Чынарбай

(жомок)

Өткөн заманда бир жардынын кош бойлуу аялы токойго келип, отун алып жүрчү экен. Бир күнү толуп жаткан чырпыкты көрөт. Аны таңып алып жатканда толготуп, эркек бала төрөйт. Киндигин кесип, баласын ороп алдына алып, чырпыгын аркасына көтөрүп, үйүнө келет. Атасы чынар теректин түбүндө төрөлгөндүктөн баласынын атын Чынарбай коёт.


Чынарбай бой көтөрүп чоңоё баштагандан тартып, ошол теректин түбүнө ойногонду жакшы көрө турган. Бала жанына ойногон сайын чынар терек күндө узарып өсөт. Анын узарып өскөнүн бала байкап, көзүнө абдан жылуу учурайт. Айылдагылар чынар терекке кезек менен күзөтчү да коюшат. Бирок сырын эч ким биле алышпайт. Чынарбай жолдош баласы менен чүкө атышып, анан талаша кетип теректин түбүнө чалкасынан кетет. Ал жерден өөдө турбастан теректин башын карап, эси ооп калат. Жолдошу Чынарбайдын атасына кабар жеткирет. Дароо келип ал баласынан кеп сурайт.

— Ата, мен теректин башын карасам, кырк канаттуу ат минген кыз келип теректин башына конду. Кыз конгондон кийин терек ийилип отуруп бир кулачтай узарып кетти. Бат эле асманды карай көтөрүлүп, көздөн кайым болду. Демек, чынар терек кыздыкы экен, — деп бала сөзүн улады.

Атасынын уруксаты менен үч-төрт күн арадан өткөндөн кийин Чынарбай досу Ашым менен камынып, кызды издеп табам деп, жолго чыкты. Чынарбай Ашым экөө далай-далай жол басышты. Арып-ачып өздөрү да, аттары да арыктады. Жолдон бир сыйкырдуу карыя кезикти. Саламдашкандан кийин, жөн-жайы менен таанышып, карыя балдарга жол көрсөттү. Анан мындай деди:
— Жаштын тилегин берет деген. Перинин аялы саякат кылып жүрүп, үйүнө жетпей, чынар теректин башына кыз төрөйт. Сени да ошол мезгилде энең оокаттын айынан чынар теректин түбүндө толгоо тартып, жарык дүйнөгө келтирген болсо керек. Сен адамдын баласы болгондугуң үчүн кызым экөө өмүр сүрсүн деп ниет кылып, бата берген. Кызы чоңойгон кезде дайым чынар теректин башына ойнотчу. Ал күн сайын бир кулачтай канат жайып өсүп турчу.

Чынарбай карыянын сөзүн угуп туруп:
— Аны мен кайдан, кантип табам, — деди.
— Балам, эми аз гана жол калды, көбүн басып өтүпсүңөр. Далай кыйынчылыкты көрүпсүңөр. Эми күн батыш тарапка жөнөгүлө. Жырткычтарга атыңарды мууздап, этин ыргыткыла. Алар силерге тийбейт. Батышты көздөй жүрүп отуруп, күндүн нуру тегиз тараган жерди колуңар менен тырмагыла, жер жарылып, силерге жол ачылат. Ошол жол менен түз жүрүп отурсаңар, кыздын өргөөсүнө туш келесиңер, — деп көздөн кайым болду…

Чынарбай менен Ашым кыздын өргөөсүнө кирет. Ай десе аркы, күн десе көркү жок кыз уктап жатат. Чачынан, анан эки ийининен тартып араң ойготот. Кыз асманга көтөрүлүп, жерге кайра конуп, тигилерден жан сурады. Башынан өткөндүн баарын Чынарбай айтып, баян кылды. Муну кыздын энеси да укту. Кыздын энеси Чынарбайды маңдайынан тарап:
— Өмүрлүк жар болгула, — деп, жер үстүнө батасын берип узатат.

Чынарбай колуктусу, Ашым досу менен келип бир ыңгайлуу жерге туруп калышат. Эки эркек тоодон кийик атып келип, жан сакташат. Колуктусу жалгыз үйүндө калат.

Бир жолу суунун боюна келип чачын тарайт. Анын байкоосуздан бир тал чачы сууга агып кетип, ал Хандын тегирменинин парасына оролуп калып, тегирмен токтойт. Хан тегирменге жакын келип параны оодарат. Бир тал алтын чач оролгонун көзү көрөт. Хан бүт элин чогултуп:
— Тегирменге чачы оролгон перизатты ким табат? — деп жарыя кылат.

Ошондо мастан суурулуп чыгып:
— Мен табамын, сүйүнчүгө эмне бересиң? — деп сураганда, Хан:
— Не кааласаң ошону беремин, — деп, салтанаттуу убада берет.

Мастан эки кайык жасатат. Бири менен ылдый карай издеп чыгат, бирок жолу болбойт, бири менен өөдө карай издеп чыгат. Кечке маал перинин кызын таап, ыйламсырап үйүнө кирет. Арыз-арманын айтып ишендирет. Аңгыча Чынарбай менен Ашым келип калышат. Перизат:
— Эртең менен келиңиз, — деп кемпирди кетирет.

Дагы экөө мергенчилеп кетет. Мастан кемпир эртең менен келгенде:
— Үйгө эле отуруп туруңуз. Күйөөм уруксат берди, — дейт.

Бир нече күн өткөндөн кийин мастан кемпир перизаттын чачын тарайт да, башынан алтын чачты байкайт. Анан кызды:
— Кайыкка түшүп көңүл ачалы, — деп алдайт. Адегенде өзү кайыкка түшөт. Анан тигини түшүрөт. Перизат суунун күүсү менен жүрүп отуруп, Хандын шаарына кандай келгенин билбей калат. Хан элин жыйнап, көп мал союп, перинин кызын алганга аябай бүлүнөт.

Чынарбай, Ашым экөө үйүнө келсе, пери кыз жок. Ошондо мастан кемпир азгырганын түшүнүп, экөө издей башташат. Перинин дайнын билиш үчүн Чынарбай учуп бараткан канаттууну жерге түшүрө атат. Мылтыктын үнүнөн улам Айпери күйөөсүнүн издеп келгенин билет да, кандын колунан суурулуп учуп чыгат. Чынарбай, Ашым, Айпери үчөө асмандап учкан кезде карап турган эл аябай таң калышат…

Анан Чынарбай, Перизат, Ашым болуп айлына келишет. Өгөй атасы алардын келерин угуп, Чынарбайдын көзүн тазалап, аялын алайын деп, аябай аракет кылат. Бирок Ашым менен Перизат баарын жөнгө салып, анын тилегин таш кабат.

Кийин баягы карыя жолугуп, үчөөнө тең ак батасын берет. Жаштар кубанып, жакшы жашай башташат. Ашымды үйлөндүрүшөт. Чынарбай хан болуп, адилеттик бийлик кылат.

“Де факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 09.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Чынарбай: 1 комментарий

Добавить комментарий