Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш ЖУСУПОВ: «Саясаттан маданиятка көчөлү»

— Агай, алгачкы кепти рухий маданиятка тиешелүү патриоттуулуктан баштасак. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
— Туура кеп баштапсыңар. Азыркы элдин көпчүлүгү жалаң гана саясат, байлык, жеп-ичкендик жана кара курсактын камы жөнүндө жедеп сүйлөгөнгө, ойлогонго ооп баратат. Мындай учурда рухий маданият, анын ичинде патриот деген сөз оозго алынбайт, унутулат экен. Патриот деген сөздүн кыргызча жакшы мааниси бар — ата уулу деген. Кыргызга атанын уулу болуш деген касиеттүү сөз. Буга илгертен бабалардын жакшы чечмелеген накылы бар. Бабаларыбыз уулга баа бергенде, атадан кем уул, атага тең уул, атадан ашкан уул деп айтышкан. Менимче, бала адегенде ата-энеге милдеттүү, эненин ак сүтүнөн, атанын адал эмгегинен кутулуу мойнунда. Анан атадан ашкан уулдун эл-жердин акыбетинен кутулуш карызы бар. Бул ар адамдын оюнун булак башаты, уюган рухий куту, жашоо максаты. Мындай вазийпаны аткарыш жеңил эмес. Ал адамдын акыл-ой тазалыгына, рухий маданиятына, тарбиясына, мамилесине, аракетине жараша бааланат. Пенде непадан жеке кызыкчылыктын кумарынан, азгырыктын сазынан чыга албаса, андай ыйык милдетти аткара албайт. Ата уулдук милдетти туюп, ага бел байлоо бир айда, же бир жылда пайда боло калбайт. Андай милдетти аткарыш үчүн адам өмүр бою өзүн тарбиялап, ошого өмүрүңдү арнап, кара жанды карч уруш абзел. Ага бааны эл берет. Кыйкырык, төш каккан, же муштумуң менен, же байлык, күч менен, же ырахат, жыргал менен жетпейсиң. Анын отуна күйө да, эрдик менен мээнеттене да билиш керек.

— Адам ата уулу болушка кантип жетээрин айта аласызбы?
— Сөзүбүз кыска жана нуска болуш үчүн, бир багытка — элибиздин рухий маданиятына байланышкан жагына буралы. Жараткан адам пешенесине бу тирүүлүккө бир гана жолу келип-кеткенге кыска өмүр жазган, анын татыктуу, сары эсеп сүрүп өтүү керек, туурабы? Адам өмүрүн жаштайынан ачык, таза ойлонсо, бабалардын накыл сөзүнө муюса, жакшы-жаманды айыра билсе, пайдалуу максатты алыска мелжесе, эл үчүн ак эмгек өтөп, боорукер, адилет жашаса, жеке мүдөөдөн көрө улуттук кызыкчылыкты туу тутса, асыл мурас калтырса, балким ошобереги доордун ата уулу болоор.

— Сөзүңүздү мүмкүн далил менен айтсаңыз окурманга жеңил болор. Кандай адамдарды, кимдерди кыргыздын чыныгы ата уулу деп айта алабыз. Менимче, акыркы эле ХХ-ХХI кылымдан мисал алсак жетишээр…
— Мейли. ХХ кылымдын башынан санай келсек, кыргыз рухий маданиятына зор салым кошкон инсандар Белек Солтоноев, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахмановду биринчи ата уулдары дээр элем. Азыр бул ысымдар улуттук тарыхта белгилүү болуп калды. Алар отуз жаштын ичинде, кыркка жетпей атылып кетишти. Белек Солтоноев кыргыздын алгачкы тарыхчысы, маданият изилдөөчү (культуролог) инсаны. Өзүн өзү тарбиялап, орусча мыкты үйрөнүп, дүйнөлүк адабият, маданият, тарых китептерин окуп, билимин өстүрүп, кыргыздын атамзамандан берки тарыхын алгач жазды. Кыргыздын маданиятын, салтын, тилин ооз эки чыгармаларын изилдеп ыр, санжыра жазды. Анын миң беттен ашуун жазган этнографиялык эмгеги илимдер академиясынын архивинен уурдалып жоголду. Өзү жалган жерден элди сүйгөндүгү үчүн эл душманы болуп атылып кетти. Алма- Атыдагы илимдер Академиясынын архивине аманат калтырган кол жазмасы акыры жазуучу Мухтар Ауэзовдун жардамы менен кызынын колуна тийип, сакталып калды. Сексенинчи жылы Белек Солтоноевдин кол жазмасын таап, «Ала-Тоо» журналына биринчи жолу жарыяладык. Ошого дейре кыргыз окумуштуулары, изилдөөчүлөрү, тарыхчылары илипоздун кол жазмасынан коркушуп, изилдешкен эмес. Мына советтик идеологиянын каргашасы.

Ушундай эле жалган жалаага К. Тыныстанов, Ж. Абдырахмановдор кабылган. Экөөнүн аракетинен «Манас» эпосу басмадан жарыяланган, илимий изилдөөгө жол ачылган, дүйнө элдеринин тилдерине которула баштаган. Кыргыз тарыхын, рухий маданиятын жазууга, изилдөөгө В. Бартольд сыяктуу дүйнөлүк окумуштуулар, музыка изилдөөчүлөрү, сүрөтчүлөр Кыргызстанга чакырылган. 1916 — жыл жөнүндө изилдөөлөр, чындыктар жазылган.Булар эч убакта өзүлөрү жөнүндө, дүр -дүйнө, мансап туурасында ойлонгон эмес. Улуттун келечегин гана ойлонушкан, элибиздин маданияты, рухий дүйнөсү өссө экен деп Жараткандан зар тилешкен, өмүрүнө, жыргалына кайыл болушкан. Коомду алдыга жылдырып, турмушун оңдоп, элдин көзүн ачышкан, эмгегин калтырышкан. Мына ушулар ата уулдары (патриоттор).

— Бул айткандарыңыз XX кылымдын биринчи жарым жылдыгынан мисал болду, аны кайгылуу мезгил десек жарашаар. Андан берки мезгилде ата уулу деп кимдерди айтаар элеңиз?
— Санасак, Түгөлбай Сыдыкбеков, Болот Юнусалиев, Чыңгыз Айтматов, Салижан Жигитов, Амантур Акматалиев, Ташкул Керексизов жана башкалар.

— Т. Сыдыкбековдун жазуучу экенин билебиз. Ал эми патриоттуулугун кандайча баалайбыз?
— Т. Сыдыкбеков улуттук залкар жазуучу, чыныгы патриот. Түкөбүз XX кылымдагы элеттик кыргыздардын социалдык жашоо-тиричилигин алгач ак кагазга түшүргөн сүрөткер. Учурунда Советтик идеологиянын кысымын, жексурлугун Кыргызстанда ушул инсан гана ачык, бетке айта алган. Ошол кезде тарыхты жазууга тыюу салынганына карабай кыргыздардын Энесай доорундагы V-Х кылымдагы тарыхын, маданиятын изилдеп, биринчи роман жазган, рун сымал жазуусун тастыктаган. Советтик доордо Кыргызстанды бийлеген атка минерлердин алдамчылыгын, караңгылыгын, митамдыгын айтып, жазып, күрөшүп өткөн. Ал устат менен нечен ирет жолугуп, акыл-насаатын угуп калганыбызга азыркы улуу муун сыймыктанабыз. Биз үчүн ошобереги улуулардын жашоосу, акылы, чыгармачылыгы жана рухий дүйнөсү бизге мектеп болгон. Аттиң, ушуга дейре Т.Сыдыкбековдун музейи ачылбагандыгы, Бишкектин бир чоң көчөсүнө аты бериле электиги, эстелиги коюла электиги, биздин али да кыргыздан ата уулу боло электигибизди айтып турат. Өткөндө, Ысык-Көлдүн бир айтылуу мектебинде 10-11-класстын балдарынан «Т. Сыдыкбековду белесиңерби?» десем, аттиң, жетимиштей бала жооп таппады. Мен ушуга кейидим.

— Сиз А.Акматалиевди, Т.Керексизовду атадыңыз. Чынында аттарын угуп жүрсөк деле, алар жөнүндө окурман дагы көбүрөөк кызыгып, маалымат уккусу келет.
— Кыргыздарда А.Акматалиевдей алиге мыкты адис этнограф жок. Ал кишинин айрым эмгектерин учурунда «Ала Тоо» журналына жарыялаган элек. Жакында кыргыз маданиятына байланыштуу бир китепти түзгөнгө катышып, Амантур акенин эмгектери менен кайрадан таанышып чыктым. Амантур аке баскан-турганы жай, сыйкор, нарк сактаган, эч убакта үнүн бийик чыгарбаган, бой көтөрбөгөн, жоош, кыйратып салдым деп мактанбаган, мага сыйлык бергиле деп дооматын артпаган, элди-жерди жөө-жалаңдап чарчабай кыдырып сөз, салт, накылды кагазга түшүргөн чыныгы патриот эле. Ал кыргыздын маданият салтына байланышкан ондой китеп чыгарыптыр. Улуттук салттан алыстап бараткандарга жана рухий маданиятты унуткандарга өтө керектүү эмгектер. А.Акматалиев кыргыздар келечекте жашоо-тиричилигине, салтына, пайдалуу, өтө бай мурас калтырды. Бир өкүнүч — эмгекчил ага мээнетине жараша акыбети кайтаар сыйлык, наам албай кетти.

Азыркы учурда Ташкул Кезексизовдун көл жээгинде ачык асман алдында маданий жана этнографиялык борбор-ажайыпкана жасап атканы атуулдук сыймык, өрнөк деп ойлойм.

— Сиздин бир далай чет өлкөгө баргандыгыңызды басма сөздөн улам билем. Ал өлкөлөр жөнүндө жазган эссе, очерктериңизди окуганмын. Чет өлкөгө барууну кандай тандадыңыз?
— Мен көрүнгөн эле өлкөгө бара бербейм. Адегенде ошол өлкөнү тандап, кызыгып, алдын ала даярданамын: окуйм, изилдейм. Барган соң, көрүп-туйганымды жазамын. Ошол өлкөнү көргөнгө мактануу эмес, андагы өзүмө жана элиме кандай сабагы бар, ошолордун жакшы жактарын элибиз алар бекен, айрыкча жаштар үйрөнүп пайдаланса, көпчүлүккө тарбиялык таасири тийип калса экен деп ойлойм.

— Ырас, сиз чоң өлкөлөр — Кытай, Америка, Индия, Орусия, Япония, Түркия жөнүндө жаздыңыз. Ал эми Арменияга эмнеге, кандайча кызыктыңыз?
— Армения сабагы мен үчүн да, эл үчүн да өтө маанилүү жана пайдалуу. Армяндардын V кылымдан бери жоготпогон жазуу ариби бар. Ар бир кылым боюнча эл тарыхы кагазга түшкөн. Тили байыркы. Биримдиктүү, ынтымактуу, билимдүү эл. А биз болсок: V кылымдагы руна сымал жазуубузду сактай албадык; элибиздин ынтымагы жок үчүн бөлүнүп-чачылды; кээде элибиздин бир нече кылымдагы тарыхын таппайсың. Карачы!

Армяндардын андан башка бизге сабак болоор ата уулдук (патриоттук) сабагын айтайынбы!

Эчмиадзин (Ереванда) дүйнөлүк Армян католикосунун борбору. Мында жер алдында армяндар аманат сактаган музейи бар. Музейде армяндар илгертен бери урунуп келген 36 тамгасынын ар бири киши боюна тең алтындан уютулган. Муну бир нече кылымдан бери армяндар кумурскадай чогулткан. Армяндарда алтын кени болгон эмес. Бул ариб музейин басмага да жазышпайт жана көрүнгөнгө эле көрсөтө бербейт. Мен бул сонун сырды Чыңгыз Айтматовдун өз оозунан уккан элем.

Армяндар Америкада эне тилинде окуй турган университет ачышты. Түркиянын аймагындагы Арарат тоосун карап, ар бир армян ата уулу көз жашын төгөт.

Мен бир биздин элибизге тийешелүү икаяны айтып берейин. Москвалык котормочу Вера Звягинцева деген аял болгон. Ал кыркынчы жылдардагы согушта Кыргызстанда жашаган. Кыргыздардын элдик ырларын жана акындарынын ырларын орусчага которуп, басма сөзгө жарыялаган. Согуш бүткөндө кайра Москва кайтып, кыргыздардыкынан өтө аз армян акындарынын ырларын которгон. Кийин мен Арменияда жүргөн убакта В.Звягинцева дүйнөдөн кайтты. Армян жазуучуларынын, маданият кызматкерлеринин делегациясы атайы Москвага барып, акындын зыйнатына катышып, бейит башына үч метр кара мрамордон эстелик коюп, сый-урмат көрсөтүп келишти. Биз аны эстеп да койбодук.

Дүйнөдө белгилүү В.Брюсов деген орус акыны болгон. Ошол армян тарыхын кыскача жазып, ырларын которгон. Армяндар жыл сайын анын Ереванда Брюсовдук окууну (эскерүүнү) салтанаттуу өткөрүшөт, ага дүйнөнүн акындарын чакырышат. А бизчи?..

— Менин эсимде кыргыздардын тарыхын, маданиятына салымы бар Ч.Валиханов, Н.А.Аристов, В.В.Радлов, В.В.Бартольд, А.Н.Бернштан, С.В.Киселев, С.Е.Малов, В.С.Виноградов, В.М.Жирмунский, К.И. Антипина, С.М.Абрамзон ж.б. эсиме түшүп кетти. Агай, сиз С.М.Абрамзонго атайы жолуктум дедиңиз эле, ушуну эскересизби?
— Мен 1973-жылы күзүндө Ленинградга барып, атайы С.М.Абрамзон менен музейден таап жолуктум. Бир кеңири залда отуруп, атайы ала барган ак калпагымды кийгизип, чапанымды жаап, бальзамымды кыргыздарын атынан тапшырдым. «Сизди кыргыздар өтө сыйлайт, сыймыктанат, урматтайт. Кээ бир басма сөздө сиздин эмгегиңиз жазылган сындарга жалпы эл кошулбайт, интеллигенция сизди колдойт» дедим. Ошондо Саул Матвеевич көзүнө жаш алды.

«Мен өмүрүмдү чыгармачылык излдөөлөрүмдү кыргыздарга жумшадым, эмгектендим. Мен кыргыздардын патриотумун. Мен дагы сиз айткандай ойлогон элем. Ыракмат» деди. Ошол жылдары биздин белгилүү эле үч-төрт окумуштуу кыргыздарды дүйнөгө тааныштырган С.М.Абрамзондун «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык, тарыхый-маданий байланыштары» деген Ленинграддан 1971-жылы жарык көргөн эмгегин жөн жерден идеялык ката таап, басма сөздө катуу сынга алышкан. Аны биздин өкмөт жетекчилери колдогон.

Салкын залда окумуштуу менен эки сааттан ашык баарлаштык. С.М.Абрамзон ошол жалган жалаага аябай капа болуп жүрүптүр. Кыргызстандын компартиясынын биринчи катчысына жана жазуучу Ч.Айтматовго отуз беттен турган кат жазыптыр. Акырында окумуштуу китебине каалоо жазып, кол тамгасын түшүрүп, биз коштоштук. Ошондон төрт жыл өткөндөн кийин (1977) Саул Матвеевич каза тапты. Аны менен өкмөтүбүз, илимпоз чөйрөбүз, элибиз коштошподу, эстебедик. Китебин кыргыз тилинде чыгара албадык. Деле биз элибизге жакшылык жасап, дүйнөгө атагыбызды чыгарган кайсы чет элдик жаранды баалай алдык же анын мааракесин салтанаттуу өткөрдүк, же элдин атынан барып топурак салдык, же дайыма эскерип окуусун өткөрүп турабыз?! Ал тургай кыргыз тилин чогулткан К.К.Юдахинди этсеп, барктап баалай алдыкпы?.. Бу биздин маданиятсыздыгыбыз, билимсиздигибиз, атуул эместигибиз, пастыгыбыз. Ардансак арыбызга келели.

— Сиз досуңуз Кубатбек Жусубалиев менен Сибир, Алтай, Энесайга барганыңызды «Жаншерик»деген китебиңизден окудук эле. Эмне максат менен сапарга бардыңыздар?
— Мен да ушуну кыйла эстейм, дайыма ойлойм. Бул сырдын жандырмагы тээ тереңде болсо керек…

— Аны чечмелесе, өзүңүзгө жеңил, а балким окурманга сабак болбойбу?
— Ыраматылык Салижан Жигитов досум «айтканым — ыймандай сырым» дечү эмес беле. Сөздү баштап алган соң, акырына чыгалы. Эми жашырып-жапканда эмне, анын үстүнө өлкөбүз эркиндикке чыгып, тагдырыбызды өзүбүз чечип калбадыкпы. Буга чейин эч айтылбаган сырды чечилип айтайын. 50-60-жылдары биз анда студентпиз, жаш кезибиз. Насаатчы таппай, ар кандай адабиятты окуп алып, келечектеги турмушубузду кандай курсак деп кыялданып жүргөн маал. Адабиятка кызыгабыз, кээде эл тагдырын ойлоп, кейип калабыз. Көчөдө жүргөн бир автобус эл түшсө, ичинде араң төрт-беш кыргыз болчу, калганы башкалар. Биз баскынчылык заманга, андагы башкарууга, советтик идеологияга, анын үстөмдүгүнө нааразы элек. Бугубузду бири-бирибизге жашыруун айтып, ошол советтик деп аталган, орусташкан идеологияга, саясатка каршы кружок топ (кружок) уюштурууну ойлодук. Мен бул сырымды университетти бүтөр жылы Капар Алиев деген диктор, журналист, котормочу агама айттым. Ал киши өтө интеллектуалдуу, таланттуу, нарктуу, башынан көп кыйынчылыкты өткөргөн акылман адам эле. Ал мени дароо түшүндү да, «Кокуй, от менен ойнобо, жаштыгың куруйт. Андай кыйын болсоң, айылга барып, элиңдин кудурет-дээрин байка. Жакшылап ойлонуп көрчү» деди. Анын акылы боюнча эки жылдай Нарында редакцияда иштеп, элдин абалын байкап-көрүп, аралашкан соң, баягы туталанган дух өчүп, шаабайым сууган. Анан саясий күрөштөн көрө маданият күрөшүнө өткөнгө бел байлагам. Анүчүн көп окуп, көптү билип, элдин тарыхына кызыгып, ошол билгениңди, тапканыңды кайрадан элге жеткирүүнү ойлонгон элем. Ошол мезгилде, 80-жылдарда, басма сөздө болсун, жалпы эле саясий-маданий турмушубузда болсун: «Кыргыздардын тарыхы тайкы, маданият жок, Октябрь революциядан кийин гана эл болгон» деген саясат, идеология жүрчү. Кыргыздардын байыркы Түштүк Сибирдеги тарыхына тыюу салынган. Буга мындайча каршы чыксаң, кендириңди кесип койчу: кесибиңен, ишиңен, партиялуулугуңан кол жууп, атургай камакка кетчүсүң. Биздин, Кубатбек экөөбүздүн Түштүк Сибир, Алтай, Хакасия, Тува элдерине эки ай сапарыбыздын максатын кыскартып айтканда: ошол учурдагы саясатка каршы өзүбүздүн бунтубуз, күрөшүбүз эле. Экинчиси — бабаларыбыздын байыркы мекенине барып сыйынуу жана тарыхты, ата конушту таануунун алгачкы рухий жолун чабуу болду.

— Биздин патриоттук сезимибизди күчөтүү үчүн эми эмне кылуу керектигине жооп таба албай турабыз?
— Улуттук акыл-ойду, аң-сезимди, атуулдукту, ар-намысты жалгыз адам, атургай үч-төрт эле улуу инсандар, же топтор заматта оболото койбойт экен. Акылмандар, таланттуулар учурунда добулбас кагып, артына накыл, мурасын калтырат. Аны улап кетүү кийинкилердин милдети. Эми өзүбүздүн тагдырыбызды өз колубуз менен алдамедей жасай турган учур. Дүр-дүйнө, мансап, байлык, бийлик талашпай, ага азгырылбай оолукма кара күчкө берилбей, акыл, ынтымак, адилеттик, чынчылдык менен элибиздин аң-сезимин, маданиятын жана турмушун жакшыртууга атуулдук парыз менен жабыла кам көрүүгө кезек жетти. Улуттук идеология, маданий кеңири программалар элдик кызыкчылыкта, мамлекеттик деңгээлде түзүлгөнү оң. Улуттук тарыхка, маданиятка, анын ичинен тилге, салтка аяр мамиле кылып, жакшы сунуш, идеяларга кайдыгер болбой, өкмөт, эл жалпы колдосо иш жылар эле. Улуттук абройду, намысты, мыкты адамкерчилик сапаттарды, акылмандыкты уксак, балаасак, ойгонсок, келечектүү, түбөлүктүү нерселерге көңүлдү буруу зарылчылыгы турат. Эски деп бизди мурда чанган улуттук нарк, жосун көз карашты, аракетти жаңыча багытка буруу керек. Музейлерди куруу, билим, тарбия берер, маданиятты үйрөткөн китептерди ар түркүн энциклопедияларды чыгаруу, ар кандай маданий борборду түзүү, чыгармачыл союздардын кадыр-баркын көтөрүп каржылоо, улуттук абройду көтөргөн көргөзмөлөрдү, сыйлыктарды, конкурстарды, концерттерди, лекцияларды уюштуруу, клубдарды, китепканаларды, мончолорду жакшыртуу, чет элдер менен маданий байланышты өркүндөтүү, табияттын кооздугун пайдалануу, мурдагы жакшы салттарды жандандыруу жана башка толгон-токой аракетти күчөтүү керектир.

— Азыркы учурда айылдардын, шаарлардын көчөлөрүнө, клубдарга, мектептерге татыктуу деле, татыксыз деле адам аттары коюла баштады. Эстеликтерин орнотууда. Кейпи, ушунусу менен кыргыздар артында түбөлүккө калышты самайт окшойт. Ушул жоруктар ата уулдукка жатабы?
— Улгайгандар артында атым өчпөй калсын дейби, айыл жеринде колунда барлар көзү өткөн ата-энесин эстешип, мал союп, айылдагыларды чакырып, көчөгө жана башкаларга аттарын койдуруп жатканын көрүп, угуп жүрөбүз. Кээ бирлери атасынын аты (фамилиясы) жок, жөн эле ысмын коюп койгондор бар. Айрым жерлерде эки-үч жыл иштеп, пенсияга кетээринде атын бир көчөгө койдуруп калышкан. Алар атым эми түбөлүккө калды деп ойлосо керек. Жакында телевизордон Жумгал районунда Лама деген мектептин аты бар экенин угуп таң калдым. Мындайлар көп.

Эгерде ата уулу ошончо урматка татыктуу болсо, ага ат да, эстелик да жарашар эле. А бирок, чыныгы патриоттук өзү да, эстүү балдары да андай жеңил-желпи атак-даңкты эңсебейт.

Чындап эле биз чыныгы ата уулу болсок: ХХ кылымдагы кыргыздын ата уулдары улууларга (Барсбек, Алп Сол, Тагай бий), манасчыларга (С.Орозбаков, С.Каралаев), комузчуларга (К.Орозов, М.Күрөңкөй уулу), акындарга (Арстанбек, Молдо Кылыч, Жеңижок, Молдонияз), окумуштууларга (Б.Солтоноев, Б.Юнусалиев, К.Юдахин), жазуучуларга (А.Осмонов, Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматов, С.Жигитов), өнөр адамдарына (Б.Миңжылкиев, Т.Океев, М.Убукеев) ж.б. көчө, маданий, илимий жайларга небак аттарын коюп, борборлорду ачып, музейлерин ачып, сыйлыктарын уюштуруп, эстеликтерин коюп, китептерин чыгарып жиберер эле. Булардын ордуна советтик доордо же кийинчерээк бийликте бир аз иштегендерге эстеликтер коюлуп, ири көчөлөрдүн аттары берилүүдө. Ал эми Бишкектин көчөлөрүндө биз билбеген, укпаган, элге эч бир пайдасы тийбеген башка элдин өкүлдөрүнүн аттары, же «Леспромхозская» сыяктуу орусча коюлган аттар жүздөп саналат.

— Эмне үчүн сиз адегенде «Кыргыздар» деген алты китепти түзүп, басмадан чыгарганга көп аракет жасадыңыз? Кийинчерээк Каныбек Иманалиев экөөңүздөр он томдукту чыгардыңыздар?
— Бул эми көзгө көрүнөрлүк эле пайда табалык деген максатта жасалбады. Ошол томдорго басылган чыгармалардын баары советтик доордо басмага жарыяланбай келген. Ошорду элге жеткирүүгө далалат жасадык. Андай китептер кыргыздардын өзүнүн тарыхын, маданиятын, рухун, салтын, духун билүүгө, түшүнүүгө жардам берет. Ата уулу болууга жардамы тийет. Окуйт, ишенет, ынанат, билими артат, интеллектиси өсөт, өткөнүн тааныйт. Өзү да да жакшы жашоого, өзүн тарбиялоого, ата журтун сүйүүгө, эмгектенүүгө түртүк болот.

— Башкаларды ата уулу болууга көптөн бери үндөп, чакырып келатасыз. Өзүңүздү патриот сезесизби?
— …Муну ойлонбопмун. Мен жогоруда атаган адамдардай эмгек кыла элекмин. Аларга теңеле да албайм. Менин жазганым аз. Көкүрөк дегдеген менен эмгегим анчейин. Зили элдин билими, маданияты, рухий деңгээли өссө, баарыбыз ата уулу (патриот) болушубуз керек. Ошондо өлкөбүздүн өнүгүш жолу жеңил да, жемиштүү да болот. Жана айттым го, ар бир армян жүз жыл мурунку бабаларынын башынан өткөргөн кайгы-муңун, куулганын, үркүндү эстеп ыйлайт, каңырыгы түтөйт. Мен буга күбөмүн. Ал эми кайсы бир кыргыздын жаштарынан 1916-жылдагы Үркүндүн чоо-жайын сурасаң, Октябрь революциясы деп жооп берет экен. Тобо! Ар бир кыргыз эл менен элди салыштырып, андан жакшы жагын үйрөнүп, жаманынан качып, андан сабак алууга, үйрөнүүгө милдеттүү да. Ошон үчүн башка элдердин тарыхын, тажрыйбасын, өрнөгүн элге паана болсун деп жазып, айтып атпайбызбы.

— Сөзүбүздүн аягында сиздин тилегиңиз?
— Кыргыз баласы көчөдө кыйкыргандан эмгекке өтөлү. Кара курсактын эле камын жебей, рухубузду, маданиятыбызды ойлойлу. Саясаттан маданиятка көчөлү. Чөнтөктү эле байытпай, жүрөктү, сезимибизди байыталы. Кара баштан мурда калктын кызыкчылыгын биринчи коелу. Жеке өзүмчүлдүктү дегдебей, улуттун келечегин көздөйлү. Тилек, батаны жалпы журтка тилейли.

Маектешкен Нуралы КАПАРОВ, «Кыргызстан маданияты» («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.05.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий