Бактылуу эне, бактылуу ырчы Майрам Дүйшекеева

КРнын эмгек сиңирген артисти, К.Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринин солисти Майрам Дүйшекеева 30 жылдык отчеттук концерти менен кошо 50 жылдык мааракесин белгиледи. Элдердей болуп жылкы союп чоң той берген жок, концерти жогорку деңгээлде өттү. «Ат-Башы» коому машина белек кылышты.

Концерттен кийин той ээси жана апасы менен баарлаштык.

Апасы Сүйүмкан ДҮЙШЕКЕЕВА: «Майрамдын ырчы болушуна каршы чыкканбыз…»
— Ишиңер илгери, дениңер сак, жаныңар бек болсун кагылайындар. 77ге келдим. Баатыр энемин. 11 бала төрөдүм. Андан алтоо калды. Эми ушуларыма узун өмүр жаш берсин, жамандыгын көрсөтпөсүн деп Кудайдан күнүгө тилейм. 24 небере, 14 чөбөрөм бар.

Майрам 50гө келип калса да мага дагы деле секелек кыз көрүнөт. Кызым биздин каршылыгыбызга карабай көгөрүп жүрүп ырчы болуп алган, кагылайын.

— Каршы болуп жүрүп ырчы болушуна кантип жол берип койдуңуздар анан?
— Атасы экөөбүз аябай эле каршы турдук. Мектепти бүткөндөн кийин «Кызым доктур болот» деп атасы доктурдун окуусуна (Нарындагы медучилищага) алып барган. Экзаменге кирип диктант жаздырса «мен ырчы эле болом» деп жазып чыгып кетиптир. Атасы ачууланып, «мен кайра барып мугалимдер менен сүйлөшүп кийрип коем. Артист болбойсуң, доктур болосуң. Эптеп ийне сайганды эле үйрөнсөң болду» деген. Ага болбой Нарындагы маданият үйүндөгү «Гүлдесте» аттуу ансамблге ырчы болуп кирип кетпедиби. Анда кызым 16 жашта болчу. Мен артынан барып айылга алып келип алгам. Анын эртеси Жумамүдүн Шералиев машинасын аялына айдатып алып үйгө келиптир. Биз үйдө жок элек. Болотбек балам бар болчу. Ага аябай айтып түшүндүрүп, атүгүл бизге кат жазып таштап кетиптир. Катта: «Республикалык кароо-сынактын жеңүүчүсү болгон Майрамдын талантын өлтүрбөгүлө. Театрга кайра жибергиле, суранам» деп жазылыптыр. Аны окугандан кийин абышкам дароо макул болду. Мен каршы болуп атып акыры макул болдум. Жумамүдүн Шералиевди сыйладык. Ал кишиге чынында ыраазыбыз. Кызыбыз устатым деп оозунан түшүрбөйт. «Мени туура жолго салган, ушундай бактыга жеткирген Жумамүдүн Шералиев болгон» деп дайыма айтып жүрөт. Чынында эле ал залкар киши көрөгөчтүк кылыптыр.

— Кызыңызга мындай талант кайдан келди деп ойлойсуз?
— Тайларынан жукту окшойт. Менин бир туугандарымдын бардыгы жакшы ырдачу. Мен дагы ырдап, комуз чертип калдым. Келин болгондон кийин деле тели-теңтуштардын арасында ырдап жүрдүм. Ырдабай калганыма 7-8 жыл болуп калды. Негизи ырчы болгум келген. Атам каршы чыккандыгынан ырдабай калгам. Биздин убакта деле кароо-сынак бар болчу. Биринчи орундарды алып, сыйлыктарды алчубуз. Ал убактагы сыйлуу сыйлыктар капрон байпак же атыр болчу. Кыялыма жетпей калгандан кийин үйдө отуруп калдым. Анан эле Майрамдын атасы келип Бирликке ала качып кетип жатпайбы. Нарын районунун Эчки-Башы деген айылдын кызымын. Ал убакта 18ге чыга электе ала качса жоопко тартылчу. Жашымды эки жыл жашырып жүрүштү. 18ге толгондо нике кагаз алганбыз. Ошондо абышкам мага акылдашпай туруп, мени өзүнүн фамилиясына каттатып коюптур. Абышкам согуштун катышуучусу, айыл сыйлаган ардагер болгон. Абышкамдан 75 жашында айрылып калгам. Бу дагы болсо Кудайдын буйругу экен. Калган жашын балдарына берсин деп Кудайга жалынып, күн кечирип келатам.

— Сиздин кыялыңыздагы кесипти кызыңыз ишке ашырган турбайбы?
— Ооба, кагылайын. Балдарымдын баары эле ырдайт. Комуз чертип, кыяк тартышат. Өзүм эмнени кармасам ошонун баарын кыздарыма үйрөткөнгө аракет кылдым. Шырдак шырыганды, сайма сайганды, уй сааганды, ичеги артканды. Бардык ишке бышып өсүштү. Тамак жасаганга тың кыздарым. Майрам конок тосконду жакшы көрөт. Аларга түрлүү тамак жасап бергенден ырахат алат кагылайыным.

— Төгөрөгү төп келген кызыңыздын колун сурагандар болсо керек?
— Ооба, үйгө колун сурап келгендер толтура болгон. «Көрүнгөнгө эле кызымды бербейм» деп атасы дагы каршы турду. Кызымдан сурасам, «апа, шаарда деле толтура колумду сурагандар. Баламды бирөөгө кор кылгым келбейт» деп баласын ойлоп эч кимге чыкпай койбодубу.

Майрам ДҮЙШЕКЕЕВА: «Колумду сурагандар көп болду чынында»
— Майрам эже, орусча ырдаганыңыз ачылыш болду. Эмне үчүн Зыкинанын ырын тандап алдыңыз?
— К.Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестрине алгач солист болуп келгенде дирижер Эсенгул Жумабаев эле. Чоң сахнага оркестр менен кайра-кайра ырдатып, үнүмдү аябай текшерген. Аягында «Азаматсың, как Зыкина» деген. Анын ырларынан ырдайын деп канча жолу чыгынгам. Сааты ушул концертимде чыкты. Анын аткаруусундагы «Течет волга» жана «Оренбургский пуховый платок» деген ырын эл алдына алып чыктым. Эл үчүн чоң ачылыш болду окшойт. Себеби баа бердик деп телефон чалышууда. Укпай калгандар диск барбы деп сурашууда. Демек, жакшы кабыл алышкан. Ырларымды диск кылып чыгарып алсам деген тилегим бар. Амандык болсо ал дагы болоор.

— Үнүңүздү кантип сактайсыз?
— Чынын айтсам, үнүмдү бапестеген жан эмесмин. Ысык, муздак, баарын эле иче берем. Үнүм Кудайдан берилген белек болсо керек деп ойлойм. Мисалы, мен нервденгенде үнүм бүтүп калат. Ошондуктан анткенге жол бербешим керек. Концерт алдында сөзсүз толкундоо болот. Бу жолу да толкундангандыктан үнүм бирде бүтүп, бирде ачылып жатты. Баары бир элдин сүрү бар.

— Концертиңизди бекер койдуңузбу же төлөдүңүзбү?
— Өзүбүз концерт бергенде төлөйбүз. Юбилей болгондо бекер болот. Директорубуз Замир Үсөнбаевге, концерттик кийимдериме демөөрчүлүк кылган Гүлмира Сулаймановага жана мага машина белек кылган «Ат-Башы» коомуна ыраазычылык билдирем. Аны аз күндө айдап калаармын.

— Сиз ырчылык өнөрдөн тышкары мугалимсиз. Айлыгыңыздар көтөрүлдүбү?
— Консерваторияда вокалдан сабак берем. Менин концертимде Алмаш жана Максат аттуу эки бүтүрүүчүмдүн тушоосу кесилди. Эл жакшы эле кабыл алды окшойт. Өзүм көрбөй калдым. Ал эми айлык жөнүндө сөз кылуу азырынча эртерээк.

— Студенттик күндөрүңүздөгү кайсы окуяны көп эстейсиз?
— Окууга өткөнүмдү эстейм. Мен аябай кеч окудум. Султан Мамытов жана Асанбек Асекеев агайлардын арты менен жогорку билимдүү болгом. Алардын оку, тапшыр деген түрткүсү менен окугам. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөм. 5 жыл «жөжөлөр» менен окудум. «Жөжө» деп жатканымдын жөнү бар. Алар менден 16 жаш кичүү болчу. Уулум мектеп босогосун аттаганда, мен студент болгом.

— Уулуңуздун атасы менен катташасызбы?
— Уулум катташат. Ал жакшыбы-жаманбы атасы да деп тааныштырып койгом. Бул өзүмдүн чечимим эле.

— Ажырашууга эмне себеп болду эле?
— Түшүнбөстүк болду. Анда мен 26 жашта элем. Аты-жөнүм чыгып калган кез эле. Бат-бат гастролго кетчүмүн. «Артисттер тигиндей болот, артисттер мындай болот. Үйүнө токтобойт экен» деген бузук телефондор жакшы иштеген. Ошол акыры ажырашууга алып келди. Сүйлөшүп жүрүп эле турмушка чыккам. Азыр ойлосом, экөөбүз тең сүйүүнүн тереңдигин билбей эле баш кошуп алыппыз. «Маңдайыңа жазганды көрөсүң» деп айткан карыларыбыздын сөзүндө калет жок экен. Маңдайыма жазганын көрдүм.

— Турмушта андан кийин сүйүктүүңүздү жолуктурдуңузбу?
— Мен ажырашкандан кийин сүйүүмдүн баары балама өтүп кеткен. Балам деп жашап келгем жана жашай берем. Колумду сурагандар аябай көп болду чынында. Баламдын келечегин ары ойлоп, бери ойлоп, туура эмес иш экенин билдим. Миң жерден жакшы болсо да бала өз атасындай, ал өз баласындай көрө албастыгына көзүм жеткенден кийин токтотуп койдум. Бактылуу аял, бактылуу эне, бактылуу ырчымын. Эч өкүнбөйм.

— Балким, уулуңуздан тартынып койгондурсуз?
— Уулумдан сыр жашырбайм. Баарын ачык айтам. Уулум уруксат берген. «Турмушка чыгып алыңыз» деп үч жолу айткан. Мен болбой койгом. Рустам 24 жашка келип калды. Аны үйлөнтүп, небере баккан чоң эне болоюн.

Назира СААЛИЕВА, “Де факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 09.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий