Манас жана Чыңгыз

“Кулаалы таптап куш кылдым,
Курама жыйып журт кылдым”
(
Манастан)

10-июнь дүйнөлүк жазуучу, аалам алпы, кыргыздын даңазалуу уулу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөн күнү. Бул күн кыргыз элинин тарыхындагы чоң жоготуу болду.  Улут рухунун туу чокусу болгон Чыңгыз Айтматовдун “кайткыс күнгө калкып кеткенине” үч жылга карады. Бул күндү ким болсо дагы жүрөгүнөн сыдырып өткөнү өткөн. “Кыргыз Туусунун” да окурмандарынан бул күнгө көптөгөн каттар келген. Алардын айрымдарына гезит бетинен орун берилди.

Чыңгыз аганын “Манас ата-нын ак кар, көк музу” аттуу публицистикасында өзөктүү жана уңгулуу, сыймыктуу жа-на таасирдүү “Түбөлүк тур, касиеттүү Манас ата!” деген  ураан чакырык бар. Ал Ала-Тоодо кыргыз жашаган алмуздактан бери эле “Манас атанын кош чокусу” деген даңазалуу атка конуптур. Ошондон бери замандын кыйчалыш кыйын кезинде Манас атага сыйынып пир тутуунуп, улуу рух катары дем-күч алуунун түбөлүктүү түркүгү, ага ынануунун ыйык тоого айланган кудурет күчү, эн тамгасы, эстелик белгиси, асаба  даңазасы катары кызмат өтөп келаткан экен.

Бүгүн дүйнө ааламындагы руханий бир улуу тоонун – даанышман гуманист, көрөсөндүү көсөм Чыңгыз Айтматов агабыздын дүйнөдөн көзү өткөн күн, ошол улуу тоонун кулаган күнү. Ошону менен бирге түбөлүк туруучу Манас тоого окшоп, анын да түбөлүк туруучу Чыңгыз тоого айланган күнү. Манас, Чыңгыз аттуу эки чокунун, ушул эки рух алпынын Ала-Тоонун бийигинен кош түркүктөй жанашып дүйнөгө көрүнгөн күнү.

Бул тууралуу Чыңгыз аганын жан руху бир калемдеши, мүдөөлөшү жана тилектеши, “Улуу кыргыз жери, эр Манастын эли, кучагыңа мени” деп акындык жүрөгүн ачып, атуулдук дил жарыгын чачып, кыргызга кыйла кызмат өтөп жүргөн казак-кыргыз эл акыны Мухтар Шаханов өзүнүн аза ыры “Чыңгыз тоодо” өзгөчө урмат сыймык менен дүйнөгө жар салган.

Чыңгыз ага өзүнүн эскерүүсүнө караганда, манасчынын Манас айтканын биринчи жолу он үч жашында, кандуу согуш башталган жылы уккан. Ошондо айкөл Манас баатыр жоо кайсыл жактан келер экен деп Манас ата тоосуна чыгып, кыргыз жерлеринин кыйырларына дүрбү салып, из чалып жүрчү турбайбы деген Айымкан чоң энеси айткандарды ойлоп, өзү да Манас ата тоосу жакты көпкө сыйкырлана карап турчу экен.

Ошондон тарта Манас жана манасчылык өнөр анын чыгармачылык дүйнөсүнүн тереңдөө түпкүрү менен бийиктөө сересине күчтүү илхам берүүчү күлазыкка айлана баштаган. Кийин талант жылдызы жаркырап жанган кезде улуттун сыймыгы жана даңазасы катары чет өлкөлөргө “Манас” дастанын ала барып жүргөнү да ошондон деп өзү бекеринен айтпаган чыгаар.

Мындан туура кырк жыл мурда баш каарманы манасчы Эламан болгон “Кайрылып куштар келгенче” романын жазууга бел байлаганы да ошол бала чактагы Манаска сыйкырлануусунун жан дүйнөдө өнүм алган үрөнү болгондугу ырас.

Кыргыз калкы кары тарых кыйырында аты-заты белгилүү болгондон бери замандардын оош-кыйыш опуртал ашууларын ашып, таштуу такырларын басып, кээде өчүп, кээде кайра жанып, башка бир топ элдердей мезгил мунарына төнүп, жоголуп кетпей, биздин заманга чейин элдигин сактап келгенинин себеби Манас дастанындагы манасчылар айткан жандуу күчтө экенин доорлор далилдеди. Ушул жерден ошол “Кайрылып куштар келгенче” тарыхый чыгармасынан үзүндүлөр мындан көп жыл мурда “Кыргызстан маданияты” жумалыгынын эки санына, “Литературная газетага” басылып чыкканда алар окурмандарга күчтүү таасир калтырганы чындык. Ошондо залкар жазуучубуздун бул жаңы чыгармасынын баш каарманы манасчы болорун, ушул образга кайрылуу менен улуу жазуучу өзүнүн чыгармачылык жолундагы жаңы чыйырга түшкөнүн байкаганбыз. Элдин рухуна, ичээр суусуна, жутаар абасына, бүт эркиндик күрөшүнүн туусуна айланып кеткен улуу дастанды жараткан манасчынын образын түзүү, аны баш каарман катары сүрөттөөнүн өзү эле улуттук жана дүйнө маданиятындагы уникалдуу окуя болчу.

Манастын өзү, аны тээ замандар түпкүрүнөн ооздон оозго, жүрөктөн жүрөккө өткөрүп келген манасчылык өнөр бекер жеринен биздин элде гана жаралып, оозеки адабияттын дүйнө жүзүндөгү улуу кереметине айланбаса керек. Элдин башына катуу күн түшкөндө, таруудай чачылып, эсинен кетип турганда улуу “Манас” дастаны айтыла баштаган дешет, капаста карайлаган калктын оту өчкөн көөдөнүнө кайрадан от жагуу үчүн, бириндеп тентип-тербиген элдин башын кайрадан кошуп, айкөл Манастын туусунун алдына бириктирүү үчүн!

Чыңгыз аганын чыгармасындагы ошондой улуу манасчы Эламандын трагедиялуу тагдыры каардуу ойрот калмак чапкынынын катаал сынына туш болгон. Романдагы окуянын өнүгүшүндө манасчы Эламан “Чагылган үндүү манасчы” атыгып, калмак баскынчыларына каршы күрөштүн туусуна айланган. Ал Манас айткан жерге чогулган эл анын үнүнөн чагылгандын эрдикке чакырган, курчтукка ширеген доошун уккандай, көзүнүн тереңинен жарыгын чача жайнаган отту көргөндөй болушкан. Ошондон кайратка бекип, чыйралып, баталгыга баш байлап, эркиндик үчүн эрөөлгө аттанып турушкан. Ошентип, Эламан манасчы ойрот баскынчыларына каршы күрөштө эркиндиктин улуу жарчысы аталган. Манасчынын ойрот өкүмдарлары эң биринчи душманы катары эсептеген. Анын башынын тандамал миң жылкыга баалангандыгы эле душмандар үчүн манасчынын кандай коркунучтуу экендигин айкындайт. Акыры ичтен чыккан чыккынчылардын жардамы менен Эламан манасчы душмандардын колуна түшөт. Ээн талаа, эрме чөлдө эки көзү оюлуп, сыйкырлуу Манас айткан тили кесилип, чагылгандай сүрдүкпөс үнү өчүп, боору отко какталып, адам баласына ыраа көргүс азаптуу кыйноо менен өлтүрүлөт. Анткен менен ал манасчылык өнөрү менен ар бир кыргыздын көөдөнүнө баатырдыктын, эркиндиктин шамын жагып, ар биринин дээр дилине чагылгандын отун салып, өнө боюна майтарылбас кайрат рухту ширеп, эрдикке бүлөп, бул жашоого келген атуулдук милдетин өтөө менен жан берет. Манасчылык өнөрдүн өлбөс-өчпөс, ноюбас, арыбас, талыбас, багынбас күчү ушунда. Түгөнгөн сайын түтөгөнүндө, ичтен оттонуп, октолуп күчө­гөнүндө… Элдин каны-жаны, мүдөө тилеги, каруу билеги, кагып турар жүрөгү болуп калганында.

Өкүнүчтүүсү – кыргыз рухунун туу чокусун дүйнөгө шаңкайта көр­гөзөр улуу манасчы Эламан тууралуу романдын башталып, бирок бүтпөй калгандыгы. Ушунда эмне үчүн манасчы Эламандын ордуна маңкурт Жоламан жаралды деген суроого да кабылбай койбойсуң. Көрсө, ушул тапта адамзат коомунда жан рухту ойготоор манасчы Эламанга караганда, өткөндүн  баарын жериген, эс тутумун жоготкон маңкурт Жоламандар көбүрөөк үстөм боло баштаган тура. Ал эми бүгүн Манаска каршы чыгып жаткандарды өз энесин, касиеттүү Найман энени как жүрөккө аткан маңкурт Жоламандын өзү десек туура болот. Ушундан улам да жаның ачып, кабырга кайышып өкүнө ойлойсуң. Чыңгыз аганын бүгүнкү маңкурттарына айланып баратабызбы деп… Манасты жерисек, улууларыбызды сыйлабасак, “дежур чалдар” деп мазактасак, каныбыз менен бирге агып, жаныбыз менен бирге жашап келе жаткан бабалар салтынан баш тартып баратсак… ушулар катуу өкүндүрөт.

Жеке кызыкчылык үчүн улуттун, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын садага чаап жиберүүдөн кайра тартпас кара өзгөйлүктүн бизде айрыкча арбындыгы, ал үчүн кырды бычак болуп душмандашууга да даяр тургандык, өзүнөн башканыкын көрө албастык, ичи тардык бизди бириктирбей жаткан, ынтымагыбызды ыдыратып, ыркыбызды бузуп жаткан шорубуз ушул го. Ушундан кантип кутулабыз?!

Ушунда “Улут катары биз кимбиз?” деген так кесээр суроону өзүбүзгө өзүбүз берүүнүн мерчеми келип турат. Ушул 21-кылымда кыргыз элине Кыргызстандагы титулдук улут катары өлкөнүн бирдиктүү уюткулуу элин түптөө өңдүү тарыхый миссия жүктөлүп отурат. Америка улуту сыяктуу эле Кыргызстандын улуту калыптанганда гана биз да бир Ата мекени бар, ошол мекенин атуул катары чындап сүйгөн, ага бойдогу бүт күчүн арнаган, аны көз карегиндей коргогон чыныгы патриотко айланабыз, жуураттай уюган бирдиктүү Кыргызстандын эли боло алабыз. Мындагы түпкү маани – Кыргызстандын көп улуттуу эли биринчи кезекте өздөрүн бул өлкөдө жөн эле жашаган жаран эмес, бүт жан руху менен анын чыныгы атуулу катары сезерин так кесээр тастыктоо, ошол ишенимди ой-сезиминде бекемдөө. “Мен Кыргызстандын атуулумун” деп сыймыктана айтып, ошол ыйыктыкты жүрөгүнүн түпкүрүндө сактап, ага таазим этип, өмүр бою аны сүйүп жашоо.

Бул – азырынча эч акылга сыйбас, жүзөгө ашпас нерсе катары да көрүнүшү мүмкүн. Чынында Ала-Тоо аймагында жашап, тирлигин өткөрүп жаткан 80ге жакын улуттун өкүлдөрү “Мен Кыргызстандын атуулумун” дегенди акылында уютуп, каны-жанына чындап сиңире алабы? Кыргызстанды көздүн карегиндей, ыйык тумардай барктап, нарктап сактай турган жападан жалгыз Ата-мекеним деп атай алабы? Ушул өлкөнүн атуулу, эли-журту дегенге руханий моюн сунуп, жуураттай уюп, камырдай жуу­рулуша алабы? Кыргыз элин улуттук азчылык чыны менен Кыргызстан элинин уюткусу катары кабылдай алабы? Ушул суроо азыр жооп издеп алдыбызда турат.

Ооба, ошенте алат деген ынанымды байыркы тарыхыбыздан, айкөл Манастын өзүнөн, элибиздин каны-жанында эзелтен жашап келаткан толеранттуулуктан, кыйын кезеңдерде да кемибеген меймандостугунан көрүп, сезебиз. Манас баатыр Кыргыз мамлекетинин чамгарагын көтөргөндө, өз элинин ошол толеранттуулугуна, кыйынчылыкты көтөргөн чыдамдуулугуна, ичине кара ташты да батырган кең пейилдигине таянган. “Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган” Кырк уруу кыргыздын канатташ, талапташ элдеринин башын кошуп, мамлекет курган. Манас курган ошол мамлекетти кыргыз баатырларындай эле башка элдин баатырлары да көз карегиндей коргоп турган. Түптүү калк катары кыргыз элин сыйлап, ага агынан жарылып ак кызмат кылган.

Ушул тапта да Манас бабабыздын “Курама жыйып журт кылган” даанышмандыгы, бийлик, байлык үчүн эмес, эли журтунун эркиндиги үчүн каруусун казык кылып кызмат кылган өрнөгү, “Калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп ке тейин” деген алпейим айкөлдүгү аба менен суудай керек болуп турат.

Бекбай АЛЫКУЛОВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
“Кыргыз туусу”, 10.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий