Боз үйдүн жасалышы

Кыргыз элинин ак өргөөсү аталган боз үйдүн жасалышын, тигилишин көрүп-билип жүргөнүбүз менен анын бөлүктөрүнүн аталышын, жасалуу ыкмасын, дегеле боз үй тууралуу жалпы маалыматты жаштар толук билбей турганыбызды моюндашыбыз керек. Акыркы учурларда боз үй негизинен жайлоого чыкканда жана адамды алыскы сапарга узатаарда гана тигилип калды.  Анда булл жерде боз үйдүн тарыхы тууралуу Амантур Акматалиевдин изилдөөлөрү жөнүндө маалымат бар.

Кыргыздын боз үйү көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмактуулукка ээ, журтчулугубузду даңазалоочу бөтөнчө күчкө барабар. Элибиз байыртан такай көчмөн турмушту баштан кечирип келген. Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган журтчулук каалаган жерге-мейли тоодо, мейли түздө жашоого оңтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилик түрткү берген. Кыргыздар боз үйдү жаратыш үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акыл-ойлорун жана кол өнөрчүлүгүн жумшаган. Көчүүгө жеңил, каалаган жайга конууга ылайыкташкан, табияттын ар кандай катаал каршылыгына, сырткы күчүнө туруктуулук кылган боз үйүбүз ичине от жагууга жана жылуулукту сактоого оңтойлуу. Боз үй төмөнкү бөлүктөрдөн турат:

Босого таяк – бул боз үйдүн жыгачынын бир бөлүгү. Үйдүн эшигинин жана каалгасынын жыгач кашеги. Бул уук-кереге менен түндүктүн тең салмакта тигилишин аныктайт. Үйдүн босого таягынын узуну болжолдуу 1,4 метр, туурасы 1 метр, жазылыгы 25 см келип, ал “таяк-босого”, “баш босого”, “каалга” болуп үч бөлүктөн турат. Бири-бирине ашталат да, кереге саканактары менен сызма же эшме жип аркылуу бекитилет. Баш босогонун үстүнөн үч-төрт кыска эшик уугу орун алат. Босого-таяктын жазылыгы 10-12см, калыңдыгы 3 см, бийиктиги жана кенендиги боз үйдүн көлөмүнө жараша болот.

Жабык баш – көбүнчө кийизден оюлуп жасалып, боз үйдүн ички уугунун билегине тегерете тосулуучу көркөм буюм. Боз үйдүн көрүп отура турган ички жасалгаларынын эң негизгилеринин бири.

ЖЕЛ БОО (түндүк боо) – Таар буюму, боз үйдүн боочуусуна кирет. Ал түндүктүн эки жагына тагылат да, көбүнче термеден болот. Үй тигүүдө – түндүк көтөрүүдө боо бакан менен кошо кармалат, Аны мындайда көбүнчө уук-керегеге кыстарып коет, Анын оң-тетири тарабы дайыма көрүнүп турат. Ошондуктан, муну эки жүздүү терме кылып согуу максатка ылайыкташат. Жел боо жөнөкөй эле сызмадан же эшме жиптен да жасалат. Түндүк боого окшош эшик боо согулат. Ал да көркөм көчөттөрү аркылуу кооздук берет. Эшик боо түндүктөн арта салынып, баш босогого байланат. Мунун да “жел боодой” (түндүк боо) оң-тетири тарабы көрүнүп турат.

КААЛГА — (боз үйдүн каалгасы) – үй жыгачынын бири. Бул мыксыз эле баш босого менен аяк босогого ашталып бекитилген эки бөлүктөн турган тактайча. Тактап айтканда, түндүк босого менен бут босогодогу тегерек чуңкурчага каалганын баш-аяккы эки-үч элидей уурчугу өзү эле элпек кирип, элпек ачылып-жабылат.

КЕРЕГЕ -Үй жыгачынын негизги бөлүгү. Кереге боз үй жыгачынын уук бекитилүүчү төмөнкү бөлүгү. Мисалы, талаптагыдай боз үйдүн керегесинин дм 2,6-3,7 см, узундугу 235-305 см, баш-аягы бирдей жумуру (52-62) саканактардан (таякчалардан) турат. Саканактардын баары бир аз ичин көздөй ийилип, уук байланчу баш жагынын 15-20 см жери сыртын көздөй кайкалай маталат.Саканактардын ар бири 14-15-15-19 см аралыкта бири-бири менен кайчылашкандай кылып, эки жагы түйүлгөн көк менен бекитилет. Кереге жайылганда саканактардын кайчылашуусунан төрт жагы бирдей көзчөлөр пайда болот. Саканактардын баш (жоон) жагынан 70-80-72-82 см жеринин ичкибети алакандалып (жалпайтылып), ага 6-12 издүү сай салынат. Керегенин ар бир канаты узуну боюнча 18-20 көздөн, бийиктигии (туурасы) боюнча 10 көздөн турат. Жыйылган керегенин бийиктиги 2 мдей, эни 75 см болот. Жазганда бийиктиги кичине төмөндөп, эни 2-2 ,5 метрге жетет.Керегенин уук байланчу жогорку ачакейлери -”кереге башы”, анын карама-каршы төмөнкү бөлүгү – “керегенин аягы” деп аталат. Кереге канаттарын бириктиргендей алардын четки саканактары бири-бирине дал келип ашталганда, “канат боо” менен орой чалып байлайт. Канат боо – жайылган керегени тыкандап байлай турган эшме жип же сызма. Боз үйдүн чоңдугу кереге канаттарынын санына башкача айтканда уук баштарына жараша болот.

КЕРЕГЕ ЧАЛГЫЧ – өрмөкчүлүк аркылуу бүткөн боз үйдүн боочуларынын бири. Жайылган кереге баштарына чалына оролуп, тегерете курчалган сызма. Мунун эни “үзүк боо”, “жабык баш боо” өңдүлөрдөй келет. Өрмөктүн эриши ошолордой күзүктөлөт да, аларга түшүрүлүүчү көркөм көчөттөр терилет,

КЕРЕГЕ ТАҢГЫЧ – жайылган керегенин белинен курчала турган сызма өңдүү болот. Ал көбүнчө өрмөк согуучулук жана килем токуучулук ыкмасы аркылуу пайда болот. Эни 70 смге барабар. Мына ушундай энде өрмөк дүкөнүн жана килем дүкөнүн куруп, килем жана өрмөк ыкмасы аркылуу “кереге таңгыч” токулат.

КЫЛДЫРООЧ – Бул – боз үйдүн сыртына канат чийи менен керегесинин ортосу аркылуу тегерете жабылган буюм. Кылдырооч таардан да, кийизден да тартылат. Албетте, терме кылдырооч нарктуураак көрүнөт. Кылдыроочтун чети чачыкталат. Ал – тегиричтин бир түрү. Кылдырооч “эр жак”, “эпчи жак” деген эки бөлүктөн турат. Көчкөндө бул кооз буюмду шаан-шөкөт үчүн жүктүү төөнүн мойнуна салаңдата ороп же жаап коюшкан.

ТЕГИРИЧ – боз үйдүн таар жасалгасы. Ал жабык баштын алдына тартылат. Тегиричке түгөйлүү 44 жип өрмөктүн эки четине келтирилет. Абалы “тумарча көчөтүн” берип, анын ортосуна “кыял көчөтүн” салуу зарыл, Муну “мүйүз кыял” десек да болот. Анткенибиз, ошол “мүйүз көчөт”, “чатармак көчөт” сыяктуу элдик эски түрлөр өрмөкко түшүрүүчү кооздукту өзүнчө “кыял” сыяктантып берүүгө негиз болот. Ушундан улам аны айрым айылдарда “чагармак”, “мүйүз” деп да аталышы төгүн эмес. Термечи ушул мүйүз сымалданган көчөттү терип чалууда көк менен кызыл тал жиптерди түгөйлөп алат. Жүз эки жиптин теңи эриштин астына түшөт (ургаачы делинет), теңи үстүнөн чыгат (эркеги делинет) да, күзүктөлөт.

ТИЗГИЧ (уук тизгич) – боз үйдүн боочууларынын бири. Жапырт сайылган (тигилген) ууктардын жылып кетпеси үчүн билегине кыркалай имере оролгон сызма таар. Мунун өрмөгүнө жети гана тал жип чалынып, ууктан оң-тетири тарабы көрүнүп тургандыктан көбүнчө көркөмдүк үчүн эки жүздүү терме түрүндө согулат. “Уук тизгич” сызма түрүндө да, эшме түрүндө болушу ыктымал.

ТҮНДҮК — “Аталар түндүгүн көтөрүп, энелер уугун улаган (элден), бул – боз үйдүн очогу, түтүн чыгуучу, жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз үйдүн түндүгүн кармоо ар бир чебердин колунан анча келе борбейт. Уук, кереге матоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү андан ашып түшөт. Түндүк боз үйдүн тигилишинде тең салмакты кармап, анан көз тойгондой көркөм көрүнүшү аркылуу сынакей калктын көз элегинен өтөт. Түндүкчүлөр жеринен сейрек учурайт. Бул болсо өнөрдүн өтө кылдаттыгын, сыпаалыгын жана татаалдыгын аныктайт.

УУК -Орточо алганда ууктун алаканынын (билегинип) керегеге байлануучу жагы-нын узундугу 45-55-47-57 см, эни 2-35 2,2-36 мм келет. Анын аягында көзөнөк-чөсүндө жүндөн эшилген же колдо чалынган, же өрмөктө согулган “уук боосу” болот. Уук керегеге ошону менен байланып бекийт. Уук учу 2,2-2,5 см, төрт кыр учталат. Ууктун жалпы узундугу 2,5-3 м дей келет. “Ууктарын учтатып, учу сайын ууктун, учуна манат тыштатып” (“Манастан”). Демек, көчкөндө ууктардын учу сынбасын үчүн ага көбүнчө кийизден, таардан жасалган “уук-учтук” (уук кап) кийгизилет. Аны да айрым чеберлер колу билгендей чачылап, саймалап-оймолоп жиберет. Боз үйдүн башкы босогосунун (босого жыгачтан) үстүнө төрт кыска эшик уук сайылат. Керегенин жайылышы аркылуу боз үйдүн көлөмү менен көркү аныкталат.

Уук ийүүдө да чен бирдиктери так сакталат. Эгер 73 баштуу үй болсо ууктун узундугу 3 м, 65 баштуусунуку 2,8 м, 55 баштуунуку 2,6 м болот. Мында ууктардын жоон-ичкелиги бирдей келет. Анын түп жагынан жоондугу – 16 см, баш жагы 8 смге барабар. Ууктун алаканынын жазылыгы төрт см, узундугу 70 см, ошондо алаканга сегиз сай чыгат. Ууктун башынан уук жип байлоочу тешигине чейин сегиз-он см болот да, уук учуна 90 кыйгач кесип, керегенин сырткы капталына-билегине такалат. Ал канат чийди тиреп жыртпайт, уук ылдый кетпейт.

ҮЗҮК -Бул- боз үйдүн кийизинин бир түрү. Уук үстүнөн келүүчү көлөмдүү жабуусу. Боз үй алдыңкы үзүктөн жана төркү үзүктөн турат. Бул да үзүктөй эле койдун күзгү жүнүнөн уютулат да, жабыла турган үйдүн чоңдугуна жараша бири-бирине окшобогон төрт бурчтуктай бычылат. Болжолдо үзүк баш жагынан узундугу 180-200-190-210 смдей, этек жагынан (ылдый) узундугу 730-825-750-850 смдей, жандарынын бийиктиги 180-230-200-250 смдей келет. Үзүктүн чети бүйрүлүп калбасы үчүн жылкынын жал-куйругунан, топоз менен эчкинин кылынан чыйрак эшилип жээктелет.

Төлөгөн Аматов, «Kyrgyzstan.neweurasia» , 16.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий