Москванын кыргыз палвандары

Мен күрөш өнөрүнө бала кезден бери кызыгам. Буга балким, палвандардын кичи бешигине айланган, Орто-Азияга таанымал Тапанча, Баяман, Ибайдылла аттуу бир топ абройлуу палвандарды торолтуп-өстүргөн айтылуу Сузак өрөөнүнүн Кара-Дарыя айылында туулганым себептир. Андыктан, биздин айылда бешиктен бели чыга элек баладан тартып, бели бекчейип, карылыктын төрүндө олтурган чалдарга чейин күрөшө берери талашсыз. Буйрук экен, эр жеткенде палван эмей эле жазуучулук өнөрдү аркалап, сыйкырдуу газета чөйрөсүнө аралашып калдым. Ошондонбу, палвандар тууралуу макала жазууну эң башкы кредом катары туюп, ыгы келе калган жагдайларда ушул темага кайрылганым кайрылган. Мына бул ирет да Москва шаарынын Партизанская метросунда жайгашкан Кыргыз шаарчасындагы «Мельница» кафесинин арка жагындагы майданда болуп өткөн Кыргыз күрөшүн газета бетине чагылдыруу вазийпасын аркалоо менин мойнума жүктөлгөндүгүн зор кубаныч менен кабылдадым. Эмесе, сөз башынан болсун.

2011-жыл, 19-июнь. Жекшемби. Таңкы саат 9.30 ченде күрөш болчу жерге ашыгып келсем, бирин-серин гана элдер жүрүптүр. Түнү бою нөшөрлөп жааган жамгыр али да болсо басыла электигинен уламбы, айтор күндүн көзү көрүнбөй аба суук тартып турду. Ушул себептүү көпчүлүк келбей, көкүрөктөрүнө «Жаан-да кайсыл күрөш болмок эле?» деген күдүктөнүүлөрүн түнөткөнү жашыруун эмес эле. Бирок ошого карабастан бара-бара күрөш өтүүчү майданга агылгандар арбыды. Акырында жюрилер, судьялар пайда болуп, күрөшүүнү каалап келгендердин салмактарын таразалап, тизмеге каттай башташты. Тизмеге катталууну каалагандардын жоон тобун көрүп, элдер көргөнү эмей эле, текши күрөшүүгө келгендей таасир калтырды, мага. Мына сага, илгертен эл канына сиңген күрөш өнөрүнүн күчү! Жаанга карабай, мен күрөшөм дегендердин саны сайдын ташындай додолоп баратты. Күрөш негизинен эки этаптан өтө турган болду. Тактап айтканда 80 килограммга чейин жеңил салмактагылар өзүнчө, 80 килограммдан жогорку оор саллмактагылар өзүнчө күрөшүшөт экен. Ошентип саат 13.30 дарда катталуу сээлдеп, биринчи этапта 80 килограммдык 76 жуп, экинчи этапта 80 килограммдан жогорку салмактагы 38 жуп палвандар күрөшүшмөй болушту. Калыс-тыкты туу туткан жюрилердин катарын Москвадагы коомдук, маалыматтык «НУР реклама» гезитинин президенти Багытбек Бапанов, калемгер агайыбыз Айталы Жандаров, «Кыргызстан» авиакомпаниясынын генералдык өкүлү Эгемберди Мырзабеков, КР ИИМнин РФдагы өкүлү полковник Сүйүнбек Өмүрзаков, «Кыргызстан» соода үйүнүн коопсуздук кызматынын башчысы Бахтияр Өмүрзаков, «ЭлТр» теле радио компаниясынын Москвадагы бөлүмүнүн редактору Нариман Кадырбеков өңдүү мырзаларыбыз толуктады. Ушул жерден «Бул күрөш неликтен өткөрүлүүдө?» шекилиндеги суроолор туулуп, «Кыргыз биримдиги» коомунун вице-президенти, Москва жана Москва облусу боюнча диаспоралар аралык комитетинин жетекчиси Кошматов Улан мырзадан «Кыргыздын сүймөнчүлүгүнө айланган күрөш өнөрүн эл сынына тартуулоо иш-чарасын көптөн бери өткөрүп келатабыз. Кечээ жакында эле 9-Майда дал ушул жерде, сыйлык фонду 50.000 рублду чапчыган күрөш өткөрдүк. Анан ушул адатты салт тутуп, эстафетаны аксылыктарга бергенбиз. Ушундан улам бүгүн аксылыктар сөздөрүнө туруп, күрөш өткөрүшүүдө» деген жооп алдым. Андан соң Алтынбек Момунов, Зайка Атабеков, Замирбек Кулубаев, Кыял Чилтенов, Ильяз Кыдыралиев деген беш жигиттен турган уюштуруучу топтун өкүлдөрүнүн бири Ильяз аке «Күрөш кыргызда ата-бабадан калган салт экен. Рахмат, Москвадагы аксылыктар биримдүү болуп өткөрүп атабыз. Ошолор колдошуп баш байгеге ак түстөгү жигули жеңил машинасын койдук. Той жасап жатабыз. Максатыбыз ынтымакта өткөрүү. Биздин бактыбызды спорт гана бириктирсин» деген оюн жашырбады. Алгач катталган палвандар даярдангыча жарым сааттык 100-1000 рубль тегерегинде байгеси бар башаламан күрөшү өкүм сүрдү. Ар ким чыгып, өз билгенинче күрөшүшүп, бирде көтөрүп чаап, бирде ит жыгылыш болушуп, бир кызыкка батышып, тегеректеген эл арасын кыраан-каткы коштоду. Баса, белгилечү бир нерсе күрөшүү ыкмасы ар региондо ар башка, бул жолу күрөштү аксылыктар уюштуруп жаткандыгына байланыштуу күрөшүү эрежеси дагы аксылыктардыкындай болду. Мындайча айтканда лейлектиктердикиндей палван өнөктөшүн жерден үзүп кетип, так көтөрүп чаппастан, кааласа тогонок ыкмасында, буттан чалып, далысын жерге тийгизсе да эсеп экен. Эң негизи жыгытса эле болгону. Ал эми убакыт 14:30 да күткөн убак да келип, чыныгы күрөш оюну башталды. Алгачкы кезек биринчи этаптагыларга берилип, жеңил салмактагы палвандар жуп-жубу менен биринен сала бири ортого чыгып атышты. Эми укмуш! Кандай көрсөм, дал ошол тейде сүрөттөп берүүгө калемдин күчү жетпес ов! Эл алдында геометриялык айлана фигурасындай чийилген аянтта палвандар ар түркүн чеберчиликтерин көргөзүп жатышты. Жаан болсо дагы деле токтобой төгүп жатты. Ошого карабастан ачык асман алдында өтүп жаткан күрөштөн көз айырбай, эч жакка жылбай жарданып турушту, калың эл. Мындай көрүнүш Майкл Жексондун концертинде да кайталанбаган. Москвада эмгектенип жүрүшкөн, мигранттык жашоонун ысык-суугуна күйүшкөн кайран кыргыз калкым бир жыргалга батып турушту, ушул күнү. Керек болсо акча берсең да эч бир адам нөшөрлөп жааган жаанда ачык турган абада жарым саатта турмак эмес, бирок күрөш деген күрөш экен, андыктан кыргыз мекендештерибиз сууга түшкөн мышык кейиптенсе да кейип-кепчибей, эч жакка кетпей турушту, эй! Жана бир кызыгы бул күрөшкө азербайжан, карачай улутундагы палвандар да катышышты.

Баш-аягы алты саатка созулган жеңил салмактагы палвандардын беттешүүсү алты айлампадан туруп, натыйжада 76 жуп палвандардын ичинен үч абройлуу палван жигиттерибиз алдыга суурулуп чыгышты, тактап айтканда 5000рубль байгеси бар 1-орунга аксылык Ырысбек Атамбеков, 3000рубль байгеси бар 2-орунга аксылык Кенжебек Төрөкулов, 1000 рубль байгеси бар 3-орунга Кара-Дарыялык Шакир Узаковдор ээ болушту.

Ал ортодо бир аз танапис жарыяланып, элдер шам-шум этүүгө да үлгүрүштү. Күүгүм талаш, күн да ачылып кетти. Пейилиңен кагылайын палвандар ай! Силердин күрөшкөнүңөргө, элге таң-тамаша тартуулап атканыңарга күбө болгон улуу жаратылыш да кескин ирет өз мыйзамын өзгөрткөндөй. Андан соң саат 21:00 дөрдө күрөштүн экинчи этабына кезек берилди. Алып баруучу Бахтияр мырзанын чакырыгына ылайык 80 килограммдан жогорку оор салмактагы палвандар жуп-жубу менен күрөшө башташты. Керемет! Ар кандай кызыктуу көрүнүштөр өкүм сүрдү. 38 жуптан турган оор салмактагы палвандар чыныгы күрөш өнөрүн чыныгы палвандардай көргөзүштү. «Жыгылсаң жер көтөрөт, жыгытсаң эл көтөрөт» дегендей жеңишке жетишкен палвандарды эл колдон колго өткөрө көтөрүп кетип атышты. Бир сөз менен айтканда бул күрөштү көргөн дагы, көрбөгөн дагы арманда калды. Дагы кайталап айтам, талаа жеринде жүрүп, турмуштун ар кандай кыйынчылыктарына кайыккан кыргыздардын көңүлү көктү көздөй көтөрүлдү, ушул күнү. Арадан убакыттар учуп, түнкү 23:00 дөрдөн өтүп араң аяктады, күрөш.

Натыйжада оор салмактагы палвандардын ичинен калыстар тобунун чечимине ылайык 25000 рубль байгеси бар 1-орунга аксылык Сапаралы Уулу Шергазы, 5000рубль байгеси бар 3-орунга аксылык Кенжебек Төрөкулов, 3000 рубль байгеси бар 4-орунга Барпылык Өткүр Сурановдор татыды. Ал эми эң негизги байгеге, тагыраагы ак түстөгү ВАЗ 2105 номерлүү Жигули автомашинасына лейлектик Саатбек Шопоков деген палваныбыз ээ болду.

Албетте, күрөш болгон соң ортодо бир аз талаш-тартыштар да болбой койгон жок. Айрыкча, «Менин палваным сонун күрөштү, ал андай эмес, бул мындай эмес» дешип жыгылган күрөшкө тойбойт принцибинде утукка татыбаган палвандардын күйөрмандарынын гүрү-гүүлөрүн эске албаганда жалпы-жонунан күрөш өз максатына жетти. Анан да эмкиде күрөш өткөрүү эстафетасын кайсыл регион алары белгисиз бойдон калып, ал жагын жакын арада тактап чечүү милдетин Москвадагы «Кыргыз биримдиги» коому өз мойнуна алды. Ошентип, «Той болор, тойдун эртеси да болор» дегендей күрөш аяктап, уюштурган аксылык туугандарыбызга ыраазычылыктарын билдирген калың эл келген жолдоруна түшүштү…

Учурдан пайдаланып ак Жигулини алкынтып айдоо бактысына ээ болгон ыхыбалдуу палваныбыз 29 жаштагы Саатбек Шопоковду учкай сөзгө тарттым
— Жеңиш кут болсун, Саатбек! Сөз сенде, эми…
Рахмат, не десем, өзүм айтылуу Лейлек жергесинин Маргун деген айылынан болом. Тогуз жылдан бери Москвага келип кетип иштеп жүрөм.

— Аябай жакшы күрөштүң, кайдан жүрүп бул өнөргө кызыгып калды элең?
Лейлекте күрөшпөгөн жигит болбосо керек, анын сыңарындай мен да бала кезимен бери эле күрөшкө кызыгып келатам. Атамдын үкөсү Касым палван деген авам бар, көбүнчө күрөш сырларын мага ошол адам үйрөттү десем жаңылышпайм.

— Үй бүлөлүүсүңбү?
Ооба, бир кыздын атасымын. Ушу тапта Москвада күзөт тармагында иштейм. Анан да дайым кубат болчу азыктарды, койдун майынан бышырылган аш жеп жүрөм.

— Жеке пикириңде бүгүнкү күрөш кандай өттү? Жеңишке жетишем деп ойлодуң беле?
Ойлогом, күчтүү палвандар көп, бирок баары мыйзам чегинде өттү. Учурдан пайдаланып уюштурган топко да рахматымды айта кетмекчимин. Ушуну менен Москвада үчүнчү ирет байгеге ээ болушум, биринчисин 2006-жылы алгам, экинчиси үстүбүздөгү жылдын 9-майында кубокту утуп алдым. Келечектеги пландарымы айтсам, күрөш айдыңында колдон келишинче күрөшө берем деп ойлойм. Анан дагы Кыргызстандагы агайын-туугандарыма ысык салам жолдойм.

— Рахмат, эмесе, палвандык өнөрүңө оомат каалайм. Күрөш асманында жылдызың жана берсин!

Акылбек Мамадалиев,
«НУР реклама» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий