Заман залкары

Тунгуч чыгарма-классика жана 21 жаш

Кыргыз улуттук адабияты менен искусствосунун тарыхында Бексултан Жакиев деген ысымдын орду чоң, өтө белгилүү.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу,  Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Казакстандын Т.Айбергенов жана Ж.Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктарынын лауреаты, Республиканын искусствого эмгек сиңирген ишмери, профессор Бексултан Жакиевди улуттук адабиятта улуу устат десе да жарашат.

Өткөн чакка кылчайып караганда анын  өмүр жолу узактан келет. Кабыргасы ката элек балачакта кыйын күндөрдүн каары жүрөгүнө сүртүлүп, чоң адамдардын жүгүн көтөрүп, мезгилинен эрте жетилип, согуштун балдары аталган муундан чыккан залкарлардын бири Бексултан Жакиев Кыргызстан мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган күлгүн жаштык куракта мединститутта кыргыз тили мугалими болуп эң алгачкы эмгек чыйырын баштаган эле.

Чыгармачылыктагы анын башка калемдештеринен айырмасы  тырмак алды болгон “Атанын тагдыры” аттуу, биринчи эле жазган драмасы кыргыз драматургиясынын классикасына айланган тагдыр тапкандыгы. Адатта көпчүлүк залкар таланттар деле алгачкы чыгармасы менен атак албайт. Ал эми бул чыгарма миңден ашык ирет сахнага коюлганынын өзү эле биздин сөзүбүздүн айкын далили. “Атанын тагдыры” улуттук адабиятка ачылыш жасап, аны менен кыргыз драматургиясына психологизм келген. Автор анда жаңы драматургиялык каражаттарды колдонгон. Мына ошондо 21 гана жашта экен.

Бексултан агай менен чыгармачылык жолугушууда ушул куракта залкар чыгарма кандай жаралганын сурап калдым. Анткени азыркы биздин учурда 21-25 жаштагылардын  “балалыктын оорусунан” арыла албаганы көп учурайт эмеспи. Ошондо агай мындайча жооп берген:

— Кайсы бир куракка келгенде адам ойлонот. Москвада окуп жүрүп 25ке чыкканда картайып кеткендей, менде бир кусалануу болгон. Өмүрдүн далайы өтүп кеткендей сезилип, эстесем өзүнчө эле кызык. Же алыста жүргөндүктөнбү… Азыр болсо   20-21 жашты адамдар көбүнчө жаш деп айта беришет. Бул өзү доордун жүзүнө жараша болот деп ойлойм. Биз анда өзүбүздү жаш деп ойлогон эмеспиз.

Биздин балалык согуш учуруна туш келип, мойнубузга жүк аябай эле түштү. Бирок, жүк экенин деле билген жокпуз. Жашоо ушундай болуш керек деген ойдо колхоздун жумушун жасадык. Энелерибиз, карылар менен бирге чөмөлө тарттык, чөп үйдүк, карагайдан отун алдык. Мектепти карагай отун жагып жылытчубуз, үйдө деле карагай отун, тезек жакчубуз. Ошондо согушка кеткен агалардын ордунда иштептирбиз да. Тогуз жаштарда болсом керек. Жайлоодон жакада иштеген колхозчуларга кымыз ташычумун, өгүз менен. Кымыз ташыган да сыйлуу иш катары эсептелчү. Мингеним токол өгүз эле, куйругу кыска. Келе жатканда кымыз чайкалып көбөт. Кокус ташка сүрүлүп калса чанач жырылып, кымыз агып калат,  этияттап келиш керек.

Бир жолу келатсам кымызым бир жагына ооп баратат, түшүп карасам чанач жыртылып, кымыз атылып агып жатыптыр. Колум менен чымчып кармап олтурдум. Же байлаганга кыл жок. Үч атчан келе жатыптыр, ошолорго айтсам аттарынын куйругунан жулуп туруп чаначты байлап беришти. Эми чаначыңды теңдеп берели дешип берки акпаган чаначтан кымыз ичишти.

Ошол жылы бизде жакада, көлдүн жээгинде  кичинекей электр стан-циясын күрөктөп казып, куруп жатышкан. Кымызды ошолорго алып барчумун. Бешим ченде кайра тоого жөнөп, түн ортосу болуп калганда жетчүмүн. Азыр сегиз, тогуздагы баланы андай жерге жалгыз эч ким жибербейт, өзү да бара албайт. Эртең менен жылкыны айдап келчүмүн, саадырчумун, тайларды минип үйрөтчүбүз. Ошон үчүн бизди доордун жүгү эрте жетилт­се керек.

Мен кичинемден үч үй-бүлөнүн ортосунда жакшы адамдардын колунда чоңойдум. Чоң атам Абир менен өстүм. Өзүмдүн атам Жакый мен үчкө чыга электе көзү өткөн. Апамды бир тууган кайнагасына нике кыйышкан экен. Акмат деген атамдын агасы болгон. Биз молдоке дечүбүз. Жакый  атам дүйнөдөн өткөн кезде молдокемдин зайыбы да каза болгон экен. Жакыйдан эки бала калган, мен, анан карындашым Зарипа.

Кыргыздын салты туура эле болгон. Бөлөк бирөөгө балдардын көзүн каратканда кандай болот элек. Бул чыгыш элдеринин мыкты салты. Молдоке өзү медресени бүткөн киши эле, бизди жакшы тарбиялады, окутту. Үркүнгө барып келген. Селревкомдун төрагасы, мугалим болуп иштеген. Тоңдо көп жерлерде мектеп ачып, директор болгон. Касым Тыныстанов экөө жашташ. Бирок, Касым Тынстановдон окуган.  “Жаңыл” деген поэмасын жатка айтчу. Жөн эле айтып жатат го дечүмүн, чын экен. Кийин китебин окубадымбы.

«Атанын тагдырындагы» Имаш 70ке чыкты

Үчүнчү үй-бүлө молдокемдин тун уулу Дүйшө байкем. Сен сураган чыгарманын окуясы ушул үй-бүлөнүн тагдыры.

Дүйшө байкем мугалим, дирек-тор болуп жүргөн. Келинчеги Сагындыкты Сакиш эже дечүбүз. “Атанын тагдырындагы” Зуура ошол. Дүйшө байкем согушта курман болду. Төркүндөрү койбоду, алып кетишти. Күңгөйдө Талды-Сууга күйөөгө кетти дегенди укканбыз, Молдокмат дегенге. Азыр экөө тең бар, пенсияда. Мугалим болуп иштешкен. Биз аны эже деген бойдон калдык. Кийинки күйөөсүн жезде дейбиз. Биздин тукумда келиндерин кыздай асырайт, ошон үчүн эже дейбиз. “Атанын тагдырындагы” бала иним. Аты Имаш. 20-июнда быйыл 70ке чыкты.

Сакиш эжемди алып кетип жатышканда баарын беришти, үйдү көчүрүп кеткиле деди. Абир атам
“туяктын туягы калса болду” деп кучактап олтуруп алып, бербей койду. Имашты 10-классты бүткөнчө энесине жолуктурбай койгон. Сакиш эже төркүнүнө келип калганда “Молдоке , Имашты бир эле көрсөтүп койсоңуз” дейт экен. Алып кетип калабы деп коркуп, көрсөтпөй да койгон. Азыр ойлосом эгоизм эле экен. Биз аны эрке өстүрдүк. Ошол турмуштагы болгон окуя менин жүрөгүмдөн өткөн чындык эле.

Бексултан агай сүйлөп жатып ошол күндөрдө жүргөндөй ойлуу  тартып, элестүү айтып берди. Учурунда таланттуу режиссер Жалил Абдыкадыров бул чыгарманы  жогорку деңгээлде көрүүчүлөргө коюп чыгып, спектакль ар бир коюлушунда аншлаг менен  өткөнүн айтып жүрүшөт. Ушу кезге чейин сахнадан түшпөгөн бул чыгарма Казакстандын бардык театрларында коюлуп, ошонун ичинде Алматы, Чымкент, Жамбыл, Семей  театрларында 300дөн ашык жолу казак журтчулугуна тартууланган.

Көп кырдуу, бир сырдуу…

Б.Жакиев Москвадагы эки жылдык киносценаристтердин курсун бүтүрүп келгенден кийин биротоло чыгармачылыкка баш койгон.

Кыргызфильм” киностудия-сында, Маданият министрлигинде, Мамлекеттик кино комитетинде башкы редактор, Маданият ми­нис­трлигинде бириккен репертуардык коллегиясын жетектеген, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун мугалими, доценти, профессору, республиканын театр ишмерлер союзунун катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси, “Манас-1000” мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору болуп иштеп келген. 1994-жылдан бери Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комитеттин төрагасы.

Кыргызстандын гана эмес, башка мамлекеттердин театрларында Б.Жакиевдин “Атанын тагдыры” баштаган,  “Миң кыял”, “Алтын аяк”, “Өкүм”, “Эртең Жаңы жыл”, “Жолугушуу”, “Күттүргөн жаз да келер”,
“Саадак какты”, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”, “Жаза” аттуу чыгармалары  ыйык сахнанын көркүн ачып, далай жолу алакан чаптырып,  кыргыз драматургиясын башка элдерге таанытып келет. Анткени анын чыгармаларынын айрымдары ушу күнгө  чейин, башка өлкөлөрдүн театрларында да коюлуп келатат.

Б.Жакиев көп кырдуу өнөр ээси. Анын бир нече повесттери, новеллалары, аңгемелери, киносценарийлери жарык көргөн. “Атанын тагдыры” драмасы боюнча опера, “Саадак какты” драмасы боюнча балет жазылган. Ал дүйнөлүк адабияттан  Б.Брехтин, С.Алешиндин, С.Михалковдун, М.Ауэзовдун чыгармаларын кыргыз тилине которуп, кыргыз адабият күйөрмандарына жеткирген.

Анын табигый таланты жана көркөм көз караштары жалаң гана театралдык чыгармаларды, повесттерди, аңгемелерди жаратууда гана эмес, театралдаштырылган постановкалардын сценарийлерин түзүүдө дагы өтө чебер. Кыргыз Республикасынын 50 жылдыгына, Муратбек Рыскуловдун 70, Чыңгыз Айтматовдун 60 жана 70, “Манас” эпосунун 1000, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган театрлаштырылган спектаклдердин сценарийлери – ири чыгармачылык ачылыш экенине, жаңы жанрдын пайда  болгонуна жалпы калайык-калк күбө. Деги эле “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесин даярдап өткөрүүдө Б.Жа-
киевдин эмгеги өтө зор болгон.

Турмушта бир сырдуу мырза. Жасалма мүнөз жок, тоонун шар суусундай таза агылган адам. Агай  өзү минтип айтканын укканым бар: “Дегеле адамдын мүнөзү, сапаты негизинен бул дээрден, кандан, тукумдан болот.  Ал жүрүп олтуруп чөй­рөдөн, тарбиядан болот. Түз сүйлөө кыргыз калкынын талабынан. Ошондой кишилерди кадырлайм. Элде деле айтылып калат да. Өзүмдү өзүм кармап жүрүү керек деп ойлойм”.

“Манас” окуу программасына киргизилиш керек”

Б.Жакиев 2000-2003 жылдары даярдаган долбоордун негизинде манасчылык, дастанчылык, төкмөлүк өнөрлөр ЮНЕСКО тарабынан “Бүткүл адамзат оозеки мурасынын шедеври” деп жарыяланып, колдоого алынды.

2007-жылы “Манас” -кыргыздардын баатырдык эпосу” аттуу эпостун кысылган вариантын түзгөн. Бул китеп окуу программасына киргизүүгө татыктуу эмгек.  Кыргыз рухунун туу чокусу аталган “Манас” эпосун башка тилдерге которууну көздөгөндөргө  да  ылайыкталган бул китеп тууралуу автордун өз оозунан төмөнкүдөй пикирин уктук:

-“Манас” эпосу боюнча мен көптөн бери эле какшанып келе жатам. Мазмунун, окуясын билген кыргыз өтө аз. Аны билбей туруп дүйнөлүк баасын, баркын биле албайбыз. “Манаста” адамга тиешелүү бардык сапаттардын оңу дагы, терси дагы бар. Биз “Манасты” жакшы билсек кыргыз эли тез эле оңолобуз. Учурда биздин улуттук ар намысыбыз жетпей жатат. “Манасты” бетине кармап алып, кыйкырып, өкүрүп атак алгысы келгендер бар. Бул туура эмес. Эпосту балдардын жүрөгүнөн орун алдырып, окутуп башташ керек.

Мен бул эпосту кенедейимен окуп чоңойдум. Абир атам кадырлуу киши эле, кичинемен мени ала жүрчү, сөзмөр карылар, Мамбет Чокморов деген чоң манасчы бар эле, ошолордун бүт айтканын уктум. Мүмкүн болсо ”Манас” менен тарбиялоону балдар бакчасынан башташ керек, сүрөт, мультфильм ж.б. менен. Мектептерде, жогорку окуу жайларында кеңири окутулуш керек.

Мен “Манас” – кыргыздардын баатырдык эпосу” деп түзгөмүн, алты-жети жылдай иштедим. Кысылган варианты дегенге болот. Драматургиясы, композициясы сакталган. Мисалы, 30 беттик бир бөлүмдү 4 бетке батыргам. Окуя бирок кадимкидей белгилүү көрүнүп турат. Чынында эпостун көлөмү өтө чоң, кайталанма, узартма окуялары көп да, ошолорду кынаптап түзгөм. Андан бери бир топ жыл өттү. Педагогика академиясы окуп, билим министрлигине сунуш кылыптыр. Ошону мектептерде, ЖОЖдордо хрестоматия катары пайдаланууга, окуу программасына киргизүүгө сунуш кылып жатышса керек. Кээде “Манас” эпосуна каражат, энергия коротуунун кажети жок. “Биздин технологиялык өсүүгө жолтоо болот” деп сүйлөгөн кишилер бар. Манаска каршы сүйлөгөндөн киши болуп деле жарытпайт деп ойлойм, – дейт Б.Жакиев.

Драматургдун жүрөгү Ысык-Көлдү коргоо, дегеле табиятты сүйүү, адамзат менен жаратылыштын ортосундагы мамиле тууралуу көйгөйлүү маселелерге тынчсызданып, ал темада далай  курч публицистикалары жарык көргөн. Б.Жакиевдин калемине таандык касиет күчтүү социалдык-драмалык кагылыштар, психологиялык чиелеништер, адеп-ыйман маселесин курч козгоп, жаңыча көркөм чечмелөөгө умтулгандыгы.

50 менен 75 жаштын ортосунда

21 жашында жогоркудай залкар чыгарманы жараткан драмутургдан 50 жашы  кандай келгенин учкай сурай калдым. Анда агай мындайча жооп узатты:

– 50 жаш келе жатканда аябай корктум, көп ойлондум. Буга чейин кандай жашап, эмне иш бүтүрдүм. Бүтпөй калганы көп болду окшойт. Кимдер менен дос болдум, кимдердин көңүлүн калтырдым деген сыяктуу ойлор. Мындан ары жашоо кандай болот? Балдар кантип чоңоёт? Эл кандай жашайт? Ушундай суроолуу ойлор келе берет экен.

– Дагы 25 жылдан соң 75 жашка кол берип турасыз, мында адам көңүлү кандай болот экен, агай? – деп сураганда Бексултан агай күлүп алып, акырын жооп берди:

– Эми, 75 жашка чыгып жатканда деле    ойлоносуң. Көп нерсе бүтпөй калгандай сезилет экен. Мен кандай гана болбосун бүгүн бүтө турган ишти бүгүн бүтүрүүгө аракет кылам. Үйдө мык какканга чейин эртеңкиге калтырбайм. Ал эми жазганга келгенде ар кандай болот да. Ал каалаганыңдай болбосо керек. Ошондо деле ойлосом көп иштер бүтпөй калган сыяктуу. Эне-атаң жөнүндө көп эле кам көрүп, иштеп, жашайсың. Бирок ойлойсуң да ушу эне-атамды эки жакка алып барып көрсөтсөм дейсиң. Мен Москвага алып барып көрсөтсөм деген да ойлорум бар эле. Аткарылбай калды. Жыргатайын деген ойлордун көбү аткарылбай калат экен.

Чыгармачылыкта деле ушундай. Менде көбүнчө бир нерсе  көңүлүмдө, оюмда бышып, жетилип илхам келмейинче өзүмдү зордоп жазалбайм. Бышканда өзүмдөн-өзүм эле олтуруп жазам. Кээде бир нерсе жолтоо болуп, жазып келатканың үзүлүп калат. Жакшылык, жамандык болгондо таштап, бир эки күн өтүп кетет, бүттү, андан ары жазылбай калат. Мындай учурга мурун капа болуп кейичүмүн. Азыр көнүп да калдым. Бирок, ишти убагында бүтүрүүгө аракет кылам.

Кудайга шүгүр, бул курак деле өзүнчө бир сыйлуу жолдо бараткандай, кичүүлөрдүн, балдардын ызаатын көргөн жакшы курак экен. Менин өкүнө турган нерсем жок. “Алда атаң көрү ай, ушуну ушинтпей эле койсом болот эле” деген учурлар болот. Бирок, өмүрдө өтө өкүттө болгонум жок.

Ылайым ошондой болсун. Бексултан Жакиевдин эмгеги өз мезгилинде бааланып  келди. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, 3-даражадагы  “Манас” орденинин ээси, “Даңк”, “Манас-1000”, Казакстандын Президентинин “Астана” медалдары, Украинанын Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз драматургиясынын классиги, жазуучу, котормочу, публицист катары мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө, улуттук маданияттын өркүндөшүнө, элибиздин рухий байлыктарын жайылтууда кошкон чыгармачылык ченемсиз зор салымына, активдүү коомдук иш аракетине татыктуу баа берүү – мезгилдин талабы. Бексултан Жакиевдин кутман курагынын мааракеси мамлекеттик деңгээлдеги баа менен өтүлүшү жалпы коомчулуктан күтүлүүдө. Анткени анын тагдыры элдик болуп, эбак элдин жүрөгүнө жеткен залкар. Өзү айт­кандай элибиз биримдикте өсүп-өнүп аман болсун, эл арасында улуттун намысы аталган Бексултан Жакиевдей  залкар агалар аман болсун.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 28.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий