Кызыл жоолук делбирим

Чыйыр
Эч кимге белгисиз жөнөкөй бир «Жол» деген аңгеме кандай керемет чыгармага чыйыр жол болуп бергенин көп деле эл биле бербесе керек. Бул Ч.Айтматовдун жаш кезинде жазган белгисиз бир чыгармаларынын бири. Бирок ал автордун чыгармачылыгына да, кыргыз кинокереметинин башатына да эң сонун секирик болуп берүүгө түрткү болгондугу менен ойго аларлык.

Бул аңгеменин негизинде жаш режиссер А.Сахаров тарткан «Ашуу» көркөм фильми кийинчерээк «Кызыл жоолук делбирим» повести менен «Мен Тянь-Шань» көркөм фильминин жаралышына чоң түрткү болгон. Анда 1972-жыл эле. Экинчи бир жаш режиссер Ирина Поплавская ушул эле аңгеменин повестке айланган вариантын 2 сериялуу чоң фильм кылып тарткан.

Бир өмүргө тете роль
Фильмдин баш каарманына 13 жаштагы секелек кыз Динара Чочунбаева тандалып алынган. Жашы улуу каарманды олуттуу аткарыш ага оңойго турган жок. Ал али өзү бала болгондуктан балалуу келинди аткараарда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болгон. Режиссердун, жашы улуу актерлордун үйрөтүүсү менен психологиялык тоскоолдуктарды жеңип отуруп, акырындап аткарып кеткен. Жашоосунда бул роль аны зор ийгиликке жеткирди. Кийин, турмушта актрисалык жолду тандап албаса да, башка фильмдерге тартылбаса да, ушул бир эле роль аны өмүр бою унутулгус сыймык менен өчпөгөн даңкка бөлөдү. Көп адамдар мындай нерсеге өмүр бою умтулуп да жетпей келет.

Дайым жаш актер
КРнын Эл артисти Дүйшөн Байтөбөтовду калың эл Ильяз катары эң жакшы билишет. Кинокадрдагы анын романтикалуу жаштык кези азыр да көрүүчүнү өзүнө тартып, ошол элес, ошол турпат гана элдин эсинен чыккыс болуп сиңип калгандай сыйкырлуу дүйнөгө жетелейт. Анткени сүйүүгө мас жаш курак, бардык өйдө-ылдый жаңылыштыктары менен, өкүттүү кайталангыс өмүрү менен ар бир көрүүчүнү, көргөн сайын кайра башынан ошол дүйнөгө жетелей берет. Дүйшөн Байтөбөтов бул фильмден кийин да бир топ тасмаларга тартылса да, бул фильм анын чыгармачылык өмүрүнүн башатындагы эле эмес, анын өзөгүндөгү эң бир таасын жана кайталангыс зор ийгилик экенин танбайт. Жана бул кадрда ал дайым жапжаш.

Жек көрүү жана сүйүү
Дагы бир баш каарман Кадичаны — кыргыз элинин таланттуу кыздарынын бири КРнын эмгек сиңирген артисткасы Назира Мамбетова ийине жеткире ойноп, элдин жек көрүүсүн, ошол эле учурда ички аеосун да туудура алган карама-каршылыктуу татаал ролду жаратканы менен элдин көңүлүнөн чыкпай калды. Ал кезде Москвадагы мамлекеттик театр жана искусство институтун жаңы бүтүрүп келип, Ош драмтеатрында иштеп аткан артист Назира Мамбетова — Кадичаны аткарууга өзүнүн болгон дареметин, жогорку билими менен тажрыйбасын мол жумшап, талантына шайкеш келтире ачып бергени көрүнүп турат. Каармандын психологиялык ал-абалдары, ички дүйнөсү чебер иштелген бул фильмден соң, актриса үчүн киноискусствосуна кенен жол ачылды. Кийинки жылы эле В.А.Обручевдин романы боюнча, режиссерлор Леонид Попов менен Альберт Мкртчяндын атактуу «Санников жери» аттуу окуялуу кинотасмасына тартылууга Москвага чакырылып, башкы ролдордун бирин аткарган. Кийин ондон ашык фильмдерге тартылды.

Өчпөс бейнелер
«Мен Тянь-Шань» фильминдеги өлбөс-өчпөс бейнелерден болуп кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткандар — Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Алиман Жангорозова, Тургун Бердалиев ж.б. белгилүү элдик артисттер ойногон кадрлар көзгө жылуу жана тасманын көркү. Окуянын жандуулугун арттырып, жашоонун өзүндөй жөнөкөй жана турмуштук турпаттары менен түбөлүктүү нерселердин бар экендигин, анын баалуулугун айтып турушат.

«Мен Тянь-Шандын» түркиялык көчүрмөсү
1977-ж. Түркиянын режиссеру Атыф Йылмаз «Йешилчам фильм» киностудиясында «Кызыл жоолук делбирим» повести боюнча түстүү пленкага 95 мүнөттүк тасманы келиштире тартып, бул чыгарманы дүйнөгө дагы бир ирет дүң эттирди. Прокатка чыккан бирден-бир мыкты тасмалардан болуп калды. Башкы ролдорду — атактуу түркия киножылдыздары Кадир Инаныр, Түрхан Шорай, Ахмет Мекин келиштире ойноп, бардык көргөндөрдү «бах-х!» дедирди, чиркин!

“Де факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 09.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Кызыл жоолук делбирим: 1 комментарий

Добавить комментарий