааламдын
Жашамакмын акыркыдай асырап.
2008-жыл

 

КОРООБУЗДА ТЕРЕКТЕР…

Корообузда теректер, койну шыңга
Коюуланып келатыр жылдан жылга.
Узундуу күн түбүндө балдар ойнойт,
Уя кылып баштарын чымчык тойлойт.
Көчөтүнөн апкелип жазда күлгүн
Көчүргөндөр биз менен, кайда бүгүн?
Багдад, Сидней, Кипрден, Египеттен,
Бактыларын таптыбы издеп кеткен?
Жазда бүрдөп жарышып, күздөрүндө
Күбүлгөнү киреби түштөрүнө?
Буралганын бороондо булгалайбы,
Буурул мажрүм, кипарис, курмалары.
Уюган үп, тумандуу кечтеринде
Ушул биз жак түшөбү эстерине?
Ушул эски көчөбүз, узун, туура
Удаа түшкөн үйүбүз УВДга…
Каш, каалгалаш турдуңуз, биз саал четте…
Капарында бардырсыз Сиз, эжеке!
2007-жыл

 

ЭСИМДЕ

Эне нускап кыздар өскөн ыйбалуу,
Уулдар алган уяттуу нарк атадан,
Ооба, эсимде, кыска аптага бир барып,
Кыштакчаң ал мен кыйла кез жашаган.
Ооба, эсимде, эшекченин жөө улап,
Эң башында тегирменге эл чубап,
Талдан соккон көпүрөсү солкулдап,
Дарыяңар дайым аккан толкундап.
Шабдаал, өрүк ар бир үйдүн багынан
Шагын ийип, ийрилүү, түз камтылып
Иңир кирип, жык толуп жаш, карыга
Ишембилеп кино койгон тар клуб.
О, биз анда тартылышкан, сүрдөшкөн,
Танып жерди, асмандарды сүйлөшкөн
Онунчуну жаңы бүткөн, сала элек
Турмуш изин, тунук маңдай бала элек.
Күлүп-жайнап булгалап туш-тараптан
Күүгүм-чаңдуу дүйнөмү ээлеп бүт өзүң,
Күүлүп жаткан жалбырактар дарактан
Күнү бою неге оюма түшөсүң?
Жасагандын жазмышыңа чийгени
Жараштыбы сендеги эс, мээнетке,
Уя курдуң кай шаарына дүйнөнүн,
Уландыңбы уруу-уңгулаш элетте?
Тойлорунда созгон абаз, күүлөрү,
Өлгөнүндө муңдуу чыккан кошогу,
Баягыбы ай жылдыздуу түндөрү,
Бак, өксүктүү тиргилиги ошобу?
Жылга, сайдан суулар суудай, от оттой
Жылтылдашып, сан кыштактар алмашып,
Кечирдиңби? Кете бергем коштошпой
Кечиндеги автобуска жармашып.
2000-жыл

 

КҮЗ ЫРЛАРЫ

…Күз да келет. Күз келет деп сүйүнөм
Бариктердей дарагынан күбүлгөн,
Шамалындай көчөсүндө жүгүргөн
Ырлар жазган келет менин күндөрүм.

Келет ырлар. Келемин деп айттырбайт.
Турсун белен кагаз менен калемсап
Кай учурда келсе дагы. Алтүндө
Күйүп турсун курбум жашыл шамчырак.

…Эс да, жан да эркин турсун баарынан:
Кайгы-муңдан эт жүрөктү каарыган,
Жеңил достон, жеке душман заарынан.
Эс да, жан да эркин турсун баарынан.

Келет ырлар. Келет тагдыр сыяктуу:
Ачык-айкын, күңүрт, татаал жолдору.
Түгөнбөгөн түйшүктөрдөн убак таап,
Мен үлгүрүп жазып калсам болгону.

Күкүк үндөп, гүл гүлдөгөн кез кана?
Көңүл да аңыз сыяктанат бош калган.
Жакшы кабар күткөндөймүн эрте кеч,
Жапайы каз учуп өтчү жактардан.

Бул болбосо тигил кырдын артында
Кырк тизилип кыйкуу салган каркыра…
Көрүнгөнсүйт көз уялткан бакты да
Эртеңкинин күндөрүнөн жаркырап.

Кыйрын кезип, боюн бойлойт боз чалгын,
Боз чалгындан деми келет жаш кардын…
Эстебесим басып келер эске алып,
Бул болбосо башка өмүрдө кез бардыр.

Жаандан кийин… жагып кетер айың бар.
Кылчактабай өт, өтө бер, да бир күз.
Айың барда бар-жогуңа кайылмын,
Жарыктык күз, нээтим сага дайым түз.

…Жумшак, муздак… жайбаракат жааганын
Сен да көрүп турасыңбы, о досум.
Кыштын башын айтып келген жаңылык,
Ушул ак кар былтыркы кар болбосун.

…Келсек бир кез кереметтүү бул жайга
Кетерибиз анык экен акыры.
Ким эле деп, кайда эми деп сурабай
Мына ушул кар жаай берер акырын.

Жылт-жылт этип жанып туруп жарыктан
Жылдыз сындуу учканыбыз мейли эле.
Дил табышса, тил табыша алышпай
Кадыр-көңүл калтырыштык эмнеге.

Кездер болгон таңын чогуу атырбай
Күн көрбөстөй бирибизсиз бирибиз.
Сен өзүңчө турмуш куруп, капырай…
Мен өзүмчө жашап эле жүрөбүз.

Кемип, толуп… аз жүрүппү, көп жүрүп,
Биз кетебиз кайрылбастын айлына.
Азбай, тозбой ага берет мезгилдер,
Абалкы кар жаай берет дайыма.

 

* * *
Байыркы Кытай акындары
Ли Бо, Ду Фу, Бо-Цзюй-иге

Жаш өйдөлөп барган сайын биз ачкан
Кайра баштан–ушул эски сүйүүбү?
Шул дүйнөбү?–Барактарын барактайм,
Байыркынын китебине үңүлөм.

Белгиси эмес, бейитинин изи жок
Сөөгү сөпөт болгондугун ким билет.
Ырын айтпайм. Ыр ичинде үтүрү
Кай бир тирүү акыныңан тирүүрөөк.

Ай толгондо сүрдүү, муңдуу көрүнгөн
Ал дөбөдүр чар учкан да, чаң учкан.
Өз доорунда акын баркын ким билген,
Ким түшүнүп, мүдөө, зарын ким уккан.

 

ЭКСПРОМТ

Айттырбай келди тушума
Арга жок, керек өтүшүм,
Шиштака кийген бутума
Кемпирдин сүйрөп кепичин.

 

ОЛТУРАМЫН БУЛЬВАРДА

Ченемсиз кыялга батып.
Алтын түстүү жалбырактар
Түшүп жатат бут алдымда.
Канаттары күн нурун катып
Кайдадыр кетишти куштар.

Кооздошуп асман бетин
Учкан сайын куштар арылап.
Кеч күз… булуттар, булуттар.
Жүрөгүм кимдидир сагынат.
Ким болду экен-Ал?

Кеч күз… Олтурамын гүлбакта.
Дарактар шуулдашат.
Кимдир бирөө шыбырагансыйт:
«Эстечи… кышкы түндү»
Жүрөгүм жооп берет:
«Автобуста баратканбыз.
Мен тиктегем күзгүсүнөн айнектин
Сени… сенин көзүңдү, кирпигиңди…
Көрүнбөй кайда кеттиң,
Таштап жалгыз?…»

Алтын түстүү жалбырактар
Түшүп жатат бут алдыма.
Олтурамын бульварда…

 

* * *

Коюлбасын эч эстелик, эч белги.
Билген билер, билбеске не кереги.
Таңы нурга, жылдызга жык кечтери,
Болсун боору бир калкайган дөбөнүн.

Сан түс берип, билген ойнун ойносун,
Жаз менен күз, кыш менен жай убактар.
Каптабаган караган-чер болбосун,
Калың бассын өзүм сүйгөн шыбак да.

Каалашынча эзсин жамгыр турпагын,
Кар астынан гүл башбаксын дирилдей.
Көргөн кезде урпагымдын урпагы,
Көр экени калсын такыр билинбей.

 

ЧЫҢГЫЗ АГАГА

Кызарып күн батса кошо батты эле,
Агарып таң атса кошо атты эле,
Каркырадай каргып, Атажуртуна
«Кайтса экен деп, — аман-эсен» жатты эле.

Жамы кыргыз тилегендей болбоду,
Жазылды бейм, жазмыштан ак болмогу.
Каяккадыр төнүп кетти кайыптай
Карааныңыз калдайган чоң жолдогу.

Уясына күн жашынып, түн сүрүп,
Учсуз дүйнө укту кулак бир түрүп.
Калды Ысыккөл: «Кайраным!» — деп бир толкуп,
Калды Алатоо бир солк этип, күрсүнүп…

…Жазган Сизби? Жарып жааган ак карды,
Жаңсаган ким алдыдан жаш жаздарды
Эдигейби, Казангаппы? Шүгүрлүк!
Экинчи бир өмүрүңүз башталды.

 

АБАЛКЫ КАР

…Үйдөсүңбү, жолдосуңбу? Бир муңдуу
Сен да мендей ойдосуңбу, о досум.
Биз экөөбүз бирге кечкен… ким билди?
Ушул ак кар былтыркы кар болбосун.

…Келсек бир кез кереметтүү бу жайга
Кетерибиз анык экен акыры.
Ким эле деп, кайда эми деп сурабай
Мына ушул кар жаай берер акырын.

…Жылт-жылт этип жанып туруп жарыктан
Жылдыз сымал учканыбыз мейли эле.
Дил табышса, тил табыша алышпай,
Кадыр-көңүл калтырыштык эмнеге?

…Кездер болгон ар бир чыккан күнүбүз
Кем сезилген бирибизсиз бирибиз.
Сен өзүңчө турмуш куруп… Капырай!
Мен өзүмчө жашап эле жүрүбүз.

…Жаралган соң жарыкчылык шаарына,
Жанмак да бар, өчмөк да баарыга…
Акканындай ага берет мезгилдер,
Абалкы кар жаай берет дайыма.

 

ЭСКИ КҮНДӨР

…Жалгыз-жарым караан болуп жакындап,
Эски күндөр, эшигимди какпагын.
Жапырт оңгон силер билген жашыл бак,
Жаап жатат жаңы күндүн ак кары.

Силер болмуш — болгон дагы, жок дагы.
Силер китеп он кайталап окулган.
Жалындатып темир мешке от жагып,
Жаш кеч менен маңдай-тескей олтурам.

Анын сөзү таттуу дагы, кызык да..
Ачыла элек ааламдарга чакырат.
Үй ысыта, темир мешти кызыта,
Как кургаган жыгач күйөт чатырап.

Айтат, айтат, тамшанткан көп сөздөрдү
Бир ишенип, бир ишенбей угамын,
Таңы сүрүп келе жаткан кездердин
Такыр батпас бак-таалайы тууралуу.

А мен ичтен… аны кантип жашырам,
Кечип барып кечки жааган бу карды,
Ырайдагы кат-кат бырыш жазыла,
Ырдашсам дейм биз ырдашкан ырларды.

Айтат, айтат… а мен тышта кар уруп
Кайнап жаткан караңгыга обдула,
Таштап кеткен буюмдардын чаңын күүп,
Тапкым келет ар бирин өз ордунан…

…Өтөт, өтөт. Бул күндөр да эскирет.
Өчөт, өчөт жалындаган оту да.
Жүгүргөн саат, жүрөктөштүк кечки кеп
Жүрө-жүрө өзүңөргө кошулат…

Тобу менен токтоп калган сааттары
Толкуп-ташып кайта да бир келишет.
Көңүл чери, көздө толгон жаштары
Келишет да, мени менен өлүшөт…

Элес-булас элестериң көрүнүп,
Эски күндөр, тереземди чертпегин.
Оту жанып, караңгыга төгүлүп,
Өтүп жатат жаңы күндүн кечтери.

 

* * *

Жалгыз жатам. Балам кеткен айылга.
Жалгыз жатам. Поезд өтөт шарактап.
Поезд өтөт бир катуулап, бир пастап,
Поезд өтөт жакындап да, алыстап.

…Не көз талып, не бир уйку келсечи!
Ары кайра, бери кайра түйшөлөм.
Ойго түшөм, тилсиз, үнсүз сүйлөгөн
Бет келишем сырдуу, сүрдүү дүйнөгө…

Кеткен элем мен да түшүп жаш чакта
Ушундай бир поезд менен бир күнү.
Куш сайраса — жалаң торгой үндөрү,
Жалаң жашыл түстөн турган дүйнө бул.

Күндөр жаткан күнгөй-тескей сан гүлдүү.
Түндөр жаткан тынч айдыңдай айлуу бир.
Көрсө жашоо — дүңгүр-шаңгыр дүйнө экен,
Дүйнө экен бир кайрымдуу да, кайгылуу.

Кеткем мен да.. Жол чырагын көтөрүп
Жол боюнда тоскон далай жолчу адам.
Балким, карып көз жумгандыр эчени,
Балким, тирүү жүргөндөрү бар чыгар.

Жүрүп, токтоп, жүрүп, токтоп, зыпылдап,
Алып-учуп арылдаган дүйнө бул.
Мен укпаган үндөр менен чайпалды,
Мен билбеген тилдер менен сүйлөдү.

Турмуш эмне? Эмне көрдүм, не билдим? —
Күр деп чыгып, шар деп акты дүйнө бул.
Балким, анык жек көрчүсүн жек көрүп,
Балким, анык сүйчүлөрүн сүйбөдүм.

…Жалгыз жатам. Балам кеткен айылга
Жалгыз жатам. Поезд өтөт шарактап.
Поезд өтөт бир катуулап, бир пастап,
Поезд өтөт жакындап да, алыстап…

Вокзал жакын. Түн бир оокум… Чыккандар
Бүгүн жолго, болсун шыдыр жолуңар!
Жолдор болор: не учкан гүл, түшкөн кар,
Жолдор болор: не бир сөксөөл, не чынар.

Не силерге, — сөксөөл, чынар, учкан кар,
Не учкан гүл — гүлзар менен бактардан,
Курдаш менен кызык маек курушуп,
Жолдош менен жолдо бара жаткандар…

Жол чырактар калар далай, от күйөр,
Кызыл күйөр, сары күйөр, көк күйөр.
Аалам ушул — алты миң оор тоскоолдон
Ар биринен аман, аруу өткүлө.

 

ЖОЛДО

Тумандары туш-тушумдан тирелүү,
Обондору оң-солумдан оролуу.
Үнүн угуп, тумандарын жиреймин,
Урат, урат, урат кыштын бороону.

Он сегиз миң аалам кээде кең батып,
Кээде дүйнө темене өткүс тешиктей.
Тынса тынып, бассак талбай бир басып,
Жетчү жерге жетсек экен кечикпей.

Урат, урат… бир башкача шойкому,
Урат, урат, бирде албуут, бирде жоош.
Ошол түркүн шойкомунан коркомун.
Неге корком? Өзүм билбей корком, дос!

Кездер кайда биз ал-күчтүү кездердей,
Жолдор кайда учун катпай суналган?
Он кадамча аралыкты көз көрбөй,
Ойдон урат, урат чаңдап кыраңдан.

Урат күчөп, урат жаңсап эмнени?
Урат жоошуп, үндөсөм үн бербеди.
Жамандыкты жалгыз жеңип көнгөмүн.
Жакшылыкта көрсөң экен сен мени…

…Эт жүрөктү от менен суу бир калап
Эч аябай жакканыбыз ким үчүн?
Күткөн күтүп, жол караган жол карап,
Үзбөгөндөр үзбөсө экен үмүтүн.

 

* * *

…Барсың, барсың, баарың эсте, жазың жаз,
Күздөрүң күз, улууң улуу, жашың жаш.
Мен сүйгөндөр, кумар-кусам басылбай,
Мен сүйгөндөй мени сүйгөн асылдар!

Жалындаттың жаш жүрөктү от сымал,
Бириң өчсөң, бириң жанып тостуңар.
Ордо болсоң бир мен үчүн орун жок,
Чатыр болсоң, дубал болсоң жоксуңар.

Ыраак тоодон шамал сокту, эң бир бош
Ылдыйкы боз толкун кылып түрлүү кооз.
Түбөлүктүү бирөөң түгөй болбодуң,
Түбөлүккө болбогондой бирөөң дос.

Ак булуттуу бириң көккө арбадың,
Адыр-кырлуу бириң жерде кармадың.
Күү-күдөрү, күлгүндөй жаш күндөрдүн,
Бир жамгыры, бир жаап өткөн карлары!

Суртумандап суум бойлой кондуңар,
Сурабастан ойлорума толдуңар.
Сүрөгөн күч, сүйрөлткөн сар оору да,
Ар бир жолу сүйүү гана болдуңар-

Ар бириңе арылганча көө-күнөөм,
Күйсө күйдүм, сүйсө сүйдүм бериле…
«Эми жеңил өмүрүңдүн өрүнө,
Эми жолуң шыдыр болот» — дегиле.

Жүргөн сайын мен алгалап… бир даана
Жүрөктө изи болдуң ачуу муң гана.
Кал, калгыла, кайра келбес жылдарда,
Кал ырдалып, мен ырдаган ырларда…

 

* * *

…Таарынбайм мен тагдырга да, сага да,
«Тагдыр, — дешет, — татаал бир жол». Сен эмне
Ошол жолдо жолуккан бир жолоочу
Тегиз аппак гүлдөгөндө алма бак.

Канча жолду бирге бастык, кеп анда
Эмес такыр. Кеп кандайча бастык жол.
Жаз гана эсте, не биз барбыз, не биз жок,
Жапырт толкуп гүлдөгөндө алма бак.

Өкүнбөймүн мен өткөнгө да, сага да,
Өткөн өттү. Сен да калдың өткөндүн
Өстөнүндө… өз кезинде тунук, ак,
Сен тунугум, тунук бойдон эсте кал.

Аалам күүгүм, ай караңгы дүйнөгө
Алма гүлүн жарык кылып кеч жагаар.
Шол жарыктай ыйык элең кезинде,
Сен ыйыгым, ыйык бойдон эсте кал.

А башканы унутайын. Унутуш
Кыйын, билем. Айрыкча шул жанга жан,
А дилге дил дал келгендей, туш-туштан
Аппак, тегиз гүлдөгөндө алмалар.

Тагдыр дешет татаал бир жол. Жолдошум
Элең бир кез, эми жолдош болбосум.
Болбосоң да боорум түтпөй ийрилем,
Калсаң кокус кыйын күндө колдосун

Сени бир нээт, менин нээтим — жанга жан
Дилиңе дил, кылбай-этпей айла амал
Айтпай-нетпей, ай караңгы дүйнөгө
Аппак гүлүн жаккан сымал алмалар.

Айдарымга үлбүрөшүп, үзбөй гүл
Тунуп, тымтырс тургандыгын биз көрдүк.
Жадыраган күнүң болсун — жаз сенин.
Күңгүрөнгөн күнүм болсун — күз менин.

 

Кара сөз

Сагын Акматбекованын эсселери

ӨЗҮМДӨН ЧЫГЫП КЕТТИМ

Орустарда «вышел из себя» деген сөз бар. Сөзмө-сөз которуп айтканда, бул «өзүмдөн чыгып кеттим» дегенди билдирет эмеспи. Кандай таамай айтылган сөз. Аябай ачууң келгенде чын эле өзүңдөн чыгып кеткен учурлар болот. Кантип чыгып кеткениңди байкабай каласың. Булкунуп, жулкунуп чыгып кетесиң. Жат көздөргө зымпыйып, зыңгырап эчтеме билгизбеген сыртыңды — сырткы кабыгыңды булкуп-силкип туруп чыгып кетесиң. «Өзүмдү кармай албай калдым, же кармана албай калдым» дейт мындай учурда кыргыздар. Бул да туура. Демек, ичиңе бекиткен өзүңдү (сущность) кармай албай, качырып ийгениң. Өзүңдөгү өзүңдү. Өтө толкунданганда (кайгырганда, кубанганда) көп кишилер өзүн кармай албай калат. Өзүнөн чыгып кетишет. Ошондо тыштагы кишилерге адамдын ички жүзү көрүнө калат. Жалт этип, же жылт этип. Адам өзүнөн чыгып кеткенин учурунда байкай койсо, дароо өзүнө кире калганга аракет кылат. Бирок өзүңө, кабыгыңа дароо кирип кетиш да кыйын. Дароо жыйнала калуу, дароо өзүн чогулта салуу да чоң искусство.

Өзүңдөгү өзүң — сенин улуу жалгыздыгың дагы. Ошол улуу жалгыздык менен келише алсаң, тил табыша алсаң — бакыт деген ошол. Кээде өзүңдөн өзүң качып чыккың келет. Өзүң менен өзүң тил табыша албай калган кездерде… Бирок кайда качасың?

ЭКӨӨ

Таштын үстүндө олтурган адамга таштын түбүндө жаткан жылан кайрылды:
— Эмне кылып олтурасың, адам?
— Эс алып олтурам, а өзүңчү?
— Күнөстөп жатам. Кайдан келатасың?
— Көрүнгөн тоонун боорунан.
— Көрүнгөн тоонун боорунда эмне бар экен?
— Өскөн үй. Көгүлтүр туман жана жаңы чыккан байчечекей.
— Ошол элеби?
— Кете элек кар жана көзү ачыла элек булак.
— Көрүнгөн тоо сага эмне берди?
— Өмүрдү жана өрөөнгө түшкөн жолду.
— А сен эмне калтырдың?
— Артымда калган жолду.
— Жолдон эмнелерди көрдүң?
— Агын суу менен жайкалган эгинди.
— Дагы?
— Чыккан күн менен бадачыны.
— Жолдон эмнеңи жоготтуң?
— Жаш кезимди жана сүйүүнү.
— Жол сага эмне берди?
— Өкүнүч менен тажрыйбаны.
— Дагы?
— Ишеним менен үмүттү.
— Көрүнгөн тоонун башына чыгып көрдүң беле?
— Көргөм.
— Эмне бар экен?
— Арылдаган шамал жана аңгыраган асман.
— Тоонун башында туруп эмнени көрдүң?
— Ушул өрөөндү.
— Эми кайда баратасың?
— Ушул өрөөндүн этегине. Батып бараткан күнгө жана бадасын айдап келаткан бадачыга. А сенчи?
— Мен ийниме кирем.
— Ийниң караңгыдыр?
— Албетте, бирок караңгысы — түндөй эле.
— Түн таптакыр караңгы эмес. Жылдызы менен Айы бар.
— Мен да ошону айтып жатам. Ийнимдин оозунан аз да болсо шоола өтүп турат. Ошого каниет кылам. А сен бактылуусуңбу?
— Ушул учурда бактылуумун.
— Эмне үчүн?
— Анткени, жолдо баратам.
— Жүрөгүңдө эмне бар, жолоочу?
— Тазаруу жана күтүү.
— Кантип тазардың?
— Алдамчы кыял менен сатып кеткен досумду кечирип — тазардым.
— Эмнени күтөсүң?
— Жакшылыкты.
— Анда жакшы бар, адам. Жолуң шыдыр болсун. Күн жылымы азайды, мен да ийниме кирейин.
Жылан ташты айланып чөптүн арасына сойлоп кетти. Адам да ордунан турду.
1986-жыл

Котормолор

Акутагава. “Караңгыдагы маек”

 

ЛИ БОДОН

* * *
Досум менен түндү өткөрдүм
Кесеге шарап толтурдук.
Кеп куруп шашпай олтурдук.

Уюган черлер тарады.
Унуттук эски жараны.

Теребел тыптынч, ай жарык.
Тегиз ой жарык, жан жарык.

Жамынган жууркан көк болуп,
Салынган төшөк чөп болуп…

Отурган жерге оогончо,
Таң сүрүп жарык болгончо,

Арактан куйдук кайталай,
Аңгеме курдук чарчабай.

 

БАСЕДОН

* * *
Ыргыды бака көлмөгө.
Чачылып кетти жымжырттык
Тунжурап жүз жыл турду эле.

 

М.ЛЕРМОНТОВДОН

1
Жылтылдайт асман, ыргашып
Жылдыздар учун тереңин
Айдың түз созгон жол ашып
Алтүндө жалгыз келемин.

2
Көлгүп өйдө көктөрү
Көшүлөт төмөн чөлдөрү.
Көңүлүм толбой бөксөлүү
Көксөймүн а мен эмнени?

3
Өткөндөр өттү, не, кимче?
Өкүнбөйм, болду жолдору
Жарыкта жайкын, эркимче
Жашасам дедим болгону.

4
Бүгүнгө бүттүм талпынып,
Эртеңим туюк, будөмүк.
Унутуп баарын, жан тынып
Уктасам болор түбөлүк.

5
Дем кетпей бирок денимен,
Туюмум суутпай күү, күчүн
Турса бир жашыл-көк эмен
Тушумда шуулдап күнү-түн.

 

А.БЛОКТОН

Өзгөрбөйт, өлүп, кел кайтып
Өмүрдү кечир сан нече.
Аптека, чырак бир камтып
Абалкы калкыйт түн, көчө.
Кайтарат, канча жазгырба,
Кайталап баарын өтөсүң,
Айсыз жээк, сууган ташкындар,
Аптека, чырак, көчө, түн.


Соц тармактар:

Сагын Акматбекова: 3 комментария

Добавить комментарий