Ар бир региондо, кызга сеп берүү салты ар башкача

Кыргыздарда илгертен кыздын себин даярдоого олуттуу көңүл бөлүшкөн. Ошол кызга сеп берүү салты бүгүнкү күнгө чейин өнүгүп, өз күчүн жоготпой келет. Албетте,  заманыбызга жараша, ар ким алына жараша калың берип, сеп даярдайт.

Илгери, кыз бой тарта баштагандан баштап эле энеси менен чогуу сепке берилч буюмдарды өз колу менен жасап, даярдачу экен. Сайма сайып, курак курап дегендей. Азыр болсо,  «Ош», «Мадина», «Дордой» базарларын кыдырсаң баардык керектүү буюмдарды табасың, кыргыздын оймо-чиймеси түшүрүлгөн жерге салынуучу төшөктөрү, түркүн түстөгү чүпүрөктөн куралган, сайма сайылган жөлөнмө жаздыктар.  Акыркы убакта “жууркан-төшөк, сандык сатылат” деген жазуулар илинген чакан дүкөндөр көбөйүп баратат.

Биз кыргыздар бөлүнүп көнүп калганбыз ар бир региондун сеп берүүдө, дегеле салт санаасында  ар кандай айрымачылыктар кездешет.  Мисалы, түштүктө кыргыз жууркандарын өтө чоң кылып, тукабадан тигишет. Анан да төшөктүн кыюусун ичине чүпүрөк салып, кыйгачынан бурап тигишет. Көбүнчө куракка басым жасашып, оюулар түшүрүлгөн төшөктөргө анча көп маани беришпейт экен. Ал эми таластыктардын көпчүлүгү оюу төшөктөргө басым жасашат. Ал эми көлдүктөр жууркандын эки четине жээк салып, кыюусунун ичине кебез салып, түз кылып тигишет.

Сеп берүү жагынан да ар кандай өзгөчөлүктөрдү байкоого болот. Мисалы, түштүк тарапта төшөктү жуп-жубу менен беришет. Экини, төрттү, алтыны, айтор, жубу жок берилбейт. Жерге салганда дагы жуптап салышат. Ал эми түндүк тарапта үчтөн, так санда беришет. Себеби жерге «П» түрүндө салынат да, бул «ар дайым ушул адамдын жолу ачык, шыдыр болсун» деген тилекти билдирет.

Ал эми кытайлык кыргыздар сепке саймаланган 40 жууркан-төшөк беришет экен. Сайманы кыздар өздөрү эс тарткандан баштап сайышат. Мындан сырткары сөзсүз түрдө сандык, 2-3 туш кийиз, шырдак, ала кийиз берилет. Жууркан-төшөктүн көп берилишинин себебин келген конокторго септин ичинен буюм берүү салты менен түшүндүрүүгө болот. Бизде деле бул салт сакталып келет. Мисалы, Таласта кайнене-кайнатасына, өкүл ата-өкүл энесине арналып атайын жууркан жасалат.

Кыргыздар көшөгө берүүдө ар кандай ырымдарды колдонуп келишкен. Азыр кызга «парда кылып тагып аласың» деп экиге бөлүнгөн көшөгө берип жатышпайбы. Илгерки көшөгөлөр андай эмес, бир тартылчу. Анткени «эки жаш эки жакка бөлүнбөсүн» деп ырымдашчу. Анан да «ушул көшөгөдөн агарып-көгөрөлү» деп уулу үйлөнгөнчө сактап, жаңы келинге тартышчу экен.

Учурда эки тарап сүйлөшүп алышып калың берип, сеп алышып жатышат. Ар ким чөнтөгүнө жараша, заманга ылайык, шырдактын ордуна килем, сандыктын ордуна эмерек, үй-тиричилик буюмдары сыяктууларды беришүүдө. Негизи, кызга сеп камдоо – ар бир ата-эненин милдети. Бекеринен элибизде «кыз себи менен көрктүү», «септи 6 жашынан камдасаң, ашырасың, 7 жашынан камдасаң, жеткиресиң» деген кептер айтылбаса керек.

Нурила Батыралиева, “Kyrgyzstan.neweurasia”,04.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий