Бишкектиктерди бээ сүтү менен дарылаган биздин Жолой

Борбор шаардан 10 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан Жал деген кыргыздын керемет бир айылында Жолой Бейшенов аттуу кыргыздын бир мыкты жигити жашап келет. Атпай журтка белгилүү куудул Асанкул Шаршеновдун аталаш бир тууганы. Асанкул аке өз бактысын артисттик өнөрдөн, сахнадан тапса, иниси Жолой ак мөңгүлүү,ызгаар шамал ойногон, булуттуу, жашыл арчалуу тоолордон, кыргыз баласынын жаны менен кошо бүткөн жылкы өстүрүүдөн тапты. Сыртынан карасаң кадимки эле техастык ковбойду элестеткен Жоке алтымыштын кырына келип калса да баскан-турганы кычыраган кырктагы жигиттен тың, кезинде айтылуу каскадер Үсөн Кудайбергеновдун тобуна аралашып, киного түшкөн да жайы бар экен. Ат жалында шамал менен тең учкан мыкты чабандездиги, көк бөрүчүлүгү, тайган агытып, куш таптаган мүнүшкөрлүгү туурасында кийинчерээк кеңири кеп кылабыз. Мындан тышкары, Жолой байке кыштыр-жайдыр бээ саап, анын сүтүн элге ичирип, нечендеген адамдардын ден — соолугуна шыпаа да таап келет. Бээни сүтү дегенде өз ишин мыкты билген аалым илимпоздон бетер бир нече сааттар бою тынбай айткандан тажабайт.Бүгүнкү маегибиз ошо бээнин сүтү жөнүндө. Эмесе кепти Жокенин өзүнө берели.

— Жоке, сизди тааныган-билген кишилер абдан эле көп экен, бирок чала-була уккандар, чоо -жайыңызды тактап билгенге дилгирлер андан арбын экен. Эмне болгон кишисиз, каякта иштегенсиз, азыр эмне менен алектенесиз, кыскасы, өзүңүз туурасында адегенде айта кетиңиз.
— Сокулуктун Орок айыл өкмөтүнө караштуу Жал айылында туулгам. Элибизге таанымал өнөрөпоз Асанкул Шаршенов менен аталаш бир тууганбыз, Ал Шаршенден болсо мен Бейшендин баласымын. Өмүр бою мал чарба тармагында иштеп келатам. Зоотехникалык билимим бар, жылкы фермасында иштегем. Улак тартып, ат чаап, куш салганга, тайган агытканга, көк бөрү тартканга да тээ жаш кезимден эле дилгир элем. Каскадер Кудайберген уулу Үсөндүн студиясы менен иштешип, италиялыктар тартып башташкан «Чыңгызхан» тасмасына да түшкөн жерим бар. Бирок ал тасма аягына чыккан жок. Кийин анын баары Союз менен кошо чачырап кеткен соң мен өзүмдүн фермерлик чарбамды уюштура баштадым. Негизги багыт катары жылкы өстүрүүгө өттүм. Англиялык жорго тукумундагы жылкыларым бар. Английские рысаки деп коюшат эмеспи. Ушул породанын тукумун өстүрүп жатам. Мындан тышкары сүт, кымыз багытын кошо жүргүзүп жатабыз. Азыр элге бээ саап, алыс жакындан атайын келген адамдар сүтүн ичип атышат. Азырынча биз келгендерди сүт, убактылуу жашаганга жай менен гана камсыздоодобуз. Буйруса, тамак-аш жагын да бара -бара чечебиз деп турабыз.

— Мына эми негизги кепке жеттик окшойт Жоке. Мен өзүм, маселен, бээнин сүтү дегенди жакында эле уктум. Анын дарылык касиети туурасында жыл сайын бээнин сүтүн ичет элек дешип жөнөп калышчу досторум, тааныштарымдан улам билдим. Эми аны менен түздөн түз алектенген адам катары сиз менен сүйлөшүп отурам. Бээнин сүтү эмнеси менен пайдалуу, муну кимдер ичет, медиктер айткандай, кимдир бирөөлөргө противопоказано деген жай барбы, иши кылса ушу туурасында мага окшогон кабары жок окурмандарга жакшылап кеп салып берсеңиз.
— Мен бул иш менен отуз жылдан ашуун алектенип келаткан адам катары айта алам -бээнин сүтү адам организми үчүн табылгыс дары. Анда Менделеевдин таблицасындагы бардык заттар бар. Бээнин сүтүнүн курамы 90 пайыз суудан, 2 пайыз эң баалуу белоктордон, 7 пайызга жакын канттан турат, майлуулугу азыраак, болжолу 1 пайыздын тегерегинде. Ошондуктан даамы уйдун сүтүнө караганда таттуураак келет.

Көп адамдар бээнин сүтүн ооруганда гана ичүү керек деген жаңылыш түшүнүктө болушат. Бул туура эмес, колдон келсе аны такай ичип жүргөнгө жетпейт. Анткени азыр, кай жакты караба, таза тамак-аш деген калбай калды. Эмне алсаң аралашма, сары майбы, сүтпү, чайбы, деги кой, баарысы эле сапаты жок, баарысы химия. Сапатсыз тамак — ашты жеген организм соо болобу. Азыр билинбесе да барып-барып бир күнү кесепети тиет. Ансыз да алардан ооруган адамдар азыр абдан көп. Бирөөлөр ашказан, ичеги, бирөөлөр жүрөк, кан — тамыр, дагы башкалар дем алуу органдарынан, иши кыла ооруган кишилер көп. Мисалга карындын ички бетиндеги түктөр толуп калганда адам «прямой кишка» болуп калат. Анткени ал түктөр эч нерсени кармабай калат эмеспи. Оорубаса деле азыр адамдарда чарчоо, депрессия сыяктуу нерселер да толтура. Мына ушунун баарына бээнин сүтү дары боло алат.

Мен негизи айтаар элем, сүт ичкиси келген адам жок дегенде 15 күндүк курс менен ичсе натыйжасы абдан мыкты болот. Сүт ичип атып көз алдымда таптакыр өзгөргөн адамдарды мен көп көрдүм. Киши кадимкидей стресстен арылып, жаркылдаган маанайына кайтат, тамакка болгон табити жакшырып, өң келбети да башкача боло түшөт. Башкача айтканда, адам организминин иммунитети кескин көтөрүлөт, андай болгондо ар кандай оорууларга организмдин каршы турушу бекемделет, мисалы, жөнөкөй эле сасык тумоо дегенди тоготпой да калат. Бээнин сүтүн ооруулардан тышкары операция болгондор калыбына келүү үчүн ичишсе да болот, спорт менен тынбай машыккандар кошумча тамак катары да пайдалана алышат. Жаш курагы өйдөлөп калган адамдар үчүн да дары, кошумча энергия жаратат, картаюуну жайлатат. Мына маселен, церроз печень, туберкулез ж.б. дарттар бар, аларды медицина айыктыра албайт. Бээнин сүтү айыктыра алат. Курсагы момундай болуп кеткен церроз печень адамдар келет, карап турсаң 15 метр араң басат, көңүлү эч нерсеге чаппай, шалдырап эле отурушат экен. Ошолор сүт ичкенден бир жумадан кийин карасаң баса баштайт, он күндөн соң тоо аралап калышат. Бул деген сүттүн керемети. Ушунча жыл алектенип келатам, сүт жакпай калды деген адамды көрө да, уга да элекмин. Кыскасы, пайдалуу жагын айта берсең түгөнбөйт.

— Кечиресиз Жоке, сүттүн айымдар үчүн пайдалуу жагын да айта кетсеңиз. Анткени ар бир эле аялзаты сулуу болгусу келет эмеспи.
— Туура айтасың. Аялдар үчүн бээнин сүтү табылгыс косметикалык каражат болуп эсептелет. Ар кандай баасы асмандагы, шектүү косметиканы колдонгондон көрө аялзаты өзүбүздүн эле ата-бабалар ичип келген бээнин сүтүн ичип жүрүшсө алда канча пайдалуу. Мен аялдар үчүн чечүүчү мааниге ээ бир эле касиетин атасам жетиштүү болоор. Бээнин сүтү терини жумшартып, аны кургап кеткенден, бат картаюудан сактайт. Айрыкча наристе балдарга да ичирип жүрсө бала ден-соолугу чыйрак болуп өсөт. Мисалы, гепатит болуп төрөлгөн балдардын иммунитети ушунчалык алсыз келет экен, чачтары, тиштери чыкпайт. Мына ошолор сүт иче баштагандан бир жумадан кийин эле чачы да, тиштери да чыга баштайт, бала көз алдыңда кадимкидей дени -карды сопсоо болуп өзгөрүлөт.

— Бээнин сүтүн жылдын кайсы бир маалында гана ичиш керекпи же каалаганда иче берсе болобу?
— Бирөөлөр айтат экен үркөр чыкканча ичиш керек деп. Бирөөлөр пипеткадан тамчылатып ичиш керек дейт. Эркектер ичет аялдарга болбойт, боз бээники пайдалуу, кара бээники пайдалуу имиш дегендер бар. Бээнин сүтү адамдын эске тутуусун начарлатат экен деп да айтып жүрүшөт. Бул адамдардын жаңылыштыгы. Сүттү бир жылда бир эле маал ичиш керек деген сөз да туура эмес. Аны жыл он эки ай иче берсе болот. Кыргыз айран сүттү, кымызда кылымдар бою ичип келатат, бул биздин элдин тамагы эмеспи. Анан бээнин сүтүн ичкен баланча башынан айнып калыптыр дегенди али уга элекпиз. Албетте, бээнин сүтүн жыл бою саап туруш үчүн биринчи кезекте тоют базасы мыкты болушу керек. Бээ бирдеме жебесе андан кандай сүт чыгат?

— Организмди бээнин сүтү кандайча тазалайт? Маселен, дарыгерлер деле тазалап атпайбы, андан айырмасы канчалык?
— Мында айырма чоң. Догдурдун тазалаганы биринчиден, адамды жабыркатат, ыңгайсыздыгы да бар. А бу болсо таптакыр табигый жол менен жүрөт. Медициналык тазалоодо аш казандын ички бетиндеги чогулуп калган зыяндуу калдыктарды үстүртөн гана жууп кетет, толук тазалоо деген мында жок. Көп болсо 30 сантиметрин тазалайт. Ал эми бээнин сүтү ашказанды, ичегилерди таптакыр тазалап коет, эң негизгиси — бул адамга эч кандай ыңгайсыздыкты жаратпайт. Ашказанды тазалаган соң боорду калыбына келтирет. Боор деген адам канынын фильтри. Боор тазаланса демек, кан да тазаланат. Андагы болгон холестеринди айдап чыгат. Кан суюлат, гемоглабини көтөрүлөт. Айлануусу жакшырат. Мунун баары жүрөктүн жеңил иштешине шарт түзөт. Ошондо адамдын аурасы да тазаланат. Көрдүңүзбү, кандай баары бири бирине байланышкан. Өзүнүн химиялык составы, аш болумдуулугу жагынан бээнин сүтү эненин сүтүнө жакын. Ар кандай бактерияга каршы тура алат.

— Сүт ичип аткан адам кандайдыр бир диета кармап же башка тамактардан өзүн тартышы керекпи?
— Эч кандай деле диета кармап кереги жок. Болгону абдан майлуу, күчтүү тамак ичкенден соң сүттү артынан ичүү натыйжа бербейт, андыктан сүт ичүүчү адам кай бир даражада өзүн чектеген оң. Анүстүнө бээнин сүтү абдан калориясы жогору жана аш болумдуу, аны ичкен адамдын курсагы көпкө ток кармалат.

— Жоке, сүттү кандай жол менен саайсыңар? Сурайын дегеним — жыл ичи эле саала береби? Бир бээнин берген сүтү канчалык?
— Бээ туугандан 30-40 күндөн кийин саала баштайт. Күнүнө 4-5 жолудан сааса болот. Тоюту жакшы болушу керек дебедимби. Бир сааганда 2-3 литр сүт алынат. Биз эки үч ай саайбыз, каалаган кишилер келип ичип кетишет.

— Жоке, эми сизди издеп барууну каалагандарга дарегиңизди айтыңыз, шартыңыз кандай, сүтүңүздүн баасы канча дегендей…
— Шаардан болгону 20 чакырым өйдөдө, Кашка -Суудабыз. Шаардан маршруттук таксилер тынбай каттап турат, жол кире акысы 18 сом болушу керек эле жаңылбасам. Сүттүн бир литрлик наркы бизде 130 сомдон. Теплоключи, Ысык-Ата жактарда 150сомдон 300 сомго чейин чыгып жатат. Жатаарга вагон үйлөр, мейманканалар бар.

— Чарбаңыз чакан элеби, канча киши иштейт?
— Ооба, чакан эле, беш -алты эле киши иштейбиз. Үч балам бар. Эң кичүү балам Камбар мага күч берип аткан ошол.

— Чет мамлекеттен келчү конокторуңуз көппү?
— Америкадан, Германиядан, Польшадан, Россиядан келгендер көп. Индустарга чейин келип атышат.15-20 күндөй келип ичип кетишет. Азыр үч үй-бүлө келген турат, ошолорду күтүп атабыз.

— Ракмат Жоке, ишиңизге ийгилик каалайбыз!

Бахтияр ШАМАТОВ

«ЖКМ»нын маалыматынан:
Бээ сүтүнүн бир литр наркы Европа мамлекеттеринде 9 евро, Россияда 2,5-3 евро турат.

Эл аралык Null Nepothess журналы ааламдагы эң мыкты суусундуктардын 10 нун атап, алардын ичинде бээнин сүтү да бар.

1 литр бээнин сүтүндө 20гр. май жана белок, 70гр. кант, 800 мг кальций, 500 мг фосфор ж.б. пайдалуу заттар бар.

«Кыргызстан маданияты» («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.05.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий