Улуу талантты таптаган Уулча эже

(“Акындын жүрөгү” повестинен)

…Ошол кырсыктуу күнү кыргыз поэзиясынын дагы бир Чолпон жылдызы өчкөн эле, жаркын маанайлуу ырлары болсо, ошол улуттук  поэзиянын мангилик жарыгына айланып кеткен эле.

Ал күнү 1989-жылдын 30-январы болчу. Ызгаардай суук кабарды күтүүсүздөн уктук. Куду Күн жаркырап туруп, чагылган чарт эткендей, жер силкинип кыян жүрүп кеткендей бүткөн бой дүр этти, кайран Турар жарык дүйнөдөн ушинтип күтүүсүздөн көчтү. Үйдөыр жазып олтуруп эле жүрөгү токтоп калыптыр дешти…

Акындын кайран жүрөгү ай, туулган жерим, тууган элим деп тыным албай соккон, ар бир кагышынан ыр шоокуму угулган, ырдын жаны жашаган жашык да, назик да, балбан да, баатыр да, бактылуу да, байкуш да болуп жарыкчылыкта элжиреп эзилген акындын аялуу, санаалуу жүрөгү ай! Ошол кантип токтоп калды? Уккан кулагыма ишенгим келбеди. Экөөбүз эки күн мурда эле жолукканбыз, баягысындай эле бапыраңдап, агыл-төгүл болуп жаркылдаган маанайда учурашкан. Анан ашканага ээрчитип келип, ал жерде бир топко маектешип отурганбыз. “Ушул китебим жаңы чыккан эле, байке” деп басмадан жарык көргөн “Кыл чокулар” жыйнагын тартуу кылган…

Ошондо анын күлмүңдөгөн көзүнөн өзгөчөлүү бир эргүүнү, толкунду, бекемдик күчтүн отун көргөндөй болгом. Чын эле ал акындыктын кыл чокусунда тургандай элестеп кеткен, ошондо. Анан эмне болуп кетти? Аттиң, аттиң, армандуу жалган дүйнөдегениң ушул тура деп, ошол азалуу күндү дайыма эстейм. Эсил кайран акын Турардын колунан калеми түшкөн күндү, ыр кушунун канаты талып бүткөн күндү, акындар муңданган, жүрөк­төр ыйлаган күндү.

Айрыкча, Уулча эже катуу мүңкүрөдү. Эстен танып жыгылганда “Тез жардам” убагында келип, жанын алып калыптыр. Турардын тоо кулагандай күтүлбөгөн жерден дүйнөдөн өтүшү бир туугандарынын, айрыкча уялаш эжелеринин сай сөөгүн сыздатып, жүлүнүн өрттөгөн. Өзөктү куйкалаган ошол күйүттөн жапакеч эжеси Күлүмкан Турардан кийин жарым жылга жетип-жетпей дүйнөсалганы кабырга кайыштырып, каңырык түтөткөн. Абдан мээр­ман, жакшылыгы бешенесинде жайнаган жапакеч жан эле Күлүмкан эже. Ошол мээрман боорукерлигинен чычыладай күйүп кетпедиби дешти аны көрүп-билип жүргөндөр.

Ал тууралуу өзү да Турардын туулган күнүнөкарата “Кыргызстан маданиятына” жазган макаласында: “Биз бир боорлору, Тукенибиз эл ичинде жүрсөэмне деп зарлап, анын кырчын талдай көктөп турганда кеткенин, ошол өзү тарбиялап, билим берип, конушка кондурган ини-карындаштарынын сыйын көрбөй кеткенин эскерип мөгдүрөп сыздай берет эмеспизби” деп өксөп жазды эле.

Күлүмкан эже да ошентип акын инисинин жанынан түбөлүк жайын тапкан. Жайыл райо­нундагы Сары-Булак  айылынын айдөөшүн-дөдүйнөдөн көзү өткөндөр жаткан дөңчөбар. Анда Кожомберди атанын, Турардын, эжеси Күлүмкан менен карындашы Эркайымдын эстелик кабырлары жанаша жайгашкан.

Турардын эстелиги заңкайып алыстан эле кө­рүнөт. Алп мүчөлүү, бүркүт кабак бейне-турпаты өзү туулуп-өскөн тоолорго ойлуу серп салып турат акындын үйдөй граниттин бетине чөгөрөчегилген сүрөтү. Анын алдында:

“Түпкүрүнөн ач өлүмдүн
Дапдаана көрүп турам
Өмүр таңын”, деген өзүнүн үч сап ыры.

Бешенеге жазылган жазмыш буйругу ушундай экен, Турар бул жарык дүйнөдөкырк жети жарым жыл гана жашады. Кырк сегизге толгон күнүн – 22-июнда эжеси Уулча, жездеси Осмоналы баш болгон ини-карындаштары, калемдеш, кесиптеш акын-жазуучулар, обончу-композиторлор, ырчылар алыс-жууктан келишип, ушул аялуу кабырынын жанында өткөрүштү. Куран окушуп, сөз сүйлөп, арналуу ырларын окуп эскеришти.

Ошол күндөн тартып кыргыздын залкар акыны жана чыныгы патриот уулу Турар Кожомбердиев түбө­лүктүү экинчи өмүрүн жашай баштады. Ошондон баштап Турар акын жыл сайын туула турган болду. Сары-Булак айылына салынган поэзия-нын чыйыр жолу менен жыл сайын ошол күнү кыргыздын акын-жазуучулары, мада-ният туусун көтөрүүчүлөр Турардын эстелик кабырына келип таазим этип, эскерүү жакшы салтка айланды, улуттук поэзиянын даңазалуу жакшына бир күнү катары белгилене баштады. Та-бият да демеп ийиген, толукшуп толгон жашылга, кыпкызыл гүлгөоронгон ажайып учур экен ошол мезгил мерчеми. Анан да эстеликти курчап бажырая ачылган чоктой кызыл гүлдөрдүн куду акындын жүрөгүнөн өсүп чыккандай көңүлдү эргиткен укмуш таасирине муюйсуң, толкуп толгоносуң…

Ошондон бери арадан туура жыйырма эки жыл өтүптүр. Турарды карай поэтикалык жолдун башталганына, Сары-Булак айылынын кичи мекенге айланганына. Ушунун баарын уюштурган баш-көз болуп багыт берген Турардын жапакеч эже-жездеси Уулча менен Осмоналы экөөнүн эмгегин эрдик десе болот. Айрыкча, Уулча эженин жаратылышынан жан дүйнөсүнөжакшылык мээри бүткөн жапакеч жан болгондугу Турардын чыгармачылык инсан катары калыптанышында чечүүчү ролду ойногон.

Турар табият толукшуп турган баарда тоодо төрөлгөн. Анын уул болуп жарык дүйнөгөкелиши жылкычы Кожомбердинин үй-бүлөсү үчүн маңдай жарган улуу кубаныч эле. Гүлнар апа экөөмурда да көп уулдуу болгон. Бирок үч кыздан башкасынын баары чарчап калып, ата-эне жүрөгүнүн үшү кетип турган учур эле. Ошентип, Турардын көз жарышы чоң майрам болду. Уулдуу болгонуна жетине албаган эне кыздарын эркелетип: “Мына ат байлаар казыгыңар, эми иниңерди бөпөлөп баккыла, кыздарым” деген эле шүйшүнө.

…Сары-Булак айылы тоо этегиндеги кара топурактуу жайыкта жайгашкан. Айылдын тоо жагы улам айдөш­төп, адыр-дөңдөрдөн ары торпуларга өтүп, анан аскалуу тоо кыркаларына кошулуп кетет. Июнь айында бул чөлкөм өзгөчөкөркөм, жашыл майсаңга, түркүн түскөкулпунган гүлдөргөтунган адыр-жондор менен торпулар көз жоосун алып көйкөлүп, жыпар жытын буркурата төгүп, ыңкып чалкыган бир керемет дүйнөнү көз алдыга тартат. Табияттын мындай чатырап толгон маалын кыргыз баласы эзелтен жашоо-тирликтин жакшы жышааналуу мезгили катары көрүп, анын даркан тартуусунан агыл-төгүл пайдаланып келген.

Азыр да айылдын эли, мал баккандар торпуларда, бөксөжайлоолордо болчу. Турар жарык дүйнөгөкелген ошол күнү тоо арасы айрыкча ажайып тынч эле. Бир кунунда мемиреп, сүрдүү да, оор басырыктуу да сырдуулукка тунуп бейпил жаткан. Таң жаңыдан гана кылайып, чыгыш тарапта агарган шооладан кыл чокулар улам дааналана баштаганда тоо тынчтыгын наристенин күтүүсүз чыңырган үнү бузду. Мемиреп жаткан тоо куду уйкудан ойгонгондой болду, өз койнунда дагы бир жакшылык белгинин келгенин сезип, ошондон чыйрала, кубаттана силкинип алды, касиеттүү кыргыз тоосу, дагы бир чүрпөсү өз койнунда, туур-бешигинде жарык дүйнөгөкелгенине жетине албай кенен пейили дагы кенелип, бийик зоболосу дагы  бийиктеп, жер-энелик мээриминен ийиген ууз сүтү агыл-төгүл агылып-төгүлүп…

Сары-Булак тоосунун Чоң торпусу ушинтип тосуп алды жарык дүйнөгөжаңы келген чүрпөнү, ага жайлоо таңынын аппак шооласын жаап, гүл жыты буркураган таза абасын тартуулап, эне сүтүнүн улук да, ыйык да уузунан оозандырып…

Таланттуу акын Турар Кожомбердиев жарык дүйнөгөушинтип келди. Тоо арасындагы мемиреген тынчтыкта, ажайып жарашыгы мелт-калт толгон көркөм дүйнөдө. Ал күн анын туулган күнү болуп калды. Бул жаркычылыкка дагы бир жакшы адам кошулган күн болуп калды.

Кубанычы койнуна батпаган ата уулдуу болгонун айылдаштарына сүйүнчүлөп, көңүлү көтөрүңкү эле. Жолуккандарга маңдайы жарыла барбалаңдап, ичине батпаган кубанычын бак-бак бөлүшүп жатты:

– Уулдуу болдум, эй бурадарларым. Гүлнар эркек төрөдү…

– Болсун, болсун, – дешти айылдаштары да анын жүрөк жарган кубанычына ортоктош болуп, ага чоң маани бергендей сүймөнчүк маанайда, көптөн бери уул күтүп жүргөн тилегинин орундалганына кубана шүйшүнүшүп…

Турардын туулгандыгы жөнүн­дөгү жакшылык кабар айылга ушинтип дүң болуп угулду. Айыл эли агынан жарылган бул жаңылыкты жакшылык жарчысындай тосуп алды. Ошол арада ушул тынч дүйнөдөжакшылыктын гана деми келип, эл-журт жамандыктан эч кабарсыз, бейкапар коймаарек маанайда эле.

Анан арадан көп өтпөй ачык асмандан күн тутулгандай, жер силкинип тоо кулагандай, бороон уруп алаамат башталгандай суук кабарды укту Сары-Булактын эли. Ал: “Согуш башталды деген ызгаардуу кабар эле.

Ошол күн – жакшылык менен жамандык, кубаныч менен кайгы, жарыкчылык менен караңгылык, боорукердик менен мыкаачылык, сүйүү менен жек көрүү бетме бет келген, арпалыша бой тирешкен күн катары элдин акыл-сезиминде, эси-көөнүндөөзгөчөунутулгустай болуп биротоло кала берди. Акын Турар ошол күнү төрөлдү, отуз миллионго жакын совет элин мерт кылган эң улуу кан майдан ошол күнү башталды.

Бул күн тарыхый мезгил мерчемин экиге бөлгөн – согуштан мурда, согуштан кийин деген тарыхый белги – чекке айланды. Согуштан мурдагы адам тагдырлары согуштан кийин башка тагдыр болуп өзгөрдү. Сары-Булак айылынын эли да аны өз башынан өткөрдү.

Айыл ичи уу-дуу, кан майданга жөнөп жаткан жигиттер… Айыл бака-шакадан бат эле сээлдеди. Мөмөсүн күбүп алган алма сабагындай ээнсиреп жайдакталды. Колхоздо майданга кеткен эр-азаматтарды эми карылар менен балдар алмаштырды. Мектепте да ошондой болду. Аскерге кеткен мугалимдердин ордуна жогорку класстын окуучулары мугалимдикке чегилди. Бир жылдан кийин сегизинчи классты бүткөн парталашы  Осмоналы да кан майданга жөнөдү. Уулча өзү башталгыч класска сабак бере баштады.

Апасы Гүлнар төрөттөн кийин оорукчал болуп калган. Ошондон улам Уулчанын үй түйшүгүнүн баарын өз мойнуна алганына көп болгон. Энеси Турардан жарым нукум да ажырачу эмес, көргөн- бакканынын баары эле ушул сары чүр­пөсүнүн камы болчу. Боорунда жатып уктап калганда уйкусун бузбайын деп аяр кучактаган бойдогн былк этпей отура берчү. Уулу ойгонгондо гана үстүнөүйрүлүп түшүп бөпөлөп, мээримин төгө алдейлей эмизип, энелик дүйнөсүнөсүңгүй кирип, бактылуу болгону жайнаган кө­зүнөн, албырган жүзүнөн кө­рүнүп, жаны жай алып жыргап калчу.

Турардан аны киринткенде гана аргасыздан ажырай турган “Ыйлаганын уксам жүрөгүм чыдабайт. Ыйлатпай киринткиле” деп тапшырып, баланы киринтип жатканда үйдөн алыстап кетээр эле.

Турар табиятынан чыйрак, ийкемчил, сезимтал болчу. Жаңы эле баса баштаганда көчөгөкантип чыгып кеткенин эч кимиси байкабай калыптыр. Аз жерден өтүп бараткан арабанын астында кала жаздаган экен. Жүрөгү сезгенби, Гүлнар эне эшикке жүгүрүп чыгып, балапанынын үстүнөүйрүлөкалган торгойдой учуп жетип, Турарды дөңгөлөктүн астынан сууруп кетиптир. Кайран эне жүрөгүнүн кандай жапакеч, кандай сезгич бо-лоорун Уулча ошондо биринчи баамдаган. Дегеле эненин жүрөк тамыры, сезим-туюму бала менен тутумдаш, өзөктөш, туюмдаш болсо керек. Бир жолу Турардын өзүнчөэле бир нерсени кыңылдап келатканын уккан эне жетине албай: “Тигил сары ырчыны карагыла, ырдап келатпайбы, ушунум чоң акын болот го” деп ичи эзилип шүйшүнгөнү Уулчанын эсинде эч өчкүс болуп кала берди.

…Гүлнар эне улаарган оорудан жөнүгөалбады. Улуу Жеңиш келген жылы, уулу Турар үч жарымга чыкканда кайран эненин балдарым деп соккон ысык жүрөгү токтоду. Акылман апасынын Турарга арналган энелик мээрими ошол күндөн тарта өзүнөөткөнүн, ал анын өмүрүндөөтөөр ыйык парзы болуп калаарын Уулча ошондо аныктап түшүнгөн эле…

Бекбай АЛЫКУЛОВ, “Кыргыз Туусу”, 21.06.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий