Байыркы кыргыз алтындары

Мындан эки жыл мурун Мамлекеттик тарых музейинде дүйнөлүк маданий мурастардын үлгүлөрүнөн ашса ашып, асты кем калбаган байыркы зер буюмдардын көркөм көргөзмөсү ачылган. Ошондон бери ал көргөзмө музейге келген ар бир адамдын бүйүрүн кызытып келет. Адамзаттын рухий талаптарын кандырып, сулуулукка умтулуусун шарттаган чебер жасалгаларды даңазалаган көргөзмөнүн ачылышында, АКШ элчилигиндеги маданий мурастарды сактоо фондуна долбоорун ийгиликтүү өткөргөн музейдин окумуштуу-катчысы А.К.Алымованын жана илимий жактан иштеп чыгышкан А.К.Шаршеналиева, Н.А.Притееванын эмгектери зор.

Эстетикалык зор ырахат тартуулап, көргөндүн көзүн кандырып, көрө электин көңүлүн дегдеткен бул казынада, байыркы сактардын (б.з.ч.VIII-IIIкк.) “скифтик айбанаттар стилиндеги”, жергебизди жердеген же Улуу көч доорунда (б.з.II-VIкк.) кыйырыбызды кыйгап өткөн элдерден энчиленген “полихромдук стилдеги” зергерчиликтин ченемсиз чеберчиликтерин чагылдырган табериктер тизилген.

Биздин заманга чейинки VII-III кылымдарда Дунайдан Энесайга жана Чыгыш Түркстанга дейре созулган Евразия жайыгын скифтер же сактар деп аталган уруу бирикмелери мекендешип, “айбанаттар стилиндеги” искусстволук чыгармаларды жаратышкан. Изилдөөчүлөр сак искусствосу Алдыңкы Азиянын жана Чжоу, Хань доорундагы Кытайдын искусствосу менен тыгыз байланышта деп белгилешет. Жаныбарлардын келбетин өз чыгармаларында кеңири чагылдыруудан улам стилдин аталышы келип чыккан. Анда эмнелерди гана жасашпасын зооморфтук көрүнүштөр басымдуулук кылып, сөзсүз бул стилдин үстөмдүгү жашоо-турмушуна ушунчалык терең сиңгендиги байкалат. Сактардын зергерчилик өнөрлөрү жогорку чекке жетип, усталар алтынды калыптоону жана куюну билип, ажайып кооздуктар айкалышкан асем жасалгаларды, ат-жабдыктарды, айбанаттардын кейиптерин, тиричилик буюмдарын колодон, алтын-күмүштөн жана асыл таштардан даярдашкан.

Сактар жаратылышка жакын келип, табиятка табынышкандыгынан улам табият койнундагы күнүмдүк көрүнүштөр, фантастикалык жан-жаныбарлар түрүнө айланганын баамдайбыз. Андай ажайып же сырдуу көрүнүштөрдөн биз, сактардын мифологияларынын, элдик оозеки чыгармаларынын сюжеттерин боолголоп, дүйнөгө көз караштарын аныктай алабыз.

Алтынга асыл таштар чөгөрүлүп, таруудай майда быдырлар менен шөкөттөлгөн жасалгаларды илимде шарттуу түрдө полихромдук стиль (түркүн түстүү) деп атап коюшат. Алар көлөмдөрү, түркүн түстүүлүгү, төп келишкен турпаттары, сындуу сыпаттары менен айырмаланышып, узанып жатышканда усталар куюу, согуу, калыптоо жана каңдоо сыяктуу түркүн түрдүү ыкмаларга салышып, жасалгалардын көркүн ачышкан. Мындай түрлөнгөн кооздуктардын жаралыш-тегине карата илимпоздор ар кандай ойлорун ортого салып, готтук, грек-сарматтык, сармат-аландык, гунндук чыгармачылыктын үлгүлөрү дешкени менен талаш-тартыштын аягына дале болсо чекит коюла элек.

Кыргызстандык окумуштуулар полихром стилин Европадагы Аттиланын гунндук дөөлөтү кыйрагандан кийин (V к. ортосу) Орто Азияга кайра көчүп келген түрк тилдүү уруулардын мурасы деп болжолдошот. Улуу көчтүн учурунан калган Шамшы, Жалпак-Дөбө көрүстөндөрүнө катылган, көз жоосун алган жасалга-кооздуктарга окшош буюмдар Казакстандан, Кара деңиздин бойлорунан, Молдавия, Венгрия жана Румыниядан табылып, ал эми Кыргызстан мындай кооздуктар жайылган чыгыштагы эң четки очоктордун катарына кирет.

Көргөзмөдөгү асыл казына турушу менен эле жергебиздин узун тарыхын, бай маданиятын, кеңири карым-катышынан ачык-айкын далил берет. Улуу Жибек жолун узарта, тогуз жолдун тоомунда жайгашкан мекенибиз дүйнөлүк цивилизациянын далай мурастарын, санжыргалуу санаттарын өзүнө тарта сиңирип, эзелтеден эле философиялык ой жоруулардын чордону болуп келгендигин мындагы будда жана индуизм статуэткалары айгинелейт.

Караханийлердин алтын динарлары менен күмүш уютмалары (Х-XIк.), Кыргызстанды бийлеген Чагатайлардын күмүш дирхемдери (XIV кк.) орто кылымдардагы Кыргызстандын акча-товар мамилелеринен кабар берсе, кыргыздар XXк. башына чейин акча бирдиги, байлык белгиси катары колдонуп келишкен жамбылардын түрлөрү да кайдыгер калтырбайт.

Чыңгыз Бейшенов, Мамлекеттик тарых музейинин кызматкери.
“Замандаш” журналы, 07.2010-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий