«Жүрөктөн чыккан обон түбөлүк жашайт»

Азыр жаштардын табити башкача. Жеңил-желпи ырларга качырышат. Андай ырлардын, обондордун өмүрү аз экендигин баарыбыз эле көрүп-билип келатабыз. Бу туурасында белгилүү композитор Муратбек Бегалиевдин күйгөнүнчө бар:
— Бүгүнкү күн ушунчалык өзгөрдү. Каякты көздөй баратканыбыз белгисиз. Мерестикти, кайдыгерликти көрүп зээниң кейийт. Жаштардын азыркыдай руханий көрөңгөсүнүн жакырдыгы буга чейин мынчалыкка жеткен эмес. Бу да болсо дүйнөлөшүүнүн жемиши. Анын кесепети өзгөчө маданиятты, искусствону жалмап, ширесин соруп бүткөнү калды. Азыркы учурда түбөлүк жашай турган, элдик фольклорду, нукуралыкты айкалыштырып музыка жазгандар бирин-экиндеп саналат да, көпчүлүгү же кыйраткан сөзү жок же уккулуктуу обону жок, жүрөккө жетпеген жылымчы чыгармаларды жаратышууда. Ошону бирөө да кой дей албайт. Биз айтсак жаман көрүшөт. Жаштарга колдоо көрсөтүүнүн ордуна жамандайсыңар дешет. Айтат деп жаман көрбөгүлө, айланайындар, ал- биздин милдет, парз. Мугалим катары айтарым, компьютерден, синтезатордон клавиша-кнопкаларды басып коюп чыгарма жазганга кынык албагыла. Китеп окугула, залкар күүлөрдү, элдик ырларды уккула. Мына ошондо гана жүрөгүңөр менен ыр жазаласыңар, обон жаратасыңар. А жүрөктөн чыккан чыгарма түбөлүк жашайт.

Маданият саясатчылардын куралына айланбаш керек
Муратбек Акимович, искусство адамы үчүн саясат коркунучтуубу?
Өзүңдүн жана Кудайдын алдында таза болсоң, бөөдө кырсыктан тышкары кылса, сени эч нерсе коркута албайт. Дүйнөдө, жер жүзүндө, анын ичинде өзүбүздүн кенедей өлкөбүздө эмне деген окуялар болуп жатат. Ошондой кыйын кезең, оор учурлардан саясат, экономика, бийлик да эмес, маданият, искусство сактап калат. Андыктан, маданият тармагы саясатчылардын куралына айланбаш керек.

Эгерде, бийлик композиторлордун башын кошуп, мамлекеттик деңгээлде тапшырма-заказ берсе аткарат белеңиз?
— Оо, тоону томкормокпуз анда. Чыгармачыл адамдар ошондой көңүл бурууга, жакшы сөз менен аяр мамилеге муктаж болот тура. Эгерде баарыбызды, мейли композитор, мейли хоровик, балетмейстерди чакырып: «Кана, кыргыздын номур биринчи патриоттору, баарың чогулуп, укмуштай чыгарма жараткылачы, дүйнө таңгалып уккудай»- десе кантип бир шедевр жаралбай койбосун. Албетте, жаралмак. Союз мезгилиндеги мыкты опера-балеттер, мыкты хор менен симфониялар дал ошондой тапшырыктан чыккан. Мына былтыр 1916- жылдагы Улуттук боштондук кыймылдын 90 жылдыгы болду. Бизде бул темага арналган көзгө көрүнөрлүк бир да музыкалык чыгарма жок. Ушул маселеге мамлекеттик деңгээлде кам көрүлсө, Үркүн тууралуу жакшы партитура жаралбай коймок беле? Жаралмак. Кичине колдоо көрсөтүп, концерттик чыгымдарды жаба турган каражат бөлүп берсинчи, Кыргызстан буга чейин көрө элек укмуштай концерт коймокпуз. Азыр биздин бардык жактан бышып-жетилип, көп нерсеге көзүбүз каныгып, иштеп берели деген убагыбыз.

Композитор, ректор, устат
Муратбек Бегалиевдин симфонияларын, профессионал ырчылардын репертуарынан түшпөгөн обондорун термелеп отурбайлы, таманы тешилгенче чуркап жүрүп консерваторияны ачканы эле эмне деген эрдик болгон. Ал кезде «бизге консерваториянын эмне кереги бар?» дегендер четтен чыккан. Жайнаган ЖОЖдордун бири болот деп ойлошсо керек. Мындай окуу жай ар бир мамлекеттин жүзү, таланттуу, билимдүү кадрлардын ордосу. Биздин консерваторияны дагы фундаменти бекем түптөлүп калган өлкөбүздүн өзгөчө окуу жайы десек жаңылышпайбыз. Анда эң күчтүү, музыканын корифейлери эмгектенип, чет өлкөлөрдө билимин тереңдетип да, иштеп да, кыргыздын атын таанытып да жүргөн таланттарды тарбиялап чыгарышууда. Алардын ар бир ийгилигинен кабардар болуп турчу мугалими бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат. «Бардык эле өнөрпоздордун устат болуу колунан келе бербейт. Анын жүрөгү кенен, жан дүйнөсү таза анан март болуш керек. Ичи тарыбаган киши гана төгүлүп-чачылып, өзүндө болгон өнөрүн бүт бойдон шакиртине бергиси келет», — дейт маэстро.

…Ростропович, Лучано Паворотти…
Тумшугу суук өлүм өнөргө, талантка карабайт экен. Дүйнөгө эч ким түркүк болбойт экен. Бирок, алар искусствонун түркүктөрү эле, маданияттын дөө-шаалары эле. Композитор менен ушинтип сүйлөшүп отурдук. Анан Б. Миңжылкыев, Б. Бейшеналиев, Т. Турсунбаева, М. Рыскулов, Б. Кыдыкеева, С. Бекмуратова, Э. Турсуналиев, Т. Океев, К. Молдобасанов, С. Чокморов, С Къмъшалиева, кечээ жакында эле дүйнө салган Чыщгыз Айтматов өңдүү жана башка, жана башка кыргыздын кайран кыраандары, улам катарлары суюлуп баратканы, алардын суктанарлык мүнөз-пейили, аянычтуу тагдыры, табышмактуу өлүмү, жарыбаган жашоосу, унутта калган эмгеги, бааланбаган таланты, дагы-дагылар жөнүндө айтып келип, азыркы жиниккен мезгилдеги жинди жаңылыктардын ичинен эң ачуусу, эң оору, азаптуусу ошондой инсандардын көзү өтүшү дедик. Бүгүн көргөнүң эртең жок. Карайлай түшөсүң дедик.

Нурзада Ташбаева, “Айыл өкмөтү” гезити

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий