«Кишенден бошонгон рухтун ырлары» — кыргыз поэзиясындагы жаңылык

Эмне үчүн белгилүү акын Карбалас Бакиров «Советбек Байгазиев бир китеби менен эле кыргыз поэзиясында көрүнүктүү орунду ээледи» деп жазып жатат? Анын себебин, бул китепти окуган соң билебиз. Арийне, ким болсоң да чындыкты жалпы адамзаттын акыл казынасынын нукура байлыгы болгон таланттын эмгегин көрүп билип туруп айта албай келгениң ал бир трагедияң болсо, ошол чындыкты көрүп туруп көрмөксөн болгонуң — ал сенин андан да өткөн чоң трагедияң…

Армян элинин улуу акыны Париур Севак өз кезегинде, философия илими боюнча кандидаттык эмгегин жазып комитетке тапшырат… Акындын ар тараптуу талант экенинен сырткары анын бул эмгеги, илимдин кандидаттыгына эмес, философия илимдеринин докторлугуна татыктуу экенин армян окумуштуулары дароо билип акын Париур Севакка философия илимдеринин доктору деген наамды чын жүрөктөрүнөн куттуктоо менен беришкен экен. Мына эмгекти баалаганды, чындыкты туура түшүнүүнү ушул жагдайдан улам армян элинен үйрөнсө, андан эч кимдин эч нерсеси короп калбайт.

Жогоруда айтылган армян элиндеги болгон окуя биздин Кыргызстанда боло элек. Эгер боло элек болсо, анда ошондой өтөсейрек кездешүүчү окуя толук боло турганына чыныгы мисал болуучу себеп бар экен. Ал филология илимдеринин доктору-акын, публицист Советбек Байгазиевдин «Кишенден бошонгон рухтун ырлары». Ырас ишибиз адабият-китеп дүйнөсүнөбайланышкан соң кыргыз адабияты, боордош элдердин жана дүйнөлүк адабияттын не бир сонун китеп дүйнөсүн аралап келдик. Эң кызык дегеним, бир дагы китепти Советбек Байгазиевдин «Кишенден бошонгон рухтун ырларындай» төрт, беш жолу кайталап, эң аялуу заттай, эң аяр кармап ар дайым өтөкызыгып окуган китептер аз болду. Бул эмнени билдирет? Бул деген чыныгы жетилген китеп гана ушундай сыйга арзыйт. Салыштырып айтканда, чыныгы жетилген альпинист гана коркпой жүрүп отуруп, туу чокуга жеткендей, «Чыныгы жетилген тулпар гана марага келгендей». Өмүр бою машыгып отуруп чыныгы жетилген балбан гана дүйнөлүк чемпион болгондой. (бул жерде спорт ишинен руханий кызматкердин иши эки эсе татаал, адамзаты үчүн пайдалуу экенин унутпайлы). Ар тараптуу жетилген адам гана- «Кишенден бошонгон рухтун ырларын» жазып бергенге кубат-кудурети, билими, акыл-таланты жетсе керек. «Жер менен сен да кошо тегеренгин»- деп адамдын жашоосу жандуу жаратылыш, табият менен бирдикте экенин эң сонун салыштыруулар менен бергенине ыраазы болуп, жан дүйнөмейкиндигиңиз кеңейип, өзгөчөбир ырахатка батасыз, азыр окуган чыгармасын кайталап окуңуз келет. Береги, «О, Азиям» деген ырдагы поэмалык мазмун, «Кайыр кош, менин кымбат Атлантидамдагы» «каректеги мелмилдеген» көз жаш… «Жалгыз тайлак боздойт дайым түшүмдө» дегендей, бул ырды бир жолу эмес жүз жолу окусаң да, кайра окуп тарыхты талдап, таразалап отуруп, өзүнөмагниттей тартып, акыл-ой сезим түшүнүктөрүңүз бир сыйра буулуга буркурап, жан дүйнөңүз кайра бир жаңырып, оор үшкүрүп отуруп каласыз. «16-жылы кыргыз, чынын айтсам, Кыргыз деген улуу атыңды, да бир жолу актадың!»

Жогоруда айтылгандай автордун ар бир ыры поэмалык мазмунга ээ экенин, дагы кайталап буга чейин кыргыз поэзиясында мындай бийик даражага жеткен китеп чанда болгонун мен айтпаган күндөда, бул эмгек өзү эле көрсөтүп турат. Ырас, сонун ырларды жазган акындар бар болсо да, жалпысынан жеткилеңдикке жете албаганы айрымдарга байкалбайт. «Кыргызга орусча айтпасаң түшүнбөй калат» деп Салижан Жигитов кейиштүү жазгандай, айрымдарга салыштырып айтпасаң түшүнүшү кыйын. Мисалы, Р.Тагорду, француз акыны Беранже, С.Пушкинди, Р.Гамзатовду, Д.Кугультинов, К.Кулиевди, Е.Евтушенко, А.Вознесенский, Р.Бернс, Ю.Кузнецов, Н.Рубцов, М.Макетаев, Т.Айбергенов, М.Шаханов, Алыкул баштаган акындарды, эң эле бери келгенде Кожомбердиев, Ж.Мамытов, Т.Эргешов, Т.Муканов, ж.б.у.с. акындардын ырларын окусаң чын эле китеп окугандай болосуң. Түркүн ойлорго келип жан дүйнөң жашарып, өзгөрүп, толукталып, жакшырып кубаттанып максатың чыйралып турат. Ушул акындардын эмгектеринен кандай ырахат алсаңыз, 21-кылымда өзүн таланттуу акын катары көрсөтөалган Советбек Байгазиевдин бай табылгасы колуңузга тийгенде дал ошондой курсант болосуз. Ал эми акындын мынчалык бийик даражага жеткирген эмне? — деген суроого биринчиден, автордун көп жылдык турмуштук тажрыйбасы… интеллектуалдуу сергек билими, талыкпаган, ташкындаган таасын таланты, себеп болсо, экинчиден, коомубуздун бир системадан экинчи системага өткөн доорундагы окуяларды өз көзү менен көрүп турганы, ошону менен тарыхты даана талдаганга болгон эбегейсиз ой санаасы акынды чоң бийиктиктеги поэзия тактысына ишенимдүү, татыктуу келгенин ачык айтып койгонуңуз оң.

Ырас айрым акындарыбыз, метафора, гипербола сыяктуу көркөм салыштырмалары жактан поэзиянын эң сонун үлгүлөрүн бизге жазып кеткени менен, биз сөз кылган акындын ой-даражасына, чендебей калгандары бар. «Кызыл-каргыдан» бошонгонубузга 20 жылдан ашса да, менин калемдештерим тарабынан «Кишенден бошонгон рухтун ырларындай» китеп жарыкка келе элек.

Мындай жаңылыкты жылдар бою каны — жаны менен бирге жүргөн ой-эмгегинин, таасын таза таланттын керемети деп бааласак чындыкты айткан болобуз. Сухомлинский, Б.Исаковдордой эмгек жаратып келип, С.Байгазиевдин сиз экөөбүз деги эле күтпөгөн поэзия мейкиндигинен пайда болушу кыргыз окурмандарынын оозун ачырып, таңкалдырып турган убагы.

Кээде ушундай да болот. Тизгини болсо чылбыры жок… чылбыры болсо тизгини жок. Ал эмес куюшканы жок жүргөн ат минип жүргөнүн көрүп, мындай мингич менен улакка түшүүгөболбосун түшүнөсүз… ал эми биз сөз баштаган «тулпардын» «Кишенден бошонгон рухтун ырлары» менен улакка да, аламан байгеге да, ал эмес дүйнөлүк чоң жарыштарга эч кандай күмөнү жок түшүп биринчилерден келишке ишене бериңиз. Бул үчүн С.Байгазиевдин «Кризис ырларын» окуңуз, бу жашоонун трагедиялуу жактары жөнүндөгү философиялык ырларын окуңуз, «Абийир сотун» окуңуз, «Дептердеги жазуулар», «Патриоттук ырларын» окуңуз. Ырас, мезгил баарын таразалайт. Ошол мезгил элегинде чылк алтындын баасы менен аз эле авторлор калышы тарыхый реалдуулук. Ошонун ичинен коомчулуктун, адамзаттын аң сезиминин өнүгүшүнө, мамлекеттик идеологияга кол кабыш кылганга жараган китептердин авторлору гана болмок. Мына ошондой авторлордун ана башы да акын Советбек Байгазиев экенин тарыхый чындык деп эсептейм. А кийинки кээ бир акындарыбыздын көркөм дүйнөсү парасат байлыгы деги эле кай жагынан алсаңыз да, бул автордун тушарына чендей албай калышканы, биринин билими экинчисинен эмгекчилдиги, дагы биринин таланты, же жеке асылдыгынын чакандыгы, индивидуалдуулук менен интеллектуалдуулукту бирдей тең салмакта иштей албагандары да себеп болгонсуйт. Айтор бул китеп мен үчүн дүйнөдөгү сейрек чыгармалар жыйнагы катары чыныгы рухий досум болуп, ой-көңүлдүн эң сыйлуу жеринен орун алып, куштарлык тартуулап, жан байлыгыма кошумча болду. Акынды беш-алты ыры менен популярдуу болуп элдик акын болгон айрым калемгерге салыштыруу деги эле мүмкүн эмес.

«Китепти окуп отуруп мен көкүрөгүмдү мелт калт эттирген кубанычка толтуруп кубандым, сүйүндүм. Өкүнүч, кайгыга кайдыгер ыкшоолугума шолоктоп ыйладым». (Жума Мамбетов акын, журналист. «Апта» газетасы, 2009ж.27-март).

Мен ушул кезге чейин канча бир таланттардын, канча бир классиктердин чыгармаларын окудум. Чынын айтканда ошол классиктердин бирөөда мени мынчалык таасирлентип жан дүйнөмдү шолоктото алган эмес. Акын, «Неге ыйлайсың бүркүтүм неге ыйлайсың?» деп турганда, бүркүттүн көз жашын аарчыгым келгендей, бир башкача абалда болдум. Баарын Кудай көрүп турган соң кээде жан-дүйнөнүн ый-муңун жашыра албай «Тынчытпай жаңы ойгонгон менин духум, талкалайм эми сенин кишениңди» деп
«Керек мага поэзия,
Чындык үчүн чырылдаган,
Бороондой уруп турган,
Чындык деп ач бөрүдөй,
Туу жондо улуп турган»- деген саптары курч. «Окурмандар козголоңу» -аттуу ырын толук окусак болмок. Бул кезге чейин мен деген акындардын бирөөжаза албай жүргөн нукура поэзия чындыгын акын өзү ийине жеткирип жазып бергени, акын улуу интеллектуал акын экенин далилдейт.

«Сөздүн жөнү бузулбайт го чынынан,
Айтайынча ичке букан сырымдан.
Тажап бүттүм акын сенин ырыңан,
Ачык айтсам ырың эмес пырыңдан.
Жададым мен жалыны жок уйкаштан,
Окурманды жондон таптап уктаткан
Бири-бирине
Жып-жып этип уйкашкан.
Окубайм мен ойлоруңду,
Адабияттан адабиятка
Көчүп жүрүп жыртылган
О, Аполлон ачык айтчы
Зарыл беле,
Бизге пегас бычылган?»

Окурманга суроо: мынчалык агынан жарылган поэзия чындыгын окуп көрдүңүз беле? Албетте жок. Эч ким жазбаса кайдан окуйсуз? А жанагы бир моторлуу кайыктай болуп, тиякка бур «зуу» коюп, биякка бур «зуу» коюп, эл көзүнөубактылуу популярдуу боло калгандарда терең асылдыктын жоктугун билгендер гана билет.

«Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу болот экен. Советбек Байгазиев агайдын «Бүркүттүн көз жашы» ыр жыйнагын окуп чыгып, мына ушундай жыйынтыкка келдим»-дейт акын-публицист Болотбек Таштаналиев (2005-ж. 12-декабрдагы «Кыргыз руху»). «Советбек Байгазиев «Бүркүттүн көз жашы» аттуу ырлар жыйнагы менен Ааламдагы терс көрүнүштөргөкаршы аттанган, руханий жоокер, күрөшчүл бунтарь акын экенин даана айгинеледи. Бүгүнкү күндөбиздин кыргыз акындарына дал ошол бунтарлык жетишпейт». (Карбалас Бакиров, акын, «Эркин-Тоо», 18-март, 2008ж.)

Бүгүнкү күндө, «Кишенден бошонгон рухтун ырларынын» бай табылгасы, элдер, улуттар мамлекет үчүн жаштарды тарбиялаш үчүн, көркөм байлык болооруна мен жеке өзүм кепил болом. Бүгүн эл акыны жана мамлекеттик сыйлык алгандардын китептерин окурмандар иренжип окубай калды. Эмне дегенде бизге жаңылыктуу китеп керек. Ал Кыргызстанда бар. Ал өзүнүн дүйнөлүк деңгээли менен жалпы адамзатынын жан байлыгы болгонго жарайт. Адабият таануу, сын, педагогика, методика, саясат, билим берүү жана философия духунда 40-тан ашык эмгекти, жана кыргыз адабияты үчүн зор жаңылык алып келген «Кишенден бошонгон рухтун ырларын» жараткан таланттуу акын С.Байгазиевге «Кыргыз эл акыны» наамы берилсе калыстык болмок.

Барчынбек Бугубаев, «Айкын саясат» («Кыргыз гезиттер айылы»), 22.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий