Манас Осмон

Манас Осмон жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Манас Осмон Чыгыш поэзиясынын буркан-шаркан түшкөн океанына сүңгүп, алардын бийик философиялык ойлорунун таасиринде тарбияланган лирик акын. Автордун саптарын шатырата окуп чыгып, шар эле түшүнүүгө мүмкүн эмес. Анда окурманды ойго салган, сезимдерди селт эттирген, чоочуткан, дүрбөткөн маанайлар катылган. Негизинен ал сырткы ыргактарга эмес, ички ыргактарга басым жасайт. Менимче Манастын Стамбулда беш жыл окуп, эки-үч жыл иштеп калганы да Чыгыш поэзиясына кеткен жолду тандап алганына а балким өзгөчө шарт түзгөндүр.

Мыкты делген түрк акындарынын ырларын кыргыз тилине шаңгыратып жеткиликтүү которгону буга далил. Бүгүнү күндө үч ырлар жыйнагынын ээси.

Акын Карбалас БАКИРОВ,
«Эркин Тоо», 24.06.2011-ж.

 

Акын Манас Осмон уулу: «Жакшы ыр — бул көз жаш, муң, махабат»

 

Ырлар

КЫШ

Кыш келди үшүйт жалбырак,
көктөмдү сагынып кайрадан.
Жер бети башына ылбыраак,
тыбыттуу ак жолук салынган.

Жалбырак дирилдейт талында.
сапсары көйнөгү жыртылып.
Буулугуп кыш кечи табында,
кежирдүү мас сымал жыртынып.

Куйругун кыпчыган сары ит,
тандырдын алдында бүрүшөт.
Чарчоонун ак карын кечкилеп,
адамдар көчөдө жүрүшөт.

 

ӨЛҮҮ СЕКЕЛЕК

Кар жаайт тынымсыз күйүттүү,
жер бети үнсүз титирейт.
Өлүмдөй ызгаар өкүттүү,
жоктуктан бизге кол кезейт.

Өлүктөр үшүйт калтырап,
Кепини жука, жыртылган.
Кай бири жатат кансырап,
Жүрөгү сокпойт, жанчылган.

Көмүлдү сары секелек,
ууртунда күлкү тоңуптур.
Оозунан ак сүт кетелек,
өмүрдүн түсү оңуптур.

Секелек үшүп шолоктойт,
эне жыт түтөп мурдунда.
Түндөргө кошуп муң жолдойт,
туралбас муздак оордунда.

Карт өлүк туруп ордунан,
сооротуп чачын сылады.
Кепинин сыйрып жонунан,
кымтылап жапты кынады.

Өмүргө жуккан көө сымак,
булганды кара чачтары.
Секелек эми бул турак,
өз-үйүң — жоктук жактагы.

 

ОСМОН ЧАЛ

Шамалга титиреген жалбырактай,
дирилдейт Осмон чалдын жалгыз тиши.
Өмүрү жазылбаган ак барактай,
Осмон чал балбан киши…

Ээрчитип сары тайганын,
элик кууп тоодо жүрчү эле.
Ээликкен күндүн батканын,
эрикпей карап турчу эле.

Жакшы эле дешет Осмон чал,
кадыры тоодой мырза эле.
Кыялы бийик, тили бал,
Осмон чал шундай жан эле.

 

ПРИСТАНЬ

Өмүр дүйнө көкмөк жылгаяк,
Бардар өңдүү дүйнө пристан.
Түнөп өткөн күндөр селсаяк.
Жашыл гүлдүү жашоо муңстан.

Өмүр, өмүр, өмүр көп кыска,
терезебиз күңүрт күйүттүү.
Көңүлдөрдөн кетип жаракка,
эшик кагып, өлүм бүлүнттүү.

Маара узун, жолдор машакат,
сооронуунун ыйлоо көктөмү.
Жаны калбай туйлап өмүр ат,
кыйноо тартат көңүл чөлкөмү.

 

КҮЗ

Саргайган көйнөгү жыртылып,
кулады кунарсыз жылдызы.
Оо, неге жалбырак жол карайт.

Жылдызга кеткен жол көп узак,
жылдыздан келген жол көп жакын.
Жалбырак эң ыйык кабарчы.

Дирилдейт талында баарысы,
сапардын соңуна жакындап.
Жүрөктүн көйнөгү жыртылат.

 

УЙКУ

Чексиз бир уйкуга көмүлдү көздөр,
токтоду, токтоду кулады жүрөк.
Чачылды ирегеден туткун үмүттөр,
Жаңырып айланада ачуу чыңырык.

Казылса түбөлүк жай караңгылыктан,
аргасыз баш ийет ажал туткуну.
Жалгыздык өкүм сүрүп караансыздыктан,
миң жылдай өлүктөрдүн араң бир күнү.

Күмбөздөр тирүүлүккө бийик бой тиреп,
кыжырдуу тиктешкенсийт сүрдүү жолдору.
Өлүктөр кыш-чилдеде дирт-дирт титиреп,
Зыркырап жер алдында үшүйт колдору.

Соц тармактар:

Добавить комментарий