Буудайбек Сабыр уулу, фольклор жыйноочу: «Манас, Семетейдин колума тийбей калган кол жазмаларын табуу керек»

Жашоо дегениң түгөнбөгөн күрөш турбайбы… Жанын кашайткан оорусу кыйнап жүрсө да Буудайбек ага өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин чыгармачылык эмгектин үстүндө болду. Көрсө, кайран киши бул жарыкта көрөөр күнү, ичээр суусу түгөнүп баратканын сезимтал жүрөгү менен туюп, дагы бирдемелерин бүтүргөнгө жан үрөп жүргөн тура.»Маданиятка» акыркы жолу келгенде баягыдай эле жайдары жай көрүнгөндөй болгону менен көздөрүнөн кандайдыр бир өкүт сыяктанган муңайымдык катылуу экенин байкаганбыз.

Кырк жыл бою чогулткан «Эл шайырлары», «Жомоктор жана жомокчулар» деп аталган эки томдугун чыгарганга жетине албай жүрдү, алдыда далай чыгармачылык пландары бар экенин айткан эле, бирок аттиң,шум ажалдын айынан артынан кууганы ошол бойдон карматпай кетти. Буудайбек аганын «Аки-пресс» маалымат агенттигинин «Баракелде» сайтына берген (акыркы болсо керек) маегин окурмандарга сунуштоону туура көрдүк.

— Буудайбек ага, учурда ден соолугуңуз жакшыбы, өзүңүздү кандай сезип калдыңыз?
— Абалым жакшы, эки жылда эки жолу операция болдум. Азыркы күндө дарыланып жатам. Учурдан пайдаланып, «Турар» басмасынын директору Тилек Мураталиевге ыраазычылыгымды билдирип кетсем болот. Себеби, эки томдук китебимди акысыз жарыкка чыгарып берди. Ошондой эле акчалай төлөп берди. Ал каражат Улуттук онкология борборунда дарылануума жумшалды.

— Азыр эмне иш кылып жатасыз?
— Эки томдугумдан тышкары дагы жыйнак кылып чыгарсам деген эмгектерим бар болчу. Ал 5-6 китеп болушу мүмкүн. Учурда неберем түзүүчү катары чогултуп, компьютерден терип жатат. Мен ага жардам берип, оңдоп-түзөп дегендей, кичинеден алек болуп атам.

— Сизди фольклорчу катары угуп жүрөбүз, бул сиздин кесибиңизби?
— Өзүм Педагогикалык институттун филология факультетин 1954-жылы аяктагам. Окууну бүткөндөн кийин «Жаш Ленинчи» журналында иштедим бөлүм башчы болуп, андан соң жооптуу катчы болуп иштеп жүрдүм. 1960-жылы баарыбыз жумуштан алынып, мен бир жарым жыл жумушсуз калдым. Ошол күндөн тартып, фольклор жыйноо менен алектене баштадым.

— Бул өзүңүздүн жеке каалооңуз болгон экен да?
— Бул ишти аркалап калышыма себепчи саясий ишмер Искак Раззаков болгон жана идеяны дагы ошол адам киргизген. 1957-жылы И.Раззаковдун жыйыны болуп, айтып калды: «Композитор Абдылас Малдыбаев качан обон жаратат, качан музыка жазат деп эле күтүп жүрө беребизби? 3 жылда үч обон жаратат экен. Кыргыз эли өнөргө бай келчү эмес беле, кана иштегиле, фольклор жыйнагыла», — деп. Ошол сөз мага өтө чоң таасир калтырды. Бир күнү ошол кездеги Кыргыз ССРнин саламаттык сактоо кеңешинин төрагасы Болот Мамбетов чакырып, ал дагы сунуш киргизип калды. Мен андан мурун эле пландап койгон тизмемди көрсөтсөм, «сөзсүз жазышыңыз керек, кыргызда кандай талант болсо, ошонун баарын жыйноо керек. Мен өзүм көзөмөлдөп, карап турам», — деди. Ошондон тартып, биринчи чыгармачылык ишим башталды.

— Айлык берилчү беле, мамлекет тарабынан кандайдыр бир каражат бөлүнүп дегендей…
— Жок, бекер эле иштеп жүрдүм. Жубайым медик болуп иштечү, бир топ жыл анын айлыгы менен күн көрдүк. Бейшенбай Мураталиев, Турдакун Усубалиев, Болот Мамбетов деген ошол замандын ишмерлери менин жолумду ачып беришти десем болот. Көп жардамдарын беришти.

— Өнөрлүү инсандардын даректерин кантип тапчу элеңиз?
— Ыбырай Туманов деген комузчу менин үйүмдө жашачу. Аны менен бирге иштешип, көп нерселерди ал инсандан сурап алчумун. Анткени ал адам көп нерсени билчү. Кыргызстандагы көп өнөрлүү инсандар кайда жашайт, ким кандай өнөр менен алектенет — баарын ошол киши айтып, жол көрсөтчү. Бир күнү анын айтымы менен Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарчасына барып калдык. Ал жакта Моңолдор уулу Акматалы деген чоң комузчу бар экен. Ошол адам жөнүндө жаздык. Менин биринчи сапарым ошону менен уланды. А.Моңолдор уулун шаарга алып кетейин десем, балдары жибербей коюшуп, кийин өзү издеп келди. Ошентип, менин үйүмө алып келип, анын 30дай күүсүн жаздырдык. Ал эми портретин Гладков деген сүрөтчү (художник) тартып берди.

— Жаздырып калууда кандай каржаттарды колдончу элеңиздер?
— Магнитофонго жаздырчубуз. Жалал-Абадда акын Барпы Алыкуловдун бир тууганынын баласы — кыл кыякчыга барып, анын 30-40тай күүсүн жаздырдык. Облустук гезитте иштеген Моной деген инсан Асанбай деген чоорчу жөнүндө гезитке макала кылып жазып жибериптир, анын дареги менен издеп таап, 70тей күүсүн жаздырдык, ал эми келбетин Чурин деген сүрөтчү тартты. Биз мединститтун короосунда жашачу элек. Жашаган жерибиз тар болгонуна карабай, өнөрчүлөрдү алып келип алчумун. Жубайым абдан март, боорукер адам эле, кабагым-кашым дебестен тосуп алып, жакшы мамиле кылчу. Алайкуудагы Датка деген кылкыякчыга кат жазсам, ал келип калды, анын 40тай күүсүн жаздырып, сүрөтүн тарттырып калдык. Кийин Датканын күүлөрүн радиодон өчүрүп салышыптыр деп угуп калып, кайра жаздырдым. Мурункусу деле бар экен, экөө биригип 70тей күү калды.

— Обончулар импровизация кылып, дароо ойноп берчү турбайбы?
— Менин эжемдин катыштыгы бар Абды Байсалбаев деген адам ичегиден кыл жасачу. Эжемди кой сойгондо ошол адамга алып барып бергиле, кыл жасай берсин дечүмүн. Анткени пенсиядагы бош киши эле. Кийин мага бир чемодан ичегиден кыл жасап берди. Менден комузчу Болуш Мадазимов да алып чертип жүрдү. Ошол учурда элдин баары желим кылга өтүп кетиптир. Ысык-Көлдүк бир гана комузчу ичегиден жасап чертет экен. Ошондой эле комузчу Чалагыз дагы ичеги менен чертчү. Калганынын баары желим менен чертип калышканын байкап, баягы ичегиден жасалган кылды комузчуларга таратып бердим. Мен өзүм комузчулардын күүлөрүн жаздыраарда ичеги кылды тактырып, анан жаздырчумун.

— Азыркы комузчулардан ичеги кыл пайдалангандары барбы?
— Азыркы комузчулар эмнегедир үзүлүп кетет деп коркушат. Бардыгы эле желим кыл, жибек кыл колдонушат. Бир гана Актан Тыныбек уулу деген комузчу ичеги пайдаланганын жакында теледен уктум. Кочкордон кыл кыякчы Мырза уулу Иманкулдун күүлөрүн жаздырдык. Анын атасы да чоң кылкыякчы болгон экен. Биз барганда кылкыягын жоготуп алган экен. Кеминдеги таекесиникин алып чертти. Ошону менен анын 18 күүсүн жаздырып калдык.

Ысык-Көлдүк Асаналы Кыштообай уулу деген кылкыякчыга жолуктук. Ал 1914-жылы Биринчи дүйнөлүк согушта Кытайга сүрүлүп кетиптир. Ал жактан кыргыз-казак барктаган адам болуптур. Кытайлыктар атабыз дегенде ошол жактагы эл коргоп калышкан экен. Кийин мага келгенде, 70 күүсүн жаздырдык. Бир жылдан кийин келгенде дагы 70 күүсүн жаздырдык. Абдан акылман киши эле, калмакча дагы эпос айтчу. Эпосун дагы жазып калгам. Бул кишинин билбегени жок болчу. Портретин Москвадан сүрөтчү келип тартып калган. Мага көп таланттардын дарегин берип, жол көрсөттү. Кытайдан биринчи келгенде, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүнө конуптур. Андан жазып алган уламыштары бар, китеп болуп чыккан. Ошондой эле Абдрашит Бердибаев деген тубаса азиз бар эле, ошол адам бардык таланттардын дарегин, эмне менен алек болот — бардыгын билчү. Ошол кишинин көрсөтмөсү менен дагы бир топ адамдардын эмгектери жаздырылып калды.

— Бүгүнкү күндө ушул сыяктуу фольклорлор жыйналып атабы, эл арасынан чогулткандар барбы?
— Азыркы күндө ушундай байлыктарды чогултса деле, эл арасында бир топ өнөрлүүлөр бар. Эң өкүнүчтүүсү, азыр улуттук мурастарды чогултуп, күйгөн адам жок. Мисалы, Ак-Талаа районунун Жан-Булак деген айылында Сагынбай деген адамдын Семетей жөнүндө арабча жазган эмгеги бар экен. Жыйнак ал киши жашап кеткен үйдө калып калыптыр. Кийин ал үйдүн ээси бизге берип, «алып кеткиле, жөн жерден жок болуп кетпесин» деп айтканынан, акысын алып, анан бергиле деп албай коюп жүрбөйүмбү, бекер кылыпмын. Кубат Ибраимов кол жазмаларды алып келип, Тил институтунун директоруна кирсе, ал айтыптыр: «Тоголок Молдонун Семетейине окшош экен» деп фондго өткөзүп коюптур. Ошол бойдон ал жакта жатат. Биздин көзүбүз тирүүсүндө китеп болуп чыгып калса жакшы болмок. Аны чет мамлекетке сатса, миллион доллар турат. 1946-49-жылга чейин Ак-Талаада жашап жүргөндө, Биримкул Токобаев деген киши Тоголок Молдонун мааракесине барган эле, ошондо Тыныбектин бир папка Манасы бар деп берди. Аны Ысык-Көл менен Нарын губерниясынын башчысы орус экен, ошол адам молдолорго жаздыртып калыптыр. Тыныбектин Манасын шаарга өзүңүз барып, акчасын алып анан бериңиз деп албай койгом, бекер кылган экенмин. Алып келип, фондго тапшырсам болмок экен. Барскоондук Иманбеков Өмүрзак деген таанышым бар эле, кийин ага Тыныбектин Манасы бар эле деп айтсам барып, менин атымды айтып алыптыр. Мага келип, санжырачы Сапарбек Закировго сатам, деди. Бирок, саттыбы-жокпу уккан жокмун. Кол жазма тагдырын изилдеген киши жок. Ушуларды жыйнап чогултам дегендер болсо, даректерин берет элек. Манас деп эле күйүнүп атышкандай. Бирок, изилдеп, чогултуп жазган эч ким жок. Изилдөөчүлөр болсо, Тыныбектин Манасы табылып калса, жакшы болмок. Манаска күйгөн кишини жолуктура алган жокмун, жасалма эле күйүнүп жатышыптыр.

Мындан тышкары, төкмө акын Токтогул жөнүндө эскерүүлөрүм бар. 2014-жылы Токтогулдун 150 жылдыгы болот экен. Мааракеге арнап китеп чыгарсак абдан жакшы болмок.

Маектешкен Венера Жаманкулова, «Кыргызстан маданияты» («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.05.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий