Талантын сыйлаган эл бай болот

Кыргыз музыкасына эбегейсиз салым кошуп, бирок анысын эч бир колко кылбай кызмат кылып келаткан маданият кызматкерлери бар арабызда . Алар элдин баасын,  урмат-сыйын баарынан артык көрүшөт. Ошондой чыныгы элдик таланттардын бири — КРнын эмгек сиңирген артисти, Р. Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси, белгилүү обончу жана композитор Атайбек БӨДӨШОВ.  Атайбек аганын өтөлгөлүү өмүрүнө көз чаптырып, биз менен бөлүшкөн сырларынын бир шиңгилин окурманга тартуу эттик.

Сынга толгон Сыны
Мен будактуу булут түнөк тапкан айтылуу Аксынын Сыны айылында төрөлүп, өстүм. Айылым жөнүндө илгери бир казактын сынчысы «Оо, бул жер өтө керемет, сындуу жер турбайбы» деген экен. Ошондон бери “сындуу жер” деп айтылып жүрүп, “Сыны” аталып калыптыр. Ал эми атактуу Жеңижок акындын:

«Келип калсаң Сыныга,
Кымызы толо чыныда.
Чекеден чертет чертмекти,
Чекен эл эмес чынында»,- деп ырдаган ыры бар.

Чоң атам Маша Аксы жеринде белгилүү бай жана да өнөрлүү, өзү да өнөр адамдарын өтө баалаган, залкарлар Жеңижок, Ниязаалы, Токтогул, Эшмамбет, Нурмолдолор менен үзөңгүлөш жүргөн  инсан болуптур. Айтылуу «Акпаары» чыгармасында (Токтогул менен Алымкулдун айтышы) ушул чоң атам Маша балдарына той берген учурдагы окуялар камтылган. Чоң энем Калыянын айтуусунда жогорудагы аты аталган залкар акын-комузчулар чоң атамдын үйүндө кээ бир жылдары кышы менен кышташып, күндүз ууга чыгышып, кечкисин ыр-тамаша курушуп, жаз чыкканда кетишчү экен.

Айылымдан атактуу инсандар дагы көп чыгыптыр.

Балалыкка кайрылуу
Балалыктагы эстен кеткис окуялардын бири эле – Патефон, ошо кездеги “музыкалык центр”. Бир чыгармага бир эле пластинка. Мисалы, 10 күү же 10 ыр болсо, ошончо пластинка болор эле. Кулагын бурап, “головкага” ийне сайып (анысы бир пластинкага араң жетет), пластинканы жүргүзөсүң да, уга баштайсың. Кышылдаган, чызылдаган пластинка тегеренип атканда музыкадан башка да үн чыгып турат. Баары бир Патефон ошо кездин керемети болучу.

Кичинемен китепкөй болуп чоңойдум. Бир аз тыйын чогулуп калса китеп сатып алчумун. Китепти көп окуганданбы, дүйнө-таанымым эрте өстүбү, өзүмдөн улуу балдардын өтүнүчү менен кыздарга кат жазып берчүмүн. Ал каттар мындай башталчу: «Тескейдеги тунук булактын жээгинде өскөн кызыл гүлгө, шаңшып бакта сайраган булбулдан» деп баштап, сыячелектеги сыя канга айланып … сен дегенде кандай бороон-чапкын болсо да, кандай деңиз, океан болбосун сүзүп өтөрүн билдирген улуу сезимдер жазылчу. Айрыкча «Жолборс терисин кийген баатырдагы» лирикалык саптар өз көкүрөгүңдөн чыгып жаткандай шыр кетчү. Ушундай каттардын бири мугалимдин колуна түшүп (ал мезгилде мугалимдердин 99% эркектер болучу), тыкыр изилдөөлөрдөн кийин автору белгилүү болуп атпайбы. Атыман айтпаганы менен мектептин директору: «Биздин мектепте жазуучулар союзуна мүчө боло турган балдар окуйт. Биз, мугалимдер, башыбызга жүн чыкканы мындай каттарды окубаптырбыз, бул балдар мектепте жөн эле кор болуп жүрүшөт»,- деп какшыктаганы эсимде. Анысы аз келгенсип, дал мен отурган партага келип, мага карап: “Кандай дейсиң, ыя?”- десе кызарганымды айтпа, жер жарылса кирип кетүүгө даяр болуп.

Беш тоокко келген мандолина
Искусствого эрте аралаштым. 2-классымдан баштап комуз чертип, ийримдерге катышып, комузчу катары районго атым чыга баштады. Республикалык «Кыргызстан пионери» газетасына да чыгарышты. 1960-жылдары мандолина деген музыкалык аспап элибизге тарап, анда ойноо мода болуп, эл катары мен да үйрөндүм. Ушул аспапты өзүмдүк кылып алсам дегенде ак эткенден так этип жүрдүм. Акча жок. Аспап өзү 5 сомдун тегерегинде эле турат. Үйүбүздө тоогубуз көп болоор эле, ошол көп тооктун бешөөсүн сатып, мандолина сатып алууга ата-энемди көндүрдүм. Базарда бир тоок бир сомдон ашчу эмес. Коңшу Жаңы-Жол айылындагы чакан базарга тоокторумду алып барсам эч ким бир сомдон албайт, 50 тыйындан ашпай койду. Жол боюнда ыйлап олтурсам, ошол айылда мугалим болуп иштеген жакын тууган эжем бар эле (аты Токтайым), ыйлаганымдын себебин сурап, дүкөнгө ээрчитип жөнөдү. Мандолинаны черттирип көрдү да, мени аябай мактап, “тоокторуңду мен сатып алдым “ деп аспапты алып берди.  Ошондо сүйүнгөнүмдү айтпа, 15-20 км. аралыктагы айылдан үйгө чейин жөө-жалаңдап, тынбай мандолина ойноп келгеним эсимен кетпейт. Кийин «Таңда» деген ырымды ошол эки айылдын ортосундагы капчыгайдын чоң дарыясын бойлоп, мандолина ойноп келе жаткан кезимди чагылдырууга аракеттенгем. Бул чыгармамды 1975-жылдары белгилүү ырчы А. Сапаралиев ырдап чыгып, «Досум Үсөн» тобунун дайым ырдаган ырына айланды.

Алгачкы обон
Чыгармачылыкты обон жазуу менен баштадым. Элибизде 1960-жылдардан баштап  «обончу» деген жаңы ысымдар пайда боло баштады. К. Досманбетова, Б. Жандаров, М. Алмакунов, К. Тагаев, Р. Абдыкадыров, Ж. Шамшиев, Ү. Сыдыков, А. Атабаев, С. Жумалиев, М. Рыскулбеков, А. Алымов жана башкалар обон жанрын болуп көрбөгөндөй бийиктике көтөрүп ташташты. Ошол эже-агайлардын таасири мага да тийди окшойт, алгачкы «Мектебим» деген обон жараттым. Сөзү кимдики экени эсимде жок. Албетте, биринчи угарманым да, сынчым да классташтарым, анан жоро-жолдоштор болду.  Бул 1963-64-жылдар болчу, 14 жаштамын. Ал мезгилде көп эле обондор жазылды. Көбү унутулду. Нота билбегендиктен сакталбай калды. Бирок,  айрым обондорумду  кээ бир классташтарым унутпай сактап жүрүшүптүр, кийин жазып алдым. 1965-жылы «Ден соолук» журналына «Кыргызстаным» деген ыр чыгып калды. Сөзү акын Карачал Курманбаевдики экен. Ушул ырга обон жаздым. Обонум эл оозуна алынып, районубузга таркап кетти. Алгачкы чыныгы обончулугум ушул ырдан башталды деп жыл сынак кылып 1965-жылды атап жүрөм.

Туулган жерди сагынып…
Каныкей Эралиева экөөбүз 1974-жылы баш коштук. Каныкей дагы мага окшоп китепкөй экен. Экөөбүздүн китептерибиз кошулганда байып эле жатып калдык. Буюмдарыбыздан китептерибиз көп дегендей. Ошондой күндөрдүн биринде колума акын Тургунаалы Молдобаевдин «Туулган жерди сагындырып» деген китепчеси тийип калды. Ушул «Туулган жерди сагындырып» деген ыры мага аябай жагып, айылыма карата ушунчалык чоң эргүүнү, ностальгияны жаратты.  Ал кезде өзүбүздүн үйүбүз жок, квартирадан квартирага көчүп жашап жүргөн кез, “ушинтип орустардын үйлөрүнө кор болгончо, Аксынын жаңгагын сатсам деле айылда күнүм өтмөк” деп кейип калчумун.

Уйкуман серпилгенде алыс жакта,
Айылдын ак таңдары эске келет.
Жолунун боз чаңдары көздөн учуп
Көңүлүм өскөн жерге имерилет,

Же

Апалар таңдан туруп уй сааганда,
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн.

Илхам ушунчалык келген белем, 15 мүнөткө жетпей обон жаралды. Каныкейге дароо эле жакты. «Менден башка бирөөгө ырдатсаң таарынам» дегени эсимде. Ошентип, радиого жаздырдык. Элибиз  жакшы кабыл алып, бат эле элдик ырга айланды. Ырчылардын көбү ырдашты. Азыркы убакта Гүлнур Сатылганова  өзүнүн жаңыча стили менен ырдап, бул чыгармама башкача боёк, жашоо берди.  Ыр жаралгандан бери 35 жыл өттү.

Таланттын азабы менен жыргалы
Оболу «талант» деген термин эмнени түшүндүрөт, ушул сөз кайдан келди, азыноолак түшүнүк бере кетейин… Байыркы Рим империясынын аймагындагы акчанын аты «талант» экен, сом же рубль дегендей эле термин.

Ошол Рим императорлорунун бир акылдуусу мамлекет даңкын бекемдөө жана жайылтуу үчүн маданиятты өнүктүрүү керек экендигин, идеологиянын кубаттуу күчү  өнөр ээлерине таандык деп баса белгилеп, алардын чыгармачылыгына казынадан акча бөлдүрүп, ал гана эмес, өлкөдөгү баардык бай инсандарга өнөр ээлерине колдоо көрсөтүүсүн милдеттендирет. Ошондон өнөрпоздор, чыгармачыл адамдар байып, эл тамашалап “таланттуулар” (акчалуулар)  деп жатышып, дүйнөгө ушул термин таркап кетиптир. Өнөр адамдары ошентип таланттуулар аталып калышыптыр. Бул терминдин түпкү маанисинде биздин таланттарга кайрылсак, тескерисинче бечара болуп калабыз. Таланттын жыргалы тууралуу биздин өлкөдө кеп козгобой эле койгонубуз оң. Бизден башка өлкөлөрдө «талант» өз түпкү маанисинде эле сакталып келет. Алар чын эле бай. “Таланттар тобу менен жаралбайт” дешип  колдоп-таяп, аяр мамиле жасашат.

Нурзада Ташбаева, “Замандаш” журналы, 04.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий