Экөө

Кыргыз Эл акыны, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сүйүнбай Эралиев
байбичеси Альбина Эралиева менен баш кошкондоруна 32 жыл болду.

— Сүйүнбай ата, ден соолугуңуз жакшыбы? Күүлүү-күчтүү жүрөсүзбү?
— Кудайга шүгүр. 90 жашка келип калдым. Согуштан келгенден бери ардагер катары кыргыз элим ардактап келе жатат. Жыл сайын мени билген, тааныган көпчүлүк балдар жана уул-кыздарым, бир туугандарым куттуктап келишет. Ыраазымын.

Жеңиш күн катары 9-май мен үчүн баарынан ыйык. Биз үчүн ушул күн чоң майрам. Кудай ушуну кут кылсын. Ал эми ден соолук, жаштык деген согуш талаасында калган. Ошондо ок тийген дененин запкысын өмүр бою тартып келатам. Күн бүркөлгөн сайын жарааттарым ооруп, сыздатат. Үч жолу (ичиме, колума) ок тийип, катуу жарадар болуп, госпиталда жаттым. Үчүнчү жолкусунда Тбилиси госпиталында 8 ай жалаң чалкаман түшүп жатып, тамак ичкенге дагы жарачу эмесмин. Врачтар «согушка жараксыз» деген чечим чыгаргандан кийин, 44-жылы, жайында өз мекениме кайтып келгем. Мени грузин медсестра кыз жеткирип келген. Ал «Каерде жашайсыз? Алыспы? Тоонун арасындасызбы?» деп тынчсыздана бергенинен боорум ооруп, Жамбылдан кайра жөнөтүп жибергем. Жамбылдан кошуна айылдан келген араба менен Таласка чейин жетип алдым. Жеңишти Таластан белгиледик. Эл кубанычтан бирин-бири тааныса, тааныбаса да кучактап, куттуктап ыйлап жатышты.

— Согуштан келгенден кийин үйлөндүңүз беле?
— Согуштан келгенден кийин бат эле үйлөндүм. Коңшу айылдан алдым. Аты Майдан эле. Андан эки кыз, эки уул калды. Баары үйлүү-жайлуу. Жети неберем, эки чөбөрөм бар. Чөбөрө деген өтө кымбат болот экен. Тун чөбөрөмдүн атын өзүм койгом. Эдил дайрасынын атынан дайрадай өмүрү узун болсун деген аруу тилек менен атагам. Эдилим төрттө. Анын сүрөтүн иш столумдун үстүнө, так маңдайыма коюп алгам. Көрбөй калсам куса болом. Кичүү кызым үч жашынан баштап мага жакын болду. Мен дагы аны башка балдарымдан бөтөнчө көрдүм. Бат сагынып кетчүмүн. Командировкага кеткенде кадимкидей куса болчумун. Чөбөрөлүү болгондон бери андай мамиле Эдилиме өттү. Жанымдай көрөм. Аларсыз жашай албасымды байбичем жакшы билет.

Албина апа:
— Туура. «Чөбөрөм менин уландым, орун басарым. Балдарым, неберелеримден эч ким ыр жазган жок. Ушул неберемден бир нерсе чыгат» деп үмүттөнөт. «Аны менен жаным бирге» дейт. Алар төрөлгөндөн баштап, аларга айланып-кагылып жаны калган жок. Бешигин терметип, коляскасына сүйрөдү. Өзү баса албай жүрүп, коляскага аларды салып, айдайм дечү. Бир күндө үч-төрт жолу телефон чалып, алардын ал-акыбалын сурап турат. Чүчкүрүп калса да ошого да кейип-кепчип, тынчсызданат. Алар менен үч жарым жыл бирге турдук. Азыр атаңарга тынчтык керек. Бир аз эс алалы дедик. Ошондон улам бөлүндүк. Үй алып кетишти. Атасынын жакшы көрөрүн билип, бат-бат келип турушат.

— Ата, 90 жашка чыккан кандай экен?
— (күлүп) Эң сонун… 90 жаш бийик экен, талабы көп экен. Туруу, басуу, отуруу оорлоп калат тура. Колго калем кармап жазуу калат экен. Кулак угат, көз көрөт, аппетит жакшы. Ушуга шүгүрчүлүк.

Альбина апа:
— Тамак тандабайт. Бирок, беш бармакты жакшы көрөт. Өз убагында уктап, жакшы эс алса ден соолукка деле пайда экен. Сукемдин бир кемчилиги бар. Күнү-түнү куш уйку салат. Бирок, бул адаты илгертен барбы деп кетем. Себеби, жаш кезинде жаздыгынын астында кагаз, калеми жатчу да. Кайсы убакта болбосун, тура калып ыр жазчу. Уйку режими ошондо эле бузулса керек… Ал эми калем кармабай калганына өкүнбөйт деле. «Жаман ыр жазгандан көрө, жазбай койгон жакшы» деген качантан бери келаткан принциби бар. Байлык топтогонго умтулган жок. Бар байлыгы жазган ырлары. Үйүбүз деле жөнөкөй. Атаңар мага жакшы сапаттары менен үлгү боло алды.

— Чыгармачыл адамга жар болуу кыйын бекен?
— «Кыйын, түйшүк» деп көптөр айтат. Мен чынында андай түйшүктү, кыйынчылыкты көргөн жокмун. Мен үчүн Сукем менен чогуу басып өткөн -жылдар ырахаттуу жылдар. Сукемдин мүнөзү жумшак. Адамга катуу сүйлөбөйт. Боорукер. Жарына да жакшы карайт. Ооруп калсам тынчсызданат. Бири-бирин урматтоо эки кишиден тең болгону жакшы экен. Ушунчалык бири-бирибизге көндүк. Мен жумуштап чыгып кетсем, ачка отура берет. Балдар бар болсо деле «апаңар келгенде ичем» деп коет экен. Же менин колумдан чай ичип көнүп калса керек.

Сүйүнбай ата:
— Байбичем да чыгармачыл адам. Аңгеме жазат. Котормо которот. Жазуучулар союзунун мүчөсү. Менин ырларымды компьютерге терет. Кеңеш берет. Ырларымды сындап турат. «Менин ырларымды эч ким сындачу эмес эле, мени сындап сен кыйын чыктың» деп күлүп калам. Анын сынын туура кабыл алам. Себеби, өз күйүп айтат да. Анын үстүнө ар бир адам өзүнү кемчилигин бирөөнүн көзү менен толугураак көрөт.

— Баш-аягы канча китеп чыгардыңыз?
— 25тей китеп жазыптырмын. Ар кыл темада жазылган. Көбү орус тилине которулду. Көптөгөн мыкты, көрүнүктүү котормочулар которгон. Мага жакты.

Альбина апа:
— Сукемдин ырлары күчтүү, элестүү жазылган. Аны окуп жатканда ал окуяга аралашып жүргөндөй сезесиң өзүңдү. Мисалы, согуш жөнүндө ырларын окуганда согушта жүргөндөй болосуң. Жаратылыш жөнүндөгүсүндө бир керемет жерде жүргөндөй сезесиң. Кыскасы, мыкты жазылган. Ар бир ыры адамды өзүнө тартып турат.

— Сүйүнбай ата, күздө төрөлүпсүз. Ал мезгил сизге жагабы?
— Байбичем экөөбүз тең күзүндө төрөлгөнбүз. Меники 15-октябрь, Альбинаныкы 25-октябрь. Чогуу белгилейбиз. «Мага өзүңдүн амандыгың белек» деп байбичем белекти деле ойлобойт. Ошентсе да, мен колдон келишинче белек жасап, «Аман бол, байбичем» деп маңдайынан өөп коем. Ал болсо оюмдагыдай тамак жасап берет.

Альбина апа:
— Кудай буйруса, күзүндө, туулган күнүндө 90 жылдык торколуу тою мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөнү турат. Бул иш-чара боюнча комиссия түзүлдү. Атаңар күзүндө төрөлгөнү менен жазды жакшы көрөт. А мен болсо мезгил тандабайм. Ар бир мезгил өзүнүн көрүнүшү менен кооз, керемет.

— Жазуучулар союзунда иштеп жүргөндө баш кошконсуздар да?
— Ооба. «Кыргызстан маданияты» гезитине ошон үчүн которулуп кеткем.Үйдө чогуу болгондон кийин ишибиз эки жакта болгону жакшы деп чечкенбиз.

— Ата, канча жашыңызда кайталап турмуш курдуңуз эле?
— Элүүдөн өткөндөн кийин кайра үйлөндүм. Альбина Кара-Балтадан болот.

— Кечиресиз, «үйлөнөм» дегениңизде балдарыңыз каршы болгон жок беле?
— Жок. «Тамагыңды жасаганга, кириңди жууганга, сырдашканга баары бир байбиче керек» дешип, өздөрү алып беришкен. Балдарым Альбинаны өз энесиндей көрүшөт, «апа»дешет. Альбина да аларга өз балдарындай мамиле жасайт.

— Канча бир туугансыз?
— Алты бир туугандын улуусумун. Төрт карындашым бар. Төртөө төрт облуска келин болгон. Келип турушат. Инимдин болсо көзү өтүп кеткен. Атам Эралы колхозчу, апам Расия үй кызматкери болчу. Атам күлүк аттарды таптаган саяпкерчи эле…

— Мектепте кандай окугансыз?
— Жакшы окудум. 5-класста «Таң менен» деген ырды жазгам. Ал азыр деле сакталуу. Ырларым «Кыргызстан пионери» гезитине жана Талас облусунун гезитине чыгып жүрдү. Согушта жүрүп, эл-жерди сагынып, жолдошторума ыр менен кат жазчумун. Досторум ал ырларды Таластагы райондук гезиттерге берип турушуптур. Карындаштарым ырларды жаттап алышып, кийин мен келгенде дагы көпкө чейин жарыша айтып жүрүштү.

Согушка өз каалоом менен барып келдим. Ата-энемдин каршылыгына карабай, военкоматтын жанын койбой жатып, 19 жашымда кеткем. Адегенде Кара-Балта шаарындагы атчан аскерлерди даярдоо пунктуна алып келишти. 8-гвардиялык дивизиянын бир полкун даярдап жаткан экен. Ошол жерден полктук мектепке кирип окуп, улук сержант деген наам алгандан кийин фронтко жөнөтүштү. Москвага поезд менен кеттик. Биз барган кезде Москваны немистердин самолеттору бомбалап, коркунуч туудуруп жаткан экен. Ошондо Панфилов дивизиясы немистерди Москвага жолотпой, мизин кайтарып туруптур. Ошол жерден ар кимибизди ар кай жакка бөлдү. Мен Москвадагы 8-гвардиялык аткычтар полкуна кошулдум. Аңгыча «Заград отряд» деген түзүлүп калды. Анын милдети — согуштан чегингендерди, качкандарды тосуп калуу. «Москваны коргоп жаткан солдаттар бир кадам артка чегинбеш керек!» деген Сталиндин буйругу бар болчу. Ошол отрядга мен жарым жыл кызмат өтөдүм. Солдаттарды көзөмөлдөп турганда «немистер качан штык менен сайып кетет?» деген коркунуч болгону менен «Эл-жер, Ата Мекен, Ала Тообузду сактайбыз, ал үчүн өлүмгө даярбыз» деген ант бизге күч-кубат берип турган.

Окопто жатып жазган «Согушта» аттуу ырымды окуп берейинчи:
Өмүрү бел чечпедик ал жылдары,
Түнөрүп бүркөө эле жандын баары.
Турчу эле көздөрүнө көрүнгөнсүп,
Андагы аккан көз жаш, кандын кары.

Уктадык, уктасак да курал алып,
Ок аттык, кулап, кайра тура калып.
Кыргында жараланып жатып дагы,
«Ата журт, сен үчүн!» деп урааладык.

Аппак кар, көр муз болду төшөк, жаздык,
Бир күндө миң кайталап окоп каздык.
Запаста да бир башка өмүр бардай,
Өлүмдүн өзүн көздөй тике бастык.

Биз анда бар да болдук, жок да болдук.
Биз анда ач да болдук, ток да болдук.
А бирок акыл-эсте кала берди,
Кыргында төрт жыл катар тарткан кордук.

Ушундай болгон кызым. Согуш деген согуш экен. Канча деген адамдардын өмүрүн алып, адамзатка чоң кайгы, азап-тозок алып келди. Согуштун өртүн, канын кечип, өлүмдү көрүп келген киши тынчтыктын, эл биримдигинин баасын өзгөчө түшүнүп калат экен. Ушундай кыйынчылык менен жаркын, жакшы заманды алып келсек, адамдар бири-бирине кас болуп, өлтүрүүдө. Ал эми былтыркы 7-апрелдеги бөөдө жерден эле жаш кырчындай кезинде окко учкан балдарчы… Аларга азыркыга чейин жүрөгүм ооруйт. Мындан ары мындай болбосун.

— Аял кишинин президент болушун кандай кабыл алдыңыз жана ишине кандай баа бересиз?
— Роза Отунбаева үзүлгөндү улап, мамлекетти бутунан тургузуп кетти, азамат. Канча деген кыйынчылыктарга туруштук берип, тоодой тоскоолдуктарды жеңди. Жакшы иштеп жатат. Кайра президенттикке барса жакшы болмок.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА, «Кыргызстан маданияты» («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий