Элдик талант Эстебес

Ыр нөшөрү
Ооба, Эстебес таалайды, даңкты өнөр аркылуу тапты. Эгер таалайды табуу үчүн эмгек кылбаган болсо, анын артынан кууп түшүп, эл үчүн, эл арасынан чыккан тубаса өнөрпоздордон алып чыкпаган болсо, алардын арбактарын аздектеп элге жайылтып айтпаган болсо, анда катардагы инсан катарында айтылып кала берсин.

Чынында Эстебес ХХ кылымдын экинчи жарымынын аягындагы, ХХI кылымдын башталышындагы орошон, жер түбүнөн кайнап, оргуп жер үстүнөөзүнүн касиетин билдирген, бал, шекер суу сыяктуу ыр менен адамдын жан дүйнөсүнөкирген, ыры менен балкытып өзүнөарбап алган, отурушу да, жагымдуулугу да, көмөкөйдөгү ыр нөшөрүн төккөн зор акындын бири десек эч жаңылбайбыз.

Өзүнүн ырчылык таланты аркылуу СССР мезгилинде ошол учурдагы он беш республиканы жана дүйнөнүн көп өлкөлөрүн дээрлик кыдырып чыкты. Эл алдында таанылды. Орошон, ыры оргуп, бири экинчисине, бүгүн ырдаганы эртеңки күнү бөлөкчөболору жөнүндөтастыктады.

Чыгармачылык башат
Акын элдин элегине түшкөн көптөгөн чыгармаларды жарата алды. Ал жараткандарын элге тартуулап берген чыгармалары: “Акындын үнү”, “Заман жарчысы”, “Айтыштар”, “Кайыңды”, “Ыр өмүр”, “Эскерүүлөр”, “Суу өмүр”, “Эстебес” ж.б.

Эстебес өзүнүн зор таланттуулугу ме-нен өзүнөн жогорку муундагы өнөрпоздордун чыгармачылыгы, алардын кулк-мүнөзү, баскан-турганы, сүйлөгөн сөздөрүн кудум өзүндөй кылып берер эле. Жанындагыларын эриктирчү эмес. Өзгөчөүйдөже эл арасында отурганда Алымкулдун, Калыктын, Осмонкулдун, Шаршендин, Адамкалыйдын, Ыбрайдын, Саякбайдын, Шекербектин, Сооронбектин жана айрым айылдардагы өнөрпоздордун чыгармалары, күүсү болобу, аткарган обону болобу так өзүндөй кылып кылык-жоругун туурап берер эле. Бул жагына келгенде тубаса чоң талант болчу. Залкар таланттар жөнүндөкайсы жерге конок болуп калса, ошол жерде саймерден  айтып, үйдү күлкү, шаңга бөлөп жиберер эле.

Алтымыш жылдык
Эсекең кийинки мезгилде жалаң гана төкмөлүк эмес, манасчылыкты да пир тутуп, эл алдында ма-настан үзүндү айтып койчу болду. Айрым манасчыларга караганда кадимки бараандуу манасчылардай болуп, колун жаңсап, уккулуктуу кылып айтар эле.

Мына ошол төкмө, манасчы, акын Эс-тебес Турсуналиевдин бир жылдары 60 жылдык мааракеси болуп калды. Салтанаттын башталышы Бишкектен башталды. Туш-туштан келген коноктор 60 жылдык мааракеси менен куттуктап жатышты. Андан кийинки уландысы өзүнүн туулуп өскөн айылы Манас районуна караштуу Арал айылында өттү. Төкмөнүн мааракеси үчүн кыргыз-казак биригип, Арал айылынын этегиндеги Баялынын ою деген жерге 60 боз үй тигишти.

Сааттын жебеси Бишкек шаарынан чыккан майрамды өткөрүүчү өкмөттүн делега-циясынын жана Эстебес да алар менен кошо келүүчү конокторду тосуучу убакыттын жакындап калгандыгын көрсөтүүдө. Кыргыз-казак чектешкен жеринде облустун жетекчилери, кадырман карыялары жана акындын жакын туугандары тосуп алышты.

Тосуп алган эл Эстебести кызуу куттукташты. Андан кийин сапар маараке өткөрүлүүчү Арал айылына карай улантылды. Тигине, ал түшкөн жеңил автомашина киндик каны тамган туулган айылына да жете келди. Алдынан утурлай тосуп чыккан адамдар ал үчүн бул дүйнөдөгү эң жакындарындай сезилип жатты. Учурашуу аземинде айылдык жаңы өсүп келе жаткан акындардын ыры менен жана гүл берүү аркылуу тосуп алды. Акын да эреркеп кетти шүкүлдү. Тегерете тигилген боз үйлөрдүн чок ортосунда орнотулган сценага көтөрүлгөндөжанатан деңиздин толкунундай гүүлдөгөн эл арасы заматта жымжырттыкка бөлөндү. Комузга кошулуп таңшып чыккан үн аба толкунуна тарап, төкмөнүн үнүн, ырын угууга ынтызар адамдардын жүрөгүн аралай алыска угулуп жатты. Бет маңдайдагы эчен кылымдардын окуясын башынан кечирген Эчкили тоосу да кечке маал мааракеге алыстан серп үңүлөкарагандай. Ата Журттун кубаты төкмөгөдем берди белем, аккан суудай төгүлүп, чачылып жатты:

Силер дайра, мен тамчы,
Шаркырап толо акпаган,
Сиздер булак кайнаган,
Куюлуп түшкөн аскадан,
Сүйүнүп жатам толкундап,
Бирок, сүрүңөрдөн апкарам…

Ооба, төкмөакын бул кезге чейин далай-далай чоң мааракелерге катышып, тойлордун ырчысы, жарчысы, концерттердин жетектөөчүсү болгон. Бирок, бул жолку эл алдына чыгуусу аны таптакыр апкаартып салды.

Ана-мына дегенче кеч да кирип кетти. Оо касиетиңден кагылайын кыргыз эл, сен төрөлүп ооз ачкандан бери оозанганың ыр эмеспи. Төгүлөбер ыр дүйнөсү, төгүлөбер өнөрпоз. Ар бир боз үйдөн шатыра-шатман күлкүлөр угулат. Алтыбакан тебишип, арзуу, сүйүү ырларынан үн созушкандар мындан да көп. Дегеле түн ажайып касиеттүү түн болду. Отту тегеректешип кадыр түн тосушкан адамдар аппак таң атканча бул абалынан жазган жок. Бирде комуздун, бирде домбранын, бирде аккордеондун үнүн коштогон үндөр ар бир боз үйдөн угулуп жатты. Таң супа салып жерге жарык кире баштады. Күн чыгыштан соккон Жоргонун шамалы көңүлдү да, сезимди да серүүндөтүп, чексиз кубанычты алыска жеткирип жаткандай.

Жыйындын башталышы
Кайыңды жеринин сулуулугун айтпа, асман ачык, таңкы жел беттен сылап, сезимди көтөрөт. Эстебес далай жолу Кайыңдынын таңкы жел уруп турган мезгилинде туруп жүрүп, өзүнүн “Кайыңды” деген чыгармасын жазса керек. Айыл ичи ойгонгондой.

Ортого адамдар жыйнала баштады.  Аңгыча  ортодогу  сценага  кайдан келгени белгисиздей болуп кыргыздын төкмөакындары Калык, Осмонкул, Алымкул баштаган адамдар көтөрүлдү. Элдин дуусу менен кол чабуулар көпкөсозулду.

Ооба, таң калбаңыздар бул адамдар жаңыдан акындык өнөргөталпына баштаган Эстебестин өнөрүн сынап көрүш­мөк. Алар талапкер Эстебестин “Анделегин” угуп, учурашуусуна кулак төшөштү.  Бул театрлашкан сахналык көрүнүш артка кылчайып, залкарлардын элесин көрүп, мурункуну эске салып, элдин купулуна толду десек болот.

Андан кийин акындар Замирбек Үсөнбаев, Тууганбай Абдиев, Абдылда Нуралиев бүгүнкү мааракенин күбөсү Эстебес экенин, ушул мааракеге келген аламдар тууралуу жар салып ырдашты.

Казакстандан келген Т.Мурсалиев да өз кезегинде мындай деди:

– Эзелтен казак-кыргыз бир тууган, канатташ эл болуп келген. Элибиз эчен кылымдардын аралыгында жакшылыкты, жамандыкты да бир көрүшүп, бир туугандай болуп калышты. Төкмөакындын, ошону менен бирге кыргыздын кубанычы биздин кубанычыбыз. Тоюбуз тойго улансын. Казак туугандардан белек катары алдыңыздарга тартуулап ат алып келдик. Келип минип кетиңиз. Жеке болбосун деп коштой жүрсүн деп ак боз инген алып келдик, жетелей кетиңиз. Өмүрүңүз узун болуп, үй-бүлөңүз менен бактылуу болуңуз.

Ооба, ошондон бери жыйырма жыл өттү. Эстебес өзүнүн тирүү кезинде элдик сыйлыктарга татыктуу болду. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Казак Республикасынын калк акыны, эл аралык “Руханият” сыйлыгынын лауреаты, СССРдин эл артисти, Кыргыз Улуттук консерваториясынын профессору, “Ардак белгиси”, 1-даражадагы “Манас” орденинин ээси. Эстебес филармонияда иштеген залкар шайырлардын кары-жашынын алкоосуна татыган, өз кесибинин устаты, элдин сүймөнчүлүгүнөээ болгон, жалаң гана кыргыз эмес, казакка да, өзбекке да аты таамынал, акылы терең, пейли кенен, акын, төкмө, манасчы, жазуучу катары айкөлдүн айкөлү эле.

Эстебес атындагы байге уюштурулуп, акындардын, манасчылардын кароо-сынактары өткөрүлсөдеген сунушту айткым келет. Бул жалпы элдин көңүлүндөгү ой экени чындык.

Асанкан ЖУМАНАЛИЕВ, манасчы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти,
“Кыргыз Туусу”,
24.06.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий