Назира Мамбетова, КРнын эл артисти: «Театр, кино, китеп, салттык музыка эбак эле четте калган»

Кыргыз элинин атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасындагы Бекейдин, «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде тартылган «Мен, Тянь- Шань» фильминде Кадичанын ролун жогорку деңгээлде аткарып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон белгилүү актриса Назира Мамбетова эжени кимдер билбейт. Назира эже театр жана кино жаатында 39 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Ошол 39 жылдык эмгек жолунда актриса эжебиз көптөгөн чыгармалардагы каармандардын образын коомчулукка жогорку деңгээлде ачып берүүгө жетише алды десек эч жаңылышпайбыз. Өзгөчө турмуштун татаалдыгын башынан кечирген аялзатынын ролун жаратууда Назира Мамбетова алдына ат салдырбай тургандыгы кашкайган чындык экендигин анын жараткан ролдоруна күбө болгондор тана албастыр.

Баа…
Учурдагы маданиятыбызга баа бере турган болсок, бүгүнкү кыргыз маданиятынын акыбалы аябай эле начар. Мен жаңы өкмөт келгенде маданият тармагыбызга көңүл көбүрөөк бурулуп, аз болсо да алга карай жылыштар болобу деп ойлогом. Тилекке каршы, маданиятыбызды көтөрүү боюнча куру сөз, суу кечпеген убадалар гана айтылып, иш жүзүндө эч нерсе жасалбай жатат. Чынын айтуу керек, мындан жыйырма жыл мурда маданиятыбыз кандай болсо, азыр деле ошондой. Башкасын коюп театрларыбыздын абалын эле карап көрөлүчү. Улуттук статусту алып жүргөн кыргыз драмтеатры менен Б. Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаштар театрында төрт жылдан бери оңдоо иштери бүтпөй турат. Чүй облустук жана Арсен Өмүралиев атындагы шаар театрынын имараты жок. Мына ушунун баары биздин бүгүнкү чоңдордун маданиятка көңүл бурбай жаткандыгынын белгиси да. Болбосо, бир театрды оңдоого төрт жыл керектелеби? Заңгыраган кабат-кабат үйлөрдү бир-эки айда эле тургузуп жатпайбы. Ага караганда даяр имаратты оңдоого ашып кетсе, бир ай убакыт кетет да. Болгону буга күйгөн, көзөмөл кылган, чуркаган гана адам жок болуп жатат.

Жылдыз жана артист…
Ооба, биздин мамлекетте профессионал артисттерге жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбайт. Бүтүндөй өмүрүн кыргыз искусствосун көтөрүүгө арнаган артисттерибиздин абалы начар. Мына, үч куплет ырды компьютердин жардамы менен жаздырып, фонограмма менен ырдаган ырчыларды деле артист деп айтып жүрүшөт. А, чынында алар менен профессионал артисттердин айырмасы асман менен жердей. Ошол өздөрүн артистпиз дегендер менен профессионал артисттердин айырмасын аңдай билсек абдан жакшы болмок. Аларды артист эмес «жылдыз» десек туура болот. Мына ушул айырмачылыкты талдай билгенде гана кыргыз искусствосуна зор салым кошуп, жаштыгын, күчүн, бүтүндөй өмүрүн маданиятка жумшаган чыгармачыл адамдардын эмгегин өз деңгээлинде баалай алмакпыз. Менин сөзүмдөн кийин кээ бирөөлөр «кайдагы айырмачылык?» — деген суроону бериши мүмкүн. Эң жөнөкөй мисал, жылдыздар өз чөнтөгүнө иштейт, биз мамлекетке иштейбиз. Дагы бир нерсе, маданият министри: «Мага Эл артисти наамын сурап келгендер көп» — деп айтат экен. Жогору жакта отургандар кимге эл артисти, кимге эмгек сиңирген артисти наамын берүү керек экендигин туура талдай билишсе, азыркы артисттердин кадыры, орду, баркы ачык көрүнмөк.

Тарых…
Маданият министрлигинде атайын түзүлгөн көркөм кеңеш бар. Ал кеңештин милдети — театрлардын репертуарын тандай билүү. Ошол көркөм кеңеште иштеген ар бир кызматкер коомчулуктун табити менен таанышып, эл эмнени көргүсү келет, кандай спектаклдерди каалап жатат ошону изилдөө менен алектенсе, театрлардын иш алып баруусуна чоң өбөлгө болмок. Тилекке каршы, мындай болбой жатат. Ар кимибиз өз ишибизди жасагандын ордуна баарыбыз эле саясатка киришип, саясатты сүйлөп чоң болгубуз келип калды. Маданият тармагын ойлогон эч ким жок. Кыргыз маданиятынын тарыхында эмне калат? Саясатпы, экономикабы? Жок, кыргыз маданиятынын тарыхында кино, театр, сүрөт, адабият калат. Бирок тарыхта кала турган татыктуу бир нерсе барбы? Азыр 2000- жылдан берки тарыхта кала турган репертуарды, жазуучуну, чыгарманы атоо кыйын болуп турат. Кана, сиз кайсы чыгарманы же жазуучуну ушул тарыхта калат деп айта аласыз? Эч кимди. Менимче, бүдөмүк болгон бир нерселер калат окшойт. Эгер азыркыдай абал менен кетсек, бизден кийинки муун биздин доордун тарыхынан эч нерсе таба албай каларынан шегим жок.

Көйгөй…
Союз жаңы тарап жаткан учурда спектакль коюп, Уркуя Салиева айылына барганда, ошол айылдагы клубдун кароолчусунун: «Эй, Өкмөт силерге көңүл бурбагандан кийин эл силерди сыйламак беле?»- деп айтканы бар. Ошол кишинин айтканы бүгүнкү күнгө дал келип отурат. Чынында, азыркы жаштар маданиятка такыр эле көңүл бурбайт. Анткени анын келечеги жок. Жаштар аны көрүп турат. Ошол себептен алар жеңил-желпи музыкага азгырылып жатпайбы. Акча табуу, курсак тойгузуу да керек. Бирок ал жеңил оокат. Чыныгы чыгарма көп толгонуу, оор түйшүк менен жаралат. Жаштарыбыз эле дейин десем, элибиз деле руханий байлыктан алыстап, замандын талабы деп эле компьютер, Батыштын жеңил телеберүүлөрүн көрүү менен чектелип калды. А театр, китеп, кино, салттык музыка эбак эле четте калган. Мына, канча жылдан бери калыптанып калган кыргыз киносу эмне болду? Аксады… Анткени биз аны асырай албадык. Азыр камера көтөргөндөр кино тартабыз деп чуркап жүрүшөт. Деңгээли кандай?… Жазуучуларыбыз да көп нерсени жазбай калышты. Анткени аларга гонорар төлөнбөйт. Сүрөтчүлөр да акча үчүн сүрөт тартып калды. Анан эмне кылышат? Алардын да үй-бүлөсү, көйгөйү бар да.

Баалуулук…
Биз өз баалуулуктарыбызды барктай албай жатпайбызбы. Ошол себептен биздин «Манас» эпосубузду кытайлар талашып жатат да. Эгер биз ата-бабалардан калган баалуулуктарды кадырына жете билсек, биздин баалуулуктарды эч ким талаша алмак эмес. Оштогу коогалаң эмнеден улам чыкты деп ойлойсуз? Өзүбүздү барктай албаганыбыздан улам чыгып атпайбы. Биз ынтымактуу, өз кадыр-баркыбызды билген эл болсок, бизге эч ким каяша кайрып, сөз айта алмак эмес.

Дарамет…
Туура, классиканы коюу үчүн каражат керек. Бирок классикалык чыгармаларда образ жаратууда актердун зор дарамети талап кылынат. Эгер актердун курсагы ач болсо кайдагы дарамет?! Сахнада ойноп жатып, кечинде эмне тамак жейм, балдарыма кайдан кийим табам деп ойлонуп жатса кайдагы роль. Мыкты спектакль болсун десе, адегенде актердун курсагын тойгузуш керек. Ал үчүн мамлекет чыгармачыл адамдарды багышы керек. Ошондо мыкты чыгарма жаралат. Биз Москвада окуп жүргөндө сабак берген агайлар: «Ач актердун эч кимге кереги жок»- деп айтышчу. Анын сыңары актердун курсагы ачып турса, кайдагы — образ.

Байлык…
Мага мамлекет эл артисти деген наам берген. Бирок кийинки жылдары кылган мамилесин көрүп, «Чын эле бердиби же калп элеби?» — деген суроо пайда болуп жатат. Чынын айтсам, 39 жыл сахнада жүрүп тапкан байлыгым менин чыгармачылыгымды баалаган, сүйгөн, урматтаган көрүүчүлөрүм болду. Бир байлыгым ушул. Мындан башка байлык таба албадым. Керек болсо азыр үйүм да жок. Бирөөнүн үйүндө турам. Мен Кытайдан келген эмесмин. 39 жылдан бери кыргыз искусствосунун өнүгүүсүнө салым кошуп келе жатам. Мурда өлкөдө абал оор деп мамлекеттен эч нерсе сурачу эмесмин. Бирок акыркы жылдары өкмөттөн үй сурайын дегем, бирок кантип, кимден сурарымды билбейм. Сатып алайын десем акчам жок.

Шык…
Быйыл 63 жашка толдум. Эми кайда барам. Ал-күчүм, акыл-эсим, аң-сезимим толуп жетип турат. Бирок мени азыр эч бир мекемеге жумушка албайт да. Баштык көтөрүп коммерцияда жүргөнүмдү элестете албайм. Анткени менин ага шыгым жок. Ал тармакты түшүнбөйм, билбейм. Менин күчүм театрга жетет. Анткени ал менин ишим. Кайсы жерге канча энергия кетерин жакшы билем.

Образ…
«Ак кеме» тасмасында Бекейдин ролун ойноодо эч кандай кыйынчылык болгон эмес. Анткени режиссер күчтүү болчу. Ал тасмада профессионал эмес актер-актрисалар да ойногон. Режиссер ар биринин образын мээсине кыт куйгандай куюп бергендиктен, биз эмес, кенедей бала ролду мыкты аткарган. Театр, актердук өнөр туурасында түшүнүгү жок бармактай бала өз ролун мыкты аткаргандан кийин, биз кыйналдык деп айтуу туура эмес го. Ал эми Кадича туурасында айтсам, турмушка чыгып, ажырашып, кайра сүйүүгө жолуккан аялдын турмушу башымдан өтпөгөндүктөн, ал ролду аткаруу оор болду. Аябай издендим. Кино тартылып баштаганга чейин чыгарманы кайра-кайра окуп, Кадичаны аял катары түшүнүп, аны күнөөлөгүм келбеди. Ал дагы сүйүүгө, сүйүктүү болууга укуктуу болчу. Бирок тигил тал чыбыктай ийилген назик, жаш кыз көрүүчүлөрдүн көзүнө жакшы көрүнүп, элдин боору ага ооруп жатпайбы. Эми ар бир адамдын чыгармага берген баасы, көз карашы бар да.

Кыялдагы роль…
Ал кезде менин роль тандоого акым жок болчу. Мага режиссер ишенип бердиби, аны аткарууга жан талашчумун. Мага иш керек. Кичинекей роль болсо да ойноого даярмын. Артисттин милдети өзүнө берилген образды ачып берүү. Бүгүн да роль тандамак эмесмин. Ооба, ар бир адамдын кыялында аткарсам деген ролу болот. Менин эңсеген, бирок аткара албай калган ролдорум абдан эле көп.

Даярдаган Жаркынай КАДЫРКУЛОВА, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий