Сырга Бөкөнбаева: «Атам кыргыздын Пушкини эле»

Бөкөнбаевдер менен Адышевдердин өрнөктүү өмүрү, кылган кызматы, жазып калтырган кол жазмалары ар бир окурмандын кулагына күмүш сырга болсун деген ой менен кыргыз акыны Жоомарт Бөкөнбаев менен Тенти Адышеванын кызы Сырга Бөкөнбаева менен эскерүү-маек курган элек. Ушул маекти сиздер менен бирге эшитсек…

Алгачкы киносценарийдин автору же «Айчүрөк» либреттосун ким жазган?
2007-жылы ата-энеме арнап, эсте калган көз ирмемдерди чагылдырылган «О времени и о себе» деген китепти орус тилинде жаздым эле. Быйыл күзүндө бул китепти кыргызча, англисче чыгарсам деп пландаштырып жатам.

Атам Жоомарт жетим өсүп, 9 жашынан баштап эле абдан мээнеткеч, аракетчил болуп чоңоет. 1944-жылы согуш мезгилинде элдин духун көтөрүү максатында, «Манастын уулу Семетей» аттуу алгачкы кинофильмге сценарий жазган. Ушул кинофильмдин эпизоддорун тартуу максатында, Ленинграддан, Москвадан келген белгилүү режиссерлор менен Көлдү кыдырып, жер караштырып жүрүшкөн учурда, Чоң-Сары-Ойдо жүк ташыган унаа көңтөрүлүп, бул автокырсыктан атам каза болот. Ал болгону 34 жашта эле. Атамды «кыргыздын Пушкини» деп коюшат. Келбети да, тагдыры да бул акындын тагдыры менен үндөшүп кетет. Атам элге эрте таанылып, чыгармачылыгы эрте гүлдөп, анан чыгармачылыгынын эң чокусуна жеткен маалда кете берди. Атам жазуучу да, акын да болгон. Москвада кызыл профессура институтунда билим алып, профессионал журналист катары да эмгектенди.

Эң алгачкы «Айчүрөк» либреттосу атамдын калемине таандык. Тарыхты карап көрсөк, афишаларда да автору «Ж.Бөкөнбаев» деп жазылган. Алдыңкы интеллигенцияга 1937-38-жылдары «улутчул» деген жалаа жабуу мезгили өкүм сүрдү. Искусство жана адабият өкүлдөрү 1939-жылы Москвада өтө турган кыргыз искусствосунун декадасына кызуу даярданып жатышкан. Ошондо атамды ЦКга чакырышып: «Автор катары эки-үч акынды кошуп аласың, Москвага жалгыз өзүңдү жибере албайбыз» деп калышат.

Ошентип, Жусуп Турусбеков менен Кубанычбек Маликов бул чыгармага авторлош болуп калышат. Алардын баарынын көзү өтүп кетти. Ал эми көзү тирүү С.Эралиев, С.Жусуев аксакал акындар да бул тууралуу жакшы билишет. Апам «Жусуп Турусбеков чындыкты бийик койгон, абдан жакшы адам» деп айтып калаар эле. Ал үйүбүзгө келип калганда «Жоке, «Айчүрөк» либреттосунда менин эки-үч эле сабым бар. Маликовдун бир да сабы жок. Арыз жазып, кайра өзүңө алып ал» деп айтып калчу экен. Атам Жоомарт: «Кой, Жусуке, мен дагы канчалаган операларды жазам, ушул бойдон эле кала берсин» деп коюптур. Апам ушул жөнүндө, көзү өтөөрүндө, 2003- жылы чыккан «Кылы үзүлгөн комузум» аттуу даректүү повестинде айтып кеткен. Ошол повестте апамдын: «Менин өлөөрүмө да 1-2 ай эле калган сыяктуу… Мен Кудай алдында калп айтууга дитим барбайт, ошентип мага Жусуп айткан эле» деген сөзү бар.

Курманжан датканын тукуму же сырдуу окумуштуу
Эл ичинде жүрөт экен
жетекчи,
Ар адамдын тагдырына
байланып,
Чарчанууга акысы жок
адамдай
Түпөйүлдүү түйшүктөрдө
айланып.
Тенти Адышева, «Жетекчи» аттуу ырынан үзүндү

— Апам Тенти Адышева да бийикте турган лирик акын эле. Биз атабыз жок жетим өстүк. Апам Фрунзе шаарынын Биринчи Май аткаруу комитетинин төрайымы болуп эмгектенген. Атам өтүп кеткенден кийин он жылдан соң, апам Адышев Муса Мырзапаязовичке турмушка чыгып, бизди экинчи атабыз өстүрүп калды.

Ал ар бирибизди Москванын аспирантурасынан окутуп, ага-инилеримди үйлөп, мени турмушка берип, балдарыбызды бакты. Ал атактуу Курманжан датка менен Алымбек датканын улуу баласынын чөбөрөсү. Эки жашында тоголок жетим калып, балдар үйүндө чоңойгон. Ташкенттен геологиялык институтту бүтүрүп жатканда армияга жөнөп кетет. Германияда, Японияда аскердик кызматын өтөйт. Кайтып келгенден кийин геологиялык институтту бүтүрүп, аспирантурада диссертациясын коргоп келет. Ал геолог-уранист болгон. Атом бомбалары боюнча болгон долбоорлорго атабыздын салымы зор. Аты аталбаган, сырдуу окумуштуу эле. Анын макалаларын да эч ким билчү эмес. Королевду өлгөндөн кийин башкы конструктор деп билишкендей эле, атам да ошондой окумуштуулардын катарына кирчү. Атабыз академик, геология жана минерология илимдеринин доктору болуп, өмүрүнүн акырына чейин эмгектенди. 63 жашында инфаркттан көз жумду, 5 жылдан кийин операцияны көтөрө албай, 64 жаш курагында апам кете берди.

Режиссерлукка мен «5» алып, Шамшиев «3» алган…
Мен башынан эле кинорежиссурага кызыкчу элем. Мектепте белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен чогуу окуп, киностудиядагы режиссерлук курска да чогуу барып турчубуз. Экзамен тапшырып жатканда мен «5» алгам, ал эми Болот үч алып калып, ВГИКе мен өтүп кеткем. Маданият министрлиги Москвага билет алып, мени жөнөтүшмөк болгондо, апам: «Кулубектин Москвада окуганы жетиштүү. Сен бул жакта кал» деп, мени өзүнөн алыс чыгаргысы келген жок. «Эгерде мен бул жакта калсам, наристелердин дарыгери болом» деп, бул кесипти өзүм тандап, медициналык институтка тапшырып калдым.

Бизди «шаардык балдар, эрке өсүштү» деп калышат. Жок, тескерисинче, биздин өспүрүм курагыбыз согуш жаңыдан аяктаган кезге туш келип, он-он беш жылча шаарда жашоо кыйынга турду. Мектептер суук, меш жагышаар эле, сабакта пальто, кийиз өтүк, мээлей кийип, кымтыланып отураар элек. Бара-бара турмуш оңоло баштады. Биз жаштайыбыздан эмгекти сүйүп чоңойдук. Улуу агам Кулубек Илимдер академиясынын мүчө корреспонденти. Геология жана минерология илимдеринин доктору, иним Зайнидин дагы жакшы окуган. Мен мединститутту кызыл диплом менен бүтүрдүм.

Экинчи атамдан дагы бир иним бар. Ал профессор Жаныбек Адышев он жылдан ашык убакыттан бери дүйнөдөгү он ири университеттин катарына кирген Чикаго университетинде молекулярдык биология боюнча сабак берип келе жатат. Кесиби боюнча — генетик. «Алтынды сансыз кылып тапкан эмгек» — деп атамдын ырында айтылгандай, ата-энебиздин жолун жолдоп, биз да өмүр бою эмгекти туу тутуп келебиз.

Мээрим Мусаева

P.S.:
Айланайын калайык,
Абайлап дагы
карачы,
Асмандан сызып
бараткан
Ардагым Сырга
канаты —
деп Жоомарт агай «Кыздын канаты» поэмасында жазгандай, ар дайым кызы Сырганын элге пайдасы тийип, асманда көкөлөп бийик учкан кыздардан болуусун тилек кылган экен. Мына ошол ата-эненин аруу тилектери аткарылып, Сырга Жоомартовна ардактуу кесип ээси болду. Учурда ал И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана КРСУнун педиатрия бөлүмдөрүнүн башчысы болуп эмгектенип келет. Республиканын ар тарабынан, коңшу республикалардан келип түшкөн өтө оор ахыбалдагы наристелерди өз канатынын алдында көзөмөлдөп, асырап карайт. Ондон ашуун аспиранттарды, докторлорду даярдап чыгарган.

“Учур” («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.06.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий